Өзүм менен өзүм
Дарика ЖАЛГАСЫНОВА,
Кыргыз эл артисти
Гүлдөр гүлгө
арзуу айтып
ачылат...
Бардык гүлдөрдүн ичинен розаны жогору баалайм.


Тасма
талаасында
Совет убагындагы тасмаларды көргөндөн рахат алам. Классикалык, романтикалык жана лирикалык жанрдагы тасмаларды кызыгуу менен көрөм.


Китеп билим булагы
Кыргыздын белгилүү жазуучусу Ч. Айтматовдун китептерин окуп, баа берем. Аларды кайталап, чечмелеп, түбүнө жетүү максатында кайра-кайра окугандан баш тартпайм.


Сулуулугум
Адамдардын ички дүйнө сулуулугун жактырам. Аялзаты болгондон кийин келбетиме кам көрөм. Бирок, бир гана фирманын косметикасын колдоно бербестен, көңүлүмө жакканын алам.


Суусундук
Кичине кезимден бери эле лимонадды өзгөчө жакшы көрөм. Жайдын ысык аптасында лимонад ичсең кандай сонун.


Темир тулпарым
Учурда жеке өзүмдүн машинам жок. Эл катары эле троллейбус, автобустарда жүрөм. Үйдөн жумушка бир саат мурун чыгып алып, шашпай жолдо катар ойго чөмүлүп келгенди жактырам.


Эс алууга не жетсин
Чыгармачылыгыма байланыштуу көп мамлекеттерде болдум. Ошондуктан, балдарымдын, неберелеримдин кучагында чер жазышып, эс алганга эч нерсе тең келбейт.


Кан достор
Бирге иштеген кесиптештеримди кан досторум деп айта алам. Себеби, алар менин жакшылык-жамандыгымды тең бөлүшүп, ар дайым моралдык колдоо көрсөтүп турушат.


Жактырган сүрөтчүм
Пейзаж чагылдырылган сүрөттөргө суктанам. Өзгөчө Айвазовскийдин океанды жандуу сымал тарткан сүрөтүн карагандан эч тажабайм. Үйдө илинип турса, тим эле океан толкуп тургандай, бир башкача сезим жаралат.


Модага кеңеш
Ар ким өзүнө жакканын киет эмеспи. Анын сыңары мен деле мода куубайм. Өзүмө ылайыктуу, жарашыктуу жана сапаттуу кийимдерди кийүүгө аракет кылам.


Кемчилик
Телегейи тегиз адам болбосо керек. Жашоодогу кемчилигим - аябай ишенчээкмин. Залакасын тартып жатып деле ишене берген адатым бар.


Ырларым менин
сырларым
Мазмундуу, лирикалык ырларды жактырам.


Тумар
Көзү ачык, бүбү-бакшы дегендерге таптакыр ишенбейм. Жалган жашоодо жалгыз гана Алла Таалага чын дилимден ишенем.


Рахат
Тынчтык, бейпилдик жана тазалыктан рахат алам.


Артыкчылык
Башкалардан артыкчылыгым ичимдик татпаганым болсо керек. Турмушка ар дайым оор басырыктуу көз караш менен карайм. Акты-актай, караны- карадай караган калыстыкты баалайм. Ичимдикти ашыкча ичкен адамдарды жек көрөм. Ичкилик-бул итчилик деп ойлойм.


Кыйналсам да кыя өтпөйм
Кайда болбойун неберелериме кичине болсо да бир нерсе көтөрө кирем. Мейли базарга барбайын, мейли дүкөнгө барбайын, жумуштан чыгып да неберелериме эмне жакшы же таттуу алып алсам деген ой менен алышам. Ошондуктан, мөмө-жемиш, таттуу же кийим болобу кыя өтө албайм.


Бегимай МААДАБАЕВА