Коомдук-саясый гезит
№08, 01.04.08-ж.

Меймансап
Форум




Президентке ачык кат
"Акыйкат үчүн" кыймылы бүгүн президентке региондордо курултай өткөрүүгө
тоскоолдуктар болуп жатканын маалымдаган ачык кат менен кайрылат. Аталган катта Кожомкул атындагы спорт сарайды берүү өтүнүчү да
жазылган.

Кубанычбек апас эмне дейт?
Кадимки "Мен кыргыздын бактысына жаралгам. Келечекте Президент болом" деп төш каккан Кубанычбек Апас кечээ редакциябызга телефон чалып, Москвадагы диаспоралар "бизге оорулуу президенттин кереги жок деп чогулуш кылганы жатышат" дейт, бирдемени кыйратчудай болуп.

Сулайман тоого асма көпүрө курулабы?
Буга чейин Сулайман тоосунун турган турпаты эле ыйык деп, асма көпүрө салууга экс-губернатор Жантөрө Сатыбалдиев караманча каршы турган эле. Учурда Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков асма жол курууга "Сателлит" фирмасына жер аянты бөлүнгөндүгүн маалымдап, курулуш жакында башталаарын билдирди. Ошондой эле ЮНЕСКОнун тизмесиндеги тарыхый жайга аркан жол терс таасирин тийгизбей тургандыгын кошумчалады. Бирок, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын тарых институтунун кызматкери Бакыт Аманбаева Оштогу Сулайман тоо жалпы адамзатка тиешелүү дүйнөдөгү баалуулук катары эсептелээрин, эгерде анын үстүнө асма жол курулса, уникалдуу жай бузулуп, бара-бара талкаланаарын эскертүүдө.

"Ар-Намыс" абийир деклорациясын түздү
- "Ар-намыс" партиясынын жаштар канаты абийир деклорациясын түзүштү. Ага биринчилерден болуп, оппозициянын белдүү лидерлери Ө.Текебаев, Ф. Кулов, Э.Булекбаев А.Артыковдор кол коюшту. Аталган деклорация 12-апрелде өтө турган курултайда да талкууланат.

ИИМдин жетекчиси 50 жашка толду
Кечээ милициялардын башчысы Молдомуса Конгантиев эр ортону 50 жашка толду. Молдомуса мырзаны куттуктагандардын көптүгүнөн кезек күтүп калдык. Колун кысып куттуктай албасак дагы гезит бетинен куттуктап коелу дедик. Мааракеңиз кут болсун, Молдомуса Ташболотович.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan