Коомдук-саясый гезит
№06, 19.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Анонс, Анонс

Майрам сайын "майрамдык чачыла"
ЭЛТР каналы кайрадан "Майрамдык чачыласын" Нооруз майрамына карата 21-мартта саат кечки саат 20-40 мүнөт өткөндө тартуулайт. Орустардын "Субботний вечер" көрсөтүүсүнөн кем калышпаган биздин "Майрамдык чачыла" ар майрам сайын сиздин экранда болмокчу. 24-мартдагы майрам күн деп жарыяланды, бирок ал күнү "Майрамдык чачыла" болоор -болбосу белгисиз. Негизи бул көрсөтүү. майрам сайын болушу керек.

Кыргыздын Гурцкаясы ким?
Азыр биздин сахнада кимдер гана ырдабайт. Үнү бар жүзү жок, жүзү бар үнү жок, үнү да жүзү да болсо, кийими жок. Жакында редакциябызга акын Лариса Асанбекованы издеп, 24-жаштагы Бакыт Равшанов деген жаш жигит "ыр жазып бериңизчи,ырдайын" дегем деп баш бакты. Фигурасы кыздыкынан кем калышпаган, очкиси көзүнөн түшпөгөн бул жигит буга чейин Азиза, Фарида Карбосова өңдүү ырчылардын концерттеринин уюштуруп иштеп жүрүп, эми өзү ырдап чыкканга бел байлаптыр. Сүрөткө тарталы деп очкисин чечүүсүн суранганыбызда жанындагы досу "Бул кыргыздын Гурцкаясы, эч качан очкисин чечпейт"-деди. А Бакыт өзү жөнүндө "мен ырдасам бат эле жылдыз болуп кетээриме ишенем" дейт. Эмесе жылдыздар: дагы бир "будущий" жылдыз силердин толгон катарыңарды толуктайт. Азыр камын көрүп жүргөн убагы.

Шанс
Урматтуу окурман, Динара Акулова же Гулнара Кахарованын март айында өтө турган чоң программадагы концертине баргыңыз келеби? Анда сизге шанс беребиз. Төмөндөгү суроолорго туура жана так жооп берсеңиз, анда сиз үчүн чакыруу билети даяр. Чалыңыз, утуп алыңыз. Тел; 93-36-22 .

1. Динаранын аткаруусундагы "Ак куу белең айперим" аттуу ыры канчанчы жылы популярдуу болгон?
2. "Элла" продюсердик борбору уюштурган акыркы концерт кимдики жана кайсы айда болгон?
3. "Асман пресс" гезитинин биринчи саны кайсы айда, кайсы күнү жарыкка чыккан?

1. Гулнара Кахарова аткарган "Жаңыл Мырза" балладасынын сөзү, обону кимдики?
2. "Туулган күн" деген ыры кайсы белгилүү акындын сөзүнө жазылган?
3. "Кайдасың" деген ырындагы клитте кайсы журналист тартылган?




Лариса Асанбекова, акын,академик:
Бүгүн Нооруз
Бүгүн Нооруз, жаз жыттанып айланам,
Карлар кетип, жер ойгонуп кайрадан.
Күн узарып, түн кыскарып жаз келди,
Бак-дарак да бүчүр жарып байлаган.

Бүгүн Нооруз, жаңы күнүм жаңырып,
Күткөн элек, биз да жазды сагынып.
Жан-жаныбар уйкусунан ойгонду,
Жаратылыш мыйзамына багынып.

Жарык маанай, жаңы күндүн сайраны,
Бабалардан калган Нооруз майрамы.
Жер жаңырат, үрөн себет, көк чыгып,
Жер жамынат жашыл килем саймалуу.

Бүгүн Нооруз кабыл болсун ак тилек,
Өлбөс-өчпөс өмүр тилеп жаш тилеп.
Жаңы күндө көп жакшылык каалайлы,
Баарыбызга байлык тилеп, бак тилеп.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan