Дубайга сапар
Учурда алып баруучу Эльмара Турсуналиева, ырчылар Мирбек Атабеков, Алихан, Даниэль Дубайдагы кыргыз диаспорасы тарабынан жаңы жылга карата уюштурулган фестивалга даярданышууда. Фестиваль 7-декабрда өткөрүлөт. Биздин ырчыларыбыз ал жердеги 5000ге жеткен мекендештерибизге жагымдуу чыгармаларын тартуулап келишмекчи.


Айжамал Москвага кетет
Ак куулардын арманын созолонткон Айжамал Кабылова Москвага кетүүгө кам көрүүдө. Жаңы Жылды жолдошу менен бирге тосуп, бир топ убакыт орус жергесинде жашап каларынан шек жок. Айжамал азыр кош бойлуу, сүйүктүүсү экөө уул күтүшүүдө. Ал эми "Кыз Бурак" тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова декарь же январь айында өтүүчү "Чыгармачылык кече" аттуу бенефис-концерт тартууламакчы. Ал концертке Казакстан, Таджикстан, Өзбекстандын ырчылары конок болушат.


Обон созгонуна он жыл
Айбек Карымовдун чыгармачылыгына он жыл толот. Жадыраган жазда кайталангыс шоу тартуулоону максат кылып, чыгармачылык кечесине эмитеден кам көрө баштады. Ал эми ырчы кыз Гүланда экөөнүн күздө өтүүчү тоюнан кабар жок. Ырчылар өздөрү жеке жашоосун сыр кылышууда.


Тил үйрөнүп чет өлкөгө аттангысы келген Сыймык
Ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев фольклордук топ ачуу менен алек. Бул топтун максаты кыргыз музыкасын башка өлкөлөргө жайылтуу. Андыктан Сыймык мырза "жыл жаңыргандан кийин өтө ынтызарлык менен англис тилин үйрөнөм" деп турган чагы. Дагы бир жаңылыгы Жаңы Жылдын алгачкы күндөрүндө күйөрмандарын чогултуп концерт берет.


Сыйлыкка ээ болгон Сайкал
"Кыз бурак" тобунун эрке кызы Сайкал Садыбакасова эки жылдан бери кикбоксинг менен машыгат. Жакында эле болуп өткөн эл аралык кыздар таймашында Сайкал "Ыкчам кыймыл" сыйлыгына татыктуу болгон. Бул таймашка Кыргызстан, Казакстан ж.б. өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан.