Коомдук-саясый гезит
№01, 13.02.08-ж.





  ПОЗИЦИЯ

  ОҢДО

Чолпонбек Абыкеев, Президенттин алдындагы коомдук байланыштар боюнча бөлүмдүн жетекчиси:
"Азыр оппозицияда принципиалдуулук жок"
- Чолпонбек мырза, жөнөкөй эле жаран катары айтсаңыз, жүрөгүңүздө оппозиция тараптасызбы же?...
- Мен өзүм администрацияда иштегенден кийин мамлекеттин гана кызыкчылыгын коргойм. Мамлекеттик кызмат жөнүндө атайын мыйзам бар. Ошондуктан, оппозиция же позиция жөнүндө бул жерде кеп болбошу керек.
- Кечиресиз, бир учурларда сиз А.Акаевди сынга алып келгениңизди билебиз. Ошол кездеги оппозиция менен бүгүнкү оппозициянын айырмасы барбы? Дегеле, оппозициянын мындан аркы тагдыры эмне болот?
- Оппозициянын тагдыры кандай болоорун мен айта албайм. Азыр күчтүү оппозиция жок. Буга өздөрү күнөөлүү. Себеби, аларда принципиалдуулук жок. Бирөөнө мамлекеттик кызмат берсе эле мурда өзү кошо жүргөн оппозицияны жамандап, кызматтан алып койсо кайра оппозицияга өтө качып жүрүшпөйбү. А оппозиция күчтүү болуш үчүн принцип деген болуш керек, көздөгөн максатына туруктуу туруш керек. Ушул сапаттарынын жоктугунан өз барктарын өздөрү жоготуп алышты.
- Ал эми УТРКдагы кырдаал боюнча эмнелерди айта аласыз?
- УТРКда чынында эле кырдаал оор болуп турат. Бир тарабы Эшимкановго каршы болуп, ачкачылык жарыялап жатышса, экинчи тарабы Эшимкановду колдоп, биздики туура дешүүдө. Албетте, мындай маселелерди мыйзам чегинде чечсе туура болот. Болбосо Эшимканов кетип, башка бирөө келсе деле, кокус ал дагы бирөөнө жакпай калса, дагы бири ачкачылык жарыялап, нааразы боло берсе иш жүрөбү. Ошондуктан сот аркылуу, мыйзамдын чегинде чечилиши керек. Анткени, мындай жол менен кызматка келүүнүн арты жакшы болбойт. Азыр эми комиссия иштеп жатат, жыйынтыгы кандай болоору али белгисиз да.
- Учурда коомчулуктун назары Кыргызстанда Акыйкатчы ким болот деген дагы бир нерсеге бурулуп турат. Келечектеги Акыйкатчы катары кимди көрөөр элеңиз? Турсунбай Бакир уулунбу же Турсунбек Акундубу?
- Мен экөөнү тең канча жылдан бери эл арасында өздөрүнүн салмагы бар укук коргоочу катары билем. Турсунбай Бакир уулу биринчи Акыйкатчы катары көп жыл эмгектенди. Турсунбек Акун дагы укук коргоочу болуп, кандай эмгектенгендигин коомчулук жакшы билет. Учурда алардан башка адамдар дагы өз талапкерлигин көрсөтүп жатышат. Эми кандай болгон күндө да Кыргызстанда Акыйкатчынын ишин мындан ары ким улантат аны Жогорку Кеңеш чечет.
- Чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Биздин угушубузга караганда сиздер иштеген бөлүмдөр кыскарат деген дагы имиштер бар экен.
- Чыгармачылык тууралуу айтсам, кызматка байланыштуу чынында чыгармачылыктан бир аз алыстап калганым чын. Ошондой болсо дагы убактым боло калганда чыгармачылыкка көңүл бурууга аракеттенем. Азыр 5 томдук даяр болуп, басылуу алдында турат.
Ал эми мен иштеген бөлүм азырынча 1-мартка чейин иштей берет. 1-марттан соң жаңы бөлүмдөр ачылып, ишибиз улана берет. Бул эми жыл сайын болот да. Ошол реорганизация учурунда орун жылышуулар мыйзам ченемдүү көрүнүш.
- Сизге дагы бир сурообуз бар. "Аалам" гезитин чын эле саттыңызбы?
- Ооба, гезитти Шамшыбек Медетбековго сатып ийгем. Ал киши азыр "Ааламдын" толук кожоюну. Мен окурман катары гана азыр гезитти үзбөй окуп турам.




  ОРТОДО

Жаныбек Жанызак, эркин журналист:
"Позициям эч кимге зыян алып келбейт"
- Позиция деген эмне?
- Позициянын өзү бир да кишиге зыян келтирбеш керек. Маселен, Мен канча түрдүү гезиттер менен иштешем эч кимси менен кер-мур айтышпайм. Ошол гезиттердини бары менен мамиле түзүп, бары менен каткырышып, бирок, эч кимисине кара санабайм. Менин позициям адам жыргасын дейм. Бирок, мыйзам чегинде кылыш керек. Ушул жерден Исанын сөзүнөн мисал келтирейин. "Сен башка бирөөнүн жакшы мамиле кылышын каласаң ага да ошондой мамиле кыл"- дейт.
Менин элден өзгөчө дизертирлик касиетим бар. Түз бармай жок. Кокус, жок дешсе, анда бурулуп кете бериши керек. Андан башка деле жол толтура. Кыргызстан ошондой жолдордун бирин табыш керек. Азыр Бейшенбек Бекешов кызматынан кетпей тырышып жатпайбы. Андай кылбай пикирин өзгөртсө болмок. Позиция кандайдыр бир жашоо деңгээлде өзгөрүп турушу керек.
- "Элитный" сүйүү деп эмнени түшүнөсүз?
- Кабай Карабакевдун саунадан түшкөн сүрөтүн "элитный" сүйүү деп айта албайм. Сүйүү "элитный" же карапайым болобу бөлүп карап да көргөн эмесмин. Маселен, Олжобай менен Кишимжан бир байкуштардын сүйүүсү эмес да. Же болбосо Ромео менен Жулетта батыш сүйүүсү деп бөлүнбөйт да. Бул жерде сүйүү бөлүнбөйт. Болгону эки адамдын ортосунда сезим бар же жок. Сүйүү формуласы ушул.
- Жарыкка жаңы чыккан сүйүү китебиңиз эмнеси менен баалуу деп ойлойсуз?
- 14-февралга карата атайын сүйүүгө арналган аңгемелерге конкурс жарыялагам. Ошондо бир кыздын күндөлүгү жагып калды. Анда бир кыз бир жигитти сүйүп, эч кимге ыраа көрбөй кыйналат. Албетте, аны ойлоп кыйналып, кичине чөгөт. Бирок, кайра башка жигит менен байланышып калып, баягы жалгыздыктары унутулуп турмуш өтө берет. Маселен, "Канат менен Заринаны" аябай даңазалашты. Өлүмдү кантип даңазалайбыз? Сүйгөнүм өлүп калды, эми мен да өлүшүм керек деген да сүйүүбү? Менин оюм боюнча жараткан сүйүү. Куруткан сүйүү эмес. Канат менен Заринаны ушунчалык даңазалап жибергенине таң калам. Башында жаштарга тарбиялык мааниси кандай болот деп чоочулагам. Жаштарда максимализм деген бар. Кокус, сүйгөнүнөн айрылып калса, дүйнөнүн бары караңгы болгондой кабыл алып алат. Жашоодо сүйүү толтура, 12 кулак казандай. Ошону сузуп гана алыш керек. Сүйүү улутка карабайт. Ал эч нерсеге айрыбаштабай турган тунук, ыйык сезим. Адам жакшылык кылса, мусулман болобу же христиан болуп туруп, жакшылык кылабы чындыктын жармысын алып, чындыктын бир жак бетин көрсөтүп, бир четин көрсөтпөй турган жеткен калпычылар бар. Маселен, "Аалам" гезитинде "Сүйүшкөндөр күнү бизге керекпи?" деген макала жарык көрдү. Алар Валентиндин түрмөгө түшкөнүн эле жазыптыр. А түрмөгө кантип түшкөнүн жазган эмес. Ошол кездеги Рим империясы өзүнүн солдаттарын үйлөнүүгө тыюу салган. Маселен, Россияда солдаттар 25 жыл кызмат кылат. 25 жыл аялы жок жашаганын элестетип көрүңүзчү. Валентиндин кызматкери болсо да, солдаттарды акырындык менен үйлөнтүп нике кыя берген. Аны падыша билип калып, түрмөгө камап койгон. Эми ушул кишини кантип жектесе болот? 14-февраль сүйүү күнү дегендин эмнеси жаман. "Аалам" гезитинде аталган макалада качкан күн дейлиби деп какшыктап жазыптыр. Какшыктагандын да чеги болот да. Эгер качкан күн деген жарашса, анда ошентип да белгилей бер. Кечээ жакында Италияда апельсин менен бири-бирин урмай күн кылды. Азыр кыргызстанда апельсин менен ура албайсың. Ага чөнтөгүбүз туруштук бере албайт. Андан көрө Баткенде август айын өрүк менен урмай күн деп койсо болот. Себеби, август айында өрүк бышып, тебеленип жатат. Менин пикиримде жакшы жөрөлгө болсо, эмне үчүн кабыл албашыбыз керек?




  СОЛДО

Каныбек Иманалиев, экс-депутат:
"Мен улутчул позициядамын"
- Бүгүнкү кыргыз оппозициясынын өңү кандай?
- Ар кандай.
- Опозициянын күрөшү жемишин береби?
- Саясат бул мамлекеттик күрөш болот. Адамдар маселен, сегиз саат иштеп акча таап жашоо үчүн күрөшүп, калган убакта эс алса, саясат 24 саат бою тынбай жүрүп турган күрөш. Эгер оппози-циянын принциптери так, конструктивдүү болуп, моралдык жактан да бары биригип, элдин ишенимине ээ болуп, элди артынан ээрчитип, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таба алса, анда кайсы бир учурда жемишин берет деп ойлойм.
- Сиз кайсыл жактасыз? Маселен, оппозициядасызбы, же бийликтесизби?
- Мен азыр улутчул позициядамын. Бирок, биздин идеяны кимиси колдосо ошонусу менен иштеше беребиз. Айтайын дегеним, "Туран" партиясынын түпкүлүгүн улуттун бычакка саптуу, кыргыз деп күйүп жанган азаматтары түзгөн. Ошондуктан улуттун кызыкчылыгын бийлик колдосо, бийлик менен оппозиция колдосо оппозиция менен кызматташа беребиз.
Бардыгыбыз эркек адам бул дүйнөгө бала жаратып, тукум улап, улуттун каада-салтын сакташ үчүн келерин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Ошондой эле мамлекетибиздин байлыктарын көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга жүзүбүз жарык өткөрүп беришибиз керек. Мамлекеттин эч нерсеге алмашкыс байлыктары, эркиндигибиз, салт-санаабыз, Ысыккөлүбүз, мөңгүбүз, булагыбыз, энергетикабыз, кен байлыктарыбыздан ажырап, куру жалак калбай эртеңки келечек муунга да жүзүбүз жарык өткөрүп беришибиз керек. Карап көрсөк, биздин кен байлыктарга, энергетикага кыргыздар эмес, башка улуттар ээлик кылып жатат. Биз ошондой көрүнүштөргө арданабыз. Эмне үчүн кыргыздын байлыгы кыргызга буйрубайт? Биздин партиядагы азаматтардын улуттук, ар-намысы ойгонуп, кийинки муунга кандай байлыктарды, кандай салт-санаабызды калтырып кетебиз деп түйшөлөбүз. Саясат бүгүн бар да эртең жок нерсе экен. Ага бирөө кетсе, бирөө келет. Кыргыз улуту азыр кыйчалыш, аянычтуу учурду башынан өткөрүп жатат. Кыргыз атуулдарын Россияда өлтүрүп кетип жатышат. Биз улутчул позицияны тутунуп, улуттук баркыбызды, каада-салтыбызды урматтап, кыргыз улутунун асыл касиеттерин кийинки муундарга таза сактап берели деген ниеттебиз. "Туран" партиясын негиздеген эр азаматтардын учугун улап жатабыз.
- Сизди Майрам Акаеванын китептерин жазган деген имиштер бар. Ошол чынбы?
- Жок. Ал абдан билимдүү адам. Китептерин Москвадан чыгарткан. Орусчадан которгонго кыргыз журналистикасындагы аттуу, баштуу аты чыккан эки журналист жардам бергенин билем. Бирок, кимдер экенин, алардын атын атабай эле коеюн.
- Азыр эмне менен алектенип жатасыз?
- Учурда "Туран" партиясында улуттун кызыкчылыгы үчүн тынбай аракетибизди кылып жатабыз.
- Идеялаштарыңыз кимдер?
- Т. Сарпашов, С. Турдумалиев жана башкалар менен идеялашмын.
- Бийлик кызмат сунуштаса барат белеңиз?
- Мен ноябрь, апрель митингдеринде Бакиевди "кетсин" эле "кетсин" деп кыйкырып жүрүп, кантип ал менен бир команда болуп иштемек элем. Ага абийирим да жол бербейт. Принцибим да туура келбейт. Адамда принцип деген болуш керек да.
- Оппозицияга да, бийликке да берген кеңешиңиз…
- Улуттук ар-намысыбыз ойгонуп, эртеңкибизге кайдыгер карабай кыргыз улуту үчүн кызмат кылалы демекчимин.
Гезитиңер алгачкы саны чыгып жаткан турбайбы. Кудайдан болуп, майлуу, сүттүү гезит болушуна тилектешмин.

Перизат Рысманбетова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan