СИНЕМА

Махабат Назаралиева:
"Киного билетти өзүм сатып алчумун"
- "Министрдин махабатында" Канымдын ролуна кантип тартылып калдың?
- Киного кастинг жарыялап жатышканын угуп калдым. Ата-энем "барып көрбөйсүңбү"- дешкенинен, өтүп кетем деген деле ой жок баргам. Мен барганда 60 тан ашык кыздар жүргөн. Биринчи Мадина менен Зинанын ролуна тартыла турган кыздарга көбүрөөк басым жасалып жатты. Ар бирибизге тапшырма беришти. Мен монолог аткарып бергем. Мага башында "сен өттүң"-деп ачык айтышкан жок. "Сен барып окууңду уланта бер, сеники кийинчирээк тартылат"-дешкен. Көп убакыт чакырышпаганынан менин көңүлүмдү оорутпай "кийинчирээк"- деп жөн эле айтып коюшкан го деп көп деле үмүттөнбөй калгам. Кышында сьемкага чакырып, телофон чалышты. Сүйүнгөнүмөн ишенип-ишенбей жатып барып, тартылып калдым. Бирок дайыма топ менен чогуу болгон жокпуз. Менин эпизодум келгенде мени, Зинаныкы келгенде Зинаны чакырып тартып жатышты.
- Ата энең өздөрү жибергенине караганда, кичинекейиңден бери актриса болсом деген кыялың бар болсо керек?
- Кичинемде актриса эмес, диктор болгонду жакшы көрчүмүн. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-конкурстардан калбай катышып, мектептин кечелеринде ырдап, бийлеп, ар кандай ролдорду аткарып жүрчүмүн. Негизи эле ата-энем бизди мындайга тыйбайт. Менден кийинки иним да ырдап калат. Аны да көтөрмөлөп эч жактан калтырышпайт. Өзүм карапайым эле үй- бүлөнүн кызымын. Беш бир туугандын экинчисимин.
- Кинодогу Канымдын образы чыныгы турмушуңда өзүңө окшойбу?
- Негизи эле баарыбыздын кинодогу образыбызды режиссер туура тапкан.Мисалы, Мадина жашоосунда да тың кыз. Кинодогу жест, мимикалары да так ошондой. Жоробекти да "жашоосунда деле ушундай бала"-деп айтышат. А мен болсо жашоодо деле бой көтөргөндү жаман көрөм. Жөнөкөй жүргөндү жактырам. Уялчаакмын. Менимче кинодогу Каным менен жашоодогу "Канымдын" образы окшош.
- Жоробек менен сүйүш-көндөрдүн ролун аткарып жатып, ага карата кандайдыр бир сезим пайда болгон жок беле? Анткени, режиссер кинодо аты айтып тургандай министрдин кызы менен Жоробектин эмес, сен менен Жоробектин ортосундагы сүйүүнү көбүрөөк ачып берип койгон. Аны өзү деле байккабай калса керек.
- Киного жаңы тартылып баштаганда мен шаарга жаңы келгем. Режиссер "Жоробек деген ушул бала, сен муну сүйүшүң керек. Жигитиң барбы? Бар болсо аны унут" -деп тартылган сайын айтып жатып, ии ушундай кылыш керек турбайбы-деп, ошол нерсе мага таасир бердиби, айтор, ролду аткарып жатып, берилип кетип, учурунда ушундай сезим болгон. Ошондо жактырсам керек, азыр андай эмес. Жашоодо баары башкача болот да.
- Сен режиссер болгондо кинонун аягында Жоробекти Мадина менен калтырмак белең же Каным мененби?
- Биз ошол учурда кино үчүн баарына даяр болуп, баарыбыз кино деп жашап калганбыз. Бирок, кинонун үчүнчү сериясы кандай бүтөөрү бизге деле табышмак боюнча болчу. Аягында Мадина менен калат дегенде, "ии, мени менен деле калтырса болмок"-деген ой пайда болбой койгон жок. Бирок, өзүмдү режиссердун ордуна коюп ойлонуп көрбөптүрмүн.
- Сьемка учурунда кандай кызыктуу учурлар болду?
- Көбүнчө адамдар "Жоробек экөөң сүйлөшүп жатып, күлгөн жериң анча окшошпой калган" дешет. Өзүмө да ошол жери жакпайт. Жөн турган жеримен күл десе күлө албай, аябай кыйналгам. Бирок, ыйлаган жагынан мага оңой болду. Меники 1-2 серияларында жеңил эпизоддор болчу да кат берип, кат алып дегендей. Үчүнчү сериясына тартылып бүткөндөн кийин гана чын эле киного тартылгандай болуп, кадимкидей рахат алдым.
- Киного катышкан балдар кыздар менен мамилең кандай, жолугуп турасыңарбы?
- Жок, жолукпайбыз деле. Кино бүткөндөн кийин эле чачырап кеттик.
- Жок дегенде кинонун бүтүшү менен деп чогулуп отурган жоксуңарбы, бир команда болуп дегендей?
- Мен да ошону күткөм. Кафеге барып "банкет" заказ кылып, майрамдайбыз го деп ойлогом. Мейли, гонорар, акчаны айтпай эле коелу. Режиссер дасторкон четинде сөз менен да ыраазычылыгын билдирип койсо болмок. Киного тартылып жаткан убакта деле, "Рустам байке, кандай болду"-десең, "Болот эми,силер эптеп аткарып койгула, мен монтаждап койом" дечү. Жакшы сөз айтса, адам кичине болсо да кубанып калат го. Киного чакыруу билетин жалдырап, суранып жатып, биринчи сериясында туугандарымды эптеп киргиздим. Экинчи сериясын "жаман көрөт го"- деп жалдырагым келбей өзүм билетти акчасына сатып алып киргизгем. Жоробек дагы өзү билет сатып алып эле киргизип жүрдү. Жоробекке аябай көп келишти да, ага бирөө бекер билет берип жаткансып. Мына ушундай майда- чүйдөлөрүн ойлоп алып таарынасың. Бирок, карап көрсөк, баардык нерсе майдадан башталат экен.
- Азыр Рустам Аташев комедия жанрында бир кино тарткан жатыптыр. Силер дагы катышасыңарбы?
- Биз эми катышсак гонорар сурай баштайбыз да. Эми башкаларды бекер тартат. Кино бүткөн соң, режиссерго биздин керегибиз жок болуп калды. Өзүнүн пайдасына иштетип алып, "Эми бара бер"- дегендей кылып койду. А мисалы, "Боз салкында" аткарган Асемага азыр кинонун режиссеру Эрнист Абдыжапаров жардам берип, экөө биргеликте иштеп жатышат.
- Азыр эмне менен алектенип жатасың?
- Азыр БГУЭПтин экономика факультетинде окуйм.
- Кинодон соң куда түшкөндөр көбөйгөндүр?
- Мен Казармандан болом. Айыл- ападагылар "биздин кыз жакшы, ыймандуу кыздын ролун аткарган"-дешип кеп кылышат экен. Бул жакта ата-энем менен бирге турам. Үйгө келген кишинин баары эле мен жөнүндө сөз кылып, тамашалап, куда түшүп калышат.

Э. Мадиева.