Коомдук-саясый гезит
№13, 07.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Өнөр дүйнөсү

Назик Иcраилова, "НАЗИК" бийчилер тобунун көркөм жетекчиси:
"Түшүнгөн адамга жолуксам деген күтүүм бар"
Байыркы да, сымбаттуу да өнөрдү аркалап келе жаткан жаштардын демилгелүү топторунун катарында өзүнүн татыктуу ордун таап, өз күйөрмандарына ээ болуп келе жаткан "НАЗИК" бийчилер тобу жаздын жадыраган күндөрү сахналаш досторунун колдоосу алдында чыгармачыл кечесин тартуулаганы турушат. Курамына 600дөн ашуун жаш таланттарды камтыган бул команданын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тээ башынан түптөп, жетектеп келе жаткан Назик аттуу ажарлуу бийкеч бүгүн бизде мейманда.

- Сени 600 жаштын башын бириктирип, Кыргызстанга таанымал болуп турган бийчилер тобунун жетекчиси катары билебиз. Чыгармачылыгыңдын башаты тууралуу маалымат бере кетсең?
- 3 жашыман баштап эле ырдап жүрдүм. Апам да менин келечегимди аткаруучу катары көрсө керек, үнүмдү тарбиялаганга, ырларды тандоого көп көмөгүн көрсөтүп турчу. 6-7-класстарда окуп жүргөндө, апам "бир жылча ырдабай кое тур", деп калды. Ошол кезде эсиңизде болсо керек, индиялык Алиша аттуу аткаруучунун ыры хит болуп турган эле. Анан баардык жерлерде ушул ырга бийлеген өзгөчө кызыктуу болчу. Үйдөн бул ырга кыял чабытыма жараша бий коюп көрдүм. Классташтарыма үйрөтүп дегендей. Бирок, апама бул кызыкдарлыгым көп деле жаккан жок. "Сенден бийчи чыкпайт" деп көп айтты. Мектепте бир жолу концерт уюштуруп, ага апамды чакырсам, ал учурда өзү мугалим эле, келбей койду. Анан ошондо абдан ичим ачышып, "сөзсүз бийчи болом" деген чечимди кабыл алгам. 11-классты аяктаган соң, Бишкек Гуманитардык Университетинде окуп калдым. 1-курста атайын "студенттикке каттоо"(посвящение) болот эмеспи. Ошол жерде өзүм менен бирге окуган орус улутундагы кыздардан бийчилер тобун түзүп, бийлеп чыкканбыз. Университеттин жетекчилиги тарабынан бул демилгем жакшы колдоого алынып, 1-орунга ээ болгонбуз. Ошол 1-курстагы ийгилигим менде кандайдыр бир ишеним сезимин пайда кылган.
- Топтун алгачкы өзөгү качан түзүлдү эле?
- 11-классты Ат-Башынын Ак-Музунан бүткөм. Ошол мектепте окуп жүргөндө 5 кыз болуп топ түзүп, бийлеп жүрчүбүз. Алар менден 1 жаш кичүү эле. Мен Бишкекке окууга тапшырып кеткенимде деле, "Назик көрөсүң го, биз дагы сен окуган университетке тапшырабыз. Чогуу иштейбиз" деп калышчу. Окууларын аяктаган соң, алар да мен окуган окуу жайга келип киришти. Анан бул жактан дагы эки кыз кошулуп, 2001-жылы "Назик" тобун түзгөнбүз. Түзгөн эле жылы "Ала-Тоо жазы" фестивалына катышып, лауреат болдук. Бул албетте биздеги каалоону мурдагыдан да күчөткөн. Эки жылдан соң, топтогу кыздардын айрымдары турмушка чыгып кетишти. Айрымдары чет өлкөлөргө кетти. Алгачкы өзөгүн түзгөн өкүлдөрдөн 2 эле кыз калдык. Бизде "Назик" деген атыбызды өчүрбөй сактап калуу деген сезимибиз күчтүү болду. 2003-жылы күзүндө эң алгачкы кастингди жарыялап дагы 7 кыз тандап алдык. Ошол мезгилден бери эле, жыл сайын күзүндө бийчи болууну каалаган жаштар арасында салттуу түрдө кастинг өткөрүп турабыз. Былтыркы концертибизден соң, чоң студия ачып алганбыз. Учурда жалпысы болуп, "Назик" бийчилер тобунун курамы 600 өнөрлүү жаштардын башын бириктирип турат. Учурда бий капчыгыбызда 38 номер бар. "Арабика" деген бийибиз бар. 38инин ичинен мага айрыкча жагып, ушул бийди өзгөчө эргүү менен аткарам.
- Азыр ата-энең сенин ишиңе кандай көз карашта?
- 5-курсту бүтүп жатканда, озүм окуган Бишкек Гуманитардык Университетинин жетекчилиги чоң программадагы коштошуу концертин уюштуруп беришти. Даярданып, мына бүгүн-эртең концертибиз болот деп чуркап жүрсөк, проректор агайыбыз, "Ата-энең келеби? Ушундай чоң концерт коюп жатсаң" деп калды. Ал кезде атамдар Ошто иштеп жүрүштү эле. Аларды чакырттым. Бирок концерт болоору тууралуу айткан эмесмин. Анан залда отурушса эле, "Назик" бийчилер тобунун концерти деп чыгып жатсак, абдан сүйүнүшүп, бир чети ишенип-ишене албай таң калышкан. Апанын жүрөгү назик болот эмеспи, сахнада бийлеп жатсак, кайсыл учурда эми учуп түшөт деп корккон экен. Үйгө келгенден кийин атамдын таң калганын айтыңыз.Ал эми азыр, абдан сыймыктануу менен, кубануу менен кабыл алышат. Айрым учурларда өзүм билбеген концерттерди ошолордон угуп турам. "Бул концертке катышат турбайсыңарбы" деген маалыматты көбүнесе атам-апамдар айтып турушат.
- Адамдын мүнөзү бал таттуу балалык кезде түптөлөт эмеспи. Жакындарыңдын айтуусунда, бала кезиңде кандай мүнөздөгү кыз элең? Канча бир туугансың дегендей...
- Ооо. Өтө тентек, эрке, шок. Азыркы күнгө чейин биздин үйдө күлкүлүү окуя катары айтылып келе жаткан 2 окуяны айтып берейин. Ушундан эле менин мүнөзүмдү билип алсаңыздар болот. 2-3 жаштагы кезим экен. Мени ээрчитип алышып, ата-энем таенемдикине барып калышпайбы. А таенем ал кезде, колхоздун кырманында ашпозчу болуп иштейт. Алар үйдө сүйлөшүп отурушат. Мен эшикте ойноп жүргөн экенмин. Бир учурда эле эшикке чыгышып, мени таппай калышат. Ары-бери жактардан чуркап, издеп жатышса эле, эшикте жармасы суусун деп чыгарып койгон чооң бактан үн чыгып жатат дешет. Барып капкагын ачышса, ичинде мен тырмалаңдап чыга лабай жатыптырмын. Мага ушул окуяны айтышкан сайын эле, эң күлкүлүүсү, "ошол мен тушуп кеткен жарманы ичиштиби же", деген суроо боло берет.
Дагы кичирээк чагымда болсо керек, анда Нарын шаарында жашап жүрчүбүз. Бир жолу үйгө шаардык комитеттин катчысы болуп иштеген эжеке конокко келип калбайбы. Эми ал кездерде советтик бийлик кези эмес беле. Эжеке өтө эле сүрдүү адам экен. Башына саркеч шляпалардан кийип келиптир. Мага эмне, баш кийимин чечип, конок үйгө кирип кеткенде, шляпасын алып,ичине мышыгымды отургузуп, сүйрөп алган экенмин. Бир учурда менин тентектигимди байкап калышат. Баары тең, чынында да өтө сүрдүү шаар жетекчисинен коркуп кетишкен турбайбы. Бирок, ал эжеке, "ушул кыздан кийин абдан тың адам чыгат, чоңойгондо мени эстей жүрсүн" деп, шляпасын белекке таштап кеткен экен. Негизинен атам Намазбек Мамлекеттик Автоинспекцияда эмгектенет. Ушуга байланыштуу менин окуучулук күндөрүм, Кыргызстандын жети областында өтүп, жалпысынан 11-жылдын ичинде 8 мектептен окугам. Апам Гүлмайрам, кесиби боюнча мугалим. 5 бир тууганбыз.
- Сени алдыга сүрөп турган эң жаркын кыялың?
- Буга чейинки кыялдарым толугу менен ишке ашты. Бишкекке жаңы келгенде, Бек, Айбек сыяктуу ырчы агаларды көрүп, сахна жылдыздары менен чогуу иштешсем деген кыялым бар эле. Бийчиликтин мен билбеген сырларына жетип, тажрыйбамды жаштарга берсем дечүмүн. Ал да орундалууда. Канчалык ийгиликке жетишсең да, адам үчүн, айрыкча аялзаты үчүн жөн гана "аялдык бакыттын" ээси болуш керек экен. Азыр менин эң бир жаркын кыялым,бул турмушумда ордумду табып, арзуудан жаралган үй-бүлөөдөгү очоктун ээси, жолдошум сүйүнө турган жубай, балдардын сый-урматына татыган эне болуу. Ушуну менен катар, өзүм сахнага чыгып бийлебесем да, "Назик" тобун калтырып койбой, жаш муунга баш-көз болуп, жетектеп дегендей,билгенимди мындан ары да үйрөтө берүү. Мына ушул кыялымды түшүнгөн адамга жолуксам деген күтүүм бар.

Назира Асанкожоева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan