Коомдук-саясый гезит
№11, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Күндүн жаңылыгы

АКЫРКЫ ТАМЧЫ
Кытай туугандар менен жолугушуп…
Эки тараптуу кызматташуу маселелерин, тагыраагы эки өлкөдөгү саясий, социалдык жана экономикалык ал-абалды талкуулашып, "Ак Жол" фракциясынын төрагасы Эльмира Ибраимова, Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Аскар Салымбеков жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитеттин төрага орун басары Автандил Арабаев Кытай эл Республикасынын Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин мүчөлөрү менен жолугушушту. Кийинчерээк Кыргызстан тарап дагы кытайлык туугандардын чакыруусу менен Кытайга барабыз деп турушат.

Эмне үчүн ок атылды?
Канттагы Оруссиянын аскер аба базасында кызмат өтөгөн каржы кызмат башчысынын орун басары Максим Зотов 20-апрелге караган түнү МАИ кызматкерлеринин кызматтык куралынан жаракат алып, ошол замат улуттук хирургиядан операция болгон. Атылган ок оң далы тушуна тийип, өпкөсүнө залакасын тийгизген. МАИ кызматкерлери Максим Зотов авто унаасы менен милициядан качып, каршылык көрсөткөнү ок атууга себеп болду дешет. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун айтканына таянсак, "Тойота Аристо "B7554N машинасы МАИ кызматкерлеринин токтотконуна карабай, катуу ылдамдыкта айдап, жол эрежесин одоно бузган. Буга чейин Кыргызстандагы орус элчилиги орусиялык аскер кызматкерине кол салышкан деген маалымат таркатышкан. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жеткирилген орусиялык аскер мас абалында экенин маалымдады. Аталган окуя боюнча тергөө иши башталды.

Парламентке "чабуул"
Бир партиянын өзүм билемдик саясатын тизгиндөө максатында укук коргоочулардан түзүлгөн демилгечил топ парламенттен саясий партияны чакырып алуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткан учуру. Бул тууралуу Азиза Абдрасулова маалымат таратты. Ал эми аталган мыйзам долбоору кандай колдоого алынат азырынча белгисиз.

Жөөчөндөрдөн жөө жүрүш
"Акыйкат үчүн" кыймылы кечээ жыйын өткөрүшүп, Каркыраны жана Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты элдин энчисине кайра кайтарып берүү талабы менен Каракол- Бишкек жөө жүрүшкө чыгуу демилгесин көтөргөн "Акыл ордо" кеңешин колдоп, жөө жүрүштү 26- апрелде баштоо чечимин чыгарышты. Ошондой эле элге каршы чечим чыгарган парламентти таркатуу талабын коюшарын дагы белгилешүүдө. Аталган кыймыл "Ыйык жерди коргоо" комитетин түзүү менен төрагалыкка Мукар Чолпонбаевди бекитти. Штаб башчылыкка болсо Азимбек Бекназаров дайындалды.



"Кийинки президент азыр 45 жашта" дейт Дербиш ата
Анын айтуусунда Кыргызстандын үчүнчү президенти боло турган адам кыргызга таптакыр аты таанылбаган инсан болот экен. Бул болочокто боло турган ажобуз Кыргызстандан 7- классты окуп жаткан убагында Орусияга кеткен экен. Учурда ал адам 45 жашта. Кадимки мусулман балдары сыяктуу эле беш маал намазга жыгылып, ал түгүл аяндарды дагы алат имиш. Биз Дербиш атадан ал адамдын ысымы ким десек "айтпайм, аны убагы келгенде билесиңер" дейт. "Андан көрө ынтымактуу болгула. Кыргызстандагы жети дубандын өз- өзүнчө касиети бар. Азыр ошол касиеттер бирикмейинче эл ичиндеги бөлүнүүлөр боло берет. Эң башкысы ошол"-деп божурады аксакал.



  Энергетика

Кайырмакчыга кор болуп калбайлы
Учурда энергетика тармагы боюнча чет мамлекенттин үч баскычтуу программасын толугу менен аткардык. Эми Жогорку кеңеш ратификациялап берсе болду. Электр тармагын менчиктештирип беребиз деп Акүй, Көкүйдүн адамдары шадыраңдап турушат. Өрттөнүп гана кетсин. "Эй туугандар, ал тармак атаңдын энчиси эмес"-деп кыйкыргың келет. Чын эле да. Ага деген бүтүн кыргыздын акысы бар. Сенин дагы, менин дагы акың бар. Биздин макулдугубузсуз алардын сатканга акысы жок. Ошол пландын дагы бир тармагы кыргыздын электр ресурсу. Алардын максаты биздин ушул тармакты да бүтүндөй жутуп туруп аш кылып кетүү. Ушул тапта электр энергиясы жетпей, жер-жерлерде күндүзүбү, түндөсүбү жарыкты маал-маалы менен өчүрүп коюу адатка айланды. Эл байкуш ага да көнө баштады. Ушинтип жүрүп акырында энергетиканы коесуңарбы баарына макулбуз, иши кылып үйүбүздө свет күйүп турса болду деген аргасыздыкка алып келет.
Азыр айтып жатышпайбы, суунун деңгээли түшүп кеткен деп. Калп. Албетте түшүп кетет,кышында плотинаны ачып койгула деген буйрук болсо. Кудайды карасаңар боло. Быйылкыдай оор кыш болгон жок.Кар көп жаады, жыйырма жыл мурда кар ушундай калың жааган деп газеталарга байма-бай жазып жатышты. Анан кантип суу аз болсун. Корко турган эч нерсе жок, күн жылый баштаса эле эртең эле суу толуп калат. Антип бизди коркутушпай эле коюшсун.
В.И Ленин ыраматылык атабыз эмне деди эле? Коммунизм деген бул -социализм, кошуу бүт өлкөнү электрлештирүү деп баса белгилеген. Бул сөздү ал бекеринен оозанган эмес болуш керек. Демек, адамзаттын XXI кылымынын орчундуу маңызы- өлкөнү электрлештирүү экен. Жыйынтыгында биз орчундуу рычаг, Ильич шамынан ажырап калсак, башыбызга каран түн түшөөрү белгилүү иш. Электр энергиясынын ГЭСтен өндүрүлүп чыгарылган наркы, болгону бир тыйын экен. Ал эми бизге келгендеги баасы 25 тыйын. Муну баарыбыз билебиз. Анан кантип эле 65 тыйын болуп кеткенине айран таң калабыз. Өзүбүздүн өлкөдө өндүрүлүп чыккан электр энергиясынын баасын өзүбүз ооздуктай албасак, эгемендиктин балакетин алабызбы. Анан өзүбүзчө мамлекет болгонубуз кайсы. Эгер чын эле биз илгерки калк болгонубуз анык болсо, Манас атабыздын урпагы экенибиз чын болсо, өзбектерге кор болбой, Өзбекстандан чыккан газ проводун түбүнөн кыркып салып, өзүбүздүн өлкөдө электр энергиясынын баасын 20 тыйын деп коелу да, анан элибизге кайрылып: Айланайын Мекендештер, эми мындан ары газ дегенди унуталы, ушул электр энергиясын кандай пайдалансаңар, ошондой пайдалангыла, иши кылып уурдабасаңар болду деп эле жашай берсек бирөө кой деп жатабы? Анан өзбектерге коркок билиш болбой, суну каалаган учурда толтуруп, каалаган учурда кое берет элек.
Бирөөдөн уккан элем: Бир пайгамбар илгери бир убакта минтип айтыптыр: Бир бечара мусапырга бир балык берсең, ал бир күн жашайт. Эгер ал мусапырга балык кармаганды үйрөтүп колуна кайырмак берсең, ал байкуш үй- бүлөсүн өмүр бою багат -деп.
Жыйынтыгында, ойлоп көрсөң, колубуздагы кайырмакты сатып жиберип өмүр бою кайырмак кармаган адамдын астында кулдук уруп жүрбөйлү. Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!

Осмон Рыскулов













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan