Коомдук-саясый гезит
№10, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Абалың кандай Жалалабад

Жаныш Курбанов,
Жалалабад облусунун губернаторунун орун басары:
"талаш жерлерде көпчүлүгү кыргыздар жашайт"
- Жаныш Курбанович, Жалалабад облусу Өзбекстан менен чектеш болгондуктан чек ара олуттуу маселелердин биридир…
- Ооба, Жалалабад облусу Андижан, Наманган облустары менен чектешебиз. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки чоң пост бар. Андан башка майда Бегабад, Маданият деген посттор да орун алган. Ошондой эле чечилбеген 170 киллометрден ашыгыраак жер бар. Ал Өзбекстандын эки областы менен чектешет. Чечилбеген талаш жерде көпчүлүгү кыргыздар жашайт.
Дагы бир көйгөйлүү маселе биздин жайлоого Өзбекстандыктардын малы чыгып, Кыргызстандын малдарына оору жугузуп, ал оорулардан мал түгүл адамдарыбыз да жабыр тартып жатышат. Аларды жайлоого чыгарбай, чектеп койгонго бизде мыйзам жок. Керек болсо, алардын чекарасынан өтүп кеткен малдарыбызды кайтарып ала албайбыз. Тескерисинче, алардыкы өтүп кетсе, толугу менен айдап чыгып беребиз. Былтыр Өзбекстандын 250 баш уюу өтүп кетиптир. Кыргызстанга алып кала турган мыйзамдын жоктугунан кайра кайтарып бердик. Өкүнүчтүүсү бизде чекара мыйзамдары Өзбекстандыкындай жетишерлик деңгээлде эмес. Ошондуктан чекарага байланышкан мыйзамдарды иштеп чыгып, ратификациялаш керек.
- Эл арасында "Кыргызстан мажүрөө мамлекетпиз. Өзбектерге теңата боло албайбыз. Көпчүлүк учурда талаш маселелер алардын пайдасына чечилип калат" деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушул пикирге макулсузбу?
- Биз өзүбүздү мажүрөө мамлекетпиз деп баш ийип бере берсек, бизди мамлекет катары эч ким тааныгысы келбей калат. Ошондуктан биз кайсыл гана мамлекетке болбосун тең ата болушубуз керек. Аны бир мисал менен далилдеп берейин. Бир жолу Өзбектер кыйкырышып, биздин чекарага өтүп кетиптир. Алгач беш метр артка жыл анан сүйлөшөбүз дедим. Талапты катуу кылсаң сенин айтканыңды да аткарат экен. Анан тил табышып жакшы сүйлөшүп, ызы-чууну тынчтык жолу менен чечип алганбыз.
- Сууну Кыргызстан сатып алып, эмне үчүн Өзбекстанга бекер берет? Ушул боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат?
- Жалалабад областынан агып өткөн дарыяларга союз мезгилинде Өзбекстанга берилүүгө кол коюлуп калган. Ошондон улам Кыргызстандан чыккан сууга өзүбүз ээ эмеспиз. Ушул келишимди мамлекеттик деңгээлде кайра карап, чыгынып туруп бузушубуз керек. Себеби, бизден чыккан сууга өзүбүз ээ эмеспиз. 34%ын Кыргызстан ал эми 66%ын Өзбекстан алган учурлар кездешет. Наманганга 9 куб суу беребиз. Ошону азайтсак, өзбектер жалынып келет. Учурда 9 куб суу негизги "Рычаг" болуп турат.
- Быйыл кыш жылдагыдан катуу болду. Эмне үчүн суу азайып кетти дегендер да жок эмес…
- Кыш катуу болгону менен кар калың жааган жок да. Кардын да жаай турган өз учуру болот. Мисалы быйыл феврал-март айларында жаай турган кар жааган жок. Ошон үчүн мурда жааган борпоң карлар эрип, калың түшүп, тапталып калган кардын жоктугунан улам суу аз болуп калды. Менимче, учурда Кыргызстандын көйгөйлүү маселеси суу болуп жатат. Азыр булактарда суу жок. Кышка чейин жетиштүү суу топтоп албасак, электр энергиясына болгон муктаждыкты жое албайбыз.Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү өтө азайып кетти. Мамлекетти электр энергиясы менен камсыздай албай калышыбыз ыктымал.
- Бизге жеткен маалыматтарга караганда Россиядагы улутчулдардын колунан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын көпчүлүгү да түштүктүктөр экен. Эмгек мигранттары боюнча кандай иштерди аткарып жатасыздар?
- Мен каза болгон жарандарыбыз менен чогуу жүргөн балдарга жолуктум. Улутчулдардын колуна кантип түшүп калган себебин сурадым. Көпчүлүгү көчөгө чыкпай эле үйдө олтурса, улутчулдардын колуна түшпөйт эле дешет. Менин оюмча күнөө биздин жарандарда. Улутчулдарда эмес. Улутчулдардан жабыр тарткандардын 50%ы өздөрү күнөөлүү. Балким, иш бүткөндөн кийин көчөгө чыкпаса, мындай кырсыкка тушукпайт беле деп ойлойм.
Азыр ар бир үчүнчү үй-бүлөөнүн ишке жарамдуулары көртириликтин азабынан эмгек мигранты болуп кетип жатышат. Аны моюнга алышыбыз керек. Өкүнүчтүүсү минтип кара басып, акча ордуна ажал таап да алгандары болууда. Ошондуктан биз Майлы суу заводуна окшогон заводдорду ишке киргизишибиз керек. Антпесек, ички миграцияны токтото албайбыз. Быйылкы жылы апрел айынын орто ченинде Ташкөмүр ГЭСинин иши башталат. Кудай буюрса, 200гө чукул адам жумуш менен камсыз болот. Камбарата-2 ГЭСи ишке кирсе, ички миграцияны токтотуп калууга жардам берет.

Ч.Кутманалиева




  Билесиңби . .?

Асилбек Текебаев, "Сентябрь" телеканалынын жетекчиси:
"Чыгармачыл топко үч жолу кол салуу болду"
Жалалабадга иш сапап менен барып, карапайым элдер менен пикир алышып жатып, Коомдогу окуяны акыйкат чагылдырган "Сентябрь" телеканалы негедир иштебей калды деп өкүнгөн абышканын сөзүнөн улам, аталган телеканалдын жетекчиси Асилбек Текебаевди кепке тартып, телеканалдын эфирге чыкпай жатканынын себебин билүүгө аракеттендик.

- Асилбек мырза, "Сентябрь"телеканалынын иши эмне себептен үзгүлтүккө учурап калды?
- 2005-жылы август айында "Кара алма" айыл өкмөтүнө жана "Кара алма" токой чарбасына арыз менен кайрылып, тиешелүү документтерди топтоп, алардын уруксаты менен "Кара алма" токой чарбасынын жанына "Сентябрь" телеканалынын теле мунарасын орнотконбуз. Эки жылдан бери облустук деңгээлде болсо дагы ийгиликтүү 15 кызматкер иштеп, эл арасында оозго алынган телеканалдардан болуп, эки тарапты бирдей чагылдырууга дилгирленчүбүз. Республикалык деңгээлде чыксак деген тилегибиз бар болчу. Азыр болсо 13 кызматкер жумушу жок үйдө олтурат.
Былтыр шайлоо учурунда "Кара алма" токой чарбасынын директору Э.Омошовду элдер Начар иштеп жатат. Каптарды уурдап сатып, өзүм билемдик кылып жатат дешип, нааразы болуп арызданышкан. Айылдык чогулуш өткөрүшүп ага губернатордун, министрдин орун басары жана токой чарбасынын жетекчилери келген. Ага биздин кызматкерлер дагы барган. Ошол көрсөтүүдөн кийин токой чарбасынын жаңы дайындалган жетекчиси Козубай Жумагулов жер туура эмес берилип калыптыр дей баштады. Көрсө, ал президент Курманбек Бакиевдин кудасы экен.
Ошол чогулуштан көп узабай эле шайлоо кызуу жүрүп жаткандыктан роликтерди көрсөтүп, шайлоонун жүрүшүн бере баштадык. Бир беткей болбосун деп "Ак Жолдун"да, "Ата Мекендин" да роликтерин бердик. Ошол замат Караалма токой чарбасынын жетекчиси К. Жумагулов эки жолу сотко кайрылышып, теле мунара менен инженердик имарат туура эмес түшкөн деп курулуш жагын текшеришти. Бирок, биздин бардык жактан документтерибиз бар. Алардын түзгөн долбоорундай кылып салганбыз. Ошондой болсо дагы архитектура курулушту ар тараптан текшерүүгө алды. Аталган токой чарба эки жолу сотко кайрылышты. Сот карабады.Үчүнчү жолу облустук прокуратурага кайрылышты. Облпрокуратура токой чарбасынын кызыкчылыгын коргоп, мурдагы жетекчи туура эмес берип койгон деген чечим чыгарды. 5-декабрда шайлоо кызып жаткан мезгилде сот болду. Бирок, сотко менден башка эч ким келген жок. Прокурор "сот түштөн кийин болот"- дегенинен түштөнүүгө чыгып кеттим. Менин телефонума бүрөө чалып, "Асылбек Чиркешович, теле мунарага келбейсизби. Адырдын үстүндө сизди күтүп жатабыз"- деди. Эмнеге деп таңыркасам "Биз сот аткаруучуларбыз, телемунараны жабалы дегенбиз. Колубузда соттун чечими бар" дейт. Сот боло элек да дедим. "Келиңиз биз бары бир жабабыз" дешти. Адырга чыгып жатып, мен келгенче сот болбосун. Сотко адвокатым катышат. Мен ага жазуу түрүндө ишеним кат беришим керек деп жогору чыксам эки тарап болуп, менин кызматкерлерим менен 30га чукул милиционерлер,УКМК, прокуратуранын адамдары туруптур. Сот аткаруучуларга жолуктум. Чечим барбы десем, "чечим эмес, аныктама бар"- деди. Сот боло элек. Ишенбесең азыр сотко телофон чал дедим. "Жок бизге азыр кабар келди. Жабабыз" дешти. Мен соттун чечими чыкмайын жаба албасын айттым. Азыр сотко барам. Соттун жыйынтыгы чыксын дедим. Бул жер азыр жеке менчик жер кароолчулар бар. Эгер айтканга көнбөсөңөр мыйзамга ылайык чара көрөсүңөр деп эскерттим.Канчалык мөөр басабыз деп жасашкан аракетине элдер мүмкүнчүлүк бербей койду. Себеби, ал жерде адамдар көп эле. Бирок, линияны кыркып, бизге электр жарыгы келбей турган кылып, ушул күнгө чейин светти коштурбай жатат. Ал күндөн баштап "движоктун" жардамы менен свет күйгүзүп жатабыз. Мен бул ишке нааразы болуп, Жалалабад облусунун сотуна кайрылдым. Алар 9-январда башташты. Бирөөсү келип, бирөөсү келбей жатып, сотту 17-мартка чейин созушту. 2 жарым ай созушуп, акыркы күнү соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырып койду. Беш күндөн кийин толук өкүмдү, чечимди алып, анан жогору жакка кайрылса болоорун айтты. 17-марттан кийин убактылуу эфирге чыкканды токтотуп, мыйзам боюнча Жалалабад облустук сотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча коллегиясына Жалалабад облусунун райондор аралык сотунун 2007-жылдын 5-декабрындагы чечимин жокко чыгарып берүүсүн өтүнүп кайрылдык. Бирок, бийликтин колундагы соттордо адилеттик жок. Сотторду ким койсо ошонун сөзүн сүйлөйт.Биз чындыкты айтып чыркыраган күндө деле мурдагы чечимди күчүндө калтырып коюшу мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан менчик жер сатып алып, теле мунараны башка жерге орнотуп, май айынан баштап эфирге чыгалы деп ниет кылып жатабыз.
Кандай болгон күндө биз теле мунара орнотулган жерди ижарага алгандан кийин мамлекет кыргызстандын атуулуу катары биздин укукту коргоп кое туган жөнү бар болчу.
- Бийлик тоскоолдук кылгыдай "Сентябрь" телеканалынын эфиринен кандай көрсөтүүлөр орун алчу эле?
- Биз негизинен эртең мененки 7ден 9 га чейин "Азаттыкты" түз угузчубуз. Коомдо эмне болсо, ошону өзүндөй кылып көрсөтүп койчубуз. Эфирден күндүн актуалдуу маектери орун алчу. Ошол көрсөтүүлөр азыркы бийлик өкүлдөрүнө катуу тийсе керек. Балким, ошон үчүн кысымга алып жатышабы деп ойлойм.
- Асилбек Чиркешович, сиздин кесибиңиз ким?
- Кесибим журналист. Буга чейин бир топ гезиттерде башкы редактор болуп иштедим. Анан көз карандысыз телеканал ачтым.
- Учурдагы телевидениелерге көз карашыңыз кандай? Канааттанасызбы?
- Мурда "НТС", "Пирамида" телекөрсөтүүлөрү чындыкты айтып, коомдогу окуяны адилет чагылдырып келген болсо, азыр бийликтин саясатын колдоп калышты.
Азыркы бийлик экономикалык, социалдык саясатты туура эмес жүргүзүп келе жатат. Алардын жүргүзгөн саясаты элдин, мамлекеттин шартына ылайык эмес. Үч жылдан бери өкмөттүн өнүгүү боюнча, айылчарбасы боюнча жана экономикалык программасы жок. Стратегиялык пландарын түзгөн эмес.
- Курултай азыркы бийликке кандай таасирин тийгизет?
- Мындай нерсе мурдагы Акаевдин маалында да, азыр да болуп көргөн эмес. Себеби, жер-жерлерде оппозициянын өкүлдөрү барып, ошол жерде чогулуш өткөрүшү бул түшүнгөн адамга түшүнгөн өкмөткө чоң сабак болушу керек. Албетте, курултайда айтылган сөздү угабы, укпайбы бул азыркы бийликтин өз эрки. Бирок, мындан туура чечим чыгарса болот. Президент, өкмөт катышса болмок. Менимче, курултайга барганга президенттин күчү жетпесе керек.
- Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда азыркы бийлик оппозициянын белдүү лидерлери Өмүрбек Чиркешовичтин туугандарыны кысым көрсөтүп, куугунтукка алып жаткандай. Ошол чынбы?
- Чоң саясатчынын иниси болгондугубуз үчүнбү айтор, менин инимди "хулиганчылык" кылды деп эки жолу камашты. Менин погонумду жулуп алды деген милиция кызматкери сүрөттө сол погону жулунуп турса, сотто оң погонун көргөзөт. "Ай, кайра сүрөткө тартып кел. Болбой калды" дедим. Кудайдын көзү түз экен акталды.
Ал эми мага карата жасалган тоскоолдуктары деп аталган телеканалды жабууга жасалган аракеттер деп ойлойм. "Сентябрь" телевидениесинини иштегенине күзүндө эки жыл болот. Ошол эки жылдын ичинде биздин телестудияга, теле мунарага үч жолу кол салуу болду. Кымбат баалуу аппаратураларды сындырып, талкалап чоң чыгымга туш кылышты. Ошондой эле чыгармачыл топко үч жолу кол салуу болду. Бул боюнча милицияга жана прокуратурага акыркы бир жылда үч жолу арыз жаздык. Бирок, айыпкерлер жаза алган жок.
- Кызматкерлериңиз кимдерден жапа чегип жатат?
- Митинг болгон жерге барышса, ошол жерден уюшулган аялдар сабап, моралдык да материалдык дагы чыгым кылышты. Керек болсо кызматкерлерди кеңсеге чейин кууп келип, аппаратураларды талкалашты.

Ч.Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan