Коомдук-саясый гезит
№05, 12.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Олигархтын айымдары

(гезит мелодрамасы)
Автордон: чыгарманын баш каарманы белгилүү инсан. Азыркыча айтканда кыргыздын олигархы. Башы менен баарына жетишкен адам. Анын жашоосунда акчасын да, өзүн, бийлигин да сүйгөн айымдар болгон. Бирок, ал айымдардын алдында мырзалык касиети менен калганын жана ар кимисин ар башкача сүйгөнүн көп жылдар өткөн соң билип олтурат. Бул сүйүү баянын "Асман пресстин" окурмандарына сунуштап олтурабыз. Чыгарма жөнүндө ой бөлүшүп, маслет кургуңуз келсе редакцияга байланышсаңыз болот.

(Башталышы өткөн санда)
Катты окуп бүткөнчө Казакбайдын жонунан тер агып кетти. Бир эсе "боюнда болуп калбаса экен" деген шек саноосунан арылганына жеңилдей түшсө, бир эсе "мен биринчи сендик болгом" деген Майрамдын сөздөрү жүрөгүн өйүп турду.
- Өх..х- деп оор дем алып алды дагы катты аяр бүктөп тытып салууну ойлоду, бирок, тыта алган жок. Катты жанында турган китепке салып коюп, ойго жетеленди.
Дегеле Казакбай мектепте шок болчу. Көзүнө кайсыл гана жалгыз жүргөн кыз көрүнбөсүн чачынан жулуп, майкуйрукка чаап кетип, айтор, кандай болсо дагы ыйлатып тынчу. Кийинчерек кыздар да кыйды болуп, топтошуп басышып, Казакпайды кармап алышканда катыгын берип калышчу. Ошентип, балалыгы өткөн. Кийин чоңоюп калганда баягы шоктугу калып, кыздарды көргөндө өзүнүн кичирээк кездеги кылыктары үчүн уялып да калчу. Анан Майрамды жактырып калды. Балалык бае сезимдери менен аны өзгөчө сүйүп, ал келатканда боюна каранып, чаң болгон батинкесин дагы аарчып жиберер эле. О, анын жанына басуу өзүнчө эле бакыт болчу. Экөө келатканда классташ балдары арсаңдап шылдыңдашканы менен көздөрүндө суктануу бар экендигин Казакбай сезип турчу. Андайда ого бетер Майрамга ыктай басып, дегеле эч качан андан ажырабачудай сезчү. Улам бой жеткен сайын Майрамга ашык болгон башка балдар дагы болду. Бирок, Казакбайдан коркушуп, бири дагы ага сөз айта алышчу эмес.
Эми гана аскердик тартипке көнүп баштаган Казакбай үчүн бул каттын келиши аны кайрадан жүдөттү. Кантсе да кичине кезден бирге окуп, ээрчишип өскөн сүйгөн кызы да. Басса- турса дагы Майрамдын "жүрөгүмдө сен гана жашайсың" деген сөздөрү көңүлүн алагды кылат. Бат эле убакыт өтсө, кайрадан айылына барып, Майрамдын келбетин карагысы келет. Бирок, өзү барганча башка үйгө көнүп, ал түгүл балалуу болуп калганын элестетет дагы жүрөгү сыгыла түшөт. Анын катына канча ирет жооп жазайын деп ойлонду, бирок күйөөсү катты окуса кандай болот деген ойдо жаза да алган жок. Аскердик мөөнөтү бүткөнчө көкүрөгүндөгү бул нерсе аздап-аздап унутулуп, кээде гана "айылга барганда кандай шартта жолугат болдук экен" деген санааркоо болбосо мурдагыдай эстебей деле калды.
"Жиптин" рулун кош колдоп кармаган Казакбай көзүнүн кыйыгы менен жанында олтурган жаш кызды карады. Көздөрү кимгедир окшош экен. Бирок, кимге? Анын мунусун Камила сезип калды көрүнөт,"Жакшылап карасаңыз" дегендей сырдуу көздөрү менен Казакбайдын көзүнө бир саамга тике карап, тиктеп койду.
Каадаке кызы Булайка.
(Уландысы бар)




АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Керез менен Бүбүсара
Биринчи айым:
Керез:
"ЧЫҢГЫЗДЫН ИЙГИЛИКТЕРИНДЕ ҮЛҮШҮМ БАРЫНА КАНИЕТТЕНЕМ"
(Редактор Өмүрзактын уруксаты менен "Ак бата" (2-92) журналынан кыскартылып алынды )
Ушуга бир мисал келтире кетейин. Биздин мединститутта жигиттер көп эле. Бир күнү бири келип бир жакка чакырат, экинчиси дагы бир жерге. Алардан калбай Чыңгыз да келет. Чыңгыз келген сайын китеп ала келет. Бирде Ауэзовду, бирде чет элдик жазуучуларды. Андан көп өтпөй эле, окуп чыктыңбы деп дагы келет. Ошондуктан кезектеги китебин алып келээри менен убакыт таап, сурайт деп окуп чыгаар элем. Деги ошол кезде бизде ресторан, убакытты алган үлпөт кечелер, бир жерде түнөп калуу сыяктуу ашыкча көңүл ачуулар жок эле. Жолуккандагы сөздөрүбүз окуган китеп, көргөн кинолор, кызыктуу жаңылыктар жөнүндө кетчү. Жигиттер сыйласа балмуздак, 200 грамм конфет алып беришет. Андан артыктын кыздарга да кереги жок, ошол жетиштүү болчу.
- Эже, ошол кездеги студенттик тойлорду айтып берсеңиз?
- Студенттик той деп калдың... (Эже бир ойлонуп алды). Студенттик тойду, кудай билет, алгач биз үйлөнүп, биз баштадык көрүнөт. Ал кезде кыйын, жаштар окууну бүткөнчө үйлөнбөөгө аракеттенишчү. 1951-жыл, турмуш али жетише элек. Ал кезде акылдашаарыбыз эле Айша апам эле, ошо кишиге айтып, макулдашып той жасаганбыз. Той эсте каларлык өтө бир көңүлдүү, жаштар каалагандай ырдап, таң аткыча созулган. Айша апам өз убагындагы билимдүү, алдыңкы көз караштагы маданияттуу адам. Чыңгыздын "Фудзиямасындагы" Айша апасы ушул киши. Тойду ошол кишинин Герцен көчөсүндөгү короо жайлуу үйүндө өткөргөнбүз. Короого патефон коюп танго, фокстрот, вальс бийлеп. Ырдан, бийден жеңгендерге бир бөтөлкө вино же пиво коюлчу. Ал кездеги тойлордо вино, пиво гана ичилчү.
Арак деле болгондур башка тойлордо, бирок бизде болгон эмес. Азыркы тойлордо мартабалуу меймандар чакырылып, хрусталдан баштап не бир кымбат белектер берип жатабыз жаштарга. Ая тойго жалаң жаштар, өзүбүздүн курбу-курдаштар, кыйбас жакындарыбыз гана болуп, бир кызыгы, "пайдалуу" бир да кишини чакырбаппыз. Ошол тойго Чыңгыздын чогуу окуган балдары акча чогултушуп, базардан этажерка алышып, менин курбуларым темир керебет беришкен.
- Эже, сиз бийлечү белеңиз?
- Анда бийлебеген жаштар аз болчу. Эжең "Брызги шампанского" деген вальс болоор эле, ошону катырчу (күлөт).
- Азыркы студенттик үй-бүлөнү коштогон кыйынчылыктар Сиздердин студенттик үй-бүлөдө болдубу?
- Биз турмушту студенттик стипендия менен баштаганбыз: мен жогорулатылган стипендия алам, Чыңгыз Сталиндик стипендиант. Квартира жагынан Чыңгыз окуусун бүтүп, эксперименталдык фермага көчкөнгө чейин Айша апамдыкында турдук. Кыйынчылык көп эле болду, баарын айтып отурууга кайдан, бирок ошонун баарын жеңдик. Турмуш кургандан кийин да мен институттун коомдук иштеринен кол үзүп кеткеним жок. Чыңгыз 4-курста эле илимий эмгегин жазып койгон, кийин жактаарында Москвадагы жогорку адабият курсуна кетип калды. Мени мединституттан кийин ординатурага калтырышты. З жыл ординатурадан кийин аспирантурага өттүм. Жетекчим институттун алдындагы ЛОР кафедрасынын башчысы профессор Абрам Львович Брудный - адамгерчилиги мыкты, кыргыздарга көзү түз адам эле. Мага ошол кишинин көп жардамы болду. Ал киши менин келечегимди катардагы практикалык дарыгер гана эмес, илим жаатында өз орду бар, келечеги бар адам катары бааласа керек. Кийин ал киши дүйнөдөн өтүп кетти. Биздин тармак боюнча дагы бир адис профессор Преображенский деген бар эле, Алма-Атадан, кийин ал кишинин да көзү өтүп кетти... Убагында артынан сая түшсөм кандидаттыкты жактап деле алмакмын, күч деле жетет эле. Бирок үй-бүлө, бала-чака дегендей, кыйын болду. Кээде апам, Нагима апамды айтам, (кайненеси, Чыңгыздын апасы - Ж.) "академигиң жаныңда, эки кандидатың өсүп келатат, кайгырба балам", - деп койчу.
- Эже, Нагима апалар Шекерден качан көчүп келишкен?
- Чыңгыз институтту бүткөндөн кийин Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун эксперименталдык фермасына жиберилген. Азыркы айыл-чарба көргөзмөсү турган жерде. Ошол жерден эки бөлмө үй беришкен. Оозгу тамдан от жагылат. Апамды балдары менен Шекерден эмес, Жийдеден (айылдан) көчүрүп алганбыз. Фермадагы ошол жылдар уу-дуу менен айрыкча көңүлдүү өткөн. Айыл-чарба институту ал кезде 4 жылдык, ал эми биздин мединститут 6 жылдык эле. Мен 2 жыл мединститутка ошол жерден келип окуп жүрдүм. Улуу балабыз ошол жерден төрөлүп, атын Фермабек койсокпу деп да тамаша-чындан оолугуп токтогонбуз.
- Ошол жылдарда Чыңгыз ага жазуусуна кайсы убакта үлгүрчү эле?
- Түндө. Көбүнчө түнкүсүн. Үйдөгүлөр тынчыган кезде Чыңгыз жазуусуна отурат. Андан башка убактысы болбойт. Таңкы саат 4тө сааны башталат. Ойготуп чайын берип, бала жаш, мен да ишиме кам көрөм.
- Ал эмне саан?
- Оо, ал кезде жергиликтүү Оолуя-Ата породасына Балтика боюнан Держейск породасындагы уйларды алдырып, сүтүнүн майлуулугун арттыруунун үстүндө экспе-рименталдык фермада жаш зоотехник Айтматов иштеп жатат деген сөздөр болуп жатчу. Убагында жакталбай калган диссертациясы да ушул ишине байланыштуу эле.
- Эже, өз апаңыз Сейинбүбү, кайын энеңиз Нагима, кайын эжелериңиз Карагыз, Гүлайым апалар-дын эмнелери эсиңизге келет?
- Эң биринчи ошол кишилердин өз ара мамилеси. Бирин-бири көрбөсө сагынып турушчу. Баарынын башы кошулуп калганы өзүнчө кызык. Апам Сейинбү колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Кудай билет, өмүрүндө чымынга зыяны тийди бекен. Ашык сөзү жок, жибектей созулган адам эле. Берки эжемдер көйнөктүк кездемелерин ала келген болот. Бири тамак бышырат. Өздөрүнчө кожурашып, эригишпейт да, сөздөрү да түгөнбөйт. Пейилдери жайдары, бир-бирине кудагый эмес, өтө бир кыйышпас жакындыгы бар эле. Мени кудай бетин салбасын, келинди мындай кой, кызынан артык мамиледе болушчу. Өз апам Сейинбү башынан "таш түшкөн жеринде оор, барган жериңдин бары-жогуна күйүмдүү бол" деп көп айтаар эле. Ошонун таасири менде көп болсо керек деп ойлойм. Ал эми апамдын уздугу, чеберчилиги өзүнчө сөзгө ылайык. Илгери жаш кезимде колунда бар кадырлуу адамдар кызга сеп болобу, кийим-кечек, курак, туш кийиз, шырдак, айтор турмушка не керек, апамды атайы алдырышчу экен. Апамдын шырдагы үйгө келген француз меймандарды бир чети кызыктырса, бир чети таң калтырганы бар.
Карагыз апа кыргыз аялдарынын сонун сапаттарын камтыган, акылы тетик, кеңешчи, алысты жакындатып, үзүлгөндү улай билген, өзгөчө адам эле. Гүлайым апа экөө мени алыстан келген тууганын көргөн өңдүү, айланып-кагылып, башына көтөрүп тураар эле. Ушул адамдардын жанында менин жаш чагым өзгөчө мээримге бөлөнүп, жакшы өткөн экен.
Апам Нагима өтө сезимтал, ар бир ишке жоопкер караган киши эле. Балдар жашында мага көп күч берген. Күч десе ташкындаган күч эмес, өзү оорукчан эле, кандай иш болбосун акылдашкан, биздин иште түнкү дежурство деген болот, бир кездерде операция жасап жүрдүм ооруулууларга, ошондой учурларда балдарды өзүмө ишенгендей ишенип калтыраар элем. 20 жыл бирге жашаптырбыз - атымдан чакырбай, "балам" деп жүрүп өттү. Апамдын закону сыяктуу бир адаты бар эле. Мени менен чогуу иштегендер да жакшы билишет. Күнүгө түшкү саат бирде апамдын шорпосу даяр болучу. Кайнаган чайын демдебей, терезеден улам жолумду карап күтүп тураар эле. Ошол түштөнүүбүз да тамашага айпанып, күлкүбүз сыртка да угулса керек. Мага кайын эне эмес, тең курбудай элек. Күнүгө эртең эмне кылабыз деп, мен жумуштагы аны-мунумду айтып сүйлөшөөр адатыбыз бар эле. Такай биз менен чогуу болду. Апамдын Чыңгыздан, берки балдарынан бөлөк мага өзүнчө айтаар сөздөрү болоор эле. Көптү көргөн, өтө билимдүү, эстүү киши эле. Убагында бул кишиден ажыроо мага өтө оор болду.
Улуу балабыз көрүнгөндө "тун неберем, атын Санжар коелу, непобедимый - жеңилбес деген мааниде" деп өзү койгон эле. Анык энелик мээрим деген болсо дал ушул кишиде болгон чыгаар. Балдарды бооруна басып, үйдө тамак турса болбой, балдарга атайы өзүнчө тамак бышырып берээр эле. Убагында сейилге алып чыгып, китеп окуп берип, дабышы билинбей балдарды тарбиялап, өздөрүнчө бир мамыр-жумур болуп жатаар эле. Ал кишинин көзү өткөнүнө бир топ жыл болуп калды. Санжар чоң апасынын сүрөтүн ушул күндө паспортунун ичине дайыма өзү менен ала жүрөт. Ушундан улам баланын сезими канчалык күчтүү болоорун баамдайм.
- Эже, иштебей үйдө отурган күнүңүз болдубу?
- Жок, өмүр бою иш менен келатам.

Маектешкен РАНАТ.
(Уландысы бар)












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan