Көөдөндө көп көйгөй

Турдукан ЖУМАБЕКОВА, ЖК депутаты:
"Манас" эпосу ар бир үйдүн төрүндө туруусу абзел"
- "Манас" эпосу дүйнөдөгү көлөмдүү китептердин бири катары Гиннес китебине киргизүү сунуштарын билдирүүдөсүз, кандай жыйынтык күтсө болот?
- "Манас" эпосу дүйнөдөгү көлөмдүү эпос катары Гиннес китебине буга чейин эле киргизилген, ал эми 5 миллион сомдун жоктугунан "Учкун" басмаканасында да "Манас" эпосунун даяр китептери жаткандыгы өкүнүчтүү. "Манас" эпосу кыргыздын кылымдан келе жаткан асыл мурасы, баа жеткис байлыгы, маданияттын туу чокусу, дүйнөдө эч нерсеге теңдешсиз эпос. Ошону ардактап, элдин терең катмарына жеткирүү абзел. Жакындан бери Жусуп Мамайдын айтуусундагы вариантын Кытай Республикасынын Цинзянь округунда чыгарылгандыгы жана ЮНЕСКОнун баалуу мурасынын катарына киргизилгени туурасында элдин бүйүрүн кызыткан талкуу болууда.
- ЮНЕСКОнун тизмесине" Манасты" кытайлар тарабынан киргизилген маалыматы үч жума болсо да, бир депутат үн каткан жок, буга кимдир бирөөлөрдү күнөөлөгөнгө мүмкүнбү?
- Албетте, буга жүрөгүм ыйлап, кыжаалат болуп атам. Кечээ өкмөттүк саатта тышкы иштер министрлигине элдин жана өзүмдүн атымдан чоң нааразычылыгымды билдирдим. Ошол эле убакта тышкы иштер министрлигинин шалаакылыгы, кенебестигинин айынан ушул абалга келдик. Бул маселе бир жыл мурда талкууланып жатса, элчилик өз кызматын жогорку деңгээлде иштей албаган соң, неге креслодо отурат? Этникалык кыргыздар менен байланышы жок экени билинип атат. Эгерде кыргыздар менен байланышы болсо, алар сөзсүз элчиликке кайрылышмак. Мыйзамдуу түрдө Кытай Республикасы болгон соң өкмөттүн колдоосу менен ЮНЕСКОнун тизмесине кирет. Ушул маселелер кытайда да болгон, бул туурасында сайттарда маалыматтар бар. Ошонун барын билсе да, эмне үчүн коомчулукка, өкмөткө билдирген эмес. Чындыгында кытай элиндеги биздин элчиликтин абдан чоң күнөөсү, кайдыгерлиги. Бул нерсени парламентте да айттым. Бирок, 2000-жылы "Манас" эпосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк руханий мурастардын тизмесине киргизүүгө сунуш кылганбыз. Бирок "Манас" эпосу абдан таанымал болгондуктан, бул маселе чечилбей калган. 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү боюнча БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечими бар. Ошол кездеги ЮНЕСКОнун башкы директору да катышкан ондогон түрк тилдүү мамлекеттин башчылары жана дүйнөдөгү окумуштуулар, илимпоздор, саясий ишкерлер катышкан. Дүйнө эли "Манас"-кыргыздын эпосу" деп таанып, англис, япон жана көптөгөн тилдерге которуп, кыргыздын эч нерсеге теңдешсиз эпос экенин далилдешкен. Чындыгында биздин эпос экени талашсыз, руху да, күмбөсү да бизде турат. Ата-бабабыз "Манас" эпосун оозеки айтып жеткирген. Бирок, эң кейиштүүсү дүйнөлүк руханий маданий мурас тизмесине Кыргыз мамлекети тарабынан кирбей калганы. "Дарактын жумшагын курт жейт" дегендей, "Манас" эпосун талаш-тартыш кылганыбыз терс көрүнүш. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүп, ЮНЕСКОго кайрадан кайрылышыбыз зарыл. Кыргыздын мурасы катары "Манасты" ЮНЕСКОнун катарына Кыргыз мамлекети тарабынан киргизүүгө аракет кылуудабыз.
- Кыргыз маданиятынын туу чокусу "Манас" эпосу ушундай абалда болсо, дегеле маданиятка кандай көңүл бөлүнүүдө?
- Акыркы убакта маданий тармакка президентибиз да жакшы көңүл бөлүүдө. Таланттуу адамдардын чыгармачылыгын колдоо иретинде жана искусство жаатындагы маселелерди, айлык акысын көтөрүүдө мурункуга караганда жакшырып калды. Министрликтерге Саякбай, Сагынбай сыяктуу манасчылардын айткан манастарын жаңыртып, жаңы вариантта дисктерге сактап коюсун айттым. "Манас" эпосу боюнча сонун фильмдерди тартса болот, басмаканада 5 миллион сомдун жоктугунан чыгарылбай турган китептерге жакшы көңүл бөлүүбүз зарыл. Мындай каражатты таап, ал китептерди акысыз таратууга болгон аракетибизди жумушообуз керек. "Манас" ар бир атуулдун үйүндө болушу милдет. Маданият министрлиги жоюлуп, агенттик болушунда эч кандай маданиятка залакасы тийбейт. Министрликтин, агенттик болгонунда айырма деле жок. Маданият министрлигинин усулу же устаты отургандыгында. Жаңы өкмөт башчыларыбызга да ушул суроолор боюнча кайрылдык. Маданият агенттигине былтыркы жылдарга салыштырмалуу көп каражат бөлүүнү убада кылды.
- Кыш жакындап газ, электр көйгөйлөрү күч алды, газдын баасы боюнча кандай пикир айтсыз?
- Кыргызстан менен Казакстан сүйлөшүүлөрү дайыма оор болот, ошондуктан көгүлтүр оттун көйгөйү такыр түгөнбөдү. Газды текшерүү кызматтагылар да таза иштебей элдин кыйналганын билсе да, такыр жоопкерчиликти сезишпейт. Негизи карапайым эл салыктарды өз убагында төлөйт, газды көп керектөөчү сауна, казино, кафелери бар байлар төлөшпөйт. Газ тармагындагылар иштеп жатабыз дешет, бирок жылда көп суммадагы карызга батабыз да күнөөнү кимден издээрибизди билбейбиз. Газ боюнча талкууда өзүбүздүн жаратылыш газын иштетип, аларды алуунун жолдорун изилдөө туурасында сунуштарды жылда козгойм. Бул жаатында мыкты адистер менен иш жүргүзүүбүз зарыл. Ал эми газ тармагындагы коррупциянын бир түрү биз уюлдук телефонго бирдик салгандай, газды да симкарта салып, акчасы түгөнгөндө газы жок калгандай кылып иш жүргүзүүнү акырындык менен киргизсек деген ойду билдирдим. Негизгиси адам ресурсун жоюп, текшерүүчүлөрдүн коррупциясына чек коебуз.
- Айыл жергесиндеги төрт-беш балалуулар жалгыз пособияны карап отурушканына карабай кыскартылып, жакырчылыкка малынып отургандардын саны арбын. Дегеле айыл-жерин унутта калтырган жоксуздарбы?
- Пенсия 50 пайызга жогорулаган, ал эми пособия боюнча тиешелүү министрликтер иш алып барууда. Мурда балдарга пособия жашоочулардын турмуш-тиричилигине карап берилсе, эми машинасына, жерине, малына карабай бирдей деңгээлде пособия берүүнү талкуулашууда.
Чолпон ИМАНГАЗИЕВА





  Кызык экен, окуп кой...

Сомалилик карыя 95 жаш кичүү айымга баш кошту
Сомалилик 112 жаштагы Мухамед Ахмед Доре өзүнүн айылдашы 17 жаштагы София Абдуллехке үйлөндү. Доренин сөзүндө жаш кыз ага өз макулдугу менен турмушка чыккан. Карыя кызды бир топ жыл мурда эле жактырып калып, бойго жетүүсүн күтүп аткан. Ал эми кыздын туугандарынын билдирүүсүндө София өзү каалаган адамга менен турмуш куруп атканына кубанууда. София Абдуллех карыянын биринчи жубайы эмес. Анын беш аялынан 18 баласы бар.


Канцелярдык кнопкадан картина
Чыгармачылыкта канцелярдык кнопкадан эмгек жасоону элестетүү кыйын. Бирок, сүрөтчү Эрик Дейг эксперимент кылууну туура көрүп, эми кнопкасыз өзүнүн эмгектерин элестете албайт. Эрик так ушул кичинекей түстүү буюм менен өзүнүн мыкты картиналарын жасайт. Бир портретке 10 миң кнопка жумшалып, 8-10 сааттык убакыт талап кылынат. Ошентсе да мастер өзүнүн ойлогон максатына жеткен.


Фотосессия жасаган ууру
Полиция кызматкерлери сентябрь айында уурулук жасап, издөөдө жүргөн кылмышкерди кармоо үчүн сүрөтүн газетага басышкан. Газетадан өзүнүн начар тартылган сүрөтүн көрүп, карматпай качып жүргөн ууру Мэттью Мэйнард жиндедиби же акылынан айныдыбы, атайын фото сессия жасап, газетага салып жиберген. Мэттью кара куртка жана полиция кызмакерлери кийген ачык сары түстөгү шым кийип алып, полиция фургонунун фонунда койкойо сүрөткө түшкөн. Түштүк Уэльстин полиция кызматкерлери болсо жардамы үчүн кылмышкерге ыраазычылык билдирип, "ал келесоо аябай акылдуулук кылдым деп ойлосо керек. Бирок, биз аны жакында кармайбыз. Ошондо шаардын бардык тургундары анын анык жүзүн көрүшөт. Акмак!" деп сөктү.