Коомдук-саясый гезит
№13, 07.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  экономика

Амангелди Муралиев, коомдук ишмер, коомдук өкмөттүн төрагасы:
"Эки жактын тең так программасы жок"
(Башталышы өткөн санда)
Эгер демократиянын принциптерине таянсак, анда референдум кылып, же элдин ойун билиш керек эле. Ошондой участкалар азыр көп.
- Кечиресиз, Аскар Акаевичтин учурунда "Каркыра" боюнча кандай маселелер каралды эле?
- "Каркыра" боюнча андай деле курч маселе көтөрүлгөндүгү эсимде жок. Анан бул маселени азыркы бийлик көтөрүп чыкты деш дагы туура эмес. Маселе кабыл алынган, Казакстандын парламенти ратификациядан өткөрдү, анан биз да ратификациядан өткөрүшүбүз керек эле. Бул процедура болуп калды да. Эгер тарыхты жакшы билсеңер, тарыхтагы согуштардын баарысы ушундай жер масалесинен башталган, туурабы? Ошон үчүн мындай масалелерди абдан кылдаттык менен талдаш керек. Анын методикасы дагы абдан күчтүү болуп, анан аны элге түшүндүрүп, эл менен чече турган маселелер. Жер- бул элдин байлыгы. Ал жанагы акча кагаздары, банкноттор эмес. Биз алдыда дагы чек ара маселесине көп кайрылабыз. Себеби, чекараларды сакташ керек. Делимитация, демаркация дегендер бар. Анан мыйзамдарды топтоп туруп ратификация кылат. Албетте, "Каркыра" бийликке да, элге да чоң сабак болду. Бул процесс элди ойготту. Эл "жер" дегенде намыстуу боло баштады. Бул туура эле. Маселе туура козголгон. Бирок, этаптары тескери болуп калды.
- Биз Казакстанга уттуруп жибердик десек болобу?
- Экономикалык жагынан алсак балким, утулган жок. А бирок, философия жагынан карасак балким, Кыргызстан утулду. Негизги принцип бул- өзүбүздүн ата-бабаларыбыздан калган, тарыхтарды карытып, кылымдар бою келаткан жерибиз. Ар кандай кыргыздын рухун, духун толуктаган, кыргызды кыргыз кылган маселелер бар да. Ушул жагы мамлекеттик комиссиялар тарабынан эсепке алынган жок. Адам жалаң эле материалдык жагы менен эле жашабайт. Жаран менин өлкөм, менин элим, жерим деген лозунгдар менен жашайт.
- Ушул жерден сизге дагы бир суроо бергим келип турат. Сиз бир учурларда премьер-министр болдуңуз эле. Демек көп нерселерди таразага сала жүрөт чыгаарсыз. Бизге кандай өкмөт жакшы кызмат кылып бере алат?
Мындай суроону берген себебим, кандай учур болбосун өкмөт жакшы иштебей жатат деген сындар көп айтылат эмеспи?
- Биринчиден өкмөт тең салмакта болуп, ар бир бутагы көз карандысыз болсо гана жоопкерчилиги жогорулайт. Маселен, бизде жаңы Конституция кабыл алынды. Эми бул Конституцияда кемчиликтер бар бирок, аны колдонуп иштеш керек. Эгерде биз Конституцияга укук туурасында гана жазбастан, жоопкерчилик жөнүндө, өзгөчө бийликтин үч бутагынын жоопкерчилиги тууралуу кеңири жазсак туура болмок. Бизде президенттик башкаруу болуп жатпайбы? Конституциянын негизги принциби- президенттик. Мен башынан эле президент жөнүндө бир мыйзам кабыл алып, өзгөчө түзмө- түз укуктары менен катар эле жоопкерчилигин жазууну айтып келе жатам. Ошондой эле Конституцияга ылайык ЖКнын укуктары, жоопкерчилиги, Өкмөт жөнүндө мыйзам жаңыртылыш керек. Маселен, экономика боюнча же негизги тышкы жана ички саясатка программанын негизинде президент өзүнүн көз- карашын айтат. А өкмөт болсо ошону аткарганга мажбур болуп, жоопкерчилиги болуш керек. Ошондо бары тең ордуна келет эле. Биз айтып жаткан демократия бул биринчиден мыйзамдуулук, мыйзамдуу башталуу, мыйзамдуулукту кармоо. Тилекке каршы, бизде мыйзам сакталып жатабы? Экономика же коопсуздук же кандайдыр бир башка маселе болобу, бары өкмөткө жүктөлөт дагы, өкмөт начар деп эле премьерлерди алмаштырып жатышат.
- Президенттин командасы сиздин оюңузча күчтүүбү ?
- Бул жерде менин көз карашым мындай. Президент мамлекет башчысы. Азыр президент партиянын да лидери. Партиясы болсо ЖКнын 71 ордун ээлеп турат. Мындайча айтканда бийликтин баары президенттин колунда. Ошондой эле өкмөттүн составын бекитүүгө укуктуу. Бул жерде президент партиянын көз карашына таянып, алардын пикирин угуп, өзү анализ жасап, анан кабинетти түзөт да. Түзмө-түз кабинетти түзгөн президент негизинен жоопкерчиликти өзүнө алат, туурабы? Бирок, министрлер кабинетинин өзүнүн функциялары бар. Кадр саясаты толук президенттин колунда. Эгерде бүгүн кандайдыр бир коомдук пикир түзүлсө, анда Президент кадр саясатын кичине өзгөртүш керек. Сапатуу, илимдүү, компетенттүү, таза, кооррупциядан алыс кадрларды издеш керек. Негизинен айыл өкмөттөн өйдө бары өзүнүкү.
- Жогоруда демократия тууралуу учкай айтып өттүңүз. Айтсаңыз, биз азыр демократияга карай туура багытта баратабызбы?
- Бул суроого жооп издегенде дагы эле мыйзамга барып такалабыз. Биз жарандардын укуктары жана жоопкерчилиги жөнүндө өзгөчө бир мыйзам кабыл албасак анда демократиялуу өлкө болуудан калабыз. Эмне үчүн дегенде .демократия бул- элдин бийлиги. Мыйзам аркылуу конкреттүү жарандын укугу, милдеттери жана жоопкерчилигин белгилөө менен жарандын статусун көтөрүш керек. Эмне үчүн дегенде жарандар чогулуп, эл болот. Демек жаран деген биринчи орунда турушу зарыл. Мисалы, Америкада, ошол эле американын парламентинин алдында бир топ эл суткалап пикетте турат. Бирок, алар элдин укугун билет. Аны полицейский да билет. Биринчи орунда жаран турушу керек. Анан мамлекеттик күчтөр. Ошондой эле экономика жагында да эркиндик, ишкер адамдын эркиндиги, милдети, укуктары такталышы зарыл.
- Туура белгиледиңиз, азыр жеке бизнести тартып алуу деген дагы бир көйгөйлүү маселе бар эмеспи?..
- Мен ошону айтып жатам да. Бизде жеке менчик жөнүндө ар кандай мыйзамдар бар. Жарандык Кодексте да, Конституцияда да жазылган. Бирок, жаран биринчи позицияга коюлган эмес. Биздин мамлекетибиздин уюткусу жаран. Эгерде жарандын статусун көтөрсөк, ал баш көтөрүп, ар намыстуу болуп, көчөдө ээн баса алат. Бирок жаман нерселерге барбайт. Анткени, мыйзамда жазылган. Мына "Мен ишенбейм" деп демонстрация кылган жигиттерди кармап, камап салып жатышат. Аларда кандай укук бар? Алар эмнени бузду? Мындайынан алганда алар жөн эле, сөз сүйлөбөй туруп, плокаттары жазып, ооздорун скотч менен жаап жүрбөдүбү?
Акцияга чыгуу негизи демократиянын принциптерине кирет. Бийлик аларды укпаса да жыйынтык чыгыш керек да. Бирөө чыгып, сүйлөшүүгө барса алар тарап кетмек. Элди коркутуу туура жол эмес. Туура жол жарандын укугун, милдеттерин, жоопкерчилигин тактоо. Дагы айтам, жаран мамлекеттин уюткусу. Эгер жарандын укугу тебеленип кетсе анда мамлекет жоюлат . Ар бир эле жаран бирөөнү өлтүрөм дебейт. Ал "турмушум начарлап кетти" же "бир чиновник, бюрократ менин кичинекей бизнесим бар эле ошону келип алам деп жатат" деши мүмкүн. Ошондой сөздөрдү угуш керек да. Бирок эч ким укпай жатпайбы. Чынын айтыш керек, коррупция деңгээли өтө жогорку деңгээлде экендигин МВФтин, Евробанктын жана дүйнөлүк банктын материалдары. изилдөөлөрү айтып жатышат. Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү агенттиги деле түзүлгөн. Алар да өздөрүнүн докладдарын айтып жатышат. Бирок, короодо баягы эле саясат. Ошон үчүн эл кыйналып калып жатпайбы. Эгер жарандын сөзү угулуп, ошонун сөзүнө көңүл бурулса, анан кемчилик болсо ал жоюлса анда биз "а демократия бар экен" деп айтабыз да.
Дүйнөлүк деңгээлде караганда Орто Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын демократиялык деңгээли бийиктикте турат деген сөз бар. Демократия аралы деп да коюшат. Азыр андай сөздөр басаңдап баратат. Бул процесстер Акаевдин доорунда эле башталган. Мына Акаев Кыргызстандын демократиясынын атасы болсо да, өзүнүн башкарып жаткан акыркы мезгилинде демократияны пастатып жиберген. Себеби, ал бийликке кумар болгон. Андан кийин клан бийликке айланып кетти. Коррупция өнүктү. Мына Россияда деле Конституцияга таянып, ротация болду. Путин эки мөөнөткө президент болуп, эми Медведьев келип жатат. Бул принцип демократиянын негизги пинциптери. Бизде дагы ушул мыйзамдуулукту сактасак анда демократия болот.
- Амангелди Мурсадыкович, биздеги дагы бир жүрөк ооруткан маселе-айыл чарбасынын өнүгө албай келатканы. Экономиканы көтөрүп кете турган эң чоң тармак так ушул айыл чарбасы да. Азыр сөз жүзүндө гана айылдарды көтөрүш керек деп айтканыбыз менен айылдарда жалаң гана чал-кемпирлер бирин-эки уюн жетелеп калгандай таасир калтырат. Биз канткенде айыл жерлеринде жумушчу ордуларын түзүп, жаштарды айылдарга тарта алабыз?
- Өнүккөн өлкөлөрдө айыл чарбада жумушчу орун аз түзүлөт. Бирок, айыл чарбанын эффективдүүлүгү бийик деңгээлде. Биз суулуу жерден бир гектарынан 20-30 центнерден буудай алсак, алар болсо 50-80 центнерден алышат. Алардын технологиялары абдан күчтүү. Анан мамлекет тарабынан ар кандай жардамдар болот. Биз реформадан эми өтүп жатабыз. Маселен францияда жер 3-4 кылымдан бери жеке менчикте болчу. А бизге жаңы келди. Менчик деген сөздү биз түшүнүп эле жатабыз, бирок каныбызга сиңбей, аны башкача пайдаланып алып жатабыз. Айыл- чарбада иштеген жетекчилер ушуну туура түшүнүшү керек. Биз азыр жерибизди жакшы пайдаланбай жатабыз. Реформа бизге шок метод менен келип, колхоз-совхозду таркатабыз, мүлктүн баарын бөлөбүз, үлүштүн баарын беребиз деп башкача түшүнүп алганбыз. Ал эми колхоз-сов-хоздун активдери жакшы жерлерди, техникаларды үлүшкө өздөрү алып алышкан. А карапайым элге начар жерлер берилип калган дагы ошон үчүн азыр эл нааразы болуп жатат. Ошондой эле жерлерибиз сатыла баштады. Жерлер сатылбайт деген бизде мыйзам жок. Жер чет элдин жарандарына сатылбайт деген гана нерсе бар. Бирок, жер сатуунун да механизмдери көп да, орусча айтканда "подставной" кишилерди пайдаланып, чет элдиктер жерлерди алып жатышат. Бизде жер менин менчигим деген философия жок. Ал жаңы эле каныбызга сиңип жатат. Албетте, бул процесстерден өтүш керек, бирок жыйынтык жасаш зарыл. Өкмөт айыл чарбага жардам берип, менчикти жаңы сезим менен, жаңы формада кабыл алууга түрткү болуп, техникаларды жыйып, кооперативдерге өтүш керек. Айыл чарбага көп факторлор таасирин тийгизет. Кургакчылык, үшүк уруп кетүү, курт-кумурска жеп кетүү сыяктуу ар кандай факторлордун баарын эсептеш керек. Бизде азыр айыл чарба ички дүң продукциянын 38%ын түзөт. 65% эл элетте жашайт. Эми бул абдан чоң тармак. Ага өкмөт түздөн-түз көз салбаса болбойт. Өкмөтүбүз менин байкашымча Акаевдин акыркы жылдары, маселен, 2003- жылдардан баштап бул тармакка жакшы көңүл бурбай калган. Ошол учурлардагы бийлик талашуу менен гана алаксып калуулардын негизинде талкаланган айыл чарбасы бир жылда оңолбойт. Азыр бизде бул тармакка реформа керек. Элге "ушундай реформа болот, мамлекеттен ушундай жардам болот" деп түшүндүрүш керек. Анан мал чарбасы биздин негизги байлыктардан. Базары да жакшы, баасы да жакшы. Азыр мал чарбасын өстүрүш керек. Өзбек калкында огород, бизде мал да, туурабы? Анан сапаттуу буудай өндүрүүнүн жодорун өнүктүрүү зарыл. Албетте, буга жакшы каржы механизмдерин түзүү керек. 2000-жылы биз кризистен чыгып жатканда мен премьер болчумун, ошондо деле кредиттер 30%дан болчу. Азыр деле 25-26%. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону финансы механизмдерин элге жакындатыш керек.
Кандай кредиттер каралса да дыйкандар үчүн оор. Себеби,болгону бир жылга же 6 айга беришет. А дыйкан бир жылда аны өздөштүрүп, өнүктүрүп жетише албагандыгын эске алып туруп, ага кредитти эң кеминде үч жылга бериш керек. А пайыздары жок дегенде өкмөт өз мойнуна алып, пайыздарын, пениясын токтотуп, шарт түзсө дыйкандар иштеп берет. Россияга окшоп биздин заводдорубуз жок. А болгон заводдорубуз Россиянын базарларына арналган заводдор. Базары кемиген. Көбү айыл- чарбага арналган заводдор болчу жана армия, коргонууга (Оборона) арналган. Эми болсо Россия коргонууну кыскартып, бул заводдор ушуну менен ишин солгундатты. Албетте, буга кайгы болбош керек. Кыргыз элинин бир жакшы жери- билимге абдан умтулат. Көп университеттер бар. Байкуш кыргыз акыркы уюн сатып, баласын окутат. Бирок, университеттерде билим берүү сапаты начар. Күчтүү университеттер 6, 7өө гана. Азыр мектептер да начарлап бараткандыгына олуттуу мамиле жасап, менимче, кандай акча болбосун ушул билим берүү системасына жумшашыбыз керек. Мугалимдердин статусун, айлыгын көтөрүү абзел. Айлык начар болсо айылга иштөө үчүн эч ким барбайт. Анан биз Азиянын орто чениндеэкенибизди, биздин коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Индия, Пакистан, Иран,Түрк мамлекети, Россия экендигин эске алып, эгер биз акылдуу болсок ошондой чоң мамлекеттерден бир тыйындан алсак дагы биз байыйбыз. Ошол тышкы саясатка умтулуп, көп эмес, бир тыйындан пайда тапканга умтулуп, биринчиден, тоо-кен байлыгын туура пайдаланышыбыз керек. Бизде ресурстар бар. Өзгөчө алтын менен көмүр. Биз көмүрдү экспорттоону колго алуубуз зарыл. Мына өткөн жылы экспорт үч эсе өстү. Көмүр биздин байлыгыбыз. Ушул тармакка инвестицияны тартыш керек. Ошентип көмүр индустриясы өсүп кетсе анда жолдор да оңолот, темир жол да салынат, жок десе Балыкчыдан Каракечеге чейин. Бизде металлургияга ылайыктуу көмүрлөр бар. Алтынга да инветиция тартуу менен бирок, биздин жаратылышыбызды да сактап, ага камкордук көрө жүрүү зарыл. Дагы ITT технологиясы,мабилдүү телефон, интернет абдан өнүнгүп жатат го. Биз чоң мамлекеттердин ортосунда өзүбүзчө бир борбор болуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бизде кудайга шүгүр, балдарыбыз билимдүү. ЦУМда жалаң кыргыз балдар мобилдүү телефондорду сатып олтурушат. Анын келечеги кең. Интернет сооданы өнүктүрсөк болот. Анан финансовый секторду өнүктүрүп, банктарды дагы коңшу өлкөлөр кызыкдар болгондой ачып койсок балдарыбыз иштейт эле.
Суу байлыгыбыз да келечекте чоң байлык болот. Биз азыр суунун баркын билбей жатабыз. Эгер элди ойлобой саясатты гана куусак башкасын кой, сууга да жетпей калабыз. Маселен, Өзбекстан менен учурунда жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Биз аларга сугатка суу берели десек анда электр энергиясы кошумча чыгып кетет. Ал электр энергиясынын бизге кереги деле жок болуп, ошону Өзбекстан тарап менен сүйлөшүп, "Биз силерге суу беребиз, силер электр энергиясын сатып аласыңар" деп сүйлөшкөнбүз. Анан алар сатып алчу. 3,6 цент менен НДСи жок сатканбыз. Азыр болсо 1,1 центтен келишим түздүк деп мактанып жатышат. Ушунун баарын балансташ керек. Экономика ушунда. Эми баары бузулду. Азыр биз сөзсүз шериктеш мамлекеттер менен, өзгөчө Өзбекстан. Казакстан менен, суу -энергетика маселеси, айыл чарба маселеси боюнча чечишип, өзүбүздүн пайдабызды билишибиз керек. Айыл -чарбада буудай жетпейт дешип туура эле айтышат. Бизде нан жапканга сапаттуу буудай жок. Биз Казакстандан дайыма 300 000 тонна буудай алып турушубуз керек. Биздин буудайлардын уну начар болот. Андыктан биз Казакстандан буудай алууга мажбурбуз.

Аида Надырбекова












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan