Коомдук-саясый гезит
№07, 26.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  СИЛИКОН

5-РАЗМЕР
Чоң көкүрөктүү айымдар эркектердин гана эмес ошол эле айымдарыбыздын да аларга болгон кызыгуусун арттырып келет. Сиздерге чет элдин, Россиянын ошондой эле өзүбүздүн шоу-бизнестеги чоң көкүрөктүү жылдыздарыбыздын хит-парадын тартуулайбыз.
Россиянын "Блестящие" тобун ал жактагылар "БЮСТящие" деп атап алышкан. Бул топтун солисткалары өздөрү дагы сахна кийимдерин тандоодо көкүрөк жакка ( декольте) көп басым (акцент) коюшат. Берки үч кыздыкынан Анна Семеновичтин ( оңдо биринчи катарда) көкүрөгү өзгөчө чоңдугу менен айырмаланып турат. "Бул апамдан калган мурас, силикон эмес"-деп дайым айтып келет дейт.
"Playboy" журналынын жылдызы Памела Андерсонду "Көкүрөктүн ханышасы" деп коюшат экен. Ал өзүнүн көкүрөгүн пластикалык операциянын жардамы менен бир нече жолу бирде чоңойтуп, бирде кичирейтип жүргөндүгүн жашырбайт. Азыркы учурда 4-размердеги кереметти көтөрүп жүрөт.
70 жаштагы актриса Софи Лорендин көкүрөгүнүн формасына керек болсо жаш кыздардын дагы ичи күйөт экен. Өзү да "Мен жаш кыздай көрүнөм, анткени мен чындыгында эле жашмын"-деп тамашалап айтканы бар. 70 жашта экенине карабастан жакында италиялык айымдар үчүн журналга жылаңач денесин көрсөтүп сүрөткө түшүп берген.
Казакстандын ырчы кызы Ситора Назарованын көкүрөгүнө тең келчү айым жок дешет жердештери. Ал ушул байлыгын баардык жерде ачык кийинип, демонстрация кылып келет. Бул ырчыныкы да эч кандай силикону жок эле өзүнүкү.
Россиянын жылдызы Лариса Долина да өзүнүн көкүрөгүнүн формасы менен сыймыктанат экен. "Ларисанын сыймыктанаар жөнү бар. Анткени анын көкүрөгү да, үнү да ордунда" дешет коллега-достору.
ТНТ каналынын алып баруучусу Анфиса Чехова интим темасындагы көрсөтүүлөрдү алып барат. Мырзаларды кантип өзүнө тартып алуунун жолдорун мыкты билген жана аны аялдарга үйрөткөн айым ошон үчүнбү өзүнүн көкүрөгү дагы дайым көзгө жана көңүлгө толоорлук.
Карьерасын алгач фотомодель болуп баштаган актриса Моника Белуччинин агенти "Эгерде сымбаттуу көкүрөк керек болсо, анда силерге Моника керек"-деп айтып келет экен.
Америкалык пресса жакында эң сексуалдуу көкүрөктүн ээси деп Сальма Хайекти табышты. Сурамжылоонун жыйынтыгында эч бир жылдыз бул актрисага тең келе албаптыр. Мырзалар бул айымды,анын көкүрөгүн байкашпайбы айтор ,азыркы тапта Сальма жалгыз бой.
Биздин кыргыз эстрада жылдыздарынын көкүрөгүнүн размери 4-5-ге жетпесе дагы башка жылдыздардан анча-мынча айырмаланып сүрөттөгү ырчылардын көкүрөгү чоң жана сексуалдуу. Тактап койчу нерсе жылдыздарыбыздын көкүрөктөрү өздөрүнүкү. Себеби бизде силикон -мамак салдыруу кымбатка турат. Ага биздин жылдыздардын чама-чаркы чак келбесе керек. Башка чет жердин жылдыздарындай болуп "бул силикон эмес, табигат тартуулаган белек"-дешип актануунун да кажети жок. Булардын размери биздин кыргызча меркага да төп келет. Бизге мындан ашыктын да кереги жок, ушул эле жетет.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan