Коомдук-саясый гезит
№01, 13.02.08-ж.





 "Асман" клуб

"Кийин депутат болсом деле сахна адамы болуп жүрө берем"
Бүгүн биздин "Асман press" гезитибиз жарыкка чыгып, кыргыз элине ийилип салам айтып, кучагын жайып өз асманына жылдыздарды топтомокчу. Жылдызыбыз жаркырап күйүп турса, асманыбыз ачык болуп, музыка жыттанып турса кимдин болбосун жүрөгүн жылытат.Андыктан "Асман" эң алгачкылардан кылып, жаш ырчы жигитибиз Максат Бегалиевди кучагына кысып, бир жарк дедирип алды.

- Биринчи берген концертиңиздеги эсте калган окуялардан айтып бербейсизби?
- Окуялар көп эле болсо керек анткени аябай кайгырып, концертим кандай өттү эл кандай кабыл алды болду экен деп тынчсызданып жатып байкабай калдым.Эсимде калганы мен ырдаганда бийчилер коштоп, баарыбыз окшош бийлемекпиз, ага чейин алар менен күндө репетиция жасап үйрөнгөм, элдин алдына чыккандан кийин үйрөнгөнүмдүн баарын унутуп койгом.
- Үй бүлөңүздө сизден башка музыкага шыктуу адам болсо керек?
- Негизи атам музыкант болчу, айдоочу да болду.Азыр саясатка аралашып кетти. Апам дагы музыкант, азыркы убакта үй кожейкеси. Карындашым концертимде ырдап чыгат. Андан кийин карындашым экөөбүз бирге чыга баштайбыз.
- Эр тайын тартат дегендей, тайларыңызда таланттуу адамдардан бардыр?
- Ооба тайларымда да таланттуулар бар.Айта кетсем Самара Токтакунова бир тууган таежем, Аслан, Актан бөлөлөрүм.Өз жактарымдан да таланттуулар жок эмес. Алардын бири кыргыз композитору Мурат Бегалиев атамдын иниси болот.
- Эң бактылуу күнүм деп кайсы күндү эсептейсиз?
-Мен үчүн бактылуу күн бул-үйлөнгөн күн жана жакында эле Айтоо аттуу уулду болдум.Ошол менин кубанычым, бакытым десем болот.
- Уулуңузга мындай жакшы ысымды ким ыйгарды?
- Байкемдин аты Марат. Мараттын иниси мен Максат. Мурат Бегалиев Марат байкемдин баласынын атын элине тоодой бекем болсун деп Элтоо койгон. Менин балама ата-энем менен келинчегимдин ата-энеси кеңешип туруп, Элтоонун иниси Айтоо деген ысымды ыйгарышты.
- Сизди орусча ырдайт кыргыз тилин билбейт, бой көтөргөн бала дегендерге кандай карайсыз?
- Мен 1-4-класска чейин Суусамырда кыргыз класста окугам. Андан кийин Бишкектен деле кыргыз мектепте,кийин Суворов атындагы аскердик лицейинде үч жыл орусча, Жогорку окуу жайына Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө тапшырдым. Ал жакта бардыгы орусча, досторуң, чөйрөң орус болгондон кийин көнүп калат экенсиң.Кыргыз тилинде эркин сүйлөйм, керек болсо түш деле жоруйм.
- Депутат болсом деген ниетиңиз бар экен го?
- Анын да убакыт сааты келет.Эки ишти бирдей алып кеткенге аракет кылам. Мисалга алсам, Россия ырчылары Иосиф Кобзон, Жириновскийлер депутат болуп эле ырдап жүрүшпөйбү.Ошондой эле мен дагы кийин депутат болуп сахна адамы болуп жүрө берем.
- Азыркы ырчылардын бардыгы киного тартылып жатышат.Сиздин киного тартылайын деген оюңуз жокпу?
- Сунуштар түшүп жатат.Эки киного тартылууга чакырышууда.Кудайым буюруп роль ойноп калсам, актёрлук чеберчилигиме күбө боло аласыздар.
- Кыргыз улуттук оюндарына кандайсыз?
- Айылда жүргөндө ордо ойночумун. Андан сырткары чабандес болуп, ат чабышка катышкам.Бардык эле кыргыз улуттук оюндарына кызыгам, бирок көк бөрү, ээр оодарыш оюндары өтө эле атка бекем жүргөн жигиттер үчүн го. Анткени аттан жыгылып кетүү коркунучтары көп кездешет эмеспи.
- Биздин газетага каалоо тилегиңиз!
- Газетаңыздардын ачылышына ак жол! Аты мага абдан жакты.Анткени бул асман деген сөз өзү эле жаңылыктарды чагылдырып турган сыяктуу. Гезитиңердин келечеги кенен болсун аны менен бирге гезитиңердин кожоюндарына жана эмгек жамаатына чексиз ийгиликтерди каалайм!

Маектешкен: Чынара Абдыкеримова




  Максат Бегалиевдин бутерброду

Керектелүүчү азыктар:
Бир ак батон.
Бир тилим сыр.
Эки жумуртка.
Бир тиш чеснок.
Татымына жараша туз.
Майонез.
Бир тал петрушка.

Даярдоо ыкмасы:
Алгач жумуртканы сууга бышырып аласыз. Андан кийин сырды теркадан өткөрөсүз. Чеснокту да майдалайсыз. Андан кийин кесилген батон нанынын үстүнө тегиз кылып, майонез шыбап, жумуртканы кесип жайгаштырып, теркадан өткөн сырды себелеп коесуз. Татымына жараша тузду сээп, эң үстөнө бир тал петрушканы кооздук үчүн үзүп-үзүп коесуз. Мына кыска убакытта эле будерброд даяр болуп калды. Тамагыңыз таттуу болсун, окурман.




  Мына сага

Азиз Жетигенов
Кудай жолуна түштүбү?
Ырчы Азиз Жетигенов, мусулман пендесинин парзы болгон беш убак намаз окуп, ыйман жолуна түшүп, дабатка чыгып жүргөн кези.Мындай нерсени уккан Азиздин күйөрмандары "Азизди сахнадан көрбөй калабызбы?" деп тынчсызданышууда. Эмнеси болсо дагы турмуштагы багытынан адашпаса болду.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan