Коомдук-саясый гезит
№05, 12.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Үлгү болоорлук бирок…

Өлгөн иттин өлүгүн ким тазалайт?
Эки айга созула турган ишембиликтер акциясын шаар башчысы Данияр Үсөнов демилге кылары менен эле айрым аттуу-баштуу ишканалар көпчүлүккө салып айлана-тегерегин тазалап жатышкандыгын көрүп, ичиң жылыбай койбойт экен. Бирок, кыштата кар алдында жатып билинбеген кытай баштыктардан тарта мурду "нан сурап" калган калош менен өлгөн иттин өлүгүнө чейин ачык эле жаткан айрым шаардын карамагына караган жаңы конуштарды айта турган болсок, бул ишембилигиң жалаң эле асфальт жол менен басып көнгөн шаардыктардын тазалыгы үчүнбү деп да арам ойлоп кетет экенсиң. Сөзүм кургак болбош үчүн мисал келтирейин. Тээ 2005-жылы "Ак- Өргө" жаңы конушунан ары карай, ТЭЦ-2 тараптан үй куруу үчүн адамдарга жер тилкелери бөлүнүп берилгендигин баардыгыңыздар эле билсеңиздер керек. Андан бери зымырап бат эле үч жыл өттү. Ошол үч жыл аралыгында "Ак- Өргөнүн" аркы тарабындагы темир жолду бойлой ("Ак-Өргө" тарабында) төгүлгөн таштандыларды алып койгон бир да жан чыкпагандыгы таң калтырды. Ал эми темир жолдун аркы бетиндеги "Ак Ордо" жаңы конушу дагы улам коюланып, жашоочулары көбөйгөн сайын алар дагы түгөнбөгөн кытай баштыктарга толгон акыр-чикирин ташып келишип ыргытышат. Ошентип үч жылдан бери азайбай эле көбөйүп, самсаалап жатканы жаткан. Ал жерге таштанды чыгарган машинелер да барбайт экен. 8-троллейбустун акыркы аялдамасынан, тагыраагы №77 мектеп туштан башталып аталган темир жолго чейинки ТЭЦтин трубасын бойлото да төгүлгөн таштандылар дагы эртели-кеч мектепке келатып .же кетип баратып ойногон мектеп окуучуларынын эрмегине айланган. Арасында кыштын суугунда тоңуп өлгөн ит менен мышыктын да өлүгү көз көрүнөө булайып, ага кызыккан балдар жаз келгени сасыгы мурунду жарып турса дагы чыбык менен сайгылап өтүшөт. Анан тазалык деп канча какшабайлы көрүнөө жатканды тазалап кое албагандыгыбызга кейийт экенсиң. Асфальт төшөлгөн гана жерлерди кайра -кайра тытмалабай андан көрө таштанды төгө турган челеги да жок жаңы конуштарды эстеп, эң кур десе айыл башчы, квартал жетекчилерине көзгө сайып эскертүү берсе жергиликтүү тургундарды деле чогултуп, тазалыкты колго алса канча деген оору-сыркоодон арылат элек. Машине менен кыдырган жетекчилериң чалкалай олтуруп алып ар бир четки көчөлөргө чейин өзү бир кыдырып көрсүнчү, кандай нерселерди көрөөр экен. Ортодо оорунун жугуштуулары өлгөн ит-мышыктардан жугат деп дарыгерлерибиз сайраганы сайраган. Ансыз да оорунун саны көбөйгөн ушул заманда көптөп аракет кылбасак, ар кимибиз ар бир балабыздын аркасынан кайтарып же арбир келемиштин артынан аңдып жүрө албайбыз го? Кептин ачыгы эки айлык ишембиликти эптеп, же эки чоңго күрөк карматып бак түбүнө топурак ыргыттыра коюп, тележылдыз кылбастан, тескерисинче чыныгы ирип-чирип жаткан таштандыларды тазалап, жыйынтыктасак жакшы болмок.




  Кудай сактай кө-өр…

Көбү өз жанын кыйуу үчүн ууланышкан
Башка оорунун түрлөрү аз болгонсуп, акыркы күндөрү тамак-ашка, ичимдикке уулангандардын катары арбып барат. Былтыр жай мезгилинде шишкебекке ууланып, каза болгондор катталса, быйыл балабакчадан, мектептен ууланган жаш балдар катталды. Мындай көрүнүштөн улам жакаңды кармап, Кудай сактай көр дейт экенсиң. Коомдун ууланып баратканын алдын- ала туйган аналитиктер коңуроо кагып, элге жар салып айтпаса, көпчүлүк эл көртурмуш менен алек болуп, аны туйбай деле калышы толук мүмкүн. Ал эми жаш балдардын ууланышын кантип алдын алса болот? Эмне үчүн мындай илдет кыргызды арбап алды? Уулангандарга кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат? Же жаш балдар кимдир бирөөнүн шалаакылыгынан жабыр тартып жатабы деген таризде Саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү менен байланыштык. Чынын айтыш керек, аталган министрликтин орун басары Мадамин Мусаевдин кабылдамасында олтуган кыз негедир бизди байланыштыруудан баш тартып, "Мадамин Мусаевдин уулангандардан кабары жок" деп, башка адамдын телефон номурун берүүгө аракет кылды. Биз алар берген номурга да байланыштык. Бирок, Исаков жок болгондуктан кайра Мадамин Мусаевге кайрылууга туура келип,тилекке каршы катчы айымдын катуу тоскоолдугуна дагы тушуктук. "Эгер министрдин орун басары менен байланыштырбасаңыз анда "уулануудан кабары жок экен" деп жазып коелубу деп, ат үстүнөн мамиле кылган кызды аттан түшүрүүгө аргасыз болдук. Ошондо гана кабылдамада олтуруп алып маалкаткан катчы кыз козголуп, министрдин орун басары менен байланыштырды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары катардагы өз түйшүгү менен алп урушкан врач болсо, анда түшүнмөкмүн . Ошентсе да акыры Мадамин мырзага байланышып, төмөндөгүдөй жоопторду алдык:
Башкы санитардык врачтын №5 токтому 2008-жылдын 25-февралында чыкты. Анда балдар жей турган тамак-аштын бары алдын ала тиешелүү органдар аркылуу текшерүүдөн өтүп, анан балдарга берилүүсү тууралуу жазылганын айтты. Ууланган балдарга биринчи жардамдар көрсөтүлүп, бузулган тамак-ашты берип, жаш балдарды уулап алгандарга кылмыш иши козголгонун маалымдады. Ошондой эле эмне үчүн акыркы убакта уулануу көп болуп жатат деген сурообузга "Анын себебин айтыш кыйын. Балдардын ууланганына азыр биздин да күнөөбүз бар"- деп мойнуна алды. "Себеби, мектептерге алгач тамак-аш берилип баштаганда текшерүү кылынып, аягында анча көңүл бурулбай калган. Ошонун себебинен улам ушундай кырсыктар, кокустуктар орун алып жатса керек. Анын үстүнө бардык мектептерде муздаткыч, тоңдургуч жетиштүү эмес. Жетишпестиктин кесепетинен да ушуга окшогон кокустуктар орун алып жатат окшойт"- деди. Андан кийин 8-март күнү тамак-ашка, ичимдикке ууланган адамдардын саны арбын деген маалыматты угуп, Бишкектеги №4 шаардык оорукананын токсокология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ибраимов менен байланыштык. Ал "Азыркы убакта ооруканада ууланган 10 чакты киши жатат. Бирок, алар 7-8-мартта, тамак-ашка же ичимдикке ууланышкан эмес. Тескерисинче, ооруканада жаткандардын көпчүлүгү дары, уксус ичип жанынан аша чаап, өлөм деп аракет кылып ууланышкандар"- деди.

П.Рысманбетова




  Бар болгула...

Биздин көз карашыбыз,
жан-дүйнөбүз, сөзүбүз, ырыбыз, көйгөйүбүз да окшош
7-март күнү кокусунан Жазуучулар союзуна кире калсам, майрамдык шаң. Бала кезде биз окуган ырлардын, аңгемелердин авторлору дасторкон үстүндө аялзатынын уулу майрамы менен куттукташып отурушуптур. Куттук сөздү Асан Жакшылыков сүйлөп жаткан экен.Каалоо сөзүн айткан соң "Биз турмушту башкача көз караш менен карайбыз. Биздин көз карашыбыз, жан-дүйнөбүз, сөзүбүз, ырыбыз, керек болсо көйгөйүбүз да окшош. Биз башка жактан башкабыз дагы, өзүбүзчө отуруп сүйлөшкөндө башкабыз, биз бир кишибиз"-деди. Ушул күнү алар бир кишидей болуп, ар башка сезимден чыккан ырларын бир дем менен окушуп, сырларын айтышып, черлерин жазышты болуш керек. Бат эле чыгып кеткем, дагы бир аз отурганда жазылган жакшы ырларга күбө болмокмун. Адабият дүйнөсүндөгү ушундай бир жакшы көрүнүштү жөн гана кагаз бетине түшүргүм келди. Бар болгула биздин жазуучу, акын эже- агайлар. Силер бизди жомок дүйнөсүнө алып барып, төрт сап ырыңар менен турмуш жолун көргөзүп, тарбия берип келгенсиңер.
Э. Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan