"Менин айылым" китебинен үзүндүлөр

Сахнанын жасалга падышасы Акен аке же Акен авам.

Шоу-дүйнөдө иштеген 90-жылдагы табордук турмушум жети дубан жергебиздин ой-кырын бирден кыдыртып, канчалаган адамдар менен тааныштырып, канчалаган адамдарга жолуктурбады?

Алымгазы Конушбаев
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М, Рыскулов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты

...Ордолуу Ошко барганда мени күтүп алар бир жылдыздуу агам бар экенине бөркүмдөй ишенчүмүн. Биздин Көлдө улууларды "ава" деп айтат эмеспизби, ал эми түштүк тарапта "аке" дешет. Мына ушул аке деген улуу сөз Акен авама өзгөчө жарашып турчу. Себеби, аны "Акен аке" дешчү.
Акен авамдын өз аты-Алымгазы. Тээ 1970-жылдардан бери Ошто иштеп келет. Мектептен соң, Фрунзедеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүрүп, андан кийин кең Москвадагы Суриков атындагы көркөм сүрөт институтуна өтүп, тагдырдын оош-кыйыштарына байланыштуу кайра борбор шаарыбызга кайтып келип, Кыргыз академиялык драма театрында иштеп калат.
- Атайын театралдык сүрөт бөлүмү жок болсо да, чоң театрдын реклама жазган сүрөтчүсүнөн, сүрөтчү-бутафор, сүрөтчү-декоратор тепкичтеринен өтүп профессионалдык чоң сабак алдым,-дейт Акен ава. Сахна өнөрүндөгү сүрөткер катары калыптанышына өз учурунун "корифейлери": М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. Күмүшалиева өңдүү залкарлар менен чогуу иштегени да өз таасирин бербей койгон жок. Мындай залкарлардын бир эле оюнун, бир эле репетициясын көрүү эмне деген керемет эле!...
1972-жылы Маданият Министрлигинин сунушу менен адегенде Жалал-Абад шаарынын Маданият үйүнүн базасында ачылып жаткан Ош кыргыз драма театрына башкы сүрөтчү болуп дайындалат. Спектакль коюуга шарты жок болсо да, спектакль коюу милдети жүктөлөт. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театралдык институттун кыргыз студиясын бүтүрүүчүлөрүнөн башка бир да техникалык ж.б. кесиптердеги специалисттердин жоктугун эске алганда тагылган милдеттин оордугун сезген болоор элек. Ошентип, театрдын тушоо кесер спектаклин А. Токомбаевдин "Күндүн чыгышы" чыгармасын сүрөтчү-коюучу да, бутафор да, декоратор да, жада калса сүрөтчү-рекламист катары да сапаттуу чыгарды. Фрунзеден, Оштон келишкен БК жетекчилери баштаган топ премьераны жылуу кабыл алышты. Көп өтпөй театр жаңыдан курулуп бүткөн Ош шаарындагы өзүнүн имаратына ээ болушту. Москва, Ленинград, Ташкенттен жогорку театралдык билимге ээ болуп, жаңы театрдын негизги составын түзүшкөн жаш коллективдин иштесе ишке тойбой турган дымактуу учуру эле бул кез. Акен ава да ошол чыгармачыл чоң толкунга сүңгүп кирип, толгон-токой камкордуктардын кучагында болду. Жаңы театрды жасалгалоо, улам жаңы спектаклдерге декарация түзүү, Москвага көшөгө заказ кылуу. Дем алыш, отпуск эмне экенин билбей иштеди. Өз ишинен ырахат алып иштеди. Жаш болсо да бийиктиктерге сапар алган Ош театрынын коллективинин түзүлгөнүнө көп өтпөй эле 1978-жылы Москванын кичи театрында спектаклдерин көргөзүүгө чакыруу алат. Москвада кимдер гана өнөр көргөзбөгөн?! Борбордук зирек көрүүчүнү ынандыруу, таң калтыруу оңой-олтоң эмес. Жаш театр деле өзгөчө ийгиликке үмүткөр болбой, өзүлөрүн чоң жоопкерчиликке, сын-пикирге даярдап турушту.
Москвалык театр сүйүүчүлөр Ч. Айтматовдун "Ак кеме", М. Байжиевдин "Байыркы жомок", М. Гапаровдун "Күнөстүү арал", Н. Думбадзенин "Кам санабаңыз, апаке?", М. Горькийдин "Түпкүрүндө" өңдүү спектаклдерин зор ынтаа менен көрүштү. Театр ишмерлери, сынчылар, газета-журналдардын кабарчыларынан тартып көрүүчүлөргө чейин театрга, анын ар бир актеруна жогорку баа берип жатышты. Сүрөтчүнүн эмгеги да көмүскөдө калган жок. "Түпкүрдө" жана "Күнөстүү арал" спектаклдеринин жасалгасы үчүн Москвадан атайын сыйлык белгиленсе, Мекенинде- республиканын Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
Жылдар жылоолоп, Сулайман-Тоонун койнундагы, Ак-Бууранын боюндагы ордолуу Ошто отуз төрт жыл өмүрүн, чыгармачылыгын арнап келди. Бул жылдар аралыгында гана эмес Бишкекте, Нарында, Андижанда сахналаштырган 80ден ашуун спектаклдердин сценографиясын ийгиликтүү иш жүзүнө ашырды. Ооба, театрга келип, көшөгө ачылганда эле көргөнүбүз декорация (жасалга) болот. Актерлор кандай деңгээлде ойнобосун, декорация маанисиз, символикасыз же ишенимсиз болсо, жалпы спектаклдин баасы бир тыйынга татыбай калат. Декорация десе эле ошол окуя өткөн үй, тоо, талаа эмес, чоң сүрөткерлик бул-спектаклдин башкы максатын, спектаклдин образын көрүүчүгө тартуулоо болуп саналат. Акен авамдын республикалык театралдык фестиваль-сынактарда "мыкты сценография үчүн" сыйлыгын 4 жолу алгандыгынын өзү эле анын өз ишинин чоң чебери экендигин аныктап турат. Ушундай мүнөздөгү сыйлык 1993-жылы Ашгабат шаарында өткөрүлгөн Казахстан жана Орто Азия республикаларынын "Нооруз" театралдык фестивалында да ыйгарылган. Фестивалга ОКДТ Ж. Сыдыковдун "Ак Мөөр" драмасы боюнча коюлган спектакль менен катышкан.
Сахнага илинген Ак Мөөрдүн сөйкөсү бир чети окуя өткөн доорду, каармандар жашаган тиричиликти, же боз үйдү эске салса, андан түшкөн үлпүнчөк Ак шөкүлөнүн, сулуулуктун, күнгө чагылышкан Соң-Көлдүн элесин берет. Спектаклдин финалы Ак-Мөөрдүн өлүмү менен аяктайт. Мында сөйкө да илинип турган жеринен жерге кулап түшкөнү, чоң табылга болгонун театр адистери белгилеп өтө зор баа беришкен.
"Анын өзүнө гана таандык эн тамгасы бар сыяктуу А. Конушпаевдин "почеркин" тааныйсың, анын күчү да, таланты да, өзүнүн сүрөткердик "менин", спектаклдин башкы максатына баш ийдирүү, спектакль менен толук камыр-жумур болуп аралашып, сиңип кетүүсү деп түшүнөмүн"-дейт ОКДТнын адабият бөлүмүнүн башчысы Ө. Абдуллаев. Мисалга "Ашырбайдын" же "Ак Мөөрдүн"сценографиясын алалы: сахна мейкиндигинде ашыкча көзгө урунган бир да декорация элементин көрбөйсүң, актерду алагды кылып басынткан бир да деталь жок. Ошол эле убакта сахнада бир да бош орун сүрөткердин көз жаздымында кабылбаганын сезесиң. Оюндан кийин көрүүчүнүн эсинде окуя гана калып, сезими бийлеп, ойго салат. Ал окуяны талдап, күндөлүк жашоосунда өзү курчаган тоолорду, талааларды, дем алган абасын байкабагандай А. Конушбаевдин спектаклдериндеги декорациясы байкалбайт. Анын сценографиясы көрүүчүнү окуянын маңызына, чордонуна алып баруучу, жеткирүүчү-"көпүрө" десек жаңылышпайбыз.
Айтмакчы, "Ашырбай" спектаклинин жасалгасы үчүн (1985-жылы) атайын сыйлык ыйгарылса, "Ак-Мөөр" үчүн (1992-жылы) М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты болду. Ушул эле жылы ал "КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамга татыды.
... Быйыл да Ошко барып келдим. Театрдагы чеберканада мен таанып-тааныбаган адамдар иш менен алек экен. Бир кезде "бул баланча спектаклдин жасалгасы" деп көрсөткөн макеттер дагы эле өз ордунда турат. Эң кызыгы театрдын улуусунан-кичүүсүнө, вахтерунан-режиссеруна чейин "Акен аке азыр Бишкекте. Кандай жүрөт? Бизден салам айт!" деп жылуу сөз узатышты. Ичимден сыймыктанып койдум. Акен акем ой, Акен авам үчүн!...
Бакыт БУКАЕВ





Төмөнкү спектаклдерди жасалгалаган:
Ч. Айтматов "Ак кеме", "Коммунист Танабай", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт"
В. Шекспир "Он экинчи түн", "Отелло"
Ж. Сыдыов "Ак Мөөр", "Эр Төштүк"
Т. Абдумомунов "Ашырбай",
"Алдар Көсөө"
М. Горький "Түпкүрдө"
К. Жантөшев "Курманбек"
Н. Гоголь "Текшерүүчү"
Н. Островский "Болот кантип курчуду"
М. Гапаров "Күнөстүү арал"
М. Байжиев "Байыркы жомок"
М. Карим "Ай тутулган түндө"