Кайрат Иманалиев.

Кыргызстан жаштар сыйлыгынын,
Т. Абдумомунов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты, улуттук радионун "Казына" чыгармачылык бирикмесинин продюсери.

Болоор бала богунан

"Байчечекей" деген балдардын биринчи сүйүктүү журналы 1977-жылы жарык көрүп, чыга баштаган. Дал ушул жылдын кеч күзүндө биздин каарманыбыз Кайрат да төрөлгөн. Олжобай байкем футбол күйөрманы катары аны казактардын даңазалуу командасынын урматына койгон.
Апам башталгыч класстардын мугалими болгондуктан, журналдын алгачкы номеринен тартып, акыркы айларга чейинки сандары китеп шкафында жыйылып турар эле. Кайраттын төрөлгөн жылдызы спортко эмес, адабият менен көркөм дүйнөгө жакын болгонбу, же кудай таалам тартуулаган белекпи, ал кичинесинен тартып, башка балдардай болуп оюнчук менен эмес, "Байчечекей" көтөрүп алып, журнал менен ойноп чоңойду. Эски портфелин көтөрүп, күн алыс:- Разикай эжей, "Байчечекей" бериңизчи деп келээр эле.
"Байчечекейдин" бажырайган кооз түстүү сүрөттөрү, жомок, жаңылмач, табышмак, ырлары аны барактаган кичинекей Кайраттын чоң көркөм дүйнөгө деген алгачкы "Алиппеси", алгачкы арышы, алгачкы таануусу болду бейм? Дүйнөдөн көзү эрте өткөн апасы ыраматылык Шайкүл жеңем же өз баласындай бапестеген Марий эжем журналдагы ар бир жомокту Кеминде жүз жолу тажабай окуп беришээр эле. Анан даярдоо классына барып, Разикан эжейинин колунан "А" арибин тааныган Кайратты апам: "жөндөмдүү, куйма кулак" деп мактап калчу.
Кайрат айылыбыздын азыркы муунунун жаштарынан чыгармачылык чөйрөдө суурулуп чыккан, өзүнүн билими, таланты, өтүмдүүлүгү менен "мен!" деген атын жасаган, орду бар жаш инсан болуп калды десем жаңылышпайм. Заман ыргагы менен жалаң шоу-бизнестин шамы жагылып, шаңы арткан ушундай өткөөл маалда Кайрат өңдүү жаштардын драматургияга кызыгуусу, адабияттын бул оор жанрында калем сынап көрүүсү өтө сейрек да, кубанычтуу көрүнүшү деп атаса болот. "А" дегенде эле жаш автордун тарыхый темаларга кайрылышы кимдир бирөөлөрдү күмөн санаттырса, жыйынтыгы-анын көрөңгөсү бай, чоң изденүүлөрдүн багытында аракет кылган, театр сахнасында жаңычылдык эксперименттери менен айырмаланган үмүттүү ысым болуп чыга келди. Айталы, Эл жазуучусу Т. Касымбеков менен К. Сактанов биргелешип жазган "Курманжан датка" драмасында окуялар хронологиялык тизмекте өрчүсө, К. Иманалиевдин вариантында ал аял-эне катары биринчи планга коюлуп, сүрөттөлөт. Учурунда бул чыгарма Нарын музыкалуу драм театрында ийгиликтүү коюлуп, башкы каармандын ролун КР Эл артисти Тамара Жумакаева ойногон. Драматургиядагы бул дебют-фурордон көп өтпөй Кайрат эл акыны М. Абылкасымова менен бирдикте жазган "Атаке баатыр" драмасы Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрында коюлду. 2005-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн драматургдардын эл аралык лабораториясында ага калыстар тобу тарабынан жогорку баа берилип, атайын сертификат тапшырылган. Бул чыгарма аркылуу ал театр сүйүүчүлөргө жаңы муундун бул жанрдагы өзүнчө оригиналдуулукка, поэтикалык сымбаттуулукка ээ, азырынча жалгыз автору экендигин айкындай алды.
Кайраттын чыгармачылыгында өзгөчө да, өзүнчө да орду бар-"Актриса" драмасы өзү сүйүп, баалаган, алгачкы тушоо кесер чоң чыгармасында башкы ролду ойногон Тамара Жумакаева деген чоң талантка арналат. Бул боюнча белгилүү театр сынчысы Абаз Сырымбетов:
- "Кайраттын бул драмасынын мага жакканы актрисанын чыгармачылык лабороториясына сүңгүп кирип, ички купуя сырын ачып көрсөткөнү. Тамара Жумакаеванын образы адегенде арбак болуп келип, анан сахнада аткарган образы аркылуу мурунку жашоосуна аралашып, бүтүндөй театрдагы ээлеген орду толугу менен камтылган кээ бир драматургдарга окшоп, анын өмүр баянын санап олтурбай, драматург өзгөчө ыкма менен кандай актриса болгонун, кандай бийиктикке жеткенин чоң чеберчилик менен чагылдырган. Айрыкча, Ханума, Комиссар, Акбара, Курманжан датка сындуу образдарды аткаруу менен актриса жеке турмушун да камтып кеткен. Драматург мына ушул синтезди эң бир жакшы таап, окуяны кызыктуу кура билген. Баарынан да поэтикалык нукура тили ошол каарман менен кошо жашап жаткандай, дал өзү айтып жаткандай сезилет"-дейт.
Кичинесинен Марий эженин жөө жомоктору менен "Манасына", Караколдо лицейде окуп жүргөндө областтык театр койгон спектаклдерге суктанып, шыктанып өскөн Кайрат минтип кыргыз драматургиясында өз жүзү бар калемгер болуп чыга келди. Драматургия жанры менен тааныш адамдар англиялык атактуу В. Шекспир менен кыргыз Токтоболот Абдумомунов жөнүндө жакшы билишет. Минткенимдин себеби, бул эки улуу драматург Кайраттын кумир туткан калемгерлери.
Байыркы В. Шекспирдин тушунда да пьесаларда Жин пери, Азыткы, Мастан өңдүү образдар болгон. Кайраттын чыгармаларында да ушундай элементтер жөн эле атмосферада эмес, окуянын өрчүшүндө өтө ишенимдүү аралашканы өзүнчө чоң чеберчилик! "Курманжан даткада" жана акыркы чыгармасы "Манасчы Көк Теңирдин белеги" деген фантазия-притчасындагы бул табылгаларды баса белгилеп кетпесе болбойт. Дегеле, кыргыз турмушунда кездешүүчү бул касиеттүү, кереметтүү көрүнүш учурунда социалисттик реализмден алыс болгону үчүнбү, негедир сахнада (драматургияда) пайдаланылган эмес. Дүйнөлүк шедевр-"Манас" эпосунун жаратмандары-манасчылардын образынын жаралышына бул элементтердин таасири күчтүү чыккан.
Ушундай талыкпаган изденүү өз үзүрүн берет окшобойбу?! Кайрат 2006-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн Республикалык театр фестивалында "Актриса" драмасы үчүн Т. Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты болуп калды.
Кайра жаралуу доорунда Англияда "катарсис" тазалануу, аруулануу деген бир ажайып процесс жүргөн. Аны да ошол В. Шекспирдей дөө-шаалар өзүлөрүнүн кайталангыс чыгармалары менен калктын калың катмарына сиңдиришкен.
Бүгүн өзүнчө тазаланып, арууланып, бийиктиктерге умтулган Кыргызстаныбызда Кайраттай жаңы муундун жаштары жараткан чыгармалар ар бирибиздин жүрөгүбүздө сыймыктуу сезимдерди ойготуп, келечегибизге кайрат, кубат, дем берип турсун деп тилек кылалы!





Эл алдындагы этика

(...уландысы өткөн санда)
"Тилекке жетүүнүн бирден-бир сыры, бул жан дүйнө менен кыймыл-аракетиңди тарбиялоо, биринен-бири өтүп, сага ырахат тартуулап турганы".
(Руссо Жан-жак Француз окумуштуусу)

Эмне себептен бир инсан сахнада турганда көрүүчүлөр жымжырт угушат да, кээ бир инсан эл алдында ырдап же сүйлөп жатканда көрүүчүлөр ары-бери басып же укпай, же болбосо сүйлөшүп олтурушат? Ушул суроону артист өзүнө биринчи бериш керек. Эгер инсандын ыры менен сөзү айкалышып, кийген кийими төп келишип, сахна этикасын толук колдонуп, элин сүйүп-урматтап чыкса көрүүчүлөр көзүн сүйүнтөт эмеспи... Өз билгениндей бул кийим азыр мода деп майкечен, көйнөкчөн, футбол ойногон кеда, же курсак-саныңды көрсөтүп чыксаң албетте көптөгөн көрүүчүнүн табитин бузасың. Сенин чыгармаң бир күндүк болуп, эртең унутта калат. Ошонун ордуна классикалык кийим кийип, чыгармаңды терең иштеп, көрүү, угуу, сахна эрежелерин толук колдонуп чыксаң, сенин концертиңе күйөрмандарың кийин да келишет. Бүгүнкү күндө көптөгөн концерттерибиз өз убактысында башталбайт. Мисалы: Кыргыз Улуттук филармонияда, опера жана балет театрында же Кыргыз Улуттук драма театрындагы концерттер убагында гана башталат. Демек бул жайларда чыгармачыл адамдарды, көрүүчүлөрдү көзөмөлгө ала турган, алар үчүн жооп бере турган, өз кесибин терең билген сахна этикасын түшүнгөн адамдар иштешет. "Концертти кечирээк баштайлы, эл баары бир кечигип келишет" деп чыгармачыл инсандар айтышса, "концерт баары бир кеч башталат, шашпай эле баралы" деп көрүүчүлөрдөн, күйөрмандарыбыздан угабыз. Кимисиники туура? Менин оюмча бул жерде биз чыгармачыл маданияттын эрежелерин жоопкерчилик менен алып жүргөндүктөн концерт, спектакль, балет болобу өз убагында башташыбыз керек. Эл дагы ошого көнөт да, бир-эки кечигет, кийинки жолу убагында келет. Өзүбүз кемчилик кетирип, сахна маданиятын бузуп жатып күйөрманыбызды күнөөлөгөн туура эмес. "Театр кийим илгичтен башталат"- деп айтылган сөздүн төркүнүндө көптөгөн ойлор жатат. Артисттер чыгарма өргөөсүнө киргенде үстүндөгү кийимин чечип кийим илгичке кантип илгендиги кечикпей бир же эки саат эрте келип даярдык көрүүсү, эл алдында чыга турган сахнанын ыңгайлуулугун текшерүүсү, гримденүүсү, керектүү буюмдарын даярдоосу (реквизиттердин даярдоо) сахнадагы декорацияга көнүүсү, сахна жасалгасына өзүн ыңгайлуу сезүүсү, жан дүйнөсүнүн даярдануусу кандай деңгээлде болсо, анын аткарган чыгармасынын деңгээли да эл алдында ошончо жогору болот. Жогоруда айтылган каалоолордун баардыгы сахна эрежелери айрыкча өз таланттарын сынап, сахна босогосун аттап, чыгармачылыктын түйшүгүн жаңыдан баштап, эл алдында чыга турган жаш таланттарга, актерлорго, ырчыларга, бийчилерге тиешелүү деп ойлойм. Болбосо, "артист" болом деген жаш боз улан-кыздар тажрыйбалуу улуу муундагы өнөр адамдарынын жакшы сапаттарынан бир аздан өздөрүнө тиешелүү нерселерди алып, үйрөнүп турушса, дайыма эл алдында туура багытта болушаары шексиз. Түйшүктүү жана ырахаттуу чыгармачылык өмүрүңөр эл ичинде өмүрү узун болот. Жан дүйнөдөгү оргуштаган талант менен сырткы кыймыл-аракетиңдин маданият этикасы төп келип турса, бул сенин профессионалдуулугуң. Демек, эмгегиң элдин баалоосуна, алкышына, сүйүүсүнө жана урматына бөлөнүшүнө ишенсең болот. Асман мейкининде бийик учкан куштай болуп, сенин да эки канатың чексиз жайылып, өнөрүңдүн мейкининде эч
тоскоолсуз уча аласың...
(уландысы кийинки санда)