Коомдук-саясый гезит
№04, 05.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  ЗАМАН АДАМДАРЫ

Биз билген да билбеген да Рыспек
Редакциядан: Рыспек Акматбаев жөнүндө жаза баштагандан тарта өтө кызыгып телефон чалгандар болуп жатканын айтып коюшубуз керек.Ал тургай коркутуп, ар кандай адамдар Рыспекти билем деп айта беришсе чыгара бересиңерби .Эгер кокус маркумдун наамына шек келтирген окуялар баяндалса ага ким жооп берет?Силер ошол жоопкерчиликти ала аласыңарбы?деген да опузалоо болду.Ал адамдардын аттарын атабай эле койгонубуз оң.Коомчулуктун арасында кыргыздын бул жигитинин идеясы менен жашаган тарапташтары бар экенине көзүбүз толук жетти.Биздин миссия эмнеде: болгону элдин көңүлүн өзүнө бурган көзү өткөн да өтпөгөн да замандаштарыбыз жөнүндө жазуу. Белгилүүлүктүн закон ченемдүүлүгү ушунда да. Чынында Рыспек жөнүндө оң жана терс маанайдагы пикирлер, эскерүүлөр бар. Кандай болбосун биздин каарман ошол турмушту башынан өткөргөн, аны коомчулук жакшы билет.Мына ушундан улам биз Рыспек Акматбаев жөнүндө окурмандар менен пикир алышууну чечтик.Урматтуу окурман, эгер сизде бул боюнча өз ой-пикириңиз болсо биз менен байланышыңыз……..




  Сырдуу дүйнө

Ислам апа
- Эже, сиз өткөндө Рыспек Акматбаевдин үйүндө болгонуңузду баян эттиңиз эле. Бир түшүнбөс жагдайлар болуп жаткандай.Сиз ачык, сүрөтүңүз менен маек берсеңиз жакшы бо лоор эле.Рыспек Акматбаевдин идеялаш адамдары көрүнгөн адамдар маек берип дарексиз сөздөрдү айта берсе чыгара бересиңерби деген дооматтарды коюп жатышат?
- Сүрөтүм менен чыгуу менимче кооптуу нерсе.Рыспектин айланасындагы адамдарды мен жакшы билем.Менин баяным Рыспектин атын каралоо эмес тескеринче, анын баатырлык жагын даңазалоо.Менин баяныман эч ким жамандык издебеш керек.
- Кечиресиз баяныңызды улантасызбы?
- Улантам.Коркоктук кылган болуп калбайымбы.
- Анда баянды уланталы…
- Биз алардын үйүндө көпкө болгон жокпуз.Бышырылган койдун эттери чараларга салынып, белгисиз тоо жакка бет алдык.Алдыда зуулдап иномарка кетип бара жатты.Ичимен мазарга бара жатсак керек деп ойлоп койдум. Мени коштоп бара жаткан эжеке(ал өзү органда иштейт) чыканактан акырын түртүп, Рыспектин инисин тааныдыңбы? -деди. Мен баш чайкадым….

Сейрек касиеттерге эгедер Ислам апа шал, талма, жин ооруларын айыктырып, без, шишик, богок, ашказан жарасын операциясыз сакайтат. Таш- пиши арткан, проблемалары жүрөк сыздаткан базар экономикасынын каруудан ныгыра баскан заманында оору сыркоого кабылгандарды, дарттан жабыркагандарды, жашоодон үмүтүн үзгөндөрдү колдоп, кайра соо дени карды сак адамдардын катарына кошот.
Ислам апанын дареги:
Бишкек шаары
Пишпек району, Осмонова 1 А.
Тел: 92-71-71.




 "Эсимде"

"Кийин мени эстейт, баалайт болду бекен"-деп көп айтаар эле"
"..Шаңга бөлөп кыргыздын
жан дүйнөсүн,
Шартылдаган симфония
жазчу элеңиз.
Шаасы болуп сыйкырлуу
колдоруңуз,
Оркестрге жарашып калчу
элеңиз.

Күүсүн чертип тургандай
коңур күздүн,
Гүлгө оронуп күлүңдөйт
сүрөтүңүз.
Үйүңүздүн чырагын өчүрбөс
жан,
Өзүңүздүн Мадонна-
Үпөлүңүз"
- деп акын Айгүл Узакова жазгандай, музыка өнөрүнүн устаты жана чебери СССРдин эл артисти, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасановдун өмүрлүк жары Үпөл Молдобасанова менен гезитибиздин "Эсимде" рубрикасында баарлаштык.
- Үпөл эже, Калый аганын акыркы күндөрдөгү абалын айтып бербейсизби, өзү сезди беле, керээзин айтып калдыбы?
- Акыркы үч жылда ооруп жүргөн, бирок төшөккө жатып калган эмес. Дарыланып жүрчү. Былтыр майдын экисинде мен жумушта элем, үйдө бир жээнибиз бар болчу, телофон чалып, "жеңе, байкем жаман болуп жатат"-деди, жумуштан "тез жардам" чакырып коюп, үйгө келсем, "тез жардам" жаңы эле кирип атыптыр, врач үйгө кирип укол сайып , таблетка бергенден кийин айтты, "ооруканага алып барбай эле койгула"-деп, ал билсе керек. Инсульт экинчи кайталанды да. Мен макул болбой ооруканага жеткирдик. 29 күн ооруканада жатып, "трубка" менен суюктук ичип калды. Акыркы эркимди жыйнап үйгө 30чу күнү чыгарып келдим. Ал күнү "довольный" болуп,кечке жыргап жатты. Анан кечинде кайтып кетти. Жакшы жүргөн кезинде эле "кокус мен кетип калсам"-деп айтып калса эле, мен "анын баары Кудайдын колунда, сен кетесиңби же мен кетемби"-деп уккум келчү эмес. 12 жашынан баштап Опера- балет театрында иштептир.Экөөбүз жай сүйлөшүп отуруп калганда,"Кыргыз искусствосуна колумдан келишинче эмгегимди кылдым. Мени элим унутпай, театр, жамаатым унутпай, кийин мени эстейт, баалайт болду бекен"-деп көп айтаар эле. Мен дагы "Албетте, баалайт. Мен дагы кыргыз руханий дүйнөсүн байыткан, кыргыз искусствосун дүйнө жүзүнө тааныткан, ушундай залкар адам менен тагдырлаш болуп калганыма ыраазымын"- деп өзүнө да айтаар элем.
- Кантип таанышып калдыңыздар эле?
- 1984- жылы Совминдин санаториясына эс алганы баргам. Кыштын февраль айы болчу. Калый Молдобасанович Чынгыз Айтматов экөө чыгармачылык командировкага барышыптыр. Санаторийде эл аз экен, ашканада чогуу, бир столдон тамак ичип калдык. Ошол жерден тааныштык. . А кезде мурунку жубайы, балерина Светлана Филомонова менен ажырашып кеткенине жарым жылдан ашып калыптыр. А кишини мен мурда эле залкар композитор катары сыртынан таанып, билип жүрчүмүн. Көрүүчү катары анын талантын сыйлап, концерттерине барып турчумун. 50 жылдыгында да Опера-балет театрына барып кечесин көргөм. Ошентип, февраль айында таанышып, августь айында баш коштук. 22 жыл бирге жашадык.
- Сиздин кесибиңиз ким?
- Менин кесибим финансист. Экөөбүздүн чөйрөбүз эки башка болсо да, бизди тагдыр кокустан кезиктирди. Мен сүйлөшүп жүргөн убакта "мен искусстводон алыс адаммын, балким өз чөйрөгүңүзгө жакын адамды тапсаңыз болот беле"-десем, болгон жок.
- Канча балалуу болдуңуздар?
- Экөөбүздүн төрт балабыз бар, тилекке каршы экөөбүздүн ортодо бала болгон жок. Калыйдын мурунку жубайынан бир кыз, бир уулу бар. Менин эки уулум бар. Уулу атасынын жолун жолдоп Ташкентте, Аскердик Горнизондо музыкант ( трубач) болуп эмгектенет. Кызы бизнеске аралашып кетти окшойт, азыр Швецияда жүрөт.
- Катташып турасызбы?
- Анда- санда телофон менен сүйлөшүп турабыз.
- Калый ага айылы Акталаага көп барып турчу беле?
- Мурда жаш кезинде көп эле барчу экен. Акталаада өтө жакын туугандары жок болгондуктан, кийинки убактарда көп деле каттачу эмес. Шаарга алты жашынан эле келиптир , бирок "айылды, айылдын түтүнүн сагындым"- деп айтып калчу.
- Майрамдарда кандай белек тартуулачы эле?
- Гүлдү жакшы көрчү, дайыма гүл алып келип берээр эле. Чет мамлекетке барып келгенде азем буюмдарды ала келчү, иши кылып "без внимание" калтырчу эмес. Мен дагы майрамдарда ага керектүү бир буюмун алып берип, жакшы көргөн бешбармагын жасап берчүмүн. Казы- карта, чучук, бешбармакты жакшы көрөөр эле.
- Каякка барып эс алганды жакшы көрчү элеңиздер?
- Дайыма жайында Көлгө барып, "Аврорада" эс алчубуз. Өзү да көлгө төшкөндү аябай жакшы көрчү. Чогуу Италия, Москва, Ленинград ж.б чет жерлерге көп бардык. Чоң театрларга бат-бат чакырып турушчу. Бу киши бүт жүрөгүн, дитин музыкага сайган адам болгон да. Концерт абдан жакшы өтсө сүйүнүп, андан башка ага эч нерсенин кереги жок болчу. Концерттен күйөрмандар берген кучак толо гүлдү сахнанын артына өткөндө "бүгүн концерт сонун өттү"-деп, гүлдүн баарын мага "бул сеники"-деп мага карматчу.
- Эмки жылы тирүү болгондо 80 жашка чыкмак экен. Алдын- ала кандай даярдыктарды жүргүзүп жатасыздар?
- Өткөндө балетмейстер Сарбагышевге жолугуп "80 жылдыгы келатат,азыртан даярдана бербесек болбойт"-деп айтсам, "Опера-балет театры колубуздан келишинче чыгармачылык бөлүгүн колго алып беребиз"-деди. Калый Молдобасанович каза болгондон кийин К.Кондучалова эже баш болуп, Б. Жакиев, М. Миррахимов ж.б белгилүү коомдук ишкерлер жана искусство адамдары 14 адам кол койгон Өкмөткө "К. Молдобасанов атындагы музей ачылсын, музыкалык окуу жайдын бирине аты ыйгарылсын,борбордун бир көчөсүнө аты берилсин, мемориалдык доска, көчөгө бюст коюуу" - тууралуу кайрылуу катын жазышкан. Ошондо Маданият министрлиги тарабынан 250 миң өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ага Алаарча көрүстөнүнө эстелик орнотуп, ашын бердик. Азыр көчөгө атын бергенге, "мемориалдык доска" боюнча аракет кылып жатам. Окуу жайдын бирине аты берилсе андан бетер жакшы болоор эле. Буюрса, ушул маселелер 80 жылдыгына чейин чечилип калса -деп тилек кылып жатам. Бул адам менин гана эмес, бүткүл кыргыз элинин сыймыгы да.

Маектешкен
Э. Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan