Коомдук-саясый гезит
№08, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  OMAR

Талыкпаган тынымсыз эмгек, аруу максатка жетүү үчүн жасалган ишенимдүү кадамдар жана жаштын тилеги... Бул 3 нерсе - ийгиликтин формуласы дегенди кыргыз эстрадасында "Кайдасың" (Где ты), "Кыргызстаным" деген ырлары менен белгилүү болгон жаш ырчы ОМАР, жаш аткаруучулардын "Новая волна" эл аралык конкурсунун финалына алган жолдомосу менен тастыктады. Латвиянын Юрмала шаарында өтүүчү сынактын финалына катышуу бактысына, буга чейин Кыргызстандан бир дагы аткаруучу ээ болбогондугун эске ала турган болсок, бул чындыгында да зор ийгиликтин өзү экендиги талашсыз. "Новая волна" конкурсунун чейрек финалы Алматы шаарында өтүп, анда биздин өлкөдөн ырчылар Мирбек Атабеков жана ОМАР өз күчтөрүн сынашаары көптөгөн маалымат каражаттарынан байма-бай маалымдалган эле. Эми ошол сынактын жарым финалы 18-19-мартта Москва шаарындагы "Метелица" көңүл ачуучу комплексинде орун алып, анда Кыргызстандын да намысы татыктуу деңгээлде корголду. Эми жай айларында ЮРМАЛАда биздин өлкөнүн да желеги желбирээри кубанычтуу көрүнүш.

- Мындай ийгиликке сахналаш ага- эжелериңдин, досторуңдун арасынан алгач сен ээ болуп отурасың. Бул кубанычты кандай кабыл алып жатасың?
- Албетте азыр менин жан-дүйнөмдө чоң кубаныч бийлик жүргүзүп жатат, аны менен бирге, бир чети коркуп да турам. Бирок мунун баары бир нерсенин алдында өтө деле маанилүү болбой калат экен. Эң башкысы абдан зор жоопкерчиликти сезип жатам. Өзүңүз айткандай Кыргызстандын атынан "Новая волнага" алгачкы ирээт катышканы жатпаймынбы. Бул албетте менден өтө чоң жоопкерчиликти, мыкты даярдыкты, тынымсыз эмгекти талап кылат. Мына ушуну түшүнүп турам. Кудай буюрса алдыдагы конкурста асыл мекеним Кыргызстандын намысын колдон чыгарбай коргогонго аракет кылам.
- Москвада өткөн сынак тууралуу айтып берсең. Шарттары кандай болду? Кайсы чыгармаларды аткардың?
- Жарым финалдын алгачкы күнү "дүйнөлүк шлягерлерди" аткардык. Эми бул сынакка АКШ, Италия, Франция, Улуу Британия сыяктуу дүйнөлүк чоң-чоң мамлекеттердин жаш өнөрпоздорунун катышуусу менен өттү. Ал жактардан келген ырчылардын башкасын айтпаганда да, үнүнүн кубаттуулугу тууралуу эле сөз кылсак, жөнөкөй тил менен айтканда Адан Яга жетет экен. Даярдыктары, сахнада иштеген жөндөмү, импровизациясы бири-бирине шайкеш келип турат. 1-күнү Stievie Wonder аттуу дүйнөгө атагы чыккан ырчынын " I just call" деген композициясын аткардым. Ыр ортосуна келгенде эле, калыстар тобу токтотуп коюшту. Экинчи күнкү тапшырма "өлкө хити" деп аталып, анда өзүңдүн өлкөңдө популярдуу болуп жаткан чыгарманы аткарыш керек болчу. "Дельмар" тобунун "Бишкекская ночь" деген ырын аткардым. Буга чейин, Алматыда өткөн чейрек финалда Александр Румянцев (Новая волна" конкурсунун башкы директору), "сен сахнада иштеп жаткан учурда эч тартынба, сен хулигансың" деп айткан эле. Ошол кеңеши эсимде калган экен. Болушунча өзүмдү эркин кармаганга тырышып, баардык жөндөмүмдү көрсөтүүгө аракет кылдым. Ырдап бүткөндөн кийин калыстар тобунун тең төрагасы, белгилүү композитор Игорь Крутой, "биздин угушубузга караганда, сен Алматыда абдан жакшы ырдаган экенсиң, азыр бизге дүйнөлүк шлягерден дагы бирди аткарып берчи" деп калды. Албетте бул мага чоң моралдык түрткү болду. "Blue" тобунун "One Love" деген ырын аткарып бердим. Соңуна чейин угушту. Айрыкча казактар, анан англичандар кол чаап кызуу колдошту. Ошондо эле, кандайдыр бир ишеничтүү күтүү пайда болгон.
Ушул күнү коридордон сынактын музыкалык продюсери Евгений Орловго жолугуп калып, бирге сүрөткө түшүүнү сурансам, "а биз кийин деле Юрмалада түшкөнгө жетишебиз" деп жылмайып койгон эле. Бул окуя да мендеги ишенимди бекемдеп койгон.
- Финалга өткөнүңдү качан билдиң?
- Домодедово аэропортунда, Кыргызстанга учканы жатканбыз. Ошол жерден уктум. Тээ жүрөгүмдүн түпкүрүндө канчалык деңгээлде ишеним бар болсо да, алгач ишене алган жокмун. Анан Канат байке (Канат Култаев), Мирбек болуп, кока-кола менен ырымдап, белгилеп койдук. Биз менен чогуу Казакстандан келген ырчылар да турган. Алар куттуктап эле жатып калышты. Негизи эле байкаганым, эл аралык деңгээлге чыкканда кыргыз-казак бир тууган дегендей, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, жылуу мамиле кылып калат экенбиз.
- Бактылуу ийгиликке жетишүүгө кандай түрткүлөр болду?
- Эң алгач ата-энем, чоң атамдын батасы деп ойлойм. Кыргызстан деген ажайып, ыйык Мекенимдин атынан "кыргыз" деген түпкүлүктүү элдин кулуну катары катышып жаткандыгым дагы эң маанилүү түрткү болду. Чыгармачылыгымда керектүү кеңешин, жардамын аябаган продюсерим Нурсулан Сыдыгалиевтин мага болгон ишеними, жанымда жүргөн Канат байкенин, сахналаш досум Мирбектин көрсөткөн моралдык колдоосу өзүнчө бир ролду ойноду. Убакыттан пайдаланып, көз жаздымда калтырбай финансылык да, моралдык да колдоо көрсөткөн Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раевге, продюсер Назгүл Насиевага, костюмумду бир суткага жеткирбей даярдап берген түшүнүктүү эжеке Сайра Момунбаевага, мага болгон колдоосу менен ырчылык өнөрүмдө жаңы шыктанууну, жаңы идеяларды жаратууга колдоо көрсөтүп турган күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдирем.




  Сатира

НАЗИРА - ЖАКУТ:
ТАНДЕМ ТАМАШАСЫ
Кыргыз эли илгертен эле чукугандай сөзү, кулак кычуусун кандырган тамашалуу кептери менен "караңгыда жол таап", бир уруу элди кыйчалыш абалдан чыгарып кете ала турган куудулдары менен белгилүү болуп келген эмеспи. Биздин маалда да Куйручук, Жоошбай, Көкөтөй, Шаршен, кийинчерээк Асанкул аталарыбыздын, Келдибек, Күмөндөр, Жаныбек, Рахман, Абдылда, Манас, Борончу сыяктуу агаларыбыздын жолун жолдоп элдин маанайын көтөрүп, куйкум тамашаларын тартуулаган жаш куудулдардын жаңы тобу бар. Алардын арасында "Назира Жакут: Тандем тамашасы" деген ат менен күйөрмандар арасында белгилүүлүккө ээ болуп, күн санап популярдуулугу өсүп жаткан Назира Жетигенова жана Жакут Сыдыков деген куудулдар да өзүнүн татыктуу ордун таап келе жатышат. Бул эки таланттын чыгармачылык чөйрөгө аралашкандарына бир топ эле жылдар өтүп калганы менен, "Тандем тамашасы" катары тааныла баштаганына бир гана жылдын жүзү болду. Мына эми биргелешкен тынымсыз эмгектин бир жылдык жыйынтыгы чыгарылып, эки куудул бүгүнкү Күлкү күнүндө алгачкы концертин ордолуу Спорт ордосунда өткөргөнү турушат. Алардын тамаша-күлкү кечесин утурлай бир катар суроолор менен кайрылдык:

- Мына бүгүн алгачкы концертиңиздер башталганы турат. "Назира-Жакут Тандем тамашасынын" концерти кандай өзгөчөлүктөр менен өтөт?
Жакут: Албетте эң негизги өзгөчөлүгү, бул алгачкы концертибиз. Эгерде буга чейин Назира менен Жакутту элибиз башка өнөр ээлеринин концерттеринде көрүп келишсе, бүгүн-эртең биздин жеке чыгармачыл кечебизге күбө болушат. Анан куудул концерт болуп жаткандыктан программанын 80 пайызы күлкү-тамашадан, ал эми калганы жанга жагымдуу ырлардан турат. Соңку мезгилдерде кыргыз көрөрмандарынын арасында кейиштүү тенденция орун алып жатат. Элибиз кыргыз сатирасын жоготуп, сагынып калган деп айтсак жаңылышпайбыз. Анын ордуна казак, орус өзбек сатираларына көбүрөөк көңүл бурулуп калды. Бир чети буга куудулдар өзүбүз күнөөлүбүз. Себеби, эмгекти аз кылганбыз. Эсиңизде чыгаар, мындан бир канча мезгил мурун Күмөндөр, Аралаш, Жаныбек сыяктуу куудулдардын концерттери Спорт ордосунда 10 күндөп, толук аншлаг менен өтүп, кыргыз сатирасынын күчү жогору болчу.
- Мындай көрүнуштүн себеби эмнеде болууда?
Жакут: Негизи куудулдардын эмгегин эл арасында жайылтуу, ырчыларлдыкына караганда бир топ оорураак. Мисалы ырчынын жаңы чыгармасы жаралганда, ал ар бир радио аркылуу, телекөрсөтүү аркылуу узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына чейин жетет. Ал эми куудулдардын жаңы сатиралары концерт учурунда гана өз күйөрмандарын табат десек жаңылышпайбыз. Жогоруда мен атын атаган агайларыбыздын жолун жолдоп, аруу тилектерин, бекем ишенимин актай турган жаш куудулдардын жаңы тобу чыгып келе жатат. Мисалы "ДЕМдин", "Бешиликтин" балдары, алардын катарында биздин "Тандем тамашасы" жана башкалар. Биздин максат, баягы эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон куудул-концертти жандандыруу.
Назира: Өзүм сахнада жүргөндөн бери, 13 жылга жакын убакыт өтүптүр. Ал эми Жакут менен "Тандем тамашасын" түзүп, эмгектенгенибизге бир жыл болду. Бул мезгилде биз 10дон ашуун сатиранын ээси болууга жетиштик. Алардын болгону төртөө гана учурда эл арасында белгилүү болсо, ал эми калганы жапжаңы боюнча. Бул тамашаларыбыздын баарына алгачкы концертибизде күбө боло аласыздар. Алар эл үчүн чоң жаңылык болуп, Жакут кеп кылып кеткен кыргыз сатирасынын дүңгүрөгөн даңкын жандандырып, мындан ары да улаганга татыктуу салымын кошот деген ойдобуз. Мындан сырткары, концертте алып баруучу болбойт, а артисттер сахнага кандай чыгышат аны бүгүн кечинде көрөсүңөр...Ошондой эле, Жакут экөөбүздүн окуучуларыбыздын талантын эл таразасына коелу деп жатабыз. Концерттин дагы бир өзгөчөлүгү, кыргыз эстрада ырчысы Мерген-Тургандын талантынын дагы бир кыры менен таанышасыздар. Буга чейин "Бири куудул бири ырчы, Эл тараза эл сынчы" куудулдар фестивалында Мерген байке экөөбүз баш байгени жеңип алдык эле. Ошол фестивалда биз аткарган "Дыңкы жеңе" сатирасында жана башка интермедияларда катышып, Мерген байке куудулдук өнөрүн көрсөтмөкчү. Эстрада ырчысы бул концертте куудул катары таанылса, ал эми Жакут экөөбүз ырчы катары жаңы чыгармаларды да күйөрмандарыбызга тартуулайлы деп турабыз.

Эки куудулдун турмушундагы
кызыктуу окуялардан:
Назира: Анда мен Алина эжемдин тобунда иштеп жүргөн чагым. Көл тарапта гастролдо жүргөнбүз. Бир айылдан экинчисине кетип бара жатып, МАИ кызматкерине кармалып калдык. Негизи күнөө биздин айдоочу тараптан кетип калды. Анан ал, "Назира эже, сиз тушүңүзчү" деп калды. Мен кадимкидей эле буралган көйнөк кийип жүргөн элем. Машинадан түшө калып эле, шашып чуркап барып, "Ассалому алейкум" деп колумду берип учурашып кирсем, жакшынакай эле кыздын келе жатканын көрүп турган формачан байке таң калып эле оозун ачып калды. Билбейм, ушунчалык катуу таң калдыбы же бизди тааныдыбы, эч кандай жаза салбай эле, кое берип жиберген.
Жакут: Каракол шаарынан түндүн бир окумунда гастролдон кайтып келе жатканбыз. Шаардын кире бериш жеринде посттон токтотуп калды. Машинадагы дагы бир бала менен түшүп барсак, МАИ кызматкеринин оозунан ачкыл жыт келе түштү. "Ушу сиз ичип алган окшойсуз ээ" деп тамаша-чынын аралаштырып күлүп калдык. Ал деле бизди тааныдыбы, айтор биздин атйканыбызга макул болуп кошо жылмайды эле, "артта дагы байкелерибиз келе жатат, аларды да кое берип жибериңиз ээ" деп коюп, машинага түшүп жатсак, "Балдар мен кымыз эле ичкем" деп жатпайбы, буга чейин дагы 2-3 машина келип калган эле. Андагы элдер каткырып эле жатып калышты.
Маектешкен: Назира Асанкожоева




  Арыктагыңыз келсе…

"20 күндө 5 киллограм арыктадым"
Гүлнара Кахарованын диетсын жарыялагандан бери редакцияга калп айтпайын кудайдын куттуу күнү 100-120 аялзаты Кахарова кантип арыктаптыр дешип, Гүлнара айымдын күрүч диетасынын жол-жобосун сурап телефон чалып жатышат. Биз дагы телефон чалып диетага кызыгып, кармап жаткан окурмандарыбыз менен жакындан байланышып, канча киллограм арыктаганынан кабардар болуп жаттык. Кахарованын күрүч диетасынан 20 күндүн ичинде беш киллограм арыктагандар да болду. Сөзүбүз куру болбош үчүн 20 күндө 5 килло арыктаган Айжан менен маектешүүнү эп көрдүк.
Бирок, өкүнүчтүүсү Айжан сүрөтүн бергенден баш тартты. Аны да түшүнүшүбүз керек. Кыргыз эмеспизби. Көргөндөр эмне дейт деп, тартынып сүрөтүн бербесе да, Айжан менен маек курууну чечтик.

- Айжан Кахарованын диетасын 20 күн кармап беш киллограм арыктаганыңыз "көктөн изгениңиз жерден табылгандай" болдубу?
- Чынын айтсам мынчалык арыктарымды билген эмесмин. Көптөн бери ашыкча салмагымдан арылалбай азап чегип жүргөм. Спорт менен да машыгып арыктасам деп аракет кылдым. Бирок, күндө эртең менен чуркагандан заарканып, көнүгүүлөрдү үйдө жазачумун. Бирок, жыйынтыгын анча сезе албадым. Кудай жалгап, сиздердин гезит аркылуу Кахарованын күрүч диетасынын рецебин окуп негедир ынандым. Чоң ишеним пайда болду. Эки айда Кахарва 25 киллограм арыктаса, мен дагы ошол диетаны кармап көрөйүн деп бел байладым. Кудайга шүгүр, мээнетим талаага кеткен жок. Кыска убакыттын ичинде беш киллограм салмагымдан арылдым. Эми дагы жыйырма күн кармап, дагы беш килло арыктасам деп ниет кылып жатам. Мурдагыга салыштырмалуу кийген кийимдерим да жарашып, өзүңдү-өзүң жакшы көрүп, күзүдөн кайра-кайра көргүң келип калат экен. Буга чейин кымча бел кыздарды көрүп, мен эмнеге мындай сымбаттуу эмесмин деп арданчумун. Эми болсо дагы бир ай диетаны улантсам ошол кыздардай кымча бел болуп каларыма көзүм жетип калды.
- Диетаны өзүңүз эле кармап жатасызбы же сизге кошулуп, жакындарыңыз да кармап жатабы?
- Менин беш килло арыктаганыма көз арткан курбуларым көп. Бары далбастап бир айга чейин 5-6 килло арыктап калышыбыз керек деп мени туурап диета кармап жатышат. Көпчүлүк жакындарым менин арыктаганымды көрүп, күрүчтүн ушундай касиети бар бекен дешип, диета кармоону максат кылып жатышат. Таңгалыштуусу бетим дагы мурдагыга салыштырмалуу агарып ого бетер тааныштарымдын кызыгуусун арттырууда. Курбуларым бетибизге канча кремдин түрүн шыбасак да сендей агарган эмеспиз дешип жатат. А мен болсо агарганымдын бары күрүчтүн касиети деп айтып жатам.
- Буга чейин башка диетанын түрлөрүн кармап көрдүңүз беле?
- Кармап көргөм. Бирок, чынын айтсам анча жардам берген эмес. Кефир диетасын кармаганда оозума кара суу келип, 3-4- күндөрү кефирди көргүм келбей калчу. Күрүч диетасы Кефир диетасынан дээрлик айырмаланып, кармаганга да бир топ ыңгайлуу экен.
PS Урматуу окурман бул Гүлнара Кахарованын бир гана диетасынын түрү. Кийинки сандарыбызда мындан да бат эффект берген диетанын түрүн жарыялайбыз. Андыктан ашыкча салмагыңыздан арылгыңыз келсе, биз менен дагы жакындан байланышыңыз. Биз бат арыктоонун сырларын айтып берип турабыз.
Ч. Кутманалиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan