Накыл суроого, акыл кеп
"Башыңа оор түшсө чымындай көр" деген макалга кошуласызбы?
Дастан САРЫГУЛОВ, коомдук ишмер:
- Кыргызда жакшы макал бар эмеспи, "Сабырдын түбү сары алтын" деген. Орчундуу, бир кыйла татаал маселелерди көтөрө билүү керек. Кыргыздар көчмөн калк болгондуктан, ар дайым табигый кырсыктар менен күрөшүп, чыдамкайлыктын, кайраттуулуктун натыйжасында жеңип келишкен. Арстанбектин, "тоодой болгон мүшкүлдү, чымындай кылып көтөргөн, таң калам адам күчүнө" деген сөзүнө кошулам. Ошондуктан, ата-бабадан бери келе жаткан бул макал менен макулмун.


Ит үрө берет, кербен жүрө береби?
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, БЭКтин бюро мүчөсү, адам эркиндиктери жана укуктары институнун башчысы:
- Кербен-бул күнүмдүк турмуш, жалгыз адам, үй бүлө, калайык калк. Кербен-элдин улуу жолу. Жашоодо бардыгы болот эмеспи. Түз жолдо келе жатып эле аңга түшүп кетесиң дегендей, ар дайым каалаганың ойдогудай орундала бербейт. Көп нерсени көтөрө билип, жеңген жана жеңилген учурлар да болбой койбойт. Бирок, мен айтаар элем, башка улуттарга салыштырмалуу кыргыз улуу жеңиш менен келе жатат. Канчалаган кылымдар бою оор түйшүктү көтөрүп, акырындык менен жеңди десем эч жаңылышпайм. Бул таамай айтылган накыл сөзгө мен толугу менен кошулам.


Этекти кессең, жең болбойт,
эзелки душман эл болбойбу?
Жангороз КАНИМЕТОВ, ЖК депутаты:
- Бул кыргыздын тарыхый жолунда айтылып келе жаткан эң маанилүү макалдардын бири. Бүгүнкү күн башка болгондуктан, учурда көпчүлүк адамдар кек сактап душман болуудан алыстагандай сезилет. Мисалы, Түрк мамлекети менен Армения да пикир келишпестикти токтотуп, биримдикке келишти. Адамдын көңүлүн калтырып, сатып кетип, жашоосуна залакасын тийгизген гана учурда кечиримсиздик бүткүл жан дүйнөңдү ээлесе керек. Менин да жашоомдо көрө албастык, бут тосуулар болгон. Бирок, мен адамга эрегишип, кимдир бирөөнү душман туткандан алысмын. Ким мага жамандык кылып жатканын билип, көрүп турсам дагы кайра ал адамдарга жамандык кылган жокмун. Негизи мен адамдын деңгээлине жараша баамдап, адамдык сапаттарды бийик коюп, даражамдын төмөндөшүнө эч качан жол бербейм. Түшүнүгү пас адамдар менен эрегишкенден кыйла алысмын.


"Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой баптанба" дегенди кандай түшүнөсүз?
Кабай КАРАБЕКОВ, ЖК депутаты:
- Эң эле туура айтылган макал. Билимиң жок туруп, ар нерсени сүйлөп мактансаң, көптү билген кишинин алдында уят болосуң. Кыргызда көптөгөн макалдар муундан-муунга мурас катары калып, эл ичинде ар дайым айтылып келет. Ар бир макалдардын тарбиялык мааниси өтө чоң.




"Жолукчанга" жолуккан Сыймык
Таланттуу ырчы Сыймык Бейшекеев ордолуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесине жеке концертин тартууламакчы. Учурда "Жоолукчан" аттуу ырына клип тарттырып бүттү, бет ачарына бир жума ичинде күбө болобуз.


Фарфыраган Фарида
Эстрада ырчысы Фарида Карбосова "Аясаңчы" аттуу чыгармасын жаздырып бүткөн соң, ырчы айым күйөрмандарына жагымдуу клип тартууламакчы.


Hello, America
Токтайым эжекебиздин күйөө баласы, ырчы Максат Бегалиев 12-ноябрда Америкага учат. Ырчы чет мамлекетте Кыргызстандын желегин желбиретип, эл аралык конкурс жана фестивалга катышмакчы. Учурда Максат Бегалиев жаңы ырларды жаздырып, аларга клип тарттырууда.


Юрий Бобков комментатор
Маданият күнү Юрий Бобков үчүн эң бактылуу күндөрдүн бири болду десек жаңылышпазпыз. Себеби, ырчы КР эл артисти деген наамга ээ болду. Мына ушул сыйлыгына карата 8-9 декабрда эстрада ырчылардын, куудулдардын, каскадерлордун жана "Ырдайлы кыргыз ырларын" телесынагынын катышуучулары менен биргеликте чоң концерт тартуулайт. Андан тышкары Кыргызстан-Россия тарабынан тартылган "Гаишники" аттуу тасмада комментатордун ролун ойноду. Эрнист Абдыжапаров, Владимир Гусев жана Сергей Астаховго таандык бул тасманы жакында улуттук каналдан көрөбүз.


"60 Кдан" ырлар жыйнак
Сахнада өз орду бар "60 К" тобу учурда жаңы ырлар жыйнагын жаздырып, "Мерез жүрөк" аттуу ырына клип тарттырышууда.


Айсалкын БАЙГАЗИЕВА





  Арт сөздүк.

Аллегретто.
(итал. allegretto-кичирээк, азыраак). Музыкалык чыгарманы мелүүн ылдам (тез) жүрүштө аткаруу.
Аллегро.
(итал. allegro-шайыр, жандуу). 1. Эң ылдам жандуу, шайыр темптин негизги белгиси. 2. Ушундай эле жүрүштө жазылып, наамы болбогон пьесанын аты. Сонаталык аллегро. 3. Классикалык па-де-де, па-де-труа ж.б. бийлердин эң ылдам аткарылуучу бөлүмү же актынын эл көп катышкан корутунду бийи.
Аллеманда.
(франц. Allemande-немецтик). Эски бий. 1. 16-к. Францияда белгилүү болгон. Музыкалык өлчөмү 4. Жай кыймылда аткарылган. Кийин Англияда, Нидерландияда кеңири тараган. Ал эми биринчи жолу Германияда жаралгандыктан, француздар аллемандардыкы (немецтердик ) деп аташкан. 2. 17-18-к. Францияда клавесин, оркестр үчүн жазылган сюитанын эң негизги жай бөлүмү деп аталган.
Аллилуйя.
(байыркы евр. Халлелуйя-кудайды мактоо). 1. Синагогаларда аткарылуучу байыркы еврейлер кудайы Яхвени мактаган шаңдуу мүнөздөгү ыр. 2. Католик чиркөөсүндө айрым муундагы өтө кооздолуп ырдалган диний гимн.
Альт.
(лат. Altus-бийик). 1. Хордо же вокалдык ансамблде партияларын төмөнкү үндө ырдаган балдардын же пас үндө аткарган аялдардын (меццо-сопрано, контральто) үндөрү. 2. Эркек балдардын коңур үнү. 3. Скрипка тобуна кирген, бирок көлөмү саал чоңураак 4 кылдуу тартма аспап. 4. Альт же альтгорн-аскердик оркестрде колдонулган кээ бир музыкалык аспаптардын түрлөрү (мис. Альт-кларнет, альт-балалайка, альт-комуз ж.б.). Альт камералык ансамблдерде, симфониялык оркестрлерде жеке аспап катары да ойнолот.