Коомдук-саясый гезит
№07, 26.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эсимде...

Саткын Абдрахманова, акын Эсенгул Ибраевдин жубайы:
""Кызым кандайсың?" деп кат жазган"
Жакшымды айтып, жаманымды катасың,
Жанга төп жар, балдарыма апасың,
Сендей эстүү жанды өзүнө жар кылган
Мендей эссиз эркектер кө-өп жашасын…
Ушундай жөнөкөй бирок, маңыздуу төрт сап ырды Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыздын залкар акыны Эсенгул Ибраев 50 жыл бирге жашаган өмүрлүк жары Саткын эжеге арнап жазган экен. Ушул төрт сап ырдын каарманы, акындын алган жары Саткын Абдрахманова менен болгон маекти окурмандарга сунуштайбыз.

- Алгач Эсенгул агай менен кантип таанышканыңыздан кеп салып берсеңиз?
- Экөөбүз азыркы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин, журналистика бөлүмүндө бирге окуп калдык. Мен айылдан жаңы келген, уяң, биринчи курста окуган кызмын. Бир күнү окуу жайдын тепкичинен өйдө көтөрүлүп чыгып баратсам, агайыңар алдыман чыгып "кызым кандайсың"-деп учурашып калды. Мен да башымды ийкеп өтүп кеттим. Ошол эле күнү студенттер актовый залга чогулуп калдык. Ал жерден дагы учурашты. Мен жанымдагы курбумдан сурадым "Бул ким? мени менен бүгүн экинчи жолу учурашып жатат."- десем, "Агай болуш керек"-деп койду. Ал деле жакшы билбесе керек. Иши кылып ошол күнү мени менен төрт- беш жолу учурашты. Көрсө агайыңар иштеп жүрүп, окууга кийинчирээк тапшырып, экинчи курс кези экен. Университетте да Комсомолдор комитетинин мүчөсү, факультеттин "Журналист" деген дубал гезитинин редактору, активист студент болуп, башка курстун студенттери ага агай, мугалим катары мамиле кылышчу экен.
Илгери студенттерди айыл- чарба иштерине жөнөтүп турушчу эмес беле. Ошентип, биздин курстун кыздар- балдарын дагы жөнөтүштү. Ал жакта жүргөндө мага "Кызым кандайсың, мен баягы табышмактуу агайыңмын"-деген мазмундагы бир кат келди. Менден жети жаш улуу эле. Ошон үчүн "кызым"-деп кайрылчу экен. Андан кийин андай каттар бат-баттан келип жатты. Көрсө Эсенгул мага мурдатан эле көз салып жүргөн экен. Айыл-чарба жумуштарынан келгенден кийин, үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп,1959-жылы 23-декабрь күнү баш коштук.
- Ал кишини "сыртынан кырс мүнөздүү адам көрүнчү" деп көбү айтышат. Мүнөзү кандай эле?
- Чынчыл, кечиримдүү, акылдуу,анан абдан сабырдуу эле. Анан абдан баласаак болчу. Экөөбүз мейманга кетип баратканда, биринчи "балдардын курсагы токпу, тамагы даярбы?"-деп сурап, даяр экенин көргөндөн кийин анан көңүлү ток үйдөн чыкчубуз. Кырс мүнөзү да бар эле, бирдемени бир сөз менен эле түшүндүрүп койчу. Балдары бир нерсе кылаарда аларга "Ушундай жасагыла, бүттү"-деп койчу. Алар мага келишет " Атам туура эмес айтып жатат"-деп. Эми үй-бүлөдө бирде атаныкы, бирде апаныкы, бирде баланыкы туура болот эмеспи. А мен балдарыма "Силер азырынча унчукпай тургула, өзү ойлонот, анан силердики туура экенин өзү айтат"-деп айтам, айткандай ушундай болчу. Педогогдук да жайы бар эле. Мисалы, балдардын бирөөсү туура эмес бир нерсе кылып койсо, "Өзүбүз бир жерден ката кетирдик"-деп күнөөнү балдардан эмес, өзүбүздөн издечү. Үч уул, бир кыздуу болдук. Балдарыбыз татыктуу тарбия алышты.
- Ырды кайсы убакта жазчу эле?
- Шырдак салынган бөлмөгө кирип, көмкөрөсүнөн жатып алып кагаз бетине түшүрчү. Эсенгулдун дагы бир артыкчылыгы ырларын мээсине топтоп, бышырып, анан кагазга оңдолгон вариантта түшүрчү. Кээ бир акындардай болуп, улам оңдоп, чиймелечү эмес. Ошон үчүнбү ырларынын баарын жатка билип, жатка айтчу.
- Кыз- келиндерге арнап жазган сүйүү ырларын окуганда кызганыч сезими сизде пайда болчу беле?
- Кээ бирөө айтат экен "Кызганыч бул сүйүү"-деп. Бири-бирин кызганып, аны урушка, трагедияга айлантып канча үй-бүлө ажырашып жатышат. Кызганыч бул сүйүү эмес, ишеничтин кеткени -деп айтаар элем. Мен жаш кезде кызганычка мындай мамиле кылчумун "Мен аны кимдир бирөөдөн кызганып өзүмдү басынтпайм, мен алардан жогору турам ,ошон үчүн ал мени менен жашап жатат"-дегендей. Өзүнүн да мага карата "сенин токтоо мүнөзүңө таң берем"-деген ыр саптары бар. Кээде өзү "Мен күйүп-жанбасам, ырлар кайдан жаралмак эле"-деп күлүп калаар эле. Мен улуттун жүзү, улуу акын менен жашаганыма сыймыктанам. Азыр мага ал менен жашаган өткөн күндөр дем берип жашап келем. Дүйнөгө түркүк болгон ким бар дейсиң.
- Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнөн кандай сүртүмдөр калды?
- Эсенгулдун көкүрөгү толо ыр экенин ушундан билдим. Төшөктөн тура албай жатып калганда да ыр жазып жатты. Өзү жазганга колунун күчү келбей, мени чакырат. Мен "Койсоңчу кыйналбай ,өзүң ооруп жатсаң"-десем, "Жаз"-деп ишаарат кылат. Катуу сүйлөсө да кыйналат да, кулагыма сөздөрүн шыбырайт, мен жазам. Акыркы жазган ыры ушул болду.
Жылдыздай жарк деп келишти,
Жылдыздай жаркып беришти.
Ыр деген улуу ыйык -сөз
Койойун, КОШ БОЛ чекитти.
Ушул ырды кагазга жазып жатып, аябай ыйладым. Ооруп капельницада жатканда "капельницамды алып салчы" деди , жаны кыйналып кетти окшойт. Мен "Болбойт" десем, "Кулагыңды тосчу"-деп белги берип, анан кулагыма "Мен биринчиси же акыркысы эмесмин го" деп жатпайбы. Сөздү да укмуштуудай таап сүйлөчү, чечен эле. Балдарыбыз чоң үй салып, Эсенгул ооруп жатканда көчүрүп келип, жаңы үйдө жашап калдык. Бир күнү жанында жатсам "Сен балдарга айт, кокус мен өтүп кетсем көңүлүнө алышпасын, ырыстуунун карысы кетет"деп айтты. Көрсө, ""Балдарым жаңы үйдөн жамандык биринчи болду" деп ырымдап, жаман акыбалда калышпаса экен"- деп ойлонуп, санааркап жаткан экен. ө
Азыр Эсенгулдун өзү жок болсо дагы артында аны эскерээр балдары, достору, замандаштары калды. Эч нерсеге алмашкыс ырлары, китептери калды.
Э.Мадиева




  Атмайданда

Аскар Салымбековду ким капа кылды?
Нооруз майрамынын урматына ат майданда көкбөрү оюну уюшулуп, ага Казакстандан төрт команда, Кыргызстандан төрт команда чыгып кыргыздын улуттук оюнунун көркүн чыгарып ой-да таймашышты. Оюндун кызыгына кирип калганда 20-март күнү негедир казак баурдастарда нааразычылык туулуп, эки күн унчукпай ойноп, үчүнчү күнү атыңардын такасын алгыла, албасаңар ойнобойбуз деген катуу талап коюшту. "Кокус жигиттериме така тийип, жарат алса, мен эмне деп жооп берем. 50 миң долларлык атыбыз такадан бир жерин кокустатып алса эмне болот? Силердин 3-4 атты сатса да мындай ат келбейт"- деп кесе сүйлөдү казактардын жетекчиси. Бирок, баурдастардын айтканына таймашка чыга турган Ички иште министрлигинин курамынан түзүлгөн "Бөрүлүү" командасы макул болбой, "аттардын такасын албайбыз" ойносоңор ойногула ойнобосоңор койгула дегенсип, казак баурлардын айтканына көнбөй, Аскар Салымбековдун "Мыйзамды силер сыйлабасаңар ким сыйлайт" дегенине да макул болбой стадиондон чыкпай көгөрүп туруп алышты. Милициялардын мындай жоругунан улам, митингге чыккан элди кайтарып жүрүп милицияар да митингди үйрөнүп алганбы деген ой да келбей койбойт экен. "Бөрүлүү" командасынын мындай мамилесине баурдастар таарынып, ошол замат Казакстанды көздөй жол тартып кетишти. Ачууланган Аскар мырза, кетип калган казак командаларына уят болдук дегенсип, "Бөрүлүү" командасына капа болуп, эртең байгеси жок оюн көрсөтөсүңөр деп балп этти.
Окурман, биз туура кылдыкпы же баурларга уят болдукпу? Же өз укугубузду коргогонубуз жөн болдубу аны өзүңүз баалап алыңыз.

Ч. Кутманалиева




  Биз билген да, биз билбеген да Рысбек

РS: Азиз окурман, жогорку аталыштагы рубрикабызды кайрадан улантууну чечтик. Ортодо белгилүү себептерден улам биздин маектешибиз менен байланыш үзүлүп калган эле. Анын үстүнө окурмандарыбыз да редакцияга телефон чалышып, бул баяндын аягы эмне менен бүткөнүн кызыкдар болушту. Ал эми Рысбек Акматбаев жөнүндө жазылып бүткөн китеп да чыгуу убактысын күтүп жаткандай. Ортодо бир топ тосколдуктар болуп жатканын китептин автору Кадыр Момоев бизге билдирди. Биздин окурмандар ал китептен үзүндү окуй алышабы? деген сурообузга автор "Сөзсүз окуй алышат. Рысбектин айланасындагы адамдарга карата бир топ туура эмес багытта окуялар болуп жатат. Ошол түшүнбөс-түктөр чечилсе эле биз көп нерселерди ачык билдиребиз" деп жооп кайтарды…

- Эже, ортодо, газетабыздын эки номеринде сиз менен байланыш үзүлүп калды. Мына кайрадан сиз менен газета бетинен жолугушуп олтурабыз.Баяныбызды уласак кандай дейсиз?
- Окурман деген улук нерсе. Мен да өз миссиямды өтөп, элдин уулу катары атак, белгилүүлүк алган Рысбек жөнүндө көз алдымда болгон нерсени айтып берейин. Арбагы ыраазы болсун. Бирок, ал жолугушунун элге айтпай турган көп жагдайлары бар. Эгер кокус алар жөнүндө айтылса, Рысбектин жакындары мени туура эмес түшүнүп калышпасын. Анкени ортодо сый, ишенич деген бар. Азыр ошол окуяларды эс- тутумга салганда анан акыркы окуяларды салыштыра келгенде мен бир нерсени түшүндүм. Чынында Рысбек карапайым элди ойлогон, кыргыз деп намыска бек турган батыр болгон экен. Саясат башындагылар бул жигитти өз ыплас оюндарына аралаштырышканда кыргыз үчүн көп нерселерди жасамак. Өкүнүчтүү жагы ушул. Кыргыздын эртеңки келечегин ойлогондор ошол себептен Рысбектин өлүмүнө ишенишпейт. Негизи баяндан четтеп кеттим окшойт. Жип автомашинасы менен касиеттүү көлдүн ажайып бир кооз жайлоосуна келдик. Күн мурунтан мага дал ушул жайлоо аян катарында келип түшкөн. Ошол аянды Рысбектин ата-энесине айтып бергем. Менин кебиме атасы акырын баш ийкеп, "Ал Рысбектин чоң аталарынын жери, тактап айтканда, жердеген жайлоосу" деген эле. Көлдүн касиеттүү эгелери Рысбектин түшүндө аян берип жүргөн учурлары экен.Тим эле көздүн жоосун алган касеттүү жайлоо экенин айтып өткүм келет. Шаркырап агып жаткан сууну бойлой дасторкон жайылды. Бир убакта тоо жактан 7 жаштагы эркек баланы өңөрүп, бир атчан биз олтурган жерге келди. Бардыгы жапырт ордуларынан турушту эле мага да турууга туура келди. Жарашыктуу кийинген Тынычбек аттын ооздугун кармап баланы жерге түшүрдү. Ээрде олтурган орто бойлуу жигит шамдагай аттан түшүп досторкондо олтургандар менен жылуу маанайда учурашып, анан бизге кошулуп олтурду. Азыр да көз алдымда турат, Рысбек ошондо үстүнө бозомук, жука куртка кийип алган экен. Мага өтө сүрдүү көрүнгөнү менен мээрман ата экенин байкадым. Алдына 2-3 жаштагы баланы аяр курткасы менен кымтылап олтурду. Дагы бир байкаганым, башын ылдый салып көп сүйлөгөн жок. Ата-энесин сыйлагандык катары бааладым.Тынычбек да үн катпай олтурду. Ага-ининин колдорунда кара көзү бар окшош печатка, шакек бар экенин байкадым.1998-жылдары сотканы аз катмардагы эле кишилер көтөрчү да. Рысбекте кара телефон бар экен.
- Кечиресиз, Рысбек эмнелерди сүйлөп олтурду. Жана сизге эмне маселе менен кайрылды?
- Башында айттым го, көп деле сүйлөбөй олтурду деп. Атасы, апасы гана сүйлөп олтурушту. Ага-ини, ата-энесинин алдында тартиптүү балдардай олтургандай сүртүм калтырды. Ал эми эмнеге бушайман болуп мага кайрылганын сыр катарында айтпай койгонум оң. Түшүнөн көп аян берип жүргөн учуру экен, анын үстүндө көл калаанын баатырларына эстелик салуу ниетин баштаган мезгили экен көрсө. Ата- бабалардын арбактарына багыштап куран окулду.Тазалануу болду. Менин таң калганым жанында бир да жан сакчысы жок экен. Спорт костюм кийген бир да балдарды көргөнүм жок. Ошол учурда тоо аралап жүргөндөй. Атчан келгенинен айтып жатам.
- Сиздер менен чогуу айылга түштүбү?
- Жок, атчан өрлөп кетти. Рысбек өзү ырым-жырымга ишенип жүрөөрүн билдим. Башынан эле жаңы кийим эч кийбет экен. Жаңы кийим алса иниси бир- эки кийип берген соң гана кийчү экен. Сүйлөгөн сөздөрүндө колунда жок адамдарга жардам берсем деген гана ниети бар экенине көзүм жетти. Анан да байкаганым, динге өтө берилип баратыптыр………..













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan