Коомдук-саясый гезит
№05, 12.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эсимде...

"Тунгуч" театрынын актеру, маркум Каныбек Бекбатыровдун жубайы Айым Абдубачаева:
"Мен анын кылыктарына чыдап, талантын сыйлаган үчүн жашап келгем"
- Айым эже, Каныбек байкенин каза болгонуна жарым жылга жакындап калыптыр. Ал каза болгон күнү жанында белеңиз?
- 19-октябрда эртең менен "Асылбек байкеге ( Өзүбеков) барам"-деп чыгып кеткен. Ал жакка барса үйүндө эч ким жок экен. Андан ары Бекен деген досунукуна барат. Ал дагы "таң атпай эмне келдиң"деп койгон экен. "Мен келсем сен ушинтесиң"-деп таарынып, туталанган дейт. Анда Бекен "шашып атам" деп үйүнөн чыгып кетиптир. Каныбек таа рынып камоко кирип арак
ичип, Бекендин жанында кошуна жашаган досу Нур байкеге барат. Кирип эле жаман болуп жатам десе, ал дагы башы ооруп аткан го жүз грамм алып келип берейин деп базарга чыгып кетет. Жарым саатча жүрүп келсе, Каныбектин эчак жүрөгү токтоп калыптыр. Мен жумушта элем, мага түшкү саат 1-00дө угузушту. Ошентип досунукунан каза болду. Өзү "жакшы ит өлүгүн көрсөтпөй өлөт"-деп көп айтаар эле.
- А кишини аракка жакын эле дешет го…
- Иччү, мен ичпечү деп калп айта албайм. "Сенин катының жаман , ошон үчүн ичип жүрөсүң"-деп иштешкендери айтышчу экен. Аны мага өзү айтып келчү. Мас кезинде ушуну айтып сабап, соо кезинде мен ага "жүрү мен барып айтайын аларга десем, "тим кой айта беришсин."-деп койчу. Ошондо мен бул сөздөрдү Каныбек өзүнүн ойунан чыгарып жатат го деп "анда эмне айтпаган кишилерди айтты"-деп калп сүйлөйсүң деп ага ишенчү эмесмин. Өткөндө улуу балам Асылбек байкеге барган. "Тунгучта" иштеген беш- алтоо 2000 долларга "Шерине" ойношкон, баардыгы алып, Каныбектикин "сен ичип коесуң, менде болуп турсун.Ушул акчага жер алып берем"-деп берген эмес. Ошону сурап барса, "Атаңарды карабай, жутуп алып эми жыргап жатасыңарбы" деп айтыптыр. Балам ошондон бери өзүнө келе албай, жаман болуп жүрөт. Анан мен дагы Каныбекке жанагы сөздөрдү чын эле айтышчу турбайбы деп тыянак чыгардым. Акчаны болсо өлгөндө тигинисине, мунусуна кетти-деп эсептеп бериптир. А "Тунгуч" болсо Каныбектин чыгымын биз көтөрдүк , биз көмдүк деп айтып чыгышты. Ал Каныбектин өзүнүн эмгегинен тапкан акча болчу. Мен муну менен Асылбек байкени же башканы жамандайын деген ойум жок, болгонун болгондой айтып жатам. "Карабай, өлтүрдү"-дешти. Ал ичкенде эч кимди көзүнө илбей калчу. Мага, балдарына эмне деген кордукту көрсөткөн жок. Мага тил алса ичпей коет эле го. Канча айттым "ичпечи, балдарыңды ойлосоң боло, машина алып айда"-деп. Машина айдаса алаксыйт го деп ойлочумун."Кийинтпейт" дешти. Кантип кийим алып бербей коймок элем. Эшикке чыкса эле сумкасы менен жоготуп келчү. "Тунгуч" аны дайыма басынтып турчу, адам катары көрүшчү эмес, аларга Каныбектин ролу гана керек болчу.
- Соо кезинде кандай эле?
- Негизи өзүнүн кыялы бир сырдуу, эч кимге ачылбаган, бардык нерсени ичине каткан адам эле. Ак көңүл, колунда бар болсо берейин эле деп турчу. Соосунда балдарына өйдө карап сүйлөчү эмес. Ичкендин эртеси "качан токтотосуң, чырыңды" десең, акырын башын ийкеп, "билбей калдым" -деп унчукпай кутулчу. Көбүнчө сүйлөбөй, көпкө ойлонуп отуруп калчу. Ичине канча нерсени катып кетти ким билет. Мен анын мас кезиндеги кылыктарына чыдап, талантын сыйлаган үчүн жашап келдим. Өзү бир интервьюсунда "ичип алсам арстанмын, соо кезимде коенмун" дагы "мага Айымдан башка аял чыдабайт, мен муну билем" деп айтканы бар. Экөөбүз 1988- жылга чейин чыр чатаксыз, жакшы жашадык.
- Качан баш коштуңуздар эле?
- Каныбек мага чейин үйлөнүп, ажырашкан. Экөөбүз театрдан 1984-жылы таанышканбыз. Мен 1982-жылдан бери Кыргыз драма театрынын реквизитинде иштеп келем. Каныбек армиядан жаңы келип, театр да иштеп жаткан. Чогуу иштеп,үч ай сүйлөшүп, августь айында баш коштук. 24 жыл бирге жашап, төрт балалуу болдук. Мен ойлойм, Каныбек биринчи аялына кайра жолукпаганда, балекет арактан алыс эле болмок болуш керек. Биринчи аялы Айгүл экөө 1983-жылы ажырашып, 1988-жылы жолугуп калышыптыр, билбейм каяктан табышкан бири-бирин. Аны менен да ортодон жашап жүрүптүр, өзүнүн айылы Бос териге чейин алып барчу экен. Аны мага Каныбек каза болгондон кийин абысыным айтып жатпайбы, "жеңеңе айтпа" деп ээрчитип келчү-дейт. Ошол 1988-жылдан кийин Каныбек аябагандай өзгөрдү, ичкени көбөйдү. Мен оңолуп кетет деген үмүт менен жүрө берип, убакыттан уттуруп жибериптирбиз. Айла кеткенде 2000-жылы молдого да бардым,үч -төрт мен кыйын дегендерине кайрылганымда , баардыгы сүйлөшүп алгансып "күйөөңдүн башын улуту кыргыз эмес аял айландырып алган. Аракка окутуп коюптур. Дубасы өтүшүп кеткен, жандыра албайм , эртерээк келсең болмок"-дешип Айгүлдү өзүндөй кылып сүрөттөп беришти. Мен аны сүрөттөн көргөм. Улуту карачай болчу. Келип Каныбекке айтсам "мен кыргызчылыкка ишенбейм"-деп моюн бербей койгон.
- Эмнеге өкүнчү эле?
- Өкүнгөнү ошол, Айгүлүн айтып "ал менен жашабай калдым"-дечү. Ага жаман сөз тийгизчү эмес. Экөөбүз 1993-жылы ажырашып 1995-жылы кайра жараштык. Мен да өкүнөм, ошол боюнча жарашпасак балким, башка аял алып бактылуу болмок беле. Акыркы күндөрү театрда иштебей калып "роль ойногонду сагындым" -деп калчу. Бир курдай Жамал эже (Сейдакматова) телофон чалыптыр. "Айым, "Курманжан Датка" спектаклин Көлгө ( Рух ОРдого) коеп барган жатабыз. Каныбекти Камчыбектин ролуна макул кылып бер" дегенинен, "өзүң роль аткарганды сагындым деп жатпадың беле, бар"-деп аны көндүрүп жибергем. Мурда бул ролду Болот Тентимишов жаттап жүрүп, бир жакка кетип калат. Анан ал жокто Каныбекке берип, жаттатып атып, Болот келип калса "Каныбек сен таарынба, Болот өзү келди. Өзү аткарсын."-деп узатып жиберет. Каныбек келип "мына сен бар деп жатып, алар менин шагымды сындырышты, мен сынып калбадымбы" -деп аябай шагы сынды.
- Балдарынын кимиси атасынын талантын тартты?
- Төртөө тең таланттуу. Улуу кызыбыз Мээрим Искусство институтунун эстрада бөлүмүндө окуйт, 23 жашта. Экинчи уулубуз Адилет ошол эле институтта актердук бөлүмдө окуйт, 21ге толду. Иман уулубуз дагы сүрөттү жакшы тартат. Атасы да сүрөттү кыйын тартчу. Кичүү кызыбыз Алкар М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда пионино бөлүмүндө окуйт. Кичүү кызы атасынын жогуна азыркыга чейин ишене албай,күндүз жакшы жүрөт дагы, кеч киргенде эле "атам мени сабакка алып барчу эле, мени кучактап жатчу эле" күнүгө эстейт. Атасы да кичүү уулу менен кызын аябай жакшы көрчү.
- Өзүңүз да көп эстейсизби?
- Канткен күндө деле ал менин жубайым. Балдарымдын атасы . Үйдө орду жогу билинип турат. Байкушум жаш кетти. 47жашында өтүп кетпедиби.
Маэктешкен Э. Мадиева




  Зөөкүрлүк

Бала жертөлөдө жата берип каза болгон
Арлен (Баланын аты өзгөртүлдү) болгону 2-класста гана окуучу. Ушул кичинекей наристени өлтүрүүгө кандай гана адамдын колу барат деп ишене да албайт экенсиң. Бирок…
Кыштын кычыраган суугу алыстап, "мына күн жылыйт, жай келсе каникулга чыгып, айылга барам, апам келээр бекен" деген наристелик тилектери орундалбай ажал тапкан баланын өлүмүнө себепкер болгон эки адам, болгондо дагы аялы менен күйөөсү азыр темир тор артында жатышат. Арлен булардын өз баласы эмес экен .Багып да алышпаптыр. Болгону, айылдагы чоң ата, чоң энесиникинде жүргөндө "бизге эрмек болсун" деп колдоруна алышкан окшойт. Ал эми өзүнүн атасы тууралуу кабардар боло албаганыбыз менен апасы көртирликтин азабынан алыскы Россияга иштеп кеткендигин билдик. Ал эми жогорудагы канкор адам өлтүргүчтөр Арлендин апасынын жакын эле туугандары болуп чыкты.
Ошол каргашалуу күнү аялы менен күйөөсү чогуу арак ичишкен экен.Өлөөрчө мас болгондон кийин алар Арленди бир нерсеге жумшап же көңүлдөрүнө туура келбеген бир ой кеткенби айтор, экөөлөп кымындай баланы башка- көзгө тепкилеп, аябай сабашат дагы жертөлөгө камап салышат. Мас немелер ошону менен баланы унутуп коюшкан экен. Ошентип, байкуш бала жертөлөдө жата берип каза болгон. "Мындай мыкаачылыкты эми эч ким жасабай эле койсун" дешет укук коргоо кызматкерлери. Арлендин башы таанылгыс болуп шишип, денесинде адам карап тура алгыс көгала тактар бар. Адам баласы мышыкты дагы мынчалык кордобосо керек. Ансыз да алыстагы апасын сагынып жүргөн наристени өлтүрүүгө кандай айбандын колу барат? Мастык менен кичинекей бир баланын өлүмүнө себепчи болгон эрди-катындын кылыгын угуп алып төбө чачың тик турат экен. Кыңылдап кайыр сурап олтурган адамды көрсө дагы аяп өткөн кыргыздын кайсыл тарапка бурулуп бараткандыгын баамдаңыз. Мындай тууганынын баласын башка коюп, өлтүрүп койгондон дагы баш тартпаган айбандар азыр арабызда ондоп саналат. Ал түгүл өз баласын өлтүрүп койгондор дагы чыкпадыбы. Баланы жараткан кандай бакыт. Бирок жоготуу андан миң эсе оор.
Бул иш Бишкекте болгон. Азыр баланын Таластагы чоң ата, чоң энелери, апасы кан жутуп турган чактары. "Эгер мыйзам жол берсе мындайларды атып салса дагы аздык кылат" деп кыжырдангандар да арбын.














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan