Коомдук-саясый гезит
№14, 13.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Окуялар фактылар

Жогорку Сот Кумтөр боюнча келишимдердин күчүн токтотту
Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Кумтөр алтын кени боюнча келишимдерди токтотуу тууралуу чечимин кабыл алды. 2003-жылдын 31-декабрында "Кумтор Голд Компани" жана "Центерра Голд. Инк" менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда "Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө" инвестициялык макулдашуу кабыл алынган. Бул боюнча вице-спикердин арызынын негизинде Бишкек шаардык райондор аралык соту граждандык иш козгоп, келишимди жокко чыгарган. Мындан сырткары Кубанычбек Исабеков Кумтөрдөгү алтын кендердин үч очогун иштетүүгө берилген лицензияларды да жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен кайрылган. 16-май күнү райондор аралык сот канадалык компания тарабынан төлөнбөгөн 94 млн. 129 миң сом өлчөмүндөгү жер салыгы тууралуу ишин карамакчы. Кубанычбек Исабековдун айтымында канадалык компанияга баш аягы 1 млрд. сомго жакын доо коюлат. "Ал карыздар ар кандай жолдор менен төлөнбөй келген каражаттар. Алсак, салык инспекциясы тарабынан аныкталган 98 млн. сом жана финансылык полиция изилдеп чыккан 537 млн. сом. Бажы комитетинин карамагында турган 1 млн. 137 миң сомдук иштер бар. Булардын баарын 30-майга чейин иштеп бүтүшүбүз керек"- дейт депутат. Анткени ал күнү канадалык компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда Кумтөр кени боюнча макулдашууну парламент бекитмекчи.

Президентти ким алдаган?
Ош областынын Кара-Суу районунун акими Токтосун Барманов "Президентти алдагандыгы үчүн Салык комитетинин башчысы Темирбек Курманбеков кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Ал болбосо мени тартышсын" дейт. Аким менен башкы салыкчынын кармашуусуна үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Президенттин ишкерлер менен жолугушуусунун маалында Т.Курманбековдун Кара-Суу райондук салык инспекциясынын башчылыгына Анарбек Мойдуновду дайынбагандыгы тууралуу жообу себеп болгон. Т.Курманбеков "аким салык тармагында бир да жыл иштебеген кишини көргөзүптүр" деген. Аким Т.Барманов "Ал киши мен келгенге чейин эле иштеп жаткан. Офицер болуп туруп Президентти алдаганы туура эмес" дейт. "Минтип кызматкерлери Президентке калп айтып отурса кайда барабыз- ошон үчүн ичим ачышып отурам" дейт аким.

Эркин Булекбаев, "Жашылдар" партиясынын лидери: "Сүйлөшүүлөр жыйынтык берет"
- Эркин мырза, Киевге барган иш сапарыңыз кандай болду?
- Экинчи ирет Киевде "Экологиялык коопсуздук боюча "эларалык экологиялык форум болду. Буга көптөгөн өлкөлөрдүн жашылдар партиясынын жетечилери, делегаттар келип, дүйнө жүзүнүн экологиясынын коопсуздугу, ошондой эле күнгөй-тескейи тууралуу кеп кылдык.48 өлкөдөн бардык. Бизден 5 киши барды. Экология менен чектелбей энергетика тууралуу да ой бөлүштүк. Армения, Украина ж.б өлкөнүн лидерлери менен сүйлөштүк. Эми Кыргызстанды жашылдандыруу боюнча арыз жазалы деп жатабыз. Анткени,экология боюнча "жашылдар" партиясы эле шайкеш келет. Ошондуктан аталга форумга экинчи ирет катышып жатабыз.
- Алардын Кыргызстандынэнергетика маселеси боюнча көз караштары кандай экен?
- Биз күн менен шамалдан энергетиканы ала элекпиз. "Ошону өздөштүрүп алышыңар керек. Бир эле сууга көз каранды болбой" деген пикирлерин айтышты.

- Кыргызстандагы абал тынчсыздандырат бекен?
- Бир академик эки жыл Кыргызстанда жашаптыр . Ысыккөлгө кайсы булактардан, куюлат экенине чейин билет экен. Кеп-кеңешин берди.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan