Таланттуу сүрөтчү Бектен УСУБАЛИЕВ:
"Ишке аба ырайы, чөккөн маанай да тоскоол эмес"
- Сиз тандаган жанр өнөрдүн кайсы түрүнө кирет?
- Негизгиси живопись жанрын тандагам. Албетте, бир эле жанрга басым жасабастан ар кайсы жанр менен иштейм. Пейзаж, портрет, авангард жанрына кайрылам. Илхам келген убакта кандай учурга туш келсе ошол жанрда иштейм. Ал эми кайрылган темаларым көңүлүмө жараша болот.
- Сүрөттөрүңүздөн бир өзгөчөлүктү байкадым. Кыздардын сүрөтүн көп тартканыңыздын себеби не?
- Мен жан-жаныбар, боз үй, анан кыздардын сүрөтүн көп тартам. Азырынча табитим ушундай, мүмкүн кийин өзгөрүп кетет. Кыздарды тартканымдын себеби кичинемде биздин үйгө артисттер көп келчү, алардын үкү топу, көйнөктөрүнө абдан кызыкчумун. Ошондуктан үкү топу, кыргыз көйнөк кийген накта кыргыз кызынын жүзүн көрсөткүм келет.
- Кыргызстандан сырткары кайсы өлкөлөрдө өнөрүңүздү тааныттыңыз, элдердин сүрөт искусствосуна болгон айырмачылыгы кандай?
- Люксембургда 2002-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен чыгармачылыгыбызды тааныштырганбыз. Андан тышкары көп шаарларда көргөзмөлөр болгон. Венгриянын Будапешт шаарында сүрөтчүлөр менен иштешип келдим. Менимче маданият жогорулаганда адамдардын сүрөткө болгон кызыгуусу да жогоруларын байкадым. Анткени, Венгрияда маданияты өсүп-өнүккөн, искусствону да өтө баалашат. Бизде маданият өссө, сүрөткө болгон кызыгуулар да жогорулайт деп ишенем.
- Акындар, сүрөтчүлөр көп сүйлөбөй түнт келишет эмеспи. Сиз кайсы убакта жарпыңыз жазылып, ачылып сүйлөйсүз?
- Маанайым жакшы болуп, санаалаш адамдар менен отурганда ачылып кетпесем, көп сүйлөбөйм. Негизи сүрөтчүлөр түнт келет деген чын болсо керек.
- Көңүл беш болуп турганда кандай сүрөттөрдү тартасыз?
- Ар кандай учурлар болот, кээде эшикте жамгыр, иштегиң келбей, көңүл чөгүп турганда жакшы чыгармалар жаралып калат. Иш убагында көңүлүмө же аба-ырайына карабайм.
Кайсы мезгил жемиш-түү?
- Албетте, жаз биз үчүн жемиштүү мезгил. Жазында жаңы идеялар, жаңылануулар болот. Мезгилдерге салыштырмалуу жайында да көп материал топтойбуз.
- Азыркы тапта сүрөттөрүңүзгө кимдер кызыгып, кимдер сатып алышат?
- Кризис убагында сүрөткө эмес, нанга акча таппай аткан элди сүрөт сатып албайт дегенибиз туура эмес. Бирок, жандуу сүрөттөр турса, кытайдын жасалма сүрөттөрүн кымбат баада сатып алгандарын көргөндө намыстанам. Биздин сүрөттөрдү көбүнчө чет өлкөлүктөр алышат. Кыргыздар деле бар, бирок көп түшүнө беришпейт. Тоолордун же адамдардын сүрөтүн тартсаң, "эмне үчүн окшош эмес?" деп сурашат. Сүрөт искусствосун да музыка уккандай түшүнүү менен кабыл алыш керек.
Чолпон ИМАНГАЗИЕВА





"Моно Лизанын" уурдалышына атактуу акын-сүрөтчүлөрдүн тиешеси барбы?
"Мона Лиза"- бул сүрөттө Лиза Герардини флорентиялык соодагер Франческо дель Джоконданын аялы болгон. Бул сүрөт 1503-жылы Леонардо да Винчинин кыл калеминде жаралган. Дүйнөнүн шедеври жана эң атактуусу болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө Францияда Лувр музейинде сакталууда. Леонардо да Винчини "Моно Лиза" сапаттуулугу, мыктылыгы менен дүйнө жүзүнө тааныткан. Бул сүрөттү тарыхчылар изилдеп, кыл калемгерлер көчүрүп тартышкан. 1911-жылы музейде эмгектенген адам уурдап кетип, эки жылдан соң кайрадан кайтарып берген.
Сүрөттүн толук аты Ritratto di Monna Lisa del Giocondo болгон.
Сүрөттү изилдөөчүлөр талашып, тартышып, бири эң идеалдуу аялды тарткан десе, экинчиси жаш адамга аялдын кийимин кийгизип тарткан деп божомолдогон, үчүнчүсү Леонардонун өзүнүн портрети деген пикирлерди айтып келишет.
"Моно Лиза" үчүн Леонардо до Винчинин төрт жыл убактысы сарпталган, бирок аягына чыккан эмес. Джорджо Вазаринин айтуусунда "бул сүрөттөн жандуу жаратылышты жана көздөрүн тиктегенде тирүү адамдын көзүн көргөндөй болосуң. Кызгылт мурундары, кыпкызыл эриндери жүзүнө дал келишет. Моюндарына тигилип карасаңар тамыры согуп жаткандай сезилет" деген. Бирок, Джорджо Вазаринин байкоосунда сүрөттө Лизанын кашы жок.
20-кылымдарга чейин "Моно Лиза" Луврда гана көргөзүлсө, 1963-жылы Америкада жана 1974-жылы Японияга алып келишкен. Андан соң Москвада А.С.Пушкин атындагы музейде болуп кайткан. Сүрөттү канчалык изилдесе, ошончолук талаш-тартышка түшкөн. Компьютер менен изилдегенде "Леонардо өзүн жаш аялга окшоштуруп тарткан" деген жыйынтык чыгарган. Сүрөт канчалык талаш-тартыш жаратпасын дүйнө эли бул сүрөттү "жер жүзүнүн шедеври" деп туу тутуп келишет.
1922-жылы 23-августта Луврда ""Моно Лиза" жоголду" деген аңыз кептер тараганда, эл толкуп музейдин алдына чогулган. Музей жетекчилери "ким сүрөттү таап берсе, 25 миң франк беребиз" деп жар салган. Айрым маалыматтарга караганда сүрөттүн уурдалышына акын Гийом Аполлинер жана сүрөтчү Пабло Пикассонун тиешеси бар экенин белгилешет.
Чолпон ИМАНГАЗИЕВА


SMS-Арт-MMS

Урматтуу окурмандар! Бүгүн мына "Арт КG" газетасы жарыкка чыгып олтурат. Ошону менен бирге газетабыздын "SMS Арт MMS" рубрикасына өзүңүздөрдүн SMS жана MMS билдирүүңүздөрдү жөнөтүңүздөр. Төмөндөгү телефон номерге кызыктуу ой-толгоолорду жөнөтсөңүздөр болот. Биз сиздердин SMS жана MMSтериңиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз. Дайым биз сиздер мененбиз!
0 700 46 30 20.
Эскертүү: Бирөөнү маскаралаган, мазактаган жана белгилүү инсандардын аброюна шек келтирген смстер жана ммстер кабыл алынбайт!


16. Салам, "Арт kg"! Бишкек шаарынын тургуну эжем Айнурага салам жолдойм.Ишине ийгилик жана ден соолук каалайм. Сиңдиңиз Айжан.
17. Сүйүктүү ырчым Ислам Акматовдун чыгармачылыгына албан-албан ийгилик! Качан концерт коесуң? Күйөрманың Асель.
18. Эльнура, мен сени жакшы көрөм. Сейдумар.
19. Эң жакын курбум Чынарага жана жолдошу Акылга тунук сүйүү жана чексиз бакыт каалайм. Ася.
20. Ажарлуу ырчы Кундуз Канатбек кызы мен чексиз сүйөм! Урматым менен күйөрманың Адилет.
21. Салам редакция! Мен Каракол шаарында жашаган атам Мыктыбекти, апам Айгүлдү жакында боло турган 50 жылдык мааракси менен куттуктайм. Ар дайым бар болуңуздар! Балаңыз Ислам.
22. Эң жакын досум Алмаз жана аяшым Жазгүлдү үйлөнүү-үлпөт тою менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силерге бакыт-таалай, ак сүйүү каалайм. Кармашкан колуңар эч качан ажырабасын! Досуң Нурадил.
23. Сүйүктүү ырчым Мирбек Атабековго салам! "Сагынам" аттуу ырыңа качан клип тарттырасың? Күйөрманың Эля.
24. Бал тили менен кубандырган кичинекей бөбөгүм Калыска салам жолдойм! Ата-энеңди сыйлаган, келечегиң кең балдардан бол! Байкең Аза.
25. Салам, "Арт kg"! Ишиңерге ийгилик! Окурманыңар Айпери.
26. Апам Аидага жана атам Мырзага чоң салам! Сиздер бар мен бактылуумун. Мен сиздер менен сыймыктанам. Кызыңар Эльнура.
27. Токмок шаарынын тургуну апам Салтанатты келе жаткан туулган күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сизге чексиз бакыт, узун өмүр жана чың ден соолук каалайбыз. Балдарыңыздын сый-урматын көрүп жүрө бериңиз! Бишкектен уулдарыңыз.