Өнөрүң элге барат, мээнетиң сенде калат

Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер, ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер
Акжол БЕКБОЛОТОВ, режиссер, оператор:
"Жакпаса башка кесипке кетем" дегем"
- 1983-жылы Нарын шаарында төрөлгөм. Балалыгым теңир тоо арасында өттү. Төрт бир туугандын кенжеси болгондуктан үйдө ата-энеме эркелеп чоңойгом. Мектепте окуп жүргөндө экономист, врач же мугалим болууну самачумун. Ал кезде ушул үч тармактан башка кесип жоктой сезилчү тура. Океууну аяктап шаарга келгенде журналистикага тапшырууну чечтим. Бирок, буйрук болбой бир жыл окубай бош жүрдүм. Анан "Манас" университетине режиссерлук бөлүмүнө окууга өттүм. Анан киностудияга практикага келип, режиссер Темир Бирназаровдун колуна түштүм. Ошондо Темир байке мага "киного биротоло каласыңбы?" деди. "Жакса иштейм, жакпаса башка кесипке кетем" деп кесе жооп кайтарсам, Темир байке мени карап, "кино деген наркотик сыяктуу, бир аралашсаң чыгыш кыйын болот" деген. чынында киного кандайча баш-отум менен кирип кеткенимди өзүм билбей калдым. Азыр кино тармагынан башка жакта иштөөнү элестете албайм. Учурда кинонун күңгөй-тескейин билип, билген нерселеримди андан ары тереңдетип аткан кезим. Режиссерлук кесибим өзүмө абдан жагат.


Мамбет МАМАКЕЕВ, Кыргыз Эл баатыры,
медицина илимдеринин доктору,
профессор:
"Он беш миң адамга операция жасадым"
- Быйыл 82 жашка чыктым. Хирургияда 58 жыл иштеп он беш миңден ашуун адамга операция жасадым. Республикабыздагы врачтардын дээрлик 99 пайызы менден таалим алган. Алардын арасында он бештейи илимдин доктору, жыйырмадан ашыгы илимдин кандидаттары. Мен ар дайым "ким элек, ким болдук" деп айтып калам. Себеби, 1946-жылы Ысык-Көлдөн анча алыс эмес жерде жайгашкан Кереге-Таш кыштагынан шаарга келгенде орусча "да, нет" дегенди билбей, жылаңайлак, жылаң баш келгем. Ошону менен аракет кылып жүрүп, 1952-жылы окуумду аяктап, госпиталдык хирургия кафедрасында үч жылга ординаторлукка калдым. Анан аспирант, ассистент болдум. Адам аракет кылса, айрыкча чыныгы эмгектенсе жогорку даражага жетет. Мен жетектеген улуттук хирургия борборунда мурда 60 койка болсо азыр 250. Ушу жашыма чейин кесибимен сырткары өлкөнүн саясий ишине аралашып, Жогорку Кеңешке беш жолу депутат болуп шайлангам. Эл-журт, өкмөт башчылары эмгегимди баалап, бир топ сыйлыктарга арзыдым. Буларды мен сурап же сатып алганым жок. Айрымдары мени "кандайча Эл баатыры болуп калдың" деп таң калышат. 1958-жылдан бери Усубалиев, Масалиев, Акаевдер менен иштештим. Эми Бакиев менен иштешип атабыз. Мекенибиздин ар бир жетекчиси медицинага көз карашы түз. Усубалиев өзү текшерип атып ушул борборду куруп берген. Масалиев да таланттуу, чынчыл адам эле, медицинага бир топ жакшы иштерди өтөгөн. Акаев президент болуп турганда опперацияма катышып, эмгегимди баалап 1-3 даражадагы орденди ыйгарды. Андан соң КРнын баатыры наамын ыйгарды. Убагында менин шимди көралбагандар деле болгон. Турмушта ар тараптуу адамдар болот тура. Мен бирөөнүн жамандыгына эч качан териккен эмесмин. өз ишимди сүйүп, жардам сурагандарга колуман келишинче жардам берип келатам.


Татьяна АЗАРОВА,
"VIP" сулуулук салонунун стилист-визажисти:
"Кардарлар кыялы ар түркүн"
Стилисттик кесип-эң биринчиден жумуш графигинин оордугуна карабай чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мен өз жумушумду профессионалдуу, так аткаргандыктан көпчүлүк кардарларым Кыргызстандын белгилүү өкүлдөрү. Алардын талаптары жогору жана убактылары чектелүү. Мен сүрөтчүлүк өнөрдү аркалагандыктан, идеалдуу образ жаратуу үчүн тендеги ар кандай түстөрдү колдоном. Бул кызмат чоң эмгекти, "сабырдын түбү сары алтын" дегендей, сабырдуулукту, адамдар менен оңой жана тез тил табышууну, ар бир кардарга өзгөчө көңүл бөлүүнү талап кылат. Стилисттин негизги милдети кардардын көздөгөн максатын айттырбай билип, ойдогудай туура образ жаратуу. Мен бардык кардарлар менен жакшы мамиледемин. Кардарды боентуп жаткан учурда эмнегедир жаңы сүрөт жаратып жаткандай боло берем. Менимче, дүйнөдө сулуу эмес аялзаты жок болсо керек. Биздин сулуулардын келбетине батыш жылдыздарынан кем эмес даражада кам көрсө болот. Ар бир адамдын башында ар кандай көйгөй болот эмеспи. Жумуш убактысында, ички жан дүйнөмдө тынч жана стабилдүү аралда жүргөндөй сезим туюлат. Ар бир кесип ардактуу демекчи, сүйүктүү кесибим мени бир канча жолу оор абалдан сактап калган. Мен өз кесибимди сүйүп, ак иштегендиктен, анын үзүрүн көрүүдөмүн.


Канат АБДРАХМАТОВ,
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын алдындагы сейсмология институтунун директору:
"Ушул кесиптин мени арбаган касиети бар"

- Сейсмология институтунда орточо эсеп менен алганда 50-60 жашка келип калган кишилер кызмат кылышат. Мындайча айтканда ардагерлерге таянып иштеп атабыз. Биз жаш кезде ушул кесипке кызыгуу артып анан келгенбиз. Сейсмология институтунда эмгектенип атканыбызга бир топ жыл болду. Азыр, тилекке каршы, жаш улан-кыздар аз кайрылышат. Иштетели десек айлыгы өтө төмөн болгондуктан кетип калып атышат. Азыр жаштар 3-4 миң сом маянага иштебей калбадыбы, ушул кесипти сүйгөн айрым жаштар бар. Аларга колдон келишинче билген нерсебизди үйрөтүп, окутуп, тарбиялап келатабыз. Андан сырткары Кыргызстандын аймактарында 26 сесмикалык станцияларыбыз бар. Алардын онуна жаңы жабдуу койдук. Буйруса калган 16 станцияга да жаңы жабдууларды коелу деп ар кандай фонддорго кайрылып, жардам сурадык. Кошумчалай кетчү жагдай азыркы жайгашкан имаратыбызды ремонттон өткөрөлү деген максаттар бар. 1988-жылы курулган бойдон эч бир көңүл бурулган эмес, аябай эскилиги жетип бүттү. Ушунун барысы кесипти сүйгөндүгүмдөн, ушу кесипке арбалган касиеттен улам жасап атпайбызбы.