Дартка даба сырлар
Боор ооруну алдын алуу
Оозуңузга ачуу даам келип, оң жак капталыңыздын кабырга асты ооруксуп турса - анда бооруңузга аяр мамиле кылыңыз. Боордун мүнөзү чатак, андыктан ага кандай тамактанууңуз зарыл экенин аныктап алыңыз.
Боорго ар түрдүү жашылчалар: сабиз, капуста, помидор, бадыраң, ашкабак, укроп. Эттен - үндүк менен торпок эти жакшы. Өтө майлуу эмес балык да ашыкча болбойт. Сыр, сүт, быштак, кефир, йогурт, бышырылган жумуртка пайдалуу. Боор үчүн эң баалуу тамак - бал. Эгерде балга аллергияңыз жок болсо - күнүнө эки ирет бир чай кашыктан жеп туруңуз. Спорт менен машыгууну унутпаңыз. Боордун жактырбаган азыктары - туздуу, маринаддалган аштар, спирт ичимдиктери, күчтүү кофе жана майлуулугу көп тамактар. Ашыкча азыктануу да ден соолугуңузга зыян.

Өрүк
Жүрөк булчуңдарынын иштешинин жакшырышына алып келет. Чарчоодон арылтып, канды жана боорду тазалайт. Составындагы калий менен каротин ашказан жарасын күчөп кетүүдөн жана бөйрөккө таштын толуусунан сактайт. Ошондой эле өрүк - кан айлануусу начарларга, инфаркт болгондорго жана жүрөктүн согушун калыбына келтирүүгө пайдалуу. Кышкысын өрүк кагынын табигый түрдө кургатылганын жеп туруу зарыл. Дайым өрүк жегендердин териси жаш, чачы кайраттуу болот. Эске салчу нерсе бул жемиштин таттуулугу жогору болгондуктан диабетке карама-каршы.


Уйкусуздукту унут
Уйку качып, түнү бою кыйналып, таң заарда өзүңүздү жаман сезсеңиз эмне кылуу керек?
50 грамм укроптун уругу менен 250 грамм кагорду аралаштырасыз да жай отко 10 мүнөт кайнатасыз. Оттон алгандан кийин бир саат коюп коесуз. Бул кайнатманы күнүгө жатаар алдында бир аш кашык ичип алсаңыз уйкусуздукту унутасыз.


Чач
Адам ооруганда күчтүү дары-дармектерди колдонгондо, нерв системасы бузулганда же башка бир себептерден улам чачы түшкөндө тынчсызданбай койбойт. Ошондой абалга тушуксаңыз төмөнкү сунушка назар салыңыз.
Бир чай кашыктан: коньяк, кастор майы, бал жана пияздын согун аралаштырып,чач түптөрүнө сүйкөңүз да, башыңызды жылуулап ороп коюңуз. Үч саат убакыттан кийин жууп салыңыз. Чачты калыбына келтирүүнү самасаңыз, бул рецепти эки жумада бир ирет колдонуп турууңуз зарыл. Чач калыбына келгиче кайталай бериңиз.


Тамак оору
Күн сууктап калган кезде тамак оору көп кездешет. Мындайда колдонуучу эң жөнөкөй ыкма төмөнкүчө.
Анардын кургатылган кабыгын майдалап, бир аш кашык өлчөмүнө 200 грамм кайнак суу куюп, жабык идишке 20 мүнөт кармайсыз. Андан соң дакиге сүзүп алып, күнүнө 3-4 жолу тамагыңызды чайкаңыз. Анар жеген убакта кабыгын ыргытып жибербестен кургатып алсаңыз пайдасы тийет.

Ашкабак
Ашказан оорусуна даба, ошондой эле ичегинин, өттүн иштешин жакшыртат. Ич катыганда жардам берет. Көзү начар көргөндөргө ашкабактын ширесин ичүү пайдалуу. Индияда ашкабак менен туберкулезду дарылашат. Уйкусуздукка бал кошулган кайнатмасы, ириң жараларына жана күйүккө гүлүнүн кайнатмасы жакшы. Кош бойлуулардын токсикоз учурунда ашкабактын данегин чагышса жүрөк айлануусун басаңдатары анык. Ичегидеги чүчөк курттарын да ашкабактын данеги менен жок кылууга болот.


Бегимай МААДАБАЕВА




Бакыт БУКАЕВ, шоумен
Акыркы үч айдан бери "Кремль Таблеткасы" менин тез-тезден кармап туруучу кан басымымдын жогорулашын кадимкидей калыбына келтирди. Буга чейин эмне деген дарыларды колдонбодум. Азыр абалым жакшы. Мен муну чындап сездим!


Ашказандан табылган 700 грамм темир
Дарыгерлер ооруканага сокур ичеги деп шектелип келген перуанстын ашказанынан 700 грамм темир табышкан. 26 жаштагы курулушчу Рекельме Абанто бир канча ай темир жегени маалым болду. Анын сөзүндө үстүбүздөгү жылдын февраль айында 17 мыкты бир күндө жеп бүткөн. Жалпысынан ар кандай размердеги мыктан жүздү аймаган экен, ичи катуу ооруганда ооруканага кайрылган Абанто өзүнүн кайталангыс өнөрү менен акча таап жан баккан. Учурда доктурлар Рекельменин аң-сезимин жана ден-соолугун текшерүүнүн үстүндө.