Коомдук-саясый гезит
№06, 19.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Кандай болгон күндө да...

Руслан Шабатоев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Чындыкты айтканга дайыма кудуретим жетет"
- Русллан мырза,24-мартты майрам кылуунун зарылдыгы бар беле?
- Мен 24-мартты кандай болгон күндө деле революция болду деп ойлойм. Бирок, майрам кылып майрамдаганга анча кошула бербейм. Себеби, 24-мартта "марадерства" болуп, канчалаган жарандарыбыз талап-тоноого туш болуп, аесуз жабыр тартышты. Өкмөт жардам берди. Бирок, өкмөт баарына жардам бергенге үлгүргөн жок. Өкмөттөн жардам ала албаган алигүнчө ошол күндү ыйлап эсеген адамдардын укугун бузбай майрамдабай деле койсок болмок. Азырынча майрам дегенге эрте. Анткени, революцияны жасаган максатыбыз, алдыга койгон талаптарыбыз аткарылбай калды. Ошондуктан ошол күндү белгилерден мурун элдин үмүтүн, тилегин актап анан майрамдасак, жарпыбыз жазылып жакшы болмок.
- 29маратта Курултайдан пайдаланып, оппозициялык күчтөр кандайдыр бир күтүлбөгөн кадамдарга барып будуң-чаң болушу мүмкүнбү?
- Канчалык бийлик тоскоолдук кылса, будуң-чаң ошончолук көп болот. Ошондуктан элдин жүрөк өйүгөн көйгөйлүү маселесин айтканга мүмкүнчүлүк берип, элдердин митингге чыкканынан коркуп, чочулабашыбыз керек. Бийлик, керек болсо элдин бугун чыгарып, жыйын курганга филармонияны бериши абзел. Эгер элдин бугун чыгарганга мүмкүнчүлүк бербесе, анда жара ырбап, кандайдыр бир күтүлбөгөн кадамдарга барышы толук мүмкүн. Эгер чындап эле элин ойлогон өкмөт болсо, анда элге чыккандан коркпой элинин үнүн угуп, талаптарын аткарыш керек.
- Парламентке депутат болуп келгенден бери эмне иш бүтүрдүңүз? Кандай маселени көтөрдүңүз?
- Азыр үч мыйзам долбоору боюнча иштеп жатам. Маселен, казино боюнча шаарда болгону эки-үч эле казино калып калган казинолорду Карабалтага, Чолпон атага көчүрүп барыш керек. Пиротехникалык каражаттарды да чектеп классификация кылууга аракет кылып жатам.
- Эмне үчүн казинолорду Чолпонатага жана Карабалтага көчүрүү маселесин көтөрүп жатасыз?
- Карабалта чекаранын жанында. Негизи казинолор эреже боюнча чет жакада орун алыш керек. А биздин борборду карап көрсөк, казинодон баш адашат. "Балам кумар оюнуна азгырылып кетип, үйдү сатты, машинени сатты, акырында күйүтүнө чыдабай арака азгырылды"- деп боздогон ата-энелердин арыз-муңу да ушул маселени көтөрүп чыкканга себеп болду.
- Руслан мырза, Казинолорду башка жакка көчүргөнгө бийлик макул болобу? Себеби,казинолордун эсебинен бюджетке бир топ каражат түшөт деп айтып жүрүшөт…
- Минфин сунуш кылган салыктын пайызы жогоруласа макул болсо керек.
- СДПКнын мүчөсү катары Эдил Байсаловдун иши боюнча эмне айталасыз?
- Эдил Байсаловду жөн эле жаманатты кылып жатышат. Керек болсо, Россияда президенттик шайлоодогу бюллетендерди теледен ачык эле көрсөтүп жатышат. Биздин бийликтегилер жумурткадан кыр издеген амалкөйлүгүн көрсөтүп коюшту. Биз БШКнын Эдил Байсаловго чыгарган чечими туура эмес деп эсептейбиз. Биздин партияга очойтуп миллион сомдорду салып жатышат. Эгер чындап эле ошол сумманы төлө дей турган болсо, ал чындыкка жатпайт.
- Бир караганда СДПК партиясы бийликтин бир топ кысымына тушугуп жүрдү. Маселен, Роза Отунбаева деле революциядан кийин бийликтен бир топ ыдык көрдү. Балким, СДПК партиясындагылар жабыла мандаттан баш тарса, бул шайлоо негизсиз делип, кайра шайлоого мүмкүнчүлүк болот беле?
- Жок. Биз мандаттан баш тартсак, биздин ордубузга "Туран" жана башка партиялар деле келмек. Барыбир аталган шайлоо мыйзамдуу деп эсептелип калмак. Ошон үчүн парламентке келдик. 11 депутат болсок дагы чырылдап чындыкты айтып туралы деген чечимди кабыл алганбыз.
- Мурунку парламентте мыйзамдар талаш-тартыш жаратып, ар тармактуу талкууланчу. Бул парламенттин иши коомчулукка ачык-айкын эмес. Комитетте карап, добуш берип колдоп коюп жатышат…
- Биздин партиянын болгону 11 эле мүчөсү бар. Биз комитеттерге бирден эле бөлүнүп, үнүбүз анча жетпей жатат. Бирок, биз мыйзамдарды карап, туура эмес, жери болсо каршы болуп, колдой турган болсо, колдоп жатабыз. Кандай болгон күндө да өкүнүчтүүсү добушка сала келгенде "Ак Жол" парламенттин басымдуу бөлүгүн ээлеп, көп добушка ээ болуп жатат.
- Ушул жерден "Ак Жол" өздөрүнө гана тиешелүү мыйзамдарды кабыла алып алабы деген да пикир бар.
- Ооба, туура айтасыз. Негизи Конституция боюнча президент партия түзбөшү керек эле. Бирок, мыйзам бузууга өлкө башчысы өзү жол берип партия түзүп, дээрлик орунду ээледи. Ушул жери чекилик болуп калды. "Ак Жол " канчалык актанган менен коомдо орун алып жаткан иштин баарына эл тараза.
- Аксы окуясы боюнча түзүлөн элдик соттон бийлик жыйынтык чыгаралабы?
- Бийлик канча жылдан бери элди ар кандай амал-айлалар менен алдап, сооротуп келди. Элдин бийликке болгон ишеними кеткенден кийин айласы жок, ушундай элдик сот түзгөн абалга келди да. Бул элик сот Аксылыктардын акыркы кадамы деп ойлойм.
- Коомдук парламенттин чыгарган чечимдерин легитимдүү парламентке көтөрүп, жыйынтыктуу пикир алып бере аласыздарбы?
- Эгер коомдук парламент тарабынан олуттуу сунуштар болсо, алар менен ийри олтуруп, түз кеңешип, иштегенге даярбыз. Алардын сунуштарын парламентте көтөрүп бере алабыз. Анткени, коомдук парламенттен бийлик иренжип көргүсү келбей жатса дагы биз тажрыйбалуу дасыккан саясатчылар бар экенин эске алып, иштешкенден эч качан баш тартпайбыз.
- Кайсыл жактын кулунусуз?
- Мен бул эле Чүй боорундагы Ысыкатанын кулунумун.
- Ысыката куротунун тегерегиндеги бассейинде негедир Курманбек Бакиевдин инисинин да аты аталып жүрөт…
- Менин оюмча бул жерде материалдык кызыкчылыктар көп. Курорттун жанында кичинекей эле бассейн бар. Ошону талашып жүрүшөт. Бассейиндин ээлери жетим балдарды бетине кармаганы да туура эмес. Бассейн курортко карагандан кийин бир-бирине жоо болбой эле бир чечимге келип, 20-30%ын балдарга берип, калганын курортко берсе туура болмок.
- Эми ошол талаштуу маселеге бирөө чекит коюшу керек да…
- Азыр коррупция деген маселе кендирди кесип турган чак. Соттор ким акча берсе, ошонун пайдасына чечип, акыйкаттык, калыстык жок болуп жатат.
- Акыркы жолу бассейинге чөгүп өлгөн окуучудан кабарыңыз барбы?
- Кабарым бар. Бирок, күбөлөр жана тергөөчү менен жакындан сүйлөшкөн жокмун.
- Бүгүнкү парламент элдин үмүтүн актап жатабы?
- Анны мен эмес,эл айтсын. Биз кыйратып жатабыз дегенден алысмын. Биздин айткан ой-пикирлерибиз элге жетпей жатат.
- Адахан Мадумаровдун депутаттарды жаш баладай кылып, кагып, силккенине макулсузбу?
- Спикер кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатат. Аны СДПК жана коммунисттер түгүл "Ак Жол" партиясынын ичинен да комментарий бербеңиз деп сындап айтып жаткандар бар.
Эгер бийлик ушул кадамынан жазбаса мен жаман аялдардай болуп коркутпай эле коеюун, мага мандаттын да кереги жок. Башында эле баарын байкаштыралы, Чындыкты айтканга дайыма кудуретим жетет.
- Азыр күчтүү оппозиция барбы?
- Азыр оппозициянын абалын биз түгүл тоонун башында жаткан эл билет. Элдин бары саясатчы болуп калышкан. Кимдин кандай экенин беш колдой билип, бизсиз деле жыйынтыктуу пикир чыгара алышат.
- Кайсы кесиптин ээсисиз?
- Кесибим врач. Хурургмун.
- Буга чейин кайсыл тармакта иштесем элиме көбүрөөк пайдам тийет деп ойлонуп көрдүңүз беле?
- Мен ал маселе боюнча терең ойлонуп, анан ушул кадамга баргам. Врач болсом ченелүү гана адамга пайдам тийет экен. Тескерисинче, саясатта көп адамга пайдаң тийе турган мүмкүнчүлүгүң бар экен.

А.Надырбекова,
Ч.Кутманалиева




  КАБАРЫҢЫЗ БАР БЕЛЕ?

Болот Шамшиев кызматынан эмне үчүн алынды?
Болот Шамшиевдин кайненеси Эгинбаева Жамалкандын "Мен Болот Шамшиевдин чачын, жашын сыйлап келгем, эми бүттү" деген маегин жана жубайы Асель Айнидинованын оңдолбогон каты гезитибизге жарыялангандан кийин, Болот Шамшиев редакцияга келип, мен да чындыкты, өз пикиримди айтканга акылуумун деп көп нерсени божурады. Андан тышкары Болот мырза, колунда далилдүү документтери бар экенин да кошумчалады. Биз да Болот Төлөновичтин өз пикирин билдирүүсүнө макул болдук. Кыскасы, окурмандар кийинки санда Болот Шамшиевдин өз чындыгын, көлөмдүү маегин окуйсуздар. Айтмакчы буга чейин президенттин кеңешчиси болуп келген Болот мырза, кызматынан алынгандыгын да белгиледи. Эми ал "эркин", чыгармачыл адам.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan