Таш доордун таланты

Таш доору керамикада

Улуттук колоритке сугарылган керамикалар атасы-Жумагул ТАШИЕВ
Кыргыз маданиятынын тарыхында кыргыз рухун керамикага чагылдырып, улуттук колоритти жайылтууну максат кылган жападан жалгыз таланттуу сүрөтчү Жумагул ТАШИЕВ агабыз бар. Улут баалуулугун башкаларыбыз көктөн издесек, ал таманыбыздын алдындагы таштан издеп жүрүп таап чыкты. Байтактуу көөнө тарыхыбыздын шооратын таш аркылуу чагылдырып, байыркы таш доорду бүгүнкү күнгө алып келген бул инсан мүмкүн дүйнөдөгү жалгыз сүрөтчү чыгар. Анын көркөм өнөрдөгү табылгаларын карап отуруп, тарых изи таштарда калганын карайлап башкалар таппай жүрсө, сырдуу ааламдын ачкычы кээде ушул кишинин колуна тийип калгандай туюлат. Атамзамандан берки адамзат тарыхы адегенде ташка чегилсе, кийин кагаз, китеп болуп отуруп, биз азыр компьютер заманында жашап атабыз. А бул киши таш доорун унутта калтырбай бооруна басып келатканына биз таңданбаганыбыз менен анын эмгектерине чет өлкөдөн келген меймандардын оозу ачылып жүрөт. Жакында ал Мамлекеттик тарых музейине чакан көргөзмө уюштуруп, өз өнөрүнүн жаңы табылгаларын дагы алып чыгат. Оозубузду мында да бир ачарбыз. Андыктан, "миң уккандан бир көргөн артык" демекчи, көрсөтмөгө кайдыгер калбай, Ташиевдин таштагы сырларына күбө болуп кетиңиздер.
Алгачкы сапарым 1998-жылдан бери көптөгөн өлкөлөргө барып жүрөм. Түркияда, Лондондо, Германияда, Будапеш шаарларында көргөзмөлөрүмдү уюштурдум. Чет элдиктер жаңылык катары, суктануу менен карашат. Чыгармаларымдын көбү улуттук колоритте экенин сезишет. Мен кимдир бирөөлөрдү туураган жокмун, жүрөктөн чыккан нерселер жаралат. Улутубуздун, тарыхыбыздын элестери чагылдырылган керамиканы жакшы баалашып, четжерлерге көргөзмөлөрүмдү алып кетишет. Сүрөтчүлөр живопис жанрына басым жасаса, менин айырмачылыгым керамика жанрына кайрылам. Албетте, талант жөн жерден пайда болбойт. Тукум-куучулук десем болот. Атам өтө таланттуу жыгач уста болгон. Атама жардам берип, буюмдарды кооздошуп жүрүп чыгармачылыктын чыйыр жолуна аралаштым. Кийин Чуйков атындагы сүрөт окуу жайына тапшырып жана керамиканын технологиясын үйрөнүп, ушул даражага жеттим.
- Керамика жасаганга чейин сүрөттөрүн тартып аласызбы?
- Сүрөттөрүн тартпастан, керамикага болгон тарыхты чагылдырып бир формага келтирип, ар түрдүү түстөрдү берем. Көпчүлүгү Саймалуу-Таштагы 4 миң жыл мурунку тарыхый сүрөттөрдү керамикага түшүргөм. Ынтымак үйүнөн бир бөлмө ижарага алып "Саймалуу-Таш" деген көргөзмө уюштуруп, 9 жылдай иштедим. Кийин "жерди бошоткула, бизге бөлмө жетишпейт" деп, көргөзмөнү жоюп коюшту. Жакынкы арадан бери бул орундукту ижарага алып, ишимди баштадым.
Керамиканын технологиясы
Кадимки чопону сууга эритип, формага келтирип кургатып, кайрадан отко салып бышырганда "керамика" деген атка ээ болот. Негизги технология чопо, керамика болсо отко бышып чыккандан кийинкиси. Өзүбүздүн Кыргызстандын чополорунан өтөрү жок. Токмоктун, Кара-Кеченин, Ат-Башынын ак чополорун пайдаланам. Чопонун мыктысы майлуу, ийкемдүү болот. Карапаларды, тарыхый элестердин формасын лепкага келтиребиз, ылайды алып ийлеп-ийлеп бир формага келтиресиң, же атайын гипстен форма жасап, гипске жабыштырып, кайра чыгарам. Булардан тышкары көптөгөн техникаларды пайдаланам.
Чолпон ИМАНГАЗИЕВА





Рахимовдун кара түстүү карапалары
Ташкентте күз айы түшүмгө гана мол болбостон, майрамдарга да бай. Жыл сайын күздө "Өзбекстан маданият форуму жана искусствосу" фонду таланты таш жаргандардын эмгектерин даңазалап, көргөзмө уюштурат. Ташкенттеги искусство жумалыгына ыраазы болуп, алкыш айткан таланттар абдан көп. Алар өздөрүнүн гана өнөрүн көргөзбөстөн, өзгөлөрдүкүн бааамдап, сын айтып, же ийгиликтерди каалап, бир-бири менен байланыша алат. Атадан балага калган чеберчилик өнөрдү аркалаган Акбар жана Алишер Рахимовдор көргөзмөдө бул ирет керамикадан жасалган ваза жана идиш-аяк түрлөрүн көрсөтүштү. Алишер Рахимов андан тышкары өзүнүн жаңы салтуу керамика сериясын көрөрмандарга тартуулады. Кара түстөгү керамика идиштеринде Алишер байыркы тарыхты көрсөтүүгө далалат жасаган. Жүрүш учурунда аскерлер кара идиштерди колдонгону тууралуу ар ким эле биле бербесе керек.


"Швабдык Венера" маданияттын башаты
Германиянын түштүк бөлүгүндө 35 жыл мурун ориньяк маданиятына кызмат өтөгөн, көкүрөгү чоң, сулуулуктун, назиктиктин идеалы болгон башы жок аялдын сөлөкөтү табылган.
Тюбинген немец университетинин жамааты үңкүрдөн 6 мамонттун бөлүгүн табышкан. Бөлүктөрдү чаптай келгенде аялзатынын статуеткасы жаралган. Бул Швабдык фигура 35 миң жыл мурун көмүлгөн. Николас Конарддын билдирүүсүндө 40 миң жылдан да ашышы мүмкүн. "Швабдык Венера" байыркы адамдын статуэтканын бүгүнкү күндөй сакталышы менен дүйнө жүзүн кызыктырган. Байыркы статуэткалар гравет маданиятында 32-26 миң жыл мурун колдонулуп келген артефакторлор бааланса, "Швабдык Венера" маданияттын башкы этабын 5 миң жылга басып өттү.

Керамика жана
фарфор мекени

Цзыбо шаарында чыгаан чеберлер эмгектенет. Бул жерде эң кооз, келишимдүү, керемет керамиканын бардык түрлөрү даярдалат. Керамикадан жасалган фарфор-бул шаардын визиттик карточкасы.

Эң кызыктуусу фарфор жасоо үчүн бул жерде каолиндин жоктугу. Каолин алыстан алынып келет. Фарфор жасоо үчүн сөзсүз каолин жана отко кактоо үчүн очок керек. Цзыбодо очок болгон менен каолин жок фарфор жасоо жагынан астына киши салбаган тарыхы тууралуу билгиңиз келсе, көңүл буруңуз. 1982-жылы Цзыучань аймагынын Цзыбо шаарынын Лунцюань айылында байыркы фарфор вазасы табылган. Бүгүнкү күндө ал ваза музейдин эң баалуу экспонаты катары Кытай фарфор музейинде сакталуу. Бул музейдин эң баалуу экспонаты. Ачык көк түстөгү фарфор же болбосо, "селадон" деген аталыштагы фарфор Цзыбодон алыс жайгашкан Янцзы көлүнүн оң жак жээгинде жашагандар гана жасаган.
Кытай фарфор музейинин кызмачысы Гао Янь: "Бул табылга бизди абдан таң калтырды. Гугун борбордук музейинен Фен Сяньминяны чакырсак, ал да таң калды. Бул фарфор Цзыбо шаарында табылып жаткандан кийин анда жакын жерден селадонду эриткенге очок бар деген жыйынтыкка келишкен. Анан эл жапа тырмак изилдөөгө киришти. Бир канча убактан кийин Чжайли айылында көк түскө оронгон лотос түрүндөгү "цзунь" фрагменти табылган. Көп өтпөй эле эритүү үчүн очок табылган. Мына ушул табылгадан кийин керамика жана фарфор китептеринин авторлору Кытайда селадон болгон эмес деген тыянактарынан баш тартышкан. Эң кызыктуусу фарфор жасоо үчүн бул жерде каолиндин жоктугу. Колдонулган каолин алыстан алынып келет. Фарфор жасоо үчүн сөзсүз каолин жана отко кактоо үчүн очок керек. Цзыбодо очок болгон менен каолин жок фарфор жасоо жагынан астына эч кимди салбайт. 1982-жылы Цзыбо шаарынын Лунцюань айылында байыркы фарфор вазасы табылган. Бүгүнкү күнгө чейин ал ваза музейдин эң баалуу экспанаты катары Кытай фарфор музейинде сакталуу. Цзыбодогу керамикалык фарфор 4 миң жылдан бери иштетилип келет. Цзыбо шаары Хуанхэ көлүнүн жээгинде жайгашкан. Цзыбодо чопо көп болгондуктан, керамика өндүрүшү гүлдөгөн. Нань (түштүк) жана Бэй (түндүк) династиясынын тушунда цзыбочулар керамика иштеп чыгаруудан баш тартып фарфор жасоого өтүшкөн. Жергиликтүү калк селадон менен иштегенге тез эле көнүшкөн. Лотос формасындагы "цзунь" көгүлтүр ачык түстөгү глазурь менен капталган фарфор мурунку доорго таандык болгон. Тан жана Сун династиясында фарфордун тарыхында бийлик мамлекеттик көп сандагы эритүүчү очокторду жасатышкан. Кытайлык фарфор ичке императордук стилдеги фарфор менен бийиктикти багындырышкан. Бирок, Цзыбо территориясында селадон чыкчу жакшы жер жоктугуна байланыштуу көпчүлүк чеберлерге императодук фарфорду даярдоого тыюу салынып, учурда фарфордун бул түрү унутта калып бара жатат. Мамлекеттик очоктордо жасалган ичке фарфор байлар үчүн болсо, ал эми карапайым калк "бисквит" деген аталыштагы фарфорду колдонушат. Цзыбонун очогу миңдеген жылдардан бери башкы фарфор чыгаруучу очокко айланган.