Коомдук-саясый гезит
№13, 07.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Спясий төлгө

Айтымчы, Бурулсун Төлөмүш кызы:
"2008-ЖЫЛЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛОТ"
Баткен окуясын бир жарым жыл мурун айткан. Көлдөгү верталётту тапкан, революцияны 2001-жылы айткан Бурулсун Төлөмүш кызынын өткөн саныбызда "Аалам" гезитинде жарык көргөн 2001-жылкы мегинде айтылгандын баары төп келгенинен улам гезитке кайталап, кайра бергенбиз. Ошондон бери редакциянын телефону тынчыбай оппозициянын, бийликтин абалына кызыкдарлар, эми эмне болот деп санаа тарткандар арбын болгонунан улам, Бурулсун эже менен маек курууга туура келди.


- Бурулсун эже, азыр элдин тынчсызданганы оппозиция менен бийликтин тиреши. Булардын абалы кандай болот?
- Оппозиция менен бийлик күзгө чейин так ушундай эле абалда болот. Оппозициядан азырынча майнап деле чыкпайт.
Биздин падыша досторуна алданып калды көрүнөт. Элди- жерди сатпагыла, сактагыла. "Суу кетет да, сай калат, эр өтөт да, жер калат" деп 2000-жылы эле айткам. Ага болбой эле Үзөнгү-Кууш сатылып кетти. Ошондо азыркы президент Курманбек Салиевич премьер-министр болуп турган мезгилинде: "Мен турганда Кыргызстандын 1см. жери да жөндөн жөн эле башкаларга сатылып кетпейт" деген болчу ("Аалам" 8-май 2001-жыл). Өзү бийликке келгенде сөзү менен иши дал келбей минтип, Каркыраны казактарга берип жиберди. Жерин саткан элин сатканга барабар болот. Жер маселесинен ызы-чуу чыгып, акыры бийликтин алмашышына алып келет.
- Оппозиция менен бийликтин жер боюнча тиреши токтойбу?
- Оппозициядан майнап чыкпайт. Эл токундайт. Падыша элге ээ боло албай калат. Ажонун жанындагылары айгактай жармашып, жерди "сен сатып салдың" деп кетүүгө аргасыз кылат. Акыры Кыргызстанды шарият башкарып калат.
- Бурулсун эже, сөз арасында "Чолпонбай", "Дүйшөнкулдар" жок болуп кетти дедиңиз. Сыр болбосо алар кимдер?
- Окко төшүн тоскондордун бири "Чолпонбай", бири "Дүйшөнкул"
(Белгилүү себептерден аттары өзгөртүлдү). Кыргыздын мыкты эки жигити окко учуп, эрте кетип калды. Булар кыргыздын жерин коруп, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө кам көргөн инсандар болчу.
- Ушул жылы президенттик шайлоо болот деген да имиштер бар. Сиз дагы бийлик алмашат деген божомолду айтып өттүңүз. Күзүндө президенттик шайлоо болобу?
- Президенттик шайлоо 2008-жылдын аягы 2009-жылдын башына барып калат. Бирок, президентибиз президенттикке талапкерлигин койбой өзүнүн ишенимдүү кишисин койгонго аргасыз болот. Азырынча бийлигин эч кимге бергиси келбей турат. Бирок, учуру келгенде берет. Эгер бийлигин башкага өткөзүп бербесе кан төгүлөт. Эл толкундайт. Толкун айтырбай эле башталып кетет. Бийлик толкунду басканга аракет кылат. Бирок, майнап чыкпайт.Ошон үчүн ажобуздун терең ойлонуп иш кылганы оң. Падышабыз өзүнүн ыктыяры менен күнөөсүн сезип, кемчиликтерин билип, кыргыз элине жаккан, кыргыз элин түшүнө билген жаш баланы президент кылып кетет. Жок дагы эле мен бийликтин башында турчумун десе, Кудай тааламдын буйругу менен ок менен келген ок менен кетет.
- Курманбек Бакиев сизге төлгө салдырды беле?
- Мен тынч эле жүрөйүн деп аларды кабыл алгандан баш тартып калгам. Түшүмдө Курманбек Салиевич мурутун алып, сакалын албай калган болчу. Мурут илешкер, сакал дөөлөт болот. Дөөлөтү келип президент болду.
- Жакынкы аралыкта саясий толкундоолор болобу?
- Алдын -ала айткандан да тартынып калат экенсиң. Ким эмне болоорун күн мурунтан айтып койсом, ошол кишиге кысымдар болуп, залакам тийип калат экен. Чынында бийликти түндүктөгүлөр ала коелу деген жери жок. Ошол эле түштүктөгүлөр алыштын аракетин кылып жатышат. Оюн бир болот, эки болот. Үчүнчүсүндө ый болот да. Акыры бары бир ополоң-тополоң болуп, эл көтөрүлөт.
- Манас, Бакай. Сыргак, Чубак баары төрөлгөн деп айттыңыз. Алар азыр саясий аренада барбы?
- Бар. Алар өздөрү ким экенин өздөрү билет. Бирок, аттары ким экенин атабайм. Учуру келгенде айтам. Акаевдин мезгилинде президент узун бойлуу тармал чач жигит болот десем, А. Мадумаровдун жашы туура келип, ал балага да кысым кылышты. Азыр мамлекет башындагылардын пейли кеткенден улам Кыргызстандагы аба- ырайы бузулуп, Токтогул суу сактагычындагы суу дээрлик азайып кетти.
-Президенттин Германияга барышы тууралуу эмне айта аласыз?
- Президентибиз бир айдын ичинде эл оозуна кирип, ага байланыштуу эмне деген гана сөздөр айтылбады. Германияга барганы оңой болгон жок. Бул киши тиги дүйнөнү көрүп келди. Оор болду. Бул дагы Кудайдын берген бир сыноосу да, жакшылыкты эле көрө бербей жамандыкты да көрсүн деди окшойт. Падышанын жанжөкөрлөрүнө да берген сыноо болду. Падыша кимдин ким экенин билип калды. Барыбыз өлтүрүп жибердик эле өмүрү узун болот экен.
- Жакын арада кыргыз элин кандай окуялар күтүп турат?
- Кудай, ушул аалматтардан сактаса экен деп тилек кылып жатам. Апрел, май айларында суу ташкындары болушу ыктымал эле. Апрель айы тынч өттү. Эми май айында Кудай сактасын деп турам. Июнь-июль айларында жер титирөө болушу мүмкүн.
- Оппозициянын жерди кайтартып алабыз деген аракети ишке ашабы?
- Ал бир гана Курманбек Бакиевдин колунда. Эл башында туруп, хандык милдетин аткарып, жерди кайтарып алам десе кайтарып алат. Мен президенттиктен кетемин десе, анда жер кайтарылбайт.
- Аскар Акаев Кыргызстанга келеби?
-Бийлик алмашкандан кийин келет. Эл кечирүүгө аргасыз болот.
- Парламенттин тагдыры кандай болот?
-Парламентте мурдагыдай күчтүү элдин көйгөйүн ойлогондор жок. Баары уктап эле жатышат. Бир жыл аралыгында таркаганга дуушар болот.
- Ишенбай Кадырбеков тууралуу эмнелерди айта аласыз? Камалып кетпейби?
- Жок. Кадырбековдун жегенинен ашык кылып, эселеп, тигилер деле жеди да. Камалбайт, жакын арада чыгат.
Кийинки санда Бурулсун эже мен-мендеген саясатчыларга төлгө ачып берет.

Ч. Кутманалиева



  Электен өткөн эл кабар

Москва кыргызча ырдайт
Кыргыз ырчылары 1-май майрамына карата Москва шаарында концерт берип келишти. "Тынчтык" залында миңден ашык Кыргызстандыктарга Д.Акулова, Ж.Осмоналиева, С.Садыралиев, Б.Кудайбергенов, Т.Турдубаев, Э.Иманалиев, А.Карымов, Г.Алымбекова өңдүү өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу астында уюштурулган.

Азыркы Конституция көпкө жашабайт
Мамлекет башчы өзүнүн жаңылаган Башмыйзамын канчалык мактабасын, өткөн жылы реформаланган Конституция көпкө узабайт. Мындай пикирин "Акыйкат үчүн" кыймылынын мүчөсү Аликбек Жекшенкулов маалымдады. Анын айтуусунда буга эки себеп бар: Биринчиден, бардык саясий партияларга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок, бир гана бийликтин партиясына бардык шарттар түзүлүп жатат, экинчиден, бийлик тең салмактуу эмес. Бул Конституция президенттин гана бийлигин чыңдап жатат. "Кыргыздын тарыхында да болуп келген, коомчулукта мыйзамдар аркылуу калыстык орнобосо, башка саясий күчтөр реформаны талап кыла берет. Бул өз кезегинде өлкөдөгү саясий туруксуздукту жаратат," дейт Аликбек Жекшенкулов.

Конституциялык реформа максатына жетти
Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада президент Курманбек Бакиев "март ыңкылабынын" башкы талаптарынын бири - конституциялык реформа - аягына чыкканын жар салды.
"Конституциялык реформа боюнча биз убадабызды аткардык деп эсептейм. Укуктардын так көрсөтүлүшү, баарынан да, президенттен тарта ар кайсыл тараптарда жоопкерчиликтин бар экени, парламент менен өкмөттүн партиялык система аркылуу түзүлүшү, адам укуктарын коргоонун негизги приоритет катары алынышы эми эч качан авторитаризмге карай кайтуу болбойт дегенди билдирет" - деди К.Бакиев.

Кыргызстанга АКШнын жаңы элчиси дайындалышы күтүлүүдө
Маалыматка ылайык АКШ президенти Ж. Буш Американын Кыргызстандагы элчиси катары Татьяна Гфёллер-Волкофдун талапкерлигин Сенатка көрсөттү. Бул айым жыйырма беш жылдан бери дипломатиялык кызматта тажрыйба топтогон. Учурда Татьяна Гфёллер-Волкоф АКШнын Санкт-Петербургдагы Генералдык консулунун орун басары. Ал эми буга чейин АКШнын Сауд Аравияда Генералдык консулу, Американын Бахрейн, Бельгия, Польша жана Түркмөнстандагы дипломатиялык иштеринде ар кандай кызматтарда иштеп келген.

Быйыл нан каатчылыгы болот
Мындай пикирин ЖК агроөнөржай комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков билдирди. Анын айтуусунда Чүйдөгү 100 миң гектар эгинди үшүк алып кеткен. Үшүктүн кесепетинен буудайдан 20 центнерден алынуучу түшүмдүн ордуна 5 центнер гана алынышы ыктымал. Айыл чарбаны көтөрүү үчүн мамлекет дыйкандарга көмөктөшүп, жер-суу салыктарын азайтуусу керек, дейт Жусупжан Жээнбеков. Кыргыз өкмөтү быйылкы 400 миң гектар жерге айдалган эгинден 800 миң тонна буудай алынарын бекемдөөдө.




  Бул кандай жүрүш?

Куловго кызмат эле керекпи?
Кыргызстанда кудайдын куттуу күнү электр жарыгы өчөт. Тээ СССРдин убагында дагы өчпөгөн светафорлорубуз кичирээк көчөлөр мындай турсун чоң көчөлөрдө дагы өчүп, адам өмүрүнө өтө олуттуу коркунучтар жаралууда. Эми биз мындай кадимки Грузиянын кейпин кийген абалга кайдан келдик? Мындайынан караганда мындан эки-үч жыл мурдараак анча деле айтылбай келген энергетикалык кризистин дүбүртү акыркы жылы абдан эле катуу чыкты. Анан ал кризистен чыгуу үчүн жалгыз жол - энергетиканы жеке колго өткөрүү керектиги тууралуу ийри жыландын башы кылтыйды. Ошентип, оозун ачкан кыргыз опол тоодой дагы бир байлыгын талап- тоноого бердиби же чын эле эртеңки күнү бийлик тарап, байма-бай айткандай эзели өчпөгөн жарык менен жашашы үчүнбү айтор, акылыбыз жетпей турат. Кечээ болсо Президенттин бир учурдагы тандемдеши Феликс Кулов "Аки-прессте" атайын жыйын өткөрүп, эми коммерциялык да эмес, бюджеттик да эмес дирекция баш- көз боло турган (Ага Президент өзү Ф.Куловду жетекчиликке дайындабадыбы) чет элдик инвесторлор энергетика тармагын "гүлдөтөөрүн" божурады. Ошондой эле болсо экен. Коркконубуз эле бул тармак дагы Феликс мырзанын колу менен "мууздалып", кийин эл алдында эбегейсиз күнөөгө батпаса болду. Кызыгы, кечээ эле премьер-министрликтен түшкөндө оппозицияга кошулуп, бийликти тынч жол менен өткөзүп берүүнү Акүй тараптан талап кылган Ф. Кулов эми кайра тандемдешине ыктап, "Энергетика туурасындагы бүгүнкү долбоорду премьер болуп турганында эле көтөрүп, бирок саясий туруксуздуктан улам инвесторлор келбей койгондугун, эми ал ишти ишке ашырууга ыңгайлуу учур түзүлгөндүгүн" айтып олтурат. Бул кандай жүрүш? Эмнеси болсо дагы көп адамдардын пикиринде Куловго кызмат гана керек экен деген күмөн саноо калгандай. Кыргыз аман болсо эртеңки күнгө да күбө болоор…













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan