Коомдук-саясый гезит
№14, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Досуңду көрсөтчү...

"Досуңду көрсөтсөң, мен сенин ким экениңди айтам"-деген орустун таамай айтылган макалы бар. Биз ушул макалдын аркасы менен кимдин досу ким экенин билгибиз келди. Кыргыздын кулагына тааныш, көзүнө көнүмүш таанымал инсандардын эң жакын досу, курбусу ким экени баарыбызга эле кызык болуш керек. Кыргызда "кан дос", "жан дос"- деген жакын мамилеге чырмалышкан сөздү көп кезиктиребиз. Достукту туу туткан адам эч качан өзүнүн жакын досун эч кандай байлыкка, бийликке алмаштыргыс байлык катары бапестейт. Эмесе, достукту белгилүү, таанымал инсандарыбыз менен чогуу даңазалайбыз.


ЖКнын депутаты Ибрагим Жунусовдун досу Адахан Мадумаров.
Менин жаш кезден берки досум Адахан Мадумаров. Экөөбүз ушул убакка чейин сен-мендешкен жандардан эмеспиз. Биз жолукканда эч качан саясатты сүйлөшпөйбүз. Бирибиз ыр окуп, бирибиз ырдап черибизди жазабыз. Адахан айрымдарга сүрдүү көрүнгөн менен анын жүрөгү назик. Ал жакшы ыр, купулга толгон музыка укса да, жакшы кино көрсө да көзүнө жаш алып алат.

Аялдар Конгрессинин президенти - Замира Акбагышева эң жакын курбусу Гульнара жөнҮндө.
Суудай таза, суудай жумшак, асмандай бийик инсандардын арасында менин досум Гульнара айым да бар. Гульнарада иште тактыкты, достук мамиледе тазалыкты пир туткан инсандык сапаты бар.
Адам табиятта кандай болсо, жасаган иши да ошондой деген кеп бар.
Жазаган ишке берилип иштесең, бардык иштин оңуна чыгаары (бесспорно), иштин натыйжасын алганда, чарчагандан ыракат, чаалыккандан кубаныч, сүйүнүч аласың. Иштен ыракат алган эч убакытта чарчабайт деп ойлойм. Гульнара ошондой.
Ал түштүктө Караван шаарында төрөлүп, орус мектебин бүтүргөн. Кийин Мамлекеттик Университетинде математика факультетинде окуган. Өзу маалымат компьютердин технологиясын жакшы өздөштүрүп, көп жылдардан бери ушул тармакта банктарда иштеп жатат. Гульнара айым Айгерим, Бермет, Жамал аттуу кыздарынын мээримдүү апасы.
Кыргызстан аялдар Конгресси "Кыргызстандын айымдары" деген китеп чыгарып атабыз. "Бакыт деген эмне? - деген суроого ар түрдүү, ар маанидеги жоопторду алдык. Ооба, бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Гульнара "Аман-эсендик баарын жеңет"-деп жооп берди. Муну Гульнара жүрөгүнөн өткөргөн. Жолдошу Съездбек көп нерсени ишке ашыра албай, кыздарынын ийгиликтерине күбө боло албай калды.
Гульнара айымдын мүнөзү ушунча жумшак, бирөөнун да көңүлүн калтырбайт. Улууга да, кичүүгө да, теңтушка да сылык мамиле жасайт. Өтө ыймандуу десем жаңылышпайм. Токсон жашка чыккан кайнэнесин аябай сыйлайт, жардам берип турат. Өзү канча кыйналып турса да, бирөөлөрдүн көңүлүн алганга, жардам бергенге, жакшылык кылганга аракеттенет. Ушак айтып, же бекерпоздукта жүргөнүн бир да жолу байкаган жокмун
Дос болгонубузга 25 жыл толуптур. Досчулугубуздун юбилейи болуп калган турбайбы. Ушундай жакшы рубрика ачканыңыздар үчүн сиздерге рахмат айткым келет.




  Сахна кеп

Наам сатылып алынабы же...?
Ар бир сахнага чыгып жүргөн чыгармачыл адам "эмгегим бааланса экен"-деп тилек кылат. Кээ биринин бул тилеги орундалып, "Эмгке сиңирген артист", "Эл артисти" наамдары менен сыймыктанышат. Кээ бири өмүр бою элине талыкпай кызмат кылып, бирок, бир да наамга татыбай өкүнүчтө кеткени канча. Андайларды биз көзү өткөндөн кийин "жок дегенде ушул наамга татыктуу эле, кыргыздын күйүп турган чолпон -жылдызы эле, сыймыгы эле"-деп тамшанып кала беребиз. Канчасы акчасын сунуштап, наамдын аркасынан түшүп жүрөт дегендей. Ушунча көп талантты өкүттө калтырган, жалдыраткан, чуркаткан, таланттардын ичинде ич күйдүлүктү жараткан, бири-бирине нааразычылыкты пайда кылган НААМдын кандай өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары бар экендигин, ошондой эле азыркы учурда кимиси наамга татыктуу экенин артисттердин өздөрүнөн да сурамжыладык.

Асылбек Өзүбеков, КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Ооруканага бекер жатасың, башка эч кандай артыкчылыгы деле жок. Мага наамдын кереги деле жок болчу. Мисалы, менин наамым бар экенин эл билбейт. А бирок, Асылбек Өзүбеков экенимди баары билишет. Андыктан, наам мен үчүн эч кандай роль ойнобойт. Ал эми ким татыктуу экенин мен билбейм.
Турусбек Жумалиев, КРнын эмгек сиңирген артисти :
- Биринчи артыкчылыгы эмгегиңдин бааланышы. Ал эми троллейбуска бекер түшмөй, ооруканага бекер жатмай сыяктуу артыкчылыктарын мен пайдалана элекмин. Ал үчүн да чуркап көп жерден документ топтошуң керек экен. Эми андай муктаждыктардан кудай сактасын, азырынча жашмын дегендей. Экинчи наамга ким татыктуу деген сурооңо, төрт кишинин атын атаар элем. Биринчиси, Айчүрөк Иманалиева. Ал кыргыз желегин канчалаган чет-мамлекетке чыгып желбиретип жүрөт. Абдан эмгекчил, күжүрмөн артист. Буга Өкмөт наамды 10 жыл мурун эле бериш керек болчу. Экинчиси, Шахрезада Аскарова эжебиз. Кыргыз эстрадасынын биринчилерден болуп көтөргөн, ошол убактагы жарк деп чыккан эң "яркий" жылдыздардан. Аскар Карымбаев деген композиторубуз бар. "Дасторкон", "Биздин жолдор" деген сонун ырларды жараткан. Өзү да абдан "скромный" адам. Анан Расул Маматкулов. Классикалык, опералык ырларды мыкты аткарат. Өзү унчукпай, канча жылдан бери болтойуп эле келетат. Буга да бериш керек.
Райхан Абдувалиева, ырчы;
- Сахнада көп жылдан бери эмгектенип, элине талаа-түздө еонцерт берип жүргөн "Эмгек сиңирген" наамына татыктуу көп эле инсандар бар. Улуу муундун өкүлдөрүнөн А. Жетигенованы, Ш. Аскарованы, А. Карымбаев, Ч.Алсеитовалар татыктуу деп ойлойм. Менин бир-эки сахналаштарым наамды сатып алганын угуп эле жүрөбүз. Мага деле "Сен эми бизнес леди болдуң, наамды алып койбойсуңбу"-деп акчасына сунуштагандар деле болду. Бирок, мен сатып алган наамды наам деп атагым келбейт. Эл деген ким кандай алды билип коет. Элге эмгегиңдин артканын, элдин сага болгон жылуу мамилесинен, сыйлаганынан, артыңдан жакшы сөз айтылып жатканынан байкасаң болот. Мен да бул жагынан кур эмесмин деп ойлойм.
Марат Жанталиев, актер:
- Азыр татыктуулар көп эле, бирок, алар наамы жок жүрүшөт. Тескерисинче, канча наамды алып алышып, же аларды эл тааныбай жүрүшкөндөрү канча. Мен мисал үчүн наамга татыктуу деп куудулдардан Жаныбек Алыкуловду айткым келет. Ырчылардан көбү алышты. Бирок, арасында 20 жыл сахнага өмүрүн арнап, А. Жетигенова, А. Турдалиевалар алыша элек. Эл эчак эле буларга эл артисти наамын берип койушкан.
Сыймык Бейшекеев, ырчы:
- Татыктуула көп, алардын ичинен Алина, Айчүрөк, Бектин талапкерлигин койоор элкм. Булар канча жылдан бери сахнанын ысык-суугуна чыдап, элге жакшы маанай тартуулап келетышат. Буларга Өкмөт наамды берүүгө 6-7 жылга кечикти, эчак эле бериш керек болчу. Актерлордон "Бөрү зынданда" ойногон Жоробек Аралбаев деген агабыз дагы эле наамы жок жүрөт. Буларда "Эмгек сиңирген" наамы жок болсо дагы, элдин алкоосу бар.

Эльмира Мадиева.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan