Коомдук-саясый гезит
№06, 19.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эсимде...

Нуржамал Рыскулова, Муратбек Рыскулов жана Сабира Күмүшалиеванын кызы:
"Апам эч качан өзүн атамдан өйдө койчу эмес"
Кыргыз мадания тынын өзүнчө бир доорун басып өткөн инсан, сахна чебери, кыргыз театрынын "Умай энеси" Сабира Күмүшалиева тирүү болгондо бүгүн, 19- мартта 95-жашка чыкмак экен. Сабира апа 75-жыл сахнада, кинодо үзүрлүү эмгектенүү менен эстен кеткис образдарды түзүп, улам бир кейипкердин сырын ачып, жарк эткен элес калтырып, дүркүрөгөн кол чабуунун коштоосунда аткан октой чыгып кеткенинин өзү эле апабыздын баатырдыгын, акылы зиректигин, ички кайратынын бекемдигин айтып турат. Мындай залкар адам менен замандаш болуу, бирге иштешип, таалимин алуу кийинки муундар үчүн өзгөчө бакыт болсо, а мындай адамдын кызы болуштун өзү зор бакыт болсо керек. "Асман пресс" гезити эки улуу талант Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын кызы Нуржамал эже менен жолуктук. Улуу актриса жөнүндө кызы Нуржамал көп кызыктуу окуяларды эскерип берди.
Апам жөнүндө айта берсем бир күн да аздык кылат. Бул улуу инсан жөнүндө эскерип берүү мен үчүн чоң сыймык. Апам ооруп үйдө отуруп калганда да сымбатынан жазбай, кийимди тандап кийип, бутунан такалуу туфлисин түшүрбөй койкойуп гана отурчу. Кара, кичинекей сумкасы дайым жанында турчу, ( ичинде сандыктын ачкычы,француз атыры, бетаарчы, анан 100 сом акча дайым болоор эле). Ал киши өзү кичинекей болсо дагы, үнү ушанчалык өктөм, катуу чыкчу. Үйдө отуруп алып бизге буйрук менен сүйлөчү. Анын ар бир айткан сөзү биз үчүн закон эле. Урушчу эмес, кыйкырчу эмес бирок, "властная" болчу. Үйгө "бата алабыз" деп тааныган, тааныбагандар деле келе берчү. "Өзү ооруп атса"-деп биз келген кишилер менен сүйлөшүп жатканыбызды угуп калып "кто там"-деп нары жактан кыйкырып сурачу. "Сиз таааныбайсыз, сизге келиптир"-десек. "Киргизгиле,мен элдик кишимин"-деп буйрук бере сүйлөчү. Апамдын өзүнүн касиети бар окшойт- деп ойлоп калам, анткени андан бата алгандардын иштери дайым алдыга жылчу. Оо-оо апамдын көп адамдар билбеген кылык-жоруктары көп.Ар бир айткан жөнөкөй сөздөрү эле кандай кайталангыс керемет эле.
Бир жолу үйдү ремонттотуп жаткам. Үйдүн терезелерин усталар салып жатышкан. Анан апам басып келип эле аларга "бул жерин мындай кылгылы, тигиндей кылгыла"- деп үйрөтүп жатат. Усталар "Нуржамал эже башкача көрсөткөн"-дешсе, апам "Нуржамал эчтеке билбейт, Мен деген Муратбек Рыскуловдун байбичесимин, мен айткандай кылгыла"-деп жатпайбы. Апам эч качан өзүн атамдан өйдө койчу эмес. "Мен улуу актрисамын мен айткандай кылгыла"-десе деле болмок да.
Апам 85-жашка чыкканда юбилейин өткөрүп жатканбыз. Бир убакта күтүүсүздөн апам сахнага чыгып токтоп, элдин баарын бир сыйра сыдыра карап " Мына бул жерге менин элим отурат,күйөрмандарым отурасыңар силерге бир эркелеп алсам болобу"-деп калды. Дагы эмнени айтып жиберет деп мен отурам. Залда ошол кездеги Өкмөт башчысы Апас Жумагулов, Күлипа Кондучалова, Бексултан Жакиев Президенттин кеңешчилери жана башка дагы бир топ адамдар отурган. "Өзүмдүн жаш кесиптештерим мага эркелеп, "сиздин сөзүңүздү угат, сиз айтсаңыз"-дешип мени сахнага чыгарышты. "Муратбек Рыскулов сыяктуу залкар адамдар иштеген театрдын атынан, театрдын жамаатынын, өзүмдүн атымдан, ушул кыргыз театрына "улуттук"-деген наам ыйгарып берүүңүздөрдү сурансам болобу, менимче "улуттук"-деген атка татыктуу эле болсок керек "-деди эле, элдин баары туруп кол чаап жиберишти. Ошондон 10-күн өткөндөн кийин Аскар Акаевич буйрукка кол коюп берди.
Кичирээк кезим эле. Үйдө атам телевизордон хоккей көрүп жаткан. Апам кухняда жүрсө керек. Джон Тошек деген оюнчу бар экен. Атам оюндун кызуусуна кирип "Давай Джон Тошек, давай"-деп кыйкырып калды. Анда апам атамдын жанына келип "Ий, Жантөшев эмне кылып жүрөт аякта, кечөө күнү эле жаңы пьесаны жаттагыла бербеди беле"-деп жатпайбы. Көрсө апам Касымаалы Жантөшевди айтып жатыптыр. Негизи эле апамдын оюуна койсоң кыргыздар баардык жерде жүрүшү керек болчу.
Үйдө ооруп жатканда, эшикке коляска менен чыгарып келели десек, "Мен деген элдин эсинде мурунку Күмүшалиева бойдон калгым келет"-деп такыр болчу эмес.
Апамдын биринчи күйөөсү жазуучу Күмүшалиев болгон. Ал киши согушка кетип көп жыл дайынсыз жоголуп кетет. Ошол убакта апам атама жолугуп, экөө баш кошушат. Кийин көп өткөндө биринчи күйөөсү келет. Ортолорунда эмне сөз болгонун билбейм, бирок атам "ал кишиде күнөө жок, ошон үчүн Күмүшалиева бойдон кала бер"-деген экен. Ошентип апам Сабира биринчи күйөөсүнүн фамилясында Күмүшалиева бойдон калган. Мен муну менен атамдын айкөлдүгүн да баса белгилегим келет. Кээде апама тамашалап "сиз кандай бактылуу элеңиз, эки чоң таланттын жубайы болуп, азыр кыздар эки эмес бир күйөөгө тийе албай жүрөт"- десем, кадимкидей уялып "акырын эл укпасын болду эми, акырын, унчукпа"-деп урушуп калаар эле. Биз муну мурун көп айтчу эмеспиз, эми азыр апамдын көзү өткөн соң айтып койсом эч нерсе болбостур.
үйгө күн сайын апама массаж жасап массажист келчү. Ар кандай жеңил көнүгүүлөрдү( зарядка) да жасатчу. Бир күнү ал "Нуржамал жүрүсөң, апанын кандай көнүгүү жасаганын көрсөң"-деди. Байкатпай ары жактан карап турам. Массажист апамды отургузуп алып, айта баштады "капталга ийилиңиз, артка наклон кылыңыз, эми астыга"-десе, күйөрмандарына жүгүнгөндөй жест менен (паклон) ийилип жатпайбы.

(Уландысы 7-бетте)





  Камера №…

Ажал менен бетме-бет
же
Өлүм жазасына тартылаар алдындагы акыркы кат.
Пешенеге жазгандан качып кутула албайт экенсиң. Он-он беш мүнөт мурун эле ой- түшүңө кирбеген окуя болуп кетээрин кайдан билип болсун. Жаштыктын кызуу кандуулугубу же анын мастыгыбы ( бирок, арак же башка мас кылуучу нерсе ичип мас эмес элем) туура жолдон кантип адаштым, билип болбойт. Бирок, бул адашуу эмес, аргасыз болгон эле. Кырсык болуп, каш- кабактын ортосунда "адам өлтүргөндүгү үчүн" деп темир тордун арт жагына отуруп калдым. Мунун баарын айтып отурса көп сөз. Тергөө иши тогуз айга созулду. Акыры иш сотко ашырылып , кылган кылмышым үчүн соттун өкүмүн күтүп отурдум. Сот мен күткөндөй эмес, жазаны өтө оор берип койду. Мен өзүм жасаган кылмышымды билип, кандай гана жаза болсо (адилет) макул элем. Бул да болсо чынын айтканда сот , прокурор, тергөөчүнүн тууган -уруктан тогуз ай күтүп ала албаган "чай пулу" эле. Пенсия менен жашап жаткан ата-энем алар айткан машина менен тамдын акчасын кайдан таап бере алышсын.
Сот үч күнгө созулду. Экинчи күнү прокурор сураган жазаны кантип эле ушундай болсун деп кулак сыртыман кетирдим. Эртеси өкүмдү сот окуп жатканда өз кулагыма өзүм ишенбей турдум. Тынчтык орногон сот залында жалгыз гана соттун өкүм үнү жаңырып жатты.
- … атынан өкүм кылам, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 215-статьсынын 2-бөлүгү менен үч жылга, 197-ст. 2-беренеси менен эки жылга.. 94-ст 2-5-6 пункттары боюнча жазанын айрыкча чарасы- өлүм жазасына …
КР. УПКнын 37- ст. негизинде жеңил жазасы оор жазага сиңиштирилип, биротоло өлүм жазасына өкүм кылынсын. Өкүмгө каршы тарап…
Ушул сөздөр гана кулагыма үзүлүп-үзүлүп угулуп жатты. Андан аркысын сүрөттөп жазуу өтө оор.
Сотко күзөтүп чыккан конвойлордун күчөтүлгөнүнөн улам жазанын мындай болбосо дагы оор берилишин сезип тургам.Бирок, өлүм жазасын күткөн эмес элем. Соттон чыгарып, түз эле түрмөнүн начальнигине алып киргизди. Начальник да көптү көрүп келаткан кызматкер экен: "Жаза туура эмес берилген окшойт, өкүм бизге кагаз түрүндө келгенде.баары дайын болот. Мүмкүн сени коркутуп коюу үчүн өкүмдү ошондой окуп койгондур"- деп айтып, колунан келишинче мени тынчтандырып жатты.
Атайын бөлүнгөн камерага жалгыз өзүмдү жаап, көзөмөлдөө-чүлөрдү күчөтүп, күнү- түнү менден көз албаштарын катуу дайындап, начальниктин орун басары жеке өзү күндө көзөмөлгө алып турду. Өкүмдүн кагазы эки күндөн кийин келди, өз көзүмө өзүм ишенбей турдум.
Буга чейин тамеки тартпасам да ошол күндөн баштап тамеки тарта баштадым. Облсоттун өкүмүнө каршы экендигимди билдирип туура карап берүү үчүн Республикалык Жогорку Сотко аппеляциялык арыз жаздым.
Бир аптадан кийин этап менен борбордун түрмөсүнө , атайын өлүм жазасына буюргандарды кармоочу жайга жөнөтүштү. Областтын боборундагы түрмөгө, ушул мен жаткан камерага мага чейин дагы канча мага окшогондор жатканын ким билет, аларды камеранын көзгө суук көрүнгөн дубалдарындагы бул жазуулар гана эскертип турду. "Кош бол, жашоо, Канат. 19.. ж. 13/v.", "Ата, Апа, мени кечиргиле. Рустам. К… шаары.", "Бул жерде Карим акыркы күндөрүн өткөрүп жатат. 2- февраль. 19.. ж.", "Өлүм алдында да Сен оюмдасың. Юра." жана башка ушуга окшогон жүрөк титиреткен жазууларга толо эле.
Иштин мындай абалга бурулуп кетээрин эч ойлогон эмес элем. Ошон үчүн оюмда бир гана нерсе, ал жерге алып бараары менен жаза иш жүзүнө ашырылат деген ой бар эле.
Жашоодон толук үмүт үздүм. Мен үчүн өлүм коркунучтуу эмес эле. Андан да коркунучтуусу- дарек-жыйынтыксыз ушундай эң пас өлүм менен бул дүйнөдөн кетүү эле. Өмүрүмдү татыктуу жашабасам да жок дегенде татыктуу өлүм менен өлүүнү каалап турдум. Бирок…
(Уландысы бар)
Эскертүү: Бул кат биздин колубузга кокусунан тийген. Каттын авторунун аты-жөнү жана кийинки турмушу дагы бизге белгисиз бойдон калды.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan