Кадырбек ТАДЖИЕВ,
Кыргыз мамлекеттик цирктин директорунун орун басары:
"Жаныбарларды алууга мүмкүнчүлүк жок"
22-октябрда Бишкектин чок ортосунда жайгашкан циркте каргашалуу окуя болду. Муз үстүндө шоу тартуулаган орусиялык труппанын үйрөтүлгөн аюусу адамдарга кол салды. Аюунун ач азуусунан 25 жаштагы труппанын администратору Дмитрий Потаповдун денеси жулмаланып, ошо жерде дароо жан берди. Аюунун дрессировщиги (үйрөтүүчүсү) Евгений Попов оор абалда ооруканада. "Балдарга ырахат тартуулайбыз" деп жакшы максаттар менен келген орусиялыктардын кандуу окуясы кимди болбосун кейитпей койбойт. Бул туурасында цирктин жетекчилерине суроо салсак "толук жыйынтыгы чыкканда гана маектешебиз" деп жооп берүүдөн баш тартышты. Бирок "циркте аюу адам өлтүрдү" деп эле балдарды циркке алпарбай коюу да акылсыздык. Себеби бул да айтылбай келген кырсык. Аюу тилин адам кантип түшүнмөк, балким ачкадыр. Неси болсо да жоопкерчиликтери өз моюнунда. Кудайга шүгүр, көрүүчүлөрдөн эч ким кырсыктабады. Себеби окуя түндө болгон. Азуусунан кан жалаган жаныбарды Свердлов РИИБ кызматкерлери келип, башка атып өлтүрүштү. Ошондуктан, өткөн ишке өкүнүп, бармак тиштеп калгандын ордуна кыргыз циркин өркүндөтүүгө салым кошолу. Каргашалуу окуя болгон соң, цирктин директорунун орун басары Кадырбек ТАДЖИЕВ менен маектештик.
- Акыркы кезде элдин искусствого, маданиятка болгон мамилеси төмөндөгөнү белгилүү, цирктин күйөрмандарынын деңгээли кандай?
- Цирктин күйөрмандары жаш өспүрүмдөр болгондуктан, алардын мамилелери абдан жакшы. Элдин келиши кудайга шүгүр, сеанстар да үзгүлтүксүз жүрүүдө. Балдар тим эле кубанып, бир-бирине көргөндөрүн айтып, түгөтө албай атканын көрүп кубанасың.
- Балдарды кубандырган сеанстар жагдайын айтсаңыз…
- Москва менен жакшы иштешип атабыз. Россиядан келген цирк 17-октябрдан 8-ноябрга чейин болот, үзгүлтүккө учурабайт. Иттер кызыктуу манежди муз үстүндө көрсөтөт. Кайрадан 28-ноябрда Москвадан келген цирк суу үстүндө кызыктуу оюндарды көрсөтөт. Ал эми Жаңы Жылга карата Москвадан кичине адамдардын (лилипуттар) келерин күтүп атабыз.
- Кирүү акысына билеттердин баасы канча?
- Баалар ар кандай - арзан, кымбат учурлар кездешет. Алыстан келген, эң кызыктуу цирктин баасы жогору болот. Болжол менен айтканда 300 сомдон, 600 сомго чейин.
- Кыргыз цирки кайсы жаныбарлары менен сыймыктана алат?
- Азыр Россия цирки иштеп атканына байланыштуу алардын жаныбарлары бар. Негизи өзүбүз иттерди жана аттарды кармайбыз. Жаныбарларды кармоо көп нерсени талап кылат, бизде андай мүмкүнчүлүктөр жок. Мамлекет тарабынан жардам берилет, бирок цирк-тин оңдоп-түзөө иштерине гана жумшалат. Жаныбарларды алганга жардам көрсөтүлө элек, ошондуктан жаныбарларды алуу кыйын.
- Циркте эмгектенүүчүлөрдү ким даярдайт?
- Атайын цирктин жаш эмгек жамаатын тарбиялоочу студия бар, тажрыйбалуу билим берүүчүлөр бар. Болжол менен жылына 50-60 бала тарбияланып чыгат. Буйруса 13-ноябрда кыргыз цирки өз ишмердигин көрсөтүп, анда цирк-тин студиясында тарбияланып чыккан жаштардын талантын манежке алып чыгышат.





Кыйчалыш күндөр
P.S. Цирктин күйөрмандарына аз да болсо маалымат берүү менен жетишкендиктерин, чечилбей жаткан көйгөйлөрү туурасында сүйлөшүп бир ой туулат. Өткөн саныбызда Marah Land зоопаркында эки зебра өлүп, алардын ордун толуктоого каражат жетишпей, зоопаркка келген балдар "зебра" деп ойлошсун деп божомолдоп, зебранын ордуна эки эшекти ак-кара боек менен боегонун жаздык эле. Муну менен "Манастан Чубак кем бекен" демекчи деп, кыргыз цирки "жок" деп эле оозду куу чөп менен аарчыбай, кыргыздарды циркке тартыш үчүн, ар түркүн кызыктарды ойлоп тапса не? Негизи, кыргыздар кыйын калк эмеспизби…



Ар бир адам бул жашоого жаралган соң турмуштун ачуу-таттуусун бирге алып жүрөт эмеспи, ал эми барына бирдей карабаган тагдырдын түркүн тамашасы менен мыскылдап, жараткан ар түрдүү бактыны буйурат экен. Айла жок тагдырыңа эмес таалайыңа таарын дегендей, турмуштун тартуулаган белегинен качып кутула албайсың. Бирин кем дүйнө, экинчисин зор дүйнө менен сынайт. Бирок, кандай сынабасын, алты саны аман, акыл-эси ордундагы адам таалайына таарынып бекер. Ал эми сүйлөөгө тили күрмөлбөй, колу калтырап, баса албай коляскада отурган майыптардын тагдырына күбө болгондо дүйнөң тарыйт. Аларга ар кандай жардам берсе болот, бирок кудай жараткан мүчөсүнө канча аракет кылсаң да колуңан келбейт. Ошондой майыптардын бири Мария Шайыпова да "Дордой" базарында тилемчилик менен күн кечирет.
Көз жашым көл
"Туулганыңа эмес, турганыңа сүйүн" дегендей, жарык дүйнөгө келген ымыркайдын ден соолугу таза болсо ата-энеге мындан өткөн бакыт жок. Жараткан бирдей бакыт буйрубай, тагдыр ташы адамзатты ар кандай сынайт тура. Кимдир бирөөнү жокчулук менен кыйнаса, айрымдарын ден соолугунан сынайт. Ал эми мага окшогон майыптарды буту-колун шал кылып, ачка-токтун ортосунда, жокчулуктун азабында калганда тирүүнүн тозогун элестетсе болот. Туулганы эле энем ушундай тууп салыптыр, тирүү адамдын ичээр
суусу түгөнбөйт дегенге ишенем. Жарык дүйнөгө келгени ушул абалдан буту-колум кыймылга келбейт, өзүм тамак иче албайм же таза сүйлөбөй жүрүп 41 жашка толдум. 41 жылдан бери ата-энем менен эжем менин азабым менен күрөшүп келишет. Мен теңдүүлөр бала-чакалуу болуп, небере жетелеп жүргөндөрүн көргөндө ичим туз куйгандай ачышат. Тагдыр кайсы жазыгыма мынча жазалады, тамакты жаш баладай оозума куюшат. Эне бактысына татып, неберемди багаар убакта, өзүм жаш баланын кейпин кийип отурганыма арданып, армандын көз жашын төгөм.

Тилемчинин тилеги
"Дордой" базарында тилемчилик менен эмгектенгениме көп жыл болду. Таң эрте эжем сүйрөп келип, кечинде алып кетет. Эртеден кечке өткөн-кеткенди жалдырап отуруп, тапканым жарыбаган акча. Аргасыздан эжеме жардам кылам. Үйдө жалгыз жалдырап отургуча кичине пайдам тийсин дейм. Эжеме кыйын, базарда майда-чүйдө иш менен алек, анан менин кийимимди оңдоп-түздөп, тамак-аш берип түйшүгү түмөн. Экөөбүз батирде турабыз, кыз бир тууган күйүмдүү болот тура, кичинесинен мага каралашчу эле, ушу күнгө чейин мени багат. Мындан бир топ жыл мурда майыптарга аз да болсо жардам көрсөтүлчү, азыр мамлекеттен үмүтүбүзүдү үздүк, эч кандай жардам жок. Бутубуз баспаган соң күнүбүз коляскада, мамлекетпи, байларбы, коляска сатып берип, жардам кылышса биздей майыптардын сообуна калмак.
Мындай оор тагдыр адам баласынын башына түшкүлүк кылбасын. Арабадагы Мария бүгүн жалгыз эмес, акыркы убакта майыптар тилемчилик кылып көчөдө отургандарына кимди күнөөлөрүңдү билбейсиң. Замандын сүрүнбү же ата-энениби? Бирок, Мариянын "энем ушундай тууп коюптур" деген сөзүн укканда дүйнөм аңтарыла түштү. Мария балким тагдырына таарынып, энесин күнөөлөсө күнөөлөп алгандыр. Бирок, байкуш эне омурткасы сыздап тогуз ай көтөрүп, боор этинен бүткөн баласына кантип ушу күндү, кейиш жашоону тилесин.
Чолпон ИМАНГАЗИЕВА




  Кримдүйнө

Дагы бир кыргыз өлтүрүлдү
24-октябрда Москванын Чоң Черкисов көчөсүнүн №6 үйүнүн короосунда 24 жашар чамасындагы Кыргызстандан барган атуулдун сөөгү табылды. Аны мыкаачылар темирдин кесиндилери менен сайгылап, кыйнап өлтүрүшкөн. Бейажал тапкан атуулубуздун аты-жөнү такталууда.
Парадуемся пара алып
Агрардык университеттин ветеринардык факультетинин деканы окуудан айдалган студентти кайра окууга алыш үчүн 25 миң сом пара сурап, акчаны шайма-шай алып жаткан жеринен кармалды. Парачыл деканды мамлекеттик финансы полициясынын кызматкерлери буйтактаттырган жок.
Кыңыр иш кырк жылда
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Свердлов, Октябрь, Кемин, Өзгөн, Талас, Ысыккөл, Майлысуу, Түп, Тоң, Алай РИИБдери кылмыш кылып качып жүргөн 19 кылмышкерди кылтакка илди. Алар адам өлтүрүп, кыз зордуктап, тоноп-талап, уурдап, алдамчылык кылып, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп" жүргөндөр эле. Эми аз да болсо республика аймагы тынч уктайт деп ишенебиз.
Көз кызарткан телефон
Ош шаарынан Кара-Суу районунун жашоочусу 22 жаштагы Кайрат. А. кылтакка түштү. Ал 19 жашар Марат. Анын колун бурап, коркутуп-үркүтүп уюлдук телефонун жула качкан. Эми шылкыйып камакта.
Ат адамдын канаты
Минген атыңды уурдай качып, канатыңан айрыган каапырлар көбөйдү. Алар түз эле союп, сатып пайдага туйтунушат. Тоң районунун Калкагар айылынан 28 жаштагы У. Сейсаканов кызыл шапкечендерге 6 аты жоголгонун кабарлап, кабатырланган. Натыйжада Тоң районун титиретип, оңой олжо менен оокат өткөрүүнү пландаган 45 жаштагы С. К. менен 26 жашар Т.А. кармалып, 6 ат ээсине аман-эсен кайтарылып берилди.