Коомдук-саясый гезит
№10, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Майда, бирок маанилүү...

- "Учур" кайда?- Нарында
Нарында "Учур" телетеатры гастролун башталды. Алгачкы сапарын Ат- Башыдан баштаган өнөрпоздор тоолуктардын айылдарында Мар Байжиевдин "Тил табышкандар", өзбек драматургу Иброгим Содиковдун "Апендинин беш аялы" атту комедиясын тартуулашат экен.

Кыргыз циркинде оюн-зоок башталат Ушул жуманын соңунда кыргыз өнөрпоздоруна биргелешип, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн келген артисттер чоң программадагы оюн-зоокторду тартуулап башташат. Программада цирк өнөрүнүн түрдүү жанрларындагы оюндар бар.


ДИЕТА
Бир жумада 5 кг арыкта.
"Күн сайын алма жесең, врачка деген акчаңды эконом кыласың"-деп Англичандар айткандай, алма ден-соолукка пайдалуу. Алма диетасы зат алмашууну нормалдаштырып, жөнгө салат. Ошондой эле ашыкча майлардан арылтат. Бирок, алманы бир-эки күн жеп койгондон арыктап кетпейсиз. Эгерде алма диетасын кармагандан кийин сыр менен макарон, майонез менен аралашкан салат сыяктуу көнгөн тамак-ашка өтсөңүз, анда арыктоо сиз үчүн эмес. Салмагыңызга салмак эки эсе кошулат. Эгерде салмагыңызга кайра салмак кошуудан коркуп жатсаңыз, жумасына бир же эки күн жалаң алма жеп койуп турсаңыз, акырындык менен салмактан арыла бересиз.
Жумасына билинбей 5кг арыктай таштайсыз. Алма атересклероз жана гипортониктерге да абдан пайдалуу. Тамеки таштайм дегендер дагы тамекинин ордуна алма жеп өзүн алаксытса үч күндүн ичинде жыйынтыгын берип, тамекини кадимкидей уната баштайсыз. Ошол эле учурда көк чай да ичип туруу зарыл. Алма диетасын баштаардан мурда алманын кайсы сорту сиздин организмге туура келет, ошону билип алган оң. Мисалы, алманын кычкыл сорту ашказанында жарасы барларга туура келбейт. Ал эми организмине кычкылтек жетишпегендер тескерисинче, кычкыл алма сортун жеш керек. Ошондой эле ушундай эле нормада алма ширесин дагы пайдалансаңыз болот.

Э. Мадиева.




Райхан концерт берет
"Периште" кыздар эстрада тобун 10 жылдан бери жетектеп келе жаткан ырчы айым Райхан Абдувалиева 21-апрель күнү Ктрдин концерттик студиясында өзүнүн туулган күнү жана аталган топтун 10-жылдык маарекесине арналган чыгармачылык концерттин тартуулайт. Андан соң бул кош майрам 23-апрелде суу үстүнөн орун алган "Гаваи" кафесинде Райхандын дос,тууган коллегаларынын арасында уланмакчы.


ШУМДУГУН КУР...
БОЮНДА БАР ЭРКЕК
Американын Орегон штатында Томас Беати аттуу 5 айлык боюнда бар эркек жашайт. Бул ушака Американын ММКсы ишенип-ишенбей жатышканда The Advocate журналдын кызматкери Томастын врач-гинекологу жана Томастын өзү менен сүйлөшкөнгө жетишкен. Жыйынтыгында,бул ушак эмес, чын болуп чыккан. Эркектин органы кантип эле аялдыкындай болуп калсын деп таңгалгандарга, ал өзүнүн сырын ачкан. Көрсө Томас биринчи жарык дүйнөгө кыз болуп жаралган экен. Чоңоюп, эс тарткандан кийин эркек болууну самап, ушундай кадамга барат. Горманолдык терапиянын жардамы менен самаганына жетет. Бара-бара көкүрөгү жоголуп, бетине сакал өсүп эркекке окшой баштайт. Документинде да жынысы эркек. Сырткы келбети өзгөргөнү менен ички органы аялдыкы боюнча калган. Томас ички органдарын да эркектикине алмаштырганга чыгынбай жүрө берген. Томас Ненси аттуу айымга баш кошуп, 10 жыл бирге жашап, балалуу болууну самашкан менен бул тилектерине жетпей келишкен. Буга Ненсинин жатынынын жоктугу себеп болгон. Жубайлар кеңешип отурушуп, баланы уруктандыруу жолу менен Томас төрөмөй болот. Биринчи кезекте эле Томас врачтардын дискриминациясына кабылат. Алгачкы кайрылган врачы "сакалыңды кырып кел"-деп мазактаса, регистрацияда отургандар каткырып, алар да шылдыңдашкан. Томас "Мен өзүмдү "суррогатная мать" катары гана бул милдетти аткарып келем. Наристе төрөлгөндөн кийин кайра эле өзүмдүн эркектик милдетимди аткара берем. Ненси мага азыр деле күйөөсүндөй мамиле кылат. Ал эми Орегондо бизди мурдагыдай сүйүшкөндөрдөй эле кабыл алат. Мен баламдын атасы, Ненси апасы болот. Биз бир үй- бүлөбүз."- дейт. Азыр Томас жөн интервью бербейт, берсе да абдан кымбатка турат.
Э. Мадиева



ЗАМИР МЫРЗА
Ош Мамлекеттик Университетинин студенттерине окутуучу, ыр күйөрмандарына обончу жана аткаруучу, жана былтыркы жылдан баштап актер катары да таанылган Замир Мырза, учурда Москвага сапар тартууга даярданып жүрөт. Ырчынын айтуусунда, май айынын орто ченинде Россиянын борбор шаарындагы мекендештердин чакыруусу менен барып, ал жерде уюштурулуп жаткан концертине катышмакчы. Кыргызстандан сырт жерде жүргөн мекендештерине баргычакты, Замир апрель айынын соңку күндөрү Бишке шаарындагы күйөрмандарын да кубанычка батырат. Дегенибиз 29-30-апрель күндөрү, ал сахналаш жана чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп келе жаткан жакшы санаалаш достору менен бирге ордо калаадагы Спорт ордосунда алгачкы концертин берет. Урматтуу окурман бул концерт тууралуубу, же балким Замирдин жашыруун сырларынанбы билгиңиз келсе, эмдиги жума "Асман-пресстин" кийинки чыгарылышын күтүңүз.

КУМАР АСАНОВ
Айрыкча 2005-жылдын 24-мартындагы тарыхый окуядан бери, патриоттук маанайдагы "Кыргыстаным" деген чыгармасы көпчүлүккө белгилүү болуп кеткен Кумар Асанов окуучулук күндөрүндөгү махабатына жолукту. Бул жагымдуу окуя, ырчы жигит жаңы ыр жаздыруунун аракети менен жүргөндө болуп өткөн. Тактап айтсак, үн жазуу студияларынын бирине, даяр болгон ырын алып кетүү үчүн кире калган Кумарга, ал жерде отурган бир бийкеч салам айтып калат. . Убакыттын өтүшүбү, балким, бойго жеткен кыздын сүрүбү, алгач Кумар аны көргөн көзүнө ишене албай туруп калган экен. Эми мындан ары бул мамиле кандай нукта өнүгөт, аны мезгил көрсөтөт. Ал эми чыгармачыл турмушунда да жаш ырчынын келечек пландары көп. Учурда эң актуалдуу болуп, Кумардын убактысынын баарын алып жатканы-алдыдагы концерти. Жай айларында ал, Жала-Абад областы боюнча гастролдук турга даярданууда. "Эң алгач кичи мекеним, Ноокен районундагы Сакалды айылында бата концертимди берем. "Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" деп коет эмеспи элибизде. Андыктан, чыграмачылыгымдын мындан ары да ийгилктүү өнүгүүсү үчүн туулуп-өскөн жеримдин, ага-тууган, коңшу-колоңдун батасы тийсин деген тилегим бар",-дейт Кумар.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan