Коомдук-саясый гезит
№06, 19.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Биздин күндөрдө

Болот Жанузаков, коомдук ишмер:
"Көрсө, Акүйдү штурмалоону башынан эле пландап алышкан экен"
24-МАРТ
- Болот Жанузакович, Кыргызстандын тарыхында 24 - март ар бир жарандын көкүрөгүндө ар башкача калды десек болот. Бүгүнкү күндөгү парламент болсо бул күндү майрам күнү деп кабыл алып берди. Айтсаңыз, сиз муну кандай кабыл аласыз? Майрам катарыбы же..?
- 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны мен жосунсуз жоруктуу окуя дейт элем. Эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин соңку тарыхындагы кайгылуу, капалуу окуя десек да жарашат. Чындыгында аны бүгүнкү күндөгү көпчүлүк элибиз, көпчүлүк саясатчыларыбыз мамлекеттик төңкөрүш болгон деп айтып жатышпайбы. Буга мен толук кошулам. Себеби, 24 - марттагы окуянын кесепетинен миңдеген ишкерлер менен миңдеген карапайым адамдарыбыз маңдай тери менен тапкан оокаттарынан ажырашкан, морадерлук каптаган. Ушул эгемендүүлүктүн 15 жылдыгында жаңыдан өнүгө баштаган кыргыз мамлекети, демократиянын аралы бүткүл дүйнөлүк коомчулукка таанылып, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн орду бар, аброю бар мамлекет болчу. Кыргыздар айтмакчы "Кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачып алды" дегендей, чогулткан аброюбузду бир күндө чачып салдык. Ушул окуядан соң биз майрам десек уят болгонубуз деп эсептейм. "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей бүгүнкү бийлик төбөлдөрү кандай мыйзам чыгарып жаткандыгын, ал мыйзамдар кандай иштеп жаткандыгын коомчулук таразалап жатпайбы.
- Ошол 2005-жылы 24- мартта эртең менен эрте эл чогулуп, уламдан-улам көбөйө баштаган учурда Аскар Акаевич менен кандай сүйлөшүүлөр болду эле? Эмне үчүн оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барган эмессиздер?
- "Ушуну болтурбай койсо болот беле" деген сурооңуздун өзөгүн түшүнүп турам. Албетте, кийинки учурларда колдонулуп жүргөндөй чоң күчтү ал учурда деле колдонсок болмок. Бирок, Аскар Акаевич ага барган эмес. Бармак дагы эмес деп ойлойм. Себеби, биз өзүбүз демократиялык өлкө болгондон кийин демонстрация, митинг деген демократиянын шарданы болуп калган. Митингдердин өтүшү мыйзамченемдүү нерсе болчу. Ал эми ошол кездеги митингди абройлуу, чоң-чоң саясатчылар уюштургандыгына мен ишенген эмесмин.Оюма да келген эмес. Аскар Акаевич дагы андай нерсени күткөн эмес. Ал күнү мен Президентке киргем. Биринчи эле суроом "Аскар Акаевич, эл көп чогула баштады, баш- аламандык болуп кетпейби?" деген суроо болгон эле. Ал киши болсо "Эми митинг өткөрүү биздин демократиялуу өлкөнүн принциптеринин бири. Эл өз пикирлерин, өз ойлорун ачык айтып алышсын. Анан баарын талдап, карап көрөбүз" деди. Анан ошол кездеги өкмөткө, укук коргоо органдарына "Эч кандай күч колдонулбасын, митингди тынч өткөрүшсүн" деген тапшырмасын берди. Көрсө, 24- мартта Акүйдү сөзсүз штурмалоо башынан пландалган экен. Муну Азимбек Бекназаров бир жарым жылдан соң эле айтып чыгып, аны Роза Отунбаева тастыктабадыбы. Чындыгында биз аны билген эмеспиз.
Күч менен бийликти алса болоорлугун, бирок, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөө кыйын экендигин мезгил таразалап жатат.
- Эми сиз айткандай 24- марттагы "төңкөрүштү" болтуруп жибергенге А.Акаевдин учурундагы кайсыл чиновниктер күнөөлүү десек болот?
- Бирөөнү күнөөлөй коюш таптакыр туура эмес. Бирөөнү күнөөлөш ал соттун иши. Менин көз- карашымда ар кимиси кырдаалга жараша өз кызматын кылды десек болот.
- Эл заматта эле Акүйдүн ичине агылып кирип кетпеди беле? Ошол учурларда Акүйдүн ичинен акыркылардан болуп чыккан чиновниктердин бири сиз болгондугуңуз биздин эсибизде. Эмне үчүн акыркы мүнөттөргө чейин Акүйдү таштап кете алган эмес элеңиз?
- Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди акырына чейин аткарып, милдетимди өтөгөм. Менин кабинетимдин эшигин талкалап киришкенде мен 15-20 жигиттин ортосунда туруп калдым. Жүргүлө эшикке чыгалы деп алар менен чогуу ээрчишип, 1- кабатка түшсөк, жердин баары суу, бирөөлөрү телевизор, бирөөсү компьютер, кимдир бирөө китептерди көтөрүп бараткандыгын көрдүк, мындай жамандыкка барбагыла, талкалабагыла дегенге дагы болушкан жок. "Аттиң, мындай болбосо болот эле" деп, эшикке чыгаарым менен "Айланайындар" деген бир соз гана оозума келип, ур-токмокто калдым. Ошондо катуу жаракат алып калган экенмин, көзүмдөн операция болдум. Ушундан соң мен 24- мартты майрам десем өзүмдү басынткан болоор элем. Анан дагы бир нерсени айта кетейин, бир топ маалымат булактары бүгүнкү күнгө чейин эле Аскар Акаев качып кеткен деп жазып келатышат. Кийинки 3 жылдагы иштердин баарын таразалап олтуруп, ошондогу Аскар Акаевдин бир сөзү эсиме түшөт. "Мага Президенттиктин да, бийликтин да кереги жок. Мага адамдын бир тамчы каны кымбат" деген эле. Менимче ал киши элдин тынчтыгын ойлогон экен. Азыр деле кокус телефон аркылуубайланышып калганда биринчи "Тынччылыкпы, элдин оокаты кандай болуп жатат" деген суроосун берет.




Абдыгул Чотбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, генерал:
"Төңкөрүш-чүлөрдүн майрамы дешсе туура болмок"
- Абдыгул Абдрашитович, 24- мартты майрам деп жарыялоону кандай кабыл алдыңыз?
- Эми бул күндү Кыргызстандын бүткүл эли майрамдайт дешкендери туура эмес. Төңкөрүшкө катышкан адамдардын майрамы дешсе болмок. Мисалы, бул күнү 2005- жылдын 24-мартында тонолгон бизнесмендер, таяк жегендер майрам катары эсептешпейт. Эсиңерде болсо керек, былтыр бул күнү "революционерлерден" запкы жегендер машиналарыбызга кара лента байлап алып көчөлөрдө жүргөнбүз. Быйыл дагы 24- мартта кара лента байланып алып жүрөбүз.
- Ошол үч жыл мурдагы окуядан соң "Абдыгул Чотбаевди мен куткарып калганмын" деп, төшүн каккан адамдар ондоп чыкпады беле. Ошолордун айрымдарына кийинчерээк жолуга алдыңызбы?
- Туура, Акаевдин куйруктары дешип, Акүйдүн алдынан бир топторубузду ур-тепкиге алып жиберишкен. Ошол кезде мени коргоп калдым деген адамдар көп болгон. Мени тегеректеп сабап жаткан учурларды чагылдырган сүрөттөр менен видеотасмалар менде сакталуу да. Кээси мени сабаганын сабап алып, бирок, кийин кайра коркуп, "сактап калганмын" деп калп айтып келген учурлары болду. Аларга сүрөттөр менен видеотасмаларды көргөзүп, тактап, орусча айтканда "сдачаларын" бердим.
- Тактап айтып берсеңиз, кандай "сдачаларды" алышты?
- Мени сабагандан он эсе көбүрөөк.
- 2005- жылы сизге, Улуттук гвардияны жетектеп турган адам катары, мамлекет башындагылар тарабынан кандай командалар болду эле?
- Ал учурда мага эч кимден эч кандай команда болгон эмес. Гвардиянын өзүнүн милдеттери бар болчу. Болгону ошол өз милдетин так аткарган. Мэрия, шаардагы төрт акимчиликти, КТРдин имаратын, Акүй, резиденцияны коргоо биздин милдет эле. Ошондуктан, мен 2005-жылдын 24-мартындагы окуяда аянтта болгом. Элдин арасында сүйлөшүп, өз оюмду айткандыгым үчүн да таяк жедимби деп ойлоп калдым. Чындыгында көп адамдар чогулган.Бирок, бири дагы ошол учурда калыс оюун айта алышкан эмес. Болгону артка жол жок деген гана көкүтүүлөр менен ошондой кадамга барышкан. Албетте, бул кадамдар, жасалган иштер туура эмес болгон. Ал учурда "Акаевди кетирүү керек" деген гана идея бар болчу. Кандай лозунгдар болгондугун да коомчулук жакшы билет. "Кыргызстанды бир үй- бүлө ичип- жеп жатат" деген сөздөр болгон. А бүгүнкү күндү карагылачы. Бүгүнкү күндө ал учурдан жүз эсе жегичтер көбөйдү. Мурдагы бир Акаев азыр жүз Акаевге алмашты.




Аксы
Султан Урманаев, экс-депутат:
"Бул калыс чечим болду"
- Султан мырза, өзүңүз жакшы билгендей кечээ Аксыда элдик сот болуп күнөөлүү делген 41 адамдын ичинен сизди актоо чечимин чыгарышты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча бул элдик сотко сиз чакырылган эмес экенсиз. Кандай максат менен Аксыга барып калдыңыз жана да актоо чечими сизге күтүүсүз болду да?
- Мен Аксыда элдик сот болоорун билип, өз демилгем менен бардым.Себеби, элден коркуп, кача турган күнөөм жок. Былтыр да куран окутуп ал жакка баргам.
Элдик соттун мага карата чечилген чечими калыстык чечим болду деп эсептейм. Албетте, бул мени актагандыктары үчүн айтылган сөз эмес. Ал эми Аксыга барышымдын максаты эл алдында, ачык, болгон окуяны айтып берүү эле.
- Элдик сот кандай маанайда өттү?
- Эл көп эле чогулду. Ортодо келип-кеткендери да болду. Анын үстүндө процесс көпкө созулду да. Элдик соттун курамы менимче, 18-19 адамдан турду. Ал эми күнөөлүү делгендердин эч кимиси келген жок.
- Кечиресиз, сиз өзүңүздү Аксы окуясына күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?
- Ушул суроону элдик сот дагы берди. Мен "Бийликтин бир бутагында олтургандан кийин кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар деп эсептейм"- деп жооп бердим. Бул сөздү 2002-жылы Жогорку Кеңештин алдында дагы айтканмын. Ошон үчүн 2002- жылы өз ыктыярым менен отставкага кеткенмин да.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan