Коомдук-саясый гезит
№09, 09.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эңшерилген экономика

Бактыгүл ЖЭЭНБАЕВА, экономист:
"Биз күнөөнү өкмөттөн издешибиз керек"
(Уландысы. Башталышы өткөн санда)
А кыргыз экономикасында сиздер айтмакчы аналитиктер дүйнөлүк кризистин Кыргызстанга болгон таасирин, андан кантип коргонууну эч айта албай жатышат. Реалдуу алганда азыр дүйнөлүк кризис болгону нефтиден жана нефтпродуктыдан гана өзгөчө көрүнүүдө. Дүйнөлүк экономиканын тенденциясы 7-8 жылдан бери келатса дагы Кыргызстандын экономикасынын дүйнөлүк экономикага болгон байланышын жеткиликтүү кылып эч ким анализ кылып бере элек. Биз бардыгыбыз билип турсак дагы айткыбыз келбеген бир нерсе бар. Ал- биз нефтиге көз каранды болгонубуз менен өзүбүздүн энергетикабызды нефт менен алмашуу туурасында ойлонгубуздун келбегендиги.
Дагы эле башка нерселерди коюп, буудайды мисал кылалы. Бизде буудай өстүрүү үчүн айдоо аянттарыбыз толтура. Канча жылдан бери Кыргызстан өзүн- өзү ун менен багып келген. Азыр болсо дыйкандарыбыз буудай өстүргүсү келбейт. Эмне үчүн? Анткени, бул боло турган нерсе. Эгер дыйкан жеринин баарына эгин эгип алса алар продукциясын кантип сатат? Саткан күндө дагы эгин өстүрүүгө кеткен каражатын кайра кайтара албайт. Байкадыңызбы? Баардыгы келип эле нефтпродуктылардын баасына келип такалат. Экинчиден, энергетикага. Мындай көмүскө экономикага бүгүнкү күндө эч ким көңүл бурбай жатат. Эч ким чөнтөгүн түгөтүү үчүн иштегиси келбейт да. Дыйкандар үчүн эмне ыңгайлуу? Мисалы, түштүктө пахта эгүү, Таласта буурчак же картошка эгүү пайдалуураак. Ошондуктан, биз күнөөнү өкмөттөн издешибиз керек. Алар эч качан инфляцияны кантип регулировка кылууну колго алышпайт. Ошондой эле биздин экономиканы эч качан баланстабайт. Кандай гана продуктыны өндүрбөйлү анын өзүн-өзү актоосу баягы эле энергетиканын баасына барып такалат. Биринчи кезекте биз энергоресурстарга туура саясат жүргүзүүбүз керек. Өкмөт өзү тарифтерди көтөрүп, өздөрү экономиканы аңды көздөй түртүп жатканда кайсыл экономикалык баланс тууралуу айта алабыз. Экинчиден, транспорттук кызматтарды жөнгө салуубуз керек. Дүйнөлүк тенденция дегенге дагы бир себеп ушунда . Анан айлык акы жашоого жете тургандай болушу керек. Биз ички экономикада баанын өсүшү менен сокку алып жатсак, тыштан дагы баанын өсүшү менен эки тараптуу сокку алып жатабыз. Инфляциянын өсүшүнө алып келе турган бир нече күчтүү факторлор бар. Кыргызстанда дурус дегидей экономикалык өнүгүү болуп жатат деп сөз жүзүндө айтылганы менен ал жетишкендиктерди инфляция басып кеткендигин моюнга алгылары келбей жатышат. Эгерде мындан ары чечкиндүү экономикалык саясат жүргүзүлбөсө өлкөнү чоң кыйынчыл ыктар күтүп турат. Азык- түлүккө баалардын кымбаттап кетишинен улам былтыркы жылда эле инфляция 20%дын тегерегинде болгон. Жаңы жылдан бери азыктар, энергетиканын, күйүүчү майлардын баасы көтөрүлүп, кымбаттагындыгына байланыштуу дагы өстү.
- Мындан ары баалардын өсүшүнүн токтооруна ишенесизби?
- Баалар дагы көтөрүлө берет. Күйүүчү майлар дагы кымбаттайт.
- Эмне себептен?
- Себеби, түшүнүү, жөнгө салуу деген жок болуп жатат да. Мисалы, Аскар Акаевдин учурунда инфляция бир калыпта кармалып келген жана баалар 7-10 жыл бою көтөрүлгөн эмес. Ошондогу ун, картошкалардын баасы менен азыркыны салыштырып карайлычы. Ал учурда инфляция 5%дан ашкан эмес. Баардык тармактар терең анализденип, ар дайым көзөмөлдө болуп турган.
- Бирок, ал кездерде деле эл жумушсуз, кыйналып келген да?..
- Туура, бирок, ал бир гана адамдан көз каранды эмес. Системанын коррупцияланышып кеткендигинде. Жакыр адамдардын катмары эгерде мындан ары дагы эмгек орундарын түзө албасак дагы калыңдашы мүмкүн. Анткени, инвестор тартуудагы эле айрым чиновниктердин ишин айтсак, кичине ишкана ачып, иштетем деп келген инвестордон акча сурайт. Натыйжада , ал кетип калат же "шапка" катары берген акчасын актоо үчүн гана иштеп алып кете берет. Бизде иштей турган активдүү калктын катмары болгон күндө да жумуштун жоктугу жакырчылыкка алып баратат. А жакыр адамдар билим ала алышпайт. Билимсиз адамдар көп өлкөдө болсо мамлекет артка кете баштайт.
- Кечиресиз, революция элге эмне алып келди деп ойлойсуз?
- Аны кечинде столго тамакка олтурганда эле байкасак болот. Ар бир адам машина минип байып жатат деп ооз көптүргөнүбүз менен алар кандай машиналар экендигин байкап караш керек. Албетте, эл өзүн- өзү багып жатат.
- Саясат тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Мен саясатта жаңы адаммын. Эмне үчүн саясатка аралаштың деген суроого мен мындайча жооп берем. Өлкөдө жашагандан соң андагы нерселерге көз жуумп коюш кыйын экен.
- Азыркы күндө кемчилик бийлик тарапта көппү же оппозиция тараптабы?
- Эми кемчилик бардык эле адамдарда болот да. Менимче, оппозициянын жүрүм-туруму түзүгүрөөк. Бул менин коомдук парламентте мүчө болгондугум үчүн гана айтылган сөз эмес. Кичинекей өлкөдө ким кандай экендиги беш колдой көрүнүп турат го. Бийликте деле жакшы адамдар бар. Бирок бийликти өз чөнтөгү, өз бизнеси үчүн колдонгондор да жок эмес.
А.Асанбекова




  Дил маек

Турунбай Бакир уулу, экс-акыйкатчы
"МАМКАТЧЫЛЫК КЫЗМАТТЫ сунуштаШСа, анда ойлонуп көрөм"
- Сиздин ордуңузга көксөп жүрүп жеткен Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Азыр анын ишине баа бере албайм. Баа берүү эрте. Анткени, иштегенине жүз күн болсун. Ошондо өзү отчет берет. Сындаган оңой, иштеген кыйын экенин түшүнөт.
- Турсунбек Акунду кечиресизби же…
- Мен өзү соттошконду жаман көргөн адаммын. Мени кайра-кайра жамандай бергенинен сотко берүүгө аргасыз болгом. Турсунбек Акун журналисттердин көзүнчө кечирим сураса ошол замат барып, арызымды алам. Бирок, кечиримди менин үйүмө барып, же кафеге чакырып сурабасын. Журналисттердин көзүнчө сурасын. Ошондо гана кечирем.
- Турсунбай мырза, азыр китеп жазуу менен эле чектелип жатасызбы же дагы башка иштер менен алектенип жатасызбы?
- Мен китеп жазып эле тим болбой "Эркин Кыргызстан" партиясынын иштери менен да алектенүүдөмүн.
Негизи мыйзам боюнча Президент мага Акыйкатчыга тете кызмат сунушташы керек. Мен президенттин сунушун күтүп жатам.
- Президент үч айдан бери бош турган мамлекеттик катчынын ордун сунуштаса макул болуп иштеп бересизби?
- Мамлекеттик катчы менен Акыйкатчынын даражасы тең. Бир деңгээлде турат. Эгер Президент ошол кызматты сунуштаса, анда ойлонуп көрөм. Балким, иштеп берем. Эл үчүн иштеп береримди далилдедим. Эгерде андан төмөнүрөк кызмат болсо, макулдугумду беремби же бербейминби аны ойлоном.
- Чет мамлекеттегилер иштеп бер деп суранса барасызбы?
- Менин чет мамлекетте иштегенге кудуретим жетет. Жети тил билем. Бирок, менин Атамекенге болгон патриоттук сезимим четмамлекетке барып, иштегенге жол бербейт. Мен кыргыздын уулумун. Элиме кызмат кылсам дейм.
- Эмне үчүн Коомдук парламентке мүчө болгон жоксуз? Же чакырышкан жокпу?
- Коомдук парламенттен расмий сунуш болгон жок. Бирок, айрым жетекчилер мүчө бол деп сунуш кылып жатат. Бирок, менин корккон жерим, бүгүнкү күндө оппозициянын аброю жок болуп калды. Эмнеге дегенде менмин деген аттуу-баштуу оппозициялар азыркы президентти сындап жүрүшүп, кызмат берип койсо бийликке өтүп кетип жатышат. Ошондой туругу жок адамдар Коомдук парламентте бар. Мен Коомдук парламентке мүчө болуп алып, атымды булгап алгым келбейт. Аларга кошулгучакты өзүмчө "Башка Кыргызстан" деген алтернативалык кыймыл түзсөмбү деп ниет кылып жатам. 29-мартта "Эрк" партиясынын 1-курултайын Ошто өткөзүп келдим. 2-бөлүгү кийинки жумада Бишкекте өтөт. Партияда талкуулап туруп, "Башка Кыргызстан" алтернативалык кыймылын түзөбүз деген сунуш менен чыгабыз .
- Кыймылдын курмында кандай инсандар болот?
- Кызматка сатылбаган, туруктуу, өзүнүн идеологиясы бар, Кыргызстандын чыныгы патриотторун чогултайын деп жатам.
-Кыргызстандык бүгүнкү күндөгү коопсуздук абалы кандай?
- Бизди коопсуздук кызматы, милиция же аскер сактайт деп олтура берсек, эч ким сактабайт. Ал үчүн бизге саясий кадамдар керек. Мына ошол саясий кадамдардын бири-мени 15 жыл мурда жаман көрүшчү эле, азыр Мурат Жураев туура маселени көтөрүп жатат. Ошону колдошубуз керек. Түштүк чек арасын бекемдебесек Кыргызстанга тетири же болбосо жакшы тилеги жоктордун бары ошол жактан келип жатат. Ошондуктан түштүк чек араны бекемдешибиз керек.
Мына Ош менен Бишкек шаарыбыздын чек арасы жок. Тоо эле бөлүп турат. Ошко келгендер Бишкекке да кирип жатышат. Ошондуктан бүгүнкү күнү Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш саясий кадамдарга барып, аскерге ишенбей саясий чечимдерди кабыл алып, мекендин коопсуздугуна кепил болушу керек.
-Турсунбай Бакирович, "Ата-түрк" паркынын тегерегинде курулган хансарайларда негедир сиздин да атыңыз аталып жүрөт…
- Мен ал жактан жер алганым чын. Депутаттык үйгө батпай калгандыктан арыз жазып, кезекке тургам. Мен акыйкатчы болуп кеткенде мага берилчү жерди Марат Малабаевге берип коюшуптур. Кийин чыр чыгардым. Бишкекте үйүм жок, жерим жок. Кызматтык үйгө батпай жатабыз деп. Ошондо азыркы "Ата-Түрк" паркынын жанынан берилген. Тактай кетчү нерсе мен алган жерде эч бир бак-дарак жок. Парктын чекеси. "Ата-Түрк" паркынын жанынан жер алып калганым үчүн менин да атым аталып жүрсө керек. Мага жер берилди деп уккам. Бирок, барып көргөн эмесмин. Башкаларчылап, хансарай курмак түгүл пайдубал да кура элекмин. Эми гана үй салайын деп акча чогултсам мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болот. Же мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуп калат. Тапкан акчамдын бары ошол жакка кетет. Жеңеңер мени ошон үчүн урушат да.

Ч. Кутманалиева











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan