Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/art/09/1124_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/art/09/1124_12.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/art/09/1124_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/art/09/1124_12.htm on line 2
п»ї
  Бир кинонун тарыхынан

"Ак кеме" 35 жашта

Биздин муун СССРдин эрке балдары болуп бактылуу күндөрдү өткөрүп атканда биринчи жолу "Ак кемени" көрүп алып катуу таасирленгем. Балалык баео сезим менен чоңдордун ыплас дүйнөсүн жерип, "Нургазы ырас эле балык болуп сүзүп, ачкөз, кунарсыз дүйнөдөн алыс кетти" дегем. Жаш баланы жемелеп, керели кечке какылдап-какшаган кемпирди, бир нерсе болсо эле катынын баса калып сабаган аракеч, зөөкүр Орозкулду жектеп, "ушундай кантип болсун" деп ыйлап, апамдын колтугуна баш катканым эсимде. Анан "бу деген кино, турмушта мындай эмес" деп өзүмдү-өзүм жооткотком.

Андан бери билинбей жылдар жылып, күндөр өтсө да "Ак кеме" актуалдуулугун жогото элек. Азыр Нургазыдай тагдыры тайкы балдар, Орозкулдай зөөкүр аракечтер көчөбүздө миңдеп саналат. Көпчүлүк балдар бактылуу балалыктан кол жууганы эч кимге табышмак эмес. Ал эми "Ак кеме" болсо ушу күндөрү туптуура 35ке чыкты. Демек, арабызда "Ак кемени" көрбөгөн, суктанбаган, суусабаган, ага кайгырбаган бир да муун калбаса керек. "Ак кеменин" көшөгөсүн көтөрүп, жаралыш тарыхынан бир шиңгил баяндасам чекилик болбостур...

Момун - эл, Бала - чындык, Орозкул - бийлик

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Ак кемеси" менен СССР адабиятына - тили, курулушу, чечилиши жагынан чоң жаңылык алып келген. Идеология менен жаап-жашырылган совет жашоосунун чыныгы жүзүн көрсөтүп, эрдик жасаган менен, орустун көп жазуучулары "Ак кемени" төө бастыга алышкан. Демек, кол учунан жазылган, жөнөкөй чыгарма болсо, көз кырында калмак беле, мыкты болгондуктан, көрө албастык, ич күйдүлүк баарыбир биринчи орунга чыккан.
Жакшы чыгарманы кино аркылуу элге жеткиргенге ар бир режиссер умтулат. 1974-жылы отуз үчкө жаңы чыккан Болот Шамшиев "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы" деген үч көркөм фильмди тартып, "урунарга тоо, урушарга жоо таппай" турган мезгили болчу. "Ак кемени" эч буйдалбай, чечкиндүүлүк менен мойнуна алды. "Ак кемени" кино тилине которуу көп убакытты талап кылып, сценарийди Айтматов, Шамшиев экөө биргелешип жазып чыккан. Кино мазмуну - Момун - жөнөкөй эл, Орозкул - тоталитардык бийлик, Бала - чындык. Демек, чындыкты кандай гана бийлик болбосун өстүрбөй, баш көтөрүп келатса кыя чаап турушат. Сценарий жазылганда чыгармага көп өзгөрүүлөр, жаңы образдар киргизилип, 1974-жылы жай айларында "Ак кемеге" 600 миң рубль бөлүнүп, Көлдүн Чоңжаргылчак деген жеринде тартыла башталган.

Эл баатыры Сабира Күмүшалиева Карыз кемпирдин образына дароо бекилген. Чукчуңдаган, куучуңдаган кемпир өмүрүндө бир жакшылык көрбөгөн, бир тыйындын кадыр-баркын түшүнгөн образ. Чыгармада анчалык орду болбосо да, сценарийге образын жана биографиясын берип, өзүнчө чоң роль болуп калган. Орозкулду - Орозбек Кутманалиев ойнору эбак эле чечилип, режиссер Болот Шамшиев менен экинчи режиссер Темир Дүйшекеев Орозбек агага "Орозкул үчүн кичине арыгыраак болуп атасың, дагы семиргиниң" деп тапшырма беришкен. Ал эми Момун чалдын образына көптөгөн артисттер пробага келишип, эч кимиси режиссердун көңүлүнө жакпай коет. Акыры Болот Шамшиев театрда жалаң комикалык ролдордо ойногон Асанкул Куттубаевди ылайык көрсө, көркөм кеңеш каршы чыгат. "Өзү комик болсо, Момунду кантип ойнойт?" дешип, бирок режиссер беттегенин бербегенде, акыры көнүшөт. Себеби "Караш-караш окуясында" Сүймөнкулду алып келгенде ошол эле көркөм кеңеш чалкасынан кеткен. Кийин кино ийгиликтүү чыкканда режиссердун көрөгөчтүгүнө баа беришкен. Момун чалга келгенде да режиссерду жайына коюшту.

Билесиңерби, билбейсиңерби?
"Ак кеме" алты ай ичинде тартылып бүтүп, 1975-жылы ноябрь айында Бишкектеги спорт сарайында премьерасы өткөн. Премьерада тасманы көрүп отуруп ыйлабаган киши калган эмес. Бүткүл союздук кинофестивалда Гран-прини жеңген. Ч.Айтматов, Б.Шамшиев, оператор М.Мусаев - "Ак кеме" үчүн бүткүл союздук мамлекеттик сыйлык алышкан. Режиссер Б.Шамшиевдин гонорары - тогуз миң рубль, 2-режиссер Темир Дүйшекеевдики - эки миң рубль болгон.

Эң кызыгы, кино тартылып монтаждалып бүткөндө, Москвадан "Совет бийлиги чагылдырылган эмес. Кайра тарткыла" деп кабыл албай коюшат. Биздикилер "андай болсо акча бергиле" дейт да, 50 миң рубль бөлдүрүп алышат. Москвадан келишсе, пионерлер чогулуп пионер лагерлерине кетип атыптыр, аларды, анан театрдын алдында турган эки милийсаны тартып, кинонун бир жерине чаптап, калган акча түгөнгүчө чардашат да, кайра Москвага жөнөтүшөт. Баягы эле кинону баштан аяк көргөндөр "кана совет бийлиги?" деп суроо узатса, "эмне, пионерлер, милициялар силерге совет бийлиги эмеспи" деп көшөрүп атып өткөрүп келишкен.

Зөөкүр Орозкул - Орозбек Кутманалиев кинонун кызыгына батып кетип Момун чал - Асанкул Куттубаевди катуу сабап салган экен. Съемкадан кийин Асанкул аксакал Орозбекке таарынып такыр сүйлөбөй койгондо, ортомчуларды ортого салып, алдына түшүп атып, араң кечирим сураган.

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/art/09/1124_12.htm on line 64

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/art/09/1124_12.htm on line 64

кыргыз тилиндеги гезит "Арт.kg"
архив • редакция 
24-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Периштедей колукту болом десеңиз
2-бет
Сыйлыкка маарыган Жогорку Кеңеш
3-бет
Еврожеңиш
4-бет
Саясат салат
5-бет
Кылычың алып келдиңби? Электр энергиясынына болгон баанын көтөрүлүшүнө өздүк каражатыңыз жетиштүүбү?
6-бет
А/Н1N1 тумоосу боюнча Кыргызстандын эпидемиялогиялык абалы
7-бет
Бал китеп
9-бет
Өзүм менен өзүм
10-бет
Эшенкул БАРПИЕВ:
"Биздин саясат- эл жакшы жашаса!"

11-бет
"Шайыр жана жөндөмдүү болгонум менен бир аз жалкоомун"
12-бет
"Ак кеме" 35 жашта
15-бет
Хеллоу "Мото"

а ­е¦Є.НҐй«