Өзүм менен өзүм

Жанетта БОБКОВА, ырчы

Суусундук
Газдалган суусундуктарды ичүүдөн алысмын. Дайыма чаңкаганда табигый ширелер менен "Легенда" суусун ичем.

Тасма
талаасында
Көбүнчө комедия жана триллер жанрындагы кинолорду көргөнгө кызыгам. Айрыкча Джим Керри катышкан тасмаларды калтырбайм.

Гүлдөр гүлгө арзуу айтып
ачылат...
Гүлдөрдүн ханышасы эсептелген розаны өзгөчө баалайм.

Сулуулугум
Аялзаты болгон соң ар убак сулуулук үчүн кам көрөм. Акыркы кездерде "Мэри Кей" косметика фирмасынын продукцияларын колдонуудамын.

Темир тулпарым
"Мерседес-Бенц-600".
Зуулдатып айдагандан рахат алам. Машинасыз ырчынын жашоосун элестетүү мүмкүн эмес.

Эс алууга не жетсин
Ушу күнгө чейин Египет өлкөсүнө барып эс алып келүүнү кыялданып жүрөм. Жакында ата-энемди ошол жакка эс алууга жөнөттүм. Буйурса өзүм да барып келем.


Кан достор
Асел аттуу курбу кызым менен биринчи класска киргенден бери мамилем жакшы. Достугубуз ушу күнгө чейин сакталып, бекем.

Артыкчылык
Чөйрөмдө жүргөн жакын адамдарымдын айтуусунда ак көңүлмүн. Өзүмдөн мурда башкаларды ойлоп, аларга жардам берүүгө умтулам. Ошондуктан боорукерлигимди досторум, жакындарым абдан баалашат.


Модага кеңеш
Ар бир адам жарашыктуу кийинсе жакшы. Жакшы бирок, жарашпай турган моданын кимге кереги бар? Сахнада жүргөн адам катары кээде модага ылайык кийимдерди кийгеним менен такыр эле моданын артынан түшүп алуудан алысмын.

Жактырган сүрөтчүм
Юристан Шыгаевдин тарткан сүрөттөрүн жан-дүйнөмө жакын.


Кемчилик
Жашоодо жалгыз кемчилигим жалкоолук. Жалкоом кармаганда зарыл болгон ишти да жасаганга моюнум жар бербейт.


Ырларым менин
сырларым
Өзүм ырдаган Азат Дөөлөткуловдун "Арманым" абдан жагат. Ырдап атканда да өзүмчө эргүү алам. Анан Селин Диондун чыгармаларын сүйүп угам.


Китеп билим булагы
Негизи башынан эле Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына басым жасайм. Акыркы ирет улуу жазуучубуздун "Тоолор ураганда" чыгармасын окуп чыктым. Аябай жакты. Мазмуну терең, мыкты жазылыптыр.


Тумар
Көзү ачык, бүбү, бакшы дегендерге таптакыр ишене бербейм. Турмушумда жолум ачык болсун деп тумар тагынып көргөн эмесмин.


Рахат
Балдарымды ойнотуп, алар менен парктарга, жаратылышка эс алууга чыккандан рахат алам. Бул жашоодо эң башкы байлыктарым балдарым.


Кыйналсам да кыя өтпөйм
Базар же дүкөн кыдырганда үйгө керектүү буюмдарга көз жүгүртөм. Эмнеге экенин билбейм, бирок, жүз аарчы, майлык, шейшеп сатып ала берем. Анан китеп дүкөндөрдү кыдырып, балдарыма ар кандай китептерди алгандан тажабайм.


Бегимай МААДАБАЕВА