Коомдук-саясый гезит
№01, 13.02.08-ж.





  САГЫНГАН МАЕК

Жүрөгүм Кыргызстанда
Мекенинен сырт жерде жүргөн Эдил Байсалов Улугбек Мамакулов менен маек куруп, журналисттин "референдум аркылуу жаңы Конституция жана Шайлоолор жөнүндө кодекс кабыл алынгандан тартып, өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин образы, имиджи катуу өзгөрдү деген пикир менен макулсузбу?" деген суроосуна жообу.

- Азыркы Президент жөнүндө менин жеке пикирим референдумга чейин эле калыптанган болчу. Ал киши бандиттерге ээн эркин митинг өткөргөнгө жакшы шарттарды түзүп берип, муну менен прокуратура, укук коргоо тармагынын кызматкерлеринин чуулгандуу кылмыш иштери боюнча иш алып баруусуна бут тосуп койду. Кылмышкерлердин үстүнөн "адилеттүү сот чечимдерин" кабыл алдыруу менен сотторду багынып берүүгө аргасыз кылды. Ал эми референдумга жаңы долбоор алып чыгуу, шайлоонун жүрүшүндөгү массалык мыйзам бузуулар жөнүндө айтпай эле коеюн, 0,5 % түшүнүгүн бурмалагандын өзү эле Бакиев жана анын максаттары жөнүндөгү ич жылытаарлык иллюзиянын жоктугу дегенди түшүндүрөт. Ал жеке бийлигин сактап калыштын жана күчөтүштүн амалын гана кылып калды, андыктан аны Акаевдин мыкты окуучусу деп койсок жакшы жарашат, устатынан да ашып түштү.
- Эдил, сенин укук коргоо жаатында жакшы тажрыбаң бар, азыркы укук коргоочулардын мамлекет тарабынан куугун тука алынып жатышынын себеби эмнеде?
- Атуулдардын баардык протесттерин жеринде тамырын кыркуу менен бийлик өзүнүн катуу саясатын таанытып жатат. Бул өлкө үчүн да эл аралык коомчулук үчүн да сигнал, баарынан мурда оппозициялык күчтөргө эскертүү, алардын баардык коомдук акциялары катуу көзөмөлгө алынат.
- Саясаттан сырт калып өзүңдү ыңгайсыз сезип жатсаң керек, Кыргызстанга качан келесиң?
- Өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер карабаган адам саясаттан сырт калбаш керек деп ойлойм. Жеке менин жоктугум али эч нерседен кабар бербейт. Мен сасык оюндардын аркасында кол тыйынга айлангым келбейт, бул ирет да ойлоп табылган бюллетень чуусунун аркасында бийликтин саясый соодалашуусуна жол бергим келген жок. Менин абийирим таза. Биздин элдин акыл-эси кудайга шүгүр, андыктан кээ бир адамдар мени "кылымдын кылмышкери" кылгылары келгенине карабай, мага коюлган айыптоолордун негизсиз экендигине көздөрү жетип эле турат. Азырынча үйгө анчалык деле шашкан жокмун. Жан дилим, аң сезимим менен Кыргызстандамын. Чындап келгенде мен Мекенимден кеткен жокмун да.




Кол, Кулак кескен ким?
Жаңы жылдык белек катары мамчиновник Медет Садыркуловго "сунулган" кесилген кол, кулактын ызы-чуусу "дүң" болуп, анан "дым" болгонуна мына эки айдын жүзү болуп, баратат.

Милиция кызматкерлеринин колунан каза болгон бомжтун колу, кулагы экени аныкталгандан кийин ал кездеги министр Б. Ногойбаев бир топ милиция кызматкерлерин камакка алып, кызматтан алган эле. Министрдин мындай кадамын шаардык милиция башчысы Молдомуса Конгантиев "бизге кеңешилбей жасалды өңдүү" туура эмес кабыл алынганын билдирген дешет. Эми бул киши өзү министрлик кызматка келип, бул ишти кызматтык тергөө жүргүзүш үчүн Башкы прокуратурага өткөзгөнүн билдирди. Сыягы "точканы"Башкы прокурор анан сот койчудай. Ал эми бул аки-чүкүсүнө министр мырза токтолгон жок.

ЖК менен Коргоо министрлиги кагыштыбы?
Кечээ Жогорку Кеңештин жанындагы Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Кызыгы кагыша кеткен эки автоунаанын бири (Тойота камри, 0022кg) ЖКнын депутаттарынын бирине таандык болсо, экинчиси (ДЭУ-Эксперо) Коргоо министрлигине таандык экен. Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок.




 "Илхом" пресс

""Аалам" жашайт жана жашай берет"
…дейт жаңыланган "Аалам "гезитинин башкы редактору Кенжебек Арыкбаев. Окурмандардын эсине сала кетчү жагдай жакында эле "Аалам" гезитинин эмгек жамааты иш таштоо менен гезит ээлерин жарга такашкан эле. Гезит ээси алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп эле, кайра "дым" болуп калган. Иш таштоого бел байлаган кызматкерлердин койгон талаптары аткарылдыбы? "Ааламдын" азыркы абалын билүү максатында баш редактор менен байланышканыбыздын жөнү ушундан. Баш редактор суроолорубузга "Турмушта эми өйдө-төмөн нерселер боло берет" деген өңүттө жооп берди. Демек…

"Чыгаарыбыз да, тагдырыбыз да белгисиз"
Эски "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактор айымы Айзада Абазова "Эмне үчүн "Кыргыз Руху" чыкпай жатат?"- деген сурообузга ушундай маанайда жооп берди.Маалым болгондой 40%жана 60% акция деп экиге бөлүнүп кеткен кайран гезиттин "плюсу" чыгып, "минусу" минтип чыкпай турган кези. Анын үстүнө Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү имаратта жайгашкан рухчуларды кеңседен чыгарат деген имиштер да болууда. Мындай имиштерди редактор четке каккан деле жок. "Биз жөнүндө көп сөз болуп жатат. Жай олтуруп сүйлөшкөнүбүз оң го"- деп ток эткизди.

"Соттошпогон гезит гезит эмес"
Бул пикирди "Жаңы Ордо" гезитинин редактору Бекен Назаралиев билдирди. Мындай суроону узатканыбыздын жөнү бар. Жакында эле "Алиби" гезитинин жаңы редактору Бабырбек Жээнбеков "Жаңы Ордо" гезитин сотко бергенин жазган. Себеби, "Жаңы Ордо" гезити "Алиби" гезитиндеги орун алмашуулар боюнча маалымат берип, саясий "погода" жасашкан эле. "Аша чапкан сөздөрдү сотто далилдеп берсин" деп "Алибинин" редактору билек түрсө, "Сотко чакырса сотко барам" деп "Жаңы Ордонун" редактору кенебей турат. Бул эки гезиттин чабышуусунда эки журналист айымдын аттары аталганы менен алардын ысымдары деле анча деле шылтоо болбогондугу даана эле көрүнүп турат.
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan