Коомдук-саясый гезит
№15, 21.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Чак түш

Туббольница кайда жайгашат жеТашдөбөлүктөр эмнеге нааразы…
Гезитибиздин 07.05.2008 санында Таштөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жарык көргөн. Аталган кайрылууда Республикалык тубинститутка караштуу туббольницаны Варонцовкага көчүрүп келүүгө каршы экендиктерин билдиришкен.Мындай элдин нааразычылыктарынан кийин бул маселе комчулукта талкууга алына баштады.Борбродо жайгашкан туббольницанын шаардан четки аймакка жайгаштыруу боюнча БТУ ФОМУСтун директору Г.Алиевге пикирин угуу максатында кайрылганыбызда "2007-жылдын статистикасы боюнча Бишкек шаарында эле кургак учук оорусунан 95 адам каза тапса, 2008- жылдын үч айында 19 оорулу каза тапты. Мына ушундай маалыматтардан улам шаар тургундарынын саламаттыгына камкордук көрүү менен туббольницаны шаардан четки зонага жайгаштыруу маселеси көтөрүлдү.Азырынча эки вариант болууда. Анын үстүндө аталган оорукананын имаратынын эскилиги жеткен. Абалды оңдоо оорулуларга жакшы шарттарды түзүү үчүн 800миң евро акча каражаты табылды. Көчүрүү маселеси толук чечиле элек"дейт.Шаар жетекчилеринин мындай чечимдерине аталган клиниканын кызматкерлери жана оорулуулар каршы болушууда.Кургак учукка каршы шаардык оорукананын башкы дарыгердин орун басары Т.Баялиева өз пикирин ачык төмөнкүчө билдирди: "Биздин ооруканада 87кызматкер иштейт.Баардык кызматкерлер Ваоронцовкага барууга каршы.Кызматкерлер эмес оорулуулар да ал жакка барууга каршы болуп жатышат.Эгер чындап эле шаар жетекчилиги элдин саламаттыгын ойлошсо оорулууларга күч колдонуп дарыланттып, жабык зонадай кайтарууга алсын".
Кыскасы бул маселеге эч ким "точка" кое элек .Каршы тараптар өтө эле көп.




KG номер ырахаты
Элибизде май кармаган бармагын жалайт деген кеп бар. Анын сыңары өткөн чакырылыштын айрым депутаттары мандаттарынан айрылса да, депутаттык наамдын эйфориясынан чыга албай жүрүшөт. ЖКнын Иш башкармалыгынын автотранспорттук ишканасынын директору Михаил Шеповаловдун айтымында алар: Арсланбек Малиев (KG 0298), Эркинбек Алымбеков (KG 0290), Карганбек Самаков ( бул эл өкүлү эки номер алган бойдон бербей жүрөт. KG 0011 жана KG 0157), ошондой эле маркум Баяман Эркинбаевдин үй-бүлөсү (KG 0005) жана экс-спикер Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы (KG 0094). Эске сала кетсек, 2007-жылы 10- декабрда мамлекет башчысы KG номерлердин мурдагы сериясын жокко чыгарган буйрукка кол койгон. Ага ылайык номерлердин убайын көрүп жүргөн тыңчыкмалар өткөрүп берүүлөрү керек эле. Алар өткөрүп бербесе мыйзам жолу менен кайтарып алууга МАИ кызматкерлерине ким тоскоол болуп жатат болду экен?




Барскоон кырсыгына 10 жыл болду
Барскоондо цианид кырсыгынын он жылдыгына карата жарандык форум өтмөкчү . Ага кырсыкка тушуккан Барскоон, Тамга, Чоң Жаргылчак, Кичи Жаргылчак жана Тосор айылдарынын тургундары катышат. Бул форум "Карек" бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өтмөкчү. 1998-жылы 20-майда Кумтөр алтын кенине цианид жүктөлүп бараткан автоунаа Барскоон суусун кесип өтүп баратканда кырсыкка учурап, 20 тонна цианид Ысыккөлгө агып кирчү Барскоон суусуна төгүлгөн. Бул кырсыкта беш айылдын эли жабыркаган.


Кыргызстан Кытайга 120 миң тонна гуманитардык жардам берет
Бул тууралуу Кытайдын парламенттик делегациясы менен жолугушууда Жогорку Кенештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Мадумаров кытайлык делегацияга Сычуандагы зилзала алып келген кесепеттер үчүн көңүл айтты. Мадумаровдун айтымында, учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кытайдагы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кол кабыш кылууда

ЖК вице-спикери Чолпон Баекова жана ЖК депутаты Алишер Сабиров парламенттик жыйын маалында, 15- май 2008-ж.
- Попрошу вас вытащить руки из карманов.
- Спасибо за замечание, что еще нужно сделать Чолпон Турсуновна, может, строем ходить?
- Будете, если понадобится.
- В казарму все превратили… Замучили!

Карга карганын көзүн чукуйбу?
Кызыл шапкечендердин арасында кыргыйы кыргыйдын, каргасы карганын көзүн чукуй баштаган заман келгенби айтор, ИИМдин ичинде иттей "очистка" жүрүүдө.Прокуратура же СНБ органы жаппай эле милиция өзү жаба баштаганы эмнени каңкуулайт?Пара алган деген шек менен бир топ кызматкерлер СИЗОго жабылып жатканы бул факт.Ушул айда эле Биринчи май ички иштер бөлүмүндө 4 опер кызматкер камалса, кечээ жакында Ленин райбөлүмүнүн 2 кызматкери кармалып олтурат.Начальниктер бир айга жетпей алмашылып милициянын ичинде интрига күч алып, ал тургай жетекчилер кызматерлерди шарият жолунда башкарып калган фактылар да нааразычылыктарды жаратууда.Министр мырза ылдый жактагы бардакка көңүл бөлсө болмок.Мунун баарын кимдин кадрлары жазап жатат?…

Чычкан аке суу берчи же Ильич аке шам берчи
Токтогул ГЭСинин суу көлөмү азайып, өлкөдө энергетика кризиси башталганына бир жарым айдай болуп калды.Бүт республика боюнча жарык суткалап өчүрүлүп, бир топ аспектиде проблемаларды жаратууда.Бул маселе боюнча энергетиканын эл аралык эксперти Базарбай Мамбетовдун пикиринде Токтогул ГЭСине суунун көлөмү мурда секундуна 300 кубометрге жакын болсо азыр анын көлөмү 800 кубометрден келүүдө.Суунун көлөмүн сактоо үчүн орчундуу суу сактагычтардагы суунун деңгээлин тиешелүү деңгээлде сактап тууру зарыл дейт.Мындан тышкары Кыргызстанда сууну башкаруунун түрү боюнча мыйзам кабыл алуу керектигин баса белгилеп өттү.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan