Бакыт Букаевдин "Менин айылым" китебинен үзүндүлөр

Алтын бешик
Каридин Акматалиев

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунун кино кафедрасынын башчысы, доцент, Кыргыз жогорку кино мектебинин директору

Каридин Сартбаевичтин жылдыз жайнаткан маңдайынан жарашыктуу жылмаюу төгүлүп турган Акжолтой каарманы "Таштагы элестер" аттуу көркөм тасманын ажары ачылып калганын туйган чыгаарсыз?! Ошол өткөн кылымдын 73-жылы көз жарган бул кинодо биздин темирлик жигит экени жалпы эле айылдаштарынын баарын кубанткан чыгаар! Ал бактылуу жылдарда Каридин агайдын деми-шыкка, жөндөмү-талантка, үмүтү-тилекке сулууланып турган кез эле. Бактысына буюрган студенттик күндөрү дүйнөнүн ордосуна тете даңазалуу Москвадагы айтылуу ВГИК те өттү. Көркөм кино жана телефильмдердин режиссеру деген уникалдуу кесипке ээ болгусу келген анын дарамети менен далалаты толкун сымал түрүлүп отуруп, узак жылдардан бери ар бир күнүн, саатын ушул көлдөн алган табыгый мээрине, дээрине, жуурулуштурулган билими, аракети, мүдөөсү-бүгүн аны Жогорку Кыргыз кино мектебинин директору болуп иштөөсүнө шарт түзүп берип отурат.
К. Акматалиевдин чыгармачылыгында өзү өтө сүңгүп кирип кызыккан бараандуу эмгеги тарых илимдеринин доктору Е. И. Лубо-Лесниченко менен биргеликте сценарийин жазып, Япониянын "Асахи Симбун" газетасынын катышуусунда тартылган "Улуу Жибек Жолу" илимий-популярдуу фильм ЮНЕСКОнун долбоору катары кабылдаган. Тасма эки жыл аралыгында Крым, Каспий, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Памир, Алай, Си-Янь, Дую-Ху ань, Наро, Киото, Осако деген Кытай менен Япониянын шаарларында тартылды. Натыйжада фильм ар бири 30 мүнөттөн турган 13 бөлүктөн же 5 сериядан турат. 1991-жылы ЮНЕСКОнун "Улуу Жибек Жолу-диалогдор жолу" экспедициясынын коммиссиясына премьера кылып көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Каридин агайдын идеясынын негизинде кошуна Корумду айылында көл жээгинде салынуучу "Кыргызстан Улуу Жибек жолунда" комплекстүү долбоорунун алкагында Кыргызстан элдеринин этнографиялык паркын жана Теңир Тоону изилдөөчүлөр музейин түзүү азырынча акча каражатынын жетишсиздигинен токтоп турат. Ала-Тообузда жашаган ар түркүн элдердин жана албетте тамырлуу кыргыз журтунун чыныгы тиричилиги , оокат-ашы, традициялары чагылдырылуучу бул айыл-келечектин иши экендигине үмүтүбүз чоң. Бирок, Каридин Сартбаевич муну менен алакан жайып отуруп калбастан картография институтунда "Кыргызстан Улуу Жибек Жолунда" картасын иштеп чыкты. Бул эмгекти "Кыргыз-патент" мамлекеттик агенствосу "Кыргызстан-Жибек жолу комплекстүү долбоору" деген №1-күбөлүктү ыйгарышты.
Кезегинде ВГИКти артыкчылык диплом менен бүтүүнүн өзү эле түздөн-түз кино тартууга жолдомо болчу. Ганна Оганесян деген таланттуу жердешибиздин калемине таандык "Кеңешүү керек!" деген кыска метраждуу көркөм тасмасы-дипломдук мыкты иш катары өтө жогору бааланган. Мыкты турмушу, балдардын түрдүү психологиясы жана алардын сүйүктүү директору тууралуу бул жагымдуу картинанын башкы ролун даңазалуу актер Советбек Жумадылов ойногон. Келечегинен кабар берген бул фильмден соң дебютка көп өтпөй М. Гапаровдун "Күнөстүү арал" повести боюнча сценарий сунуш кылынат. Чыгармачыл жигери жүзүндө жанган али жаш, ишке тойбой, өзүнүн ашып-ташкан жөндөмүн реализациялоого ашыккан жаш режиссер Арстанбап токойунда бир ай шыктануу кумарына батып, фильмди аягына чыгарат. Дегеле, бул жылдар "кыргыз керемети" деп аталган биздин бул тармакта Т. Океев, Б. Шамшиев, М. Убукеев сыяктуу дөө-шаалары менен аброй алган, өзүнчө гүлдөө доору болгон. Мына ошолордун али чыйырында жаңы муун келе жаткан. "Кыргыз-фильм" студиясында албетте мамлекет тарабынан пландуу акча каражаты бөлүнүп турчу. Кыргыз эл жазуучусу Ашым Жакыпбековдун "Салима" аңгемеси боюнча "Июлдагы үч күн" аттуу толук метраждуу тасмасына Москвадан, Союзкинодон жакшы баа берилип, таскагы катуу чыга баштады.
Э. Борбиевдин сценарийи боюнча тартылган "Ак көңүлдүн арты арыбайт" трагикомедиясына "антисоветтик фильм" деген ярлык илинди. Өнүккөн социализмде жашап жатабыз деп шаңданган ошол учурда режиссердун "Мындай жашоого болбойт!" деген ачыктан-ачык көрүнгөн лейтмотиви Каридин Сартбаевичтин көркөм кино карьерасына чекит койду бейм?! Бирок, көп өтпөй ошол доордун өзүнө чекит коюлуп, кино да тартылбай калды.
Каридин Акматалиев даректүү тасмаларда да өзүнүн дараметин сынаган чебер. "Менин Кыргызстаным", "Кыргызстандын петроглифтери", "Урпактарга калтыралы!", "Башкы китеп", "Биздин айылдын жоокерлери" тасмалары анын бул тармакта да чоң адам экенин айгинелейт.
Азыркы учурда Кыргызстанда "эмгегимди сиңирдим" деп төшүн каккан режиссерлор көп. Бирок, алардын кимисин Каридин Сартбаевичтей кыргыз кино мектебин түптөп иштете алды? Ооба, кыргыз киносунун эгемен күнүнөн тартып киндигин кесип, жерден боорун көтөргөнгө үлүшүн кошуп келет. Искусство институтунда кино жана телевидение кафедрасынын негиздөөчүсү. Жыл сайын аз да болсо профессионал жаш адистерди даярдап чыгарууда.
Жазуучусу, комузчусу, актеру, ырчысы, диктору, деги койчу эмне деген таланттардын алтын бешиги биздин айыл! Ушул алтын бешикте термелип, таланттардын сапарын улап, катарын толуктаган кинорежиссер Каридин Акматалиев тууралуу айтаар сөзүбүз азырынча ушул.






"Учур" теледен кетеби?
"Учур" жаштар телетеатрынын актерлорунун учурда баштары маң болуп турган кези. Анткени, УТРКнын концерттик залына спектакль коюу үчүн ижарага 30 миң сом талап кылынууда.


"Демден" демдүү концерт
Көрүүчүлөрдүн суранычы боюнча "Дем" жаштар театры декабрь айында чоң тамаша концертин тартуулашмакчы. Концертти театрдын боорду эзген күлкүлөрү жана жагымдуу чыгармалар коштойт.


Кыргыз драм театрда дагы эле ремонт
Көпчүлүктү күттүргөн кыргыз драм театрындагы кызуу ремонт 2010-жылдын 1-октябрына чейин созулмакчы. Учурда актерлор өз алдынча иштешүүдө.


"Карменден" "Жизельге" чейин
Учурда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында тынымсыз спектаклдер, опералар, балеттер коюлууда. 6-декабрдан баштап, "Доктор Айболит", "Кармен", "Аида" операсы жана 20-декабрда "Жизель" балети тартууланат.


Салам, Париж!
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрында жума ичинде комедияларга өзгөчө басым коюлат. "Ограбление в полночь", Он, она, окно, покойник", "За двумя зайцами", "Американская рулетка" жана "Салам, Париж" же "Сквад" комедиялары тартууланат. "Салам, Париж" комедия жанрына караганда көбүрөөк мелодрама болуп кетет. Анда эч нерсеге теңдешсиз эркиндик көйгөйү кеңири чагылдырылган. Ал эми "Он, она, окно, покойник" комедиясында каармандардын бир түндө кетирген каталары жөнүндө баяндалат. Жаш көрүүчүлөр үчүн "Дядя Ваня" драмасы коюлат.