Жаңыл жана Токторбек Бекбоевдер:
Жаңыл Бекбоева:
- Акыр кыямат болооруна ишенесизби?
"Акыр заман келатат" деп айтылып эле атат, же келбейт, күтүп, күтүп тажадык окшойт. (күлүп)… Акыр заман дегенди чоң түшүнүк менен да карасак болот, балдары начар чыгып, коом бузулуп, кайырчы, сойкулар көбөйгөнү эле акыр заман эмей эмне?Анын үстүнө азыр өзүңө ишенбеген заман болуп калды, күмөн саноо менен жашап калдык.
- Акыркы айлаңызды кетирген окуя?
Жаңы Жылга жаңы сатира даярдагам. Ошо номериме ылайыктуу, мага чак, оюмдагыдай форма табылбай айлам кетип жатат. Ош, "Дордой" базарын кыдырдым, табылбайт.
- Чөнтөгүңүздө акыркы тыйын калган учур болобу?
-Эң болбоду дегенде чөнтөгүмдө 1000 сом жүрөт. Бирок азыр 1000 сом акчабы!
- Акыркы жолу байкебизди эмне кылып таарынттыңыз?
- Мен аны канча таарынтсам да, эч таарынбайт. Себеби, "сага анча - мынча жетишпейт, сени түшүнөм, таарынгым да келбейт" деп көп айтат, күйгүзгүп.
- Акыркы коңгуроо эсиңиздеби?
- Чачыма ак бантик байлап, аппапак фартук кийип, катарга тизилип, кагылган коңгуроонун үнү бир башкача угулуп, айтор, бир кызык сезимдерге жетеленгем. Таң тосуп жатканда токтобой ыйлаганым көз алдымда.
- Акыркы жолу байке менен урушканыңыз?
- Бүгүн эртең менен бир аз тарыныштык. Бирок урушканга убакыт жок, жумушка шаштык. Болбособу…
- Акыркы жолу таң калтырган нерсе?
Мындан эки жыл мурун жанымды койбой "бат эле берем, ажаат ач" деп алган акчасын танып жаткан бир таанышыма айраң таңмын. Кайра "качан алдым эле, бербейм" деп жатса, ушундай да адам болот экен деп жакаңды кармайсың.
Акыркы жолу качан ичкилик ичтиңиз?
Үч күн мурун тойго барып, бир аз ичип алдык.




Токторбек Бекбоев:
- Жеңебизди биринчи жолу көргөндө эле сүйүп калдыңыз беле же…
- Сахнада кандай роль ойнобосун, майын чыгара аткарганын көрүп эле сүйүп калгам. Бир нерсени баштаса, аягына чыкмайын жаны тынбайт.
- Биринчи жолу шаарга келгениңиз эсиңиздеби?
- 10-классты бүтүп, шаарга келгенде орусча билбегеним аз келгенсип, шаарды билбейм. 11-автобуска түшүп алып, кете бердим, кете бердим. Оюмда, "шаар чекесине барып түнөйүн" дегем, караңгы кирген сайын корко баштадым. Бирөө колумдан тарткыласа жүрөгүм болк этип карасам, айылдаш балам. Ата-энемди көргөндөй өпкөлөп ыйлап ийдим…
- Биринчи жолу уурулук кылганыңыз…
- 8-класста чоң уурулук жасагам, азыр уялам, азгырык да. Досум экөөбүз беш тоок уурдаганбыз.
- Биринчи жолу ичкилик ичкениңиз…
- Классташымды армияга узатып, согушка жиберип аткансып, ич күйгөндөн вино ууртагам. Бирок, мас болгон эмесмин.
- Жубайыңыз менен биринчи жолу урушканыңыз эсиңиздеби?
- Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болбой жатып, урушканбыз. Жаштык кылып, жаңжал кызганычтан чыккан. Азыр балдар чоңоюп, бир-бирибиздин баркыбызды билип калдык окшойт, чыр-чатакка жол бербейбиз.
- Биринчи балалуу болгондогу сезим кандай эле?
- Сахнада спектаклде ойноп аткам. Досторум сахнанын каптал жагына келип, "кыздуу болдуң" деп шыбырашат. Мен сахнадан чуркап кеталбайм. Спектакль бүтөөрү менен төрөт үйүнө зуу койдум. Барып, кызым Бегимайдын жарыкка келгенин сүйүнүп, катуу жууганбыз.
- Биринчи жолу эфирге чыканыңыз?
- "Үкөй" аттуу ыр менен эфирге чыккам. Баары бир сахнанын сүрү күчтүү да, абдан толкундап, сүрдөгөм. Эфирге чыккандан кийин жер менен баспай, өзүмчө учкум келип, желпилдегем.
- Биринчи алган машинаңыз?
- Нарында гастролдо жүрсөк, бир орус "Запорожец" сатмак экен. Баасы арзан, Жаңыл экөөбүз кеңешип, чогулткан акчабызга сатып алып, дердейип калдык. А эл бизди шылдыңдаса керек, "Запорожецке" эле ошончо кубанганыбызга.