Анжелика
12-октябрдан 19-октябрга чейин

Кой
Бул жумада сизди ишиңизде ийгиликтер коштойт. Алдыга түзгөн пландарыңыз да ийгиликтүү болот. Жетекчилигиңиздин мактоосуна татыйсыз. Көптөн бери чечилбей келген маселелер чечилиши мүмкүн. Каражат маселеси бир аз оорлошот. Капчыгыңызды кампайтуунун камын көрүүңүз керек. Колдон келсе карызыңыздан кутулуп, кредитти кайрып берип салыңыз.
Букачар
Кыйынчылыктарга курчалган апта. Канчалык тырышып, ишиңиз оң жолдо болсо да, бары бир туура эмес жагдайларга кабыласыз. Улуу адамдар менен пикир келишпестик болуусу ыктымал, чыдамкай болсоңуз жеңиш сиз тарапта. Ден соолугуңузга кам көрүңүз.
Эгиздер
Апта сиздин кыйынчылыгыңызды экинчи планга калтырып, жасаган ишиңиз жакшы жыйынтыкталат. Бир топ маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы идеяларыңызды коркпостон ачыкка чыгарып, жаңы иштерге кирише бериңиз. Сизге досторуңуз, кесиптештериңиз жана жетекчилик тарабынан жардамдар көрсөтүлөт. Бирок, ушак айтуудан алыс болгонуңуз оң.
Бөйөн
Өзүңүздүн көйгөйүңүз аз келгенсип, башка бирөөлөрдүн иштери да сизге тынтык бербеген жума. Сизден жардам сураган адамдарга каршылык көрсөтпөй эле койгонуңуз туура . Учурда алектенип аткан ишиңизден ийгилик таап, кубанычка бөлөнөсүз.
Арстан
Жума сиз үчүн аябай жакшы өтөт. Ишиңизде, дегеле жашооңузда жакшы жөрөлгөлөр күтүлүүдө. Алыстан жагымдуу кабар угасыз. Документтериңизге сак болсоңуз кийинки жумада да ийгиликтерге бөлөнөсүз.
Бийкеч
Жуманын биринчи бөлүгүндө өзүңүздүн күчүңүзгө баа бербейсиз. Бирөөгө катуу таарынып, андан өч алууну каалайсыз. "Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас" демекчи ачууга алдырбасаңыз ишиңиз оңунан чыгат. Аптанын аягында акчалуу болушуңуз мүмкүн.
Тараза
Алдыдагы иш пландарыңызды иш жүзүнө ашырууга ыңгайлуу апта. Бирок, ар бир жасаган ишиңизге чоң аракет талап кылынарын эсиңизден чыгарбаңыз. Бирөөлөрдү жасаган жамандыктарына көңүл буруп, өзүмчүл болуудан качыңыз. Сиз менен иштешүүгө чоң кызматтагы адамдар кызыктар болушу ыктымал.
Чаян
Ишиңизде барысы жакшы болгону менен кыйынчылыктар болбой койбойт. Жакын туугандарыңыз же кесиптештериңиз менен тил табыша албай, уруша кетишиңиз мүмкүн. Көңүлүңүздү чөктүрбөгөнгө аракет кылыңыз.
Жаачы
Жеке жашооңузда жакшылыктар болуусу күтүлөт. Чет өлкөгөкетүүнү каалап же документ иштери менен алек болгондорду ийгилик коштойт. Улуу адамдар именен пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Аптанын аягында чоң суммадагы каражат коротосуз.
Текечер
Жуманын биринчи жарымында ичиңизге топтогон жиниңизди сыртка чыгарууга аракет кылбасаңыз жеке жашооңузга зыяны тийиши мүмкүн. Кыйынчылыктарды ойлонбош үчүн иш менен көбүрөөк алектениңиз. Жакын адамыңыз менен чер жазыша сүйлөшсөңүз жеңилдеп каласыз. Сүйүүдө жолуңуз болуп, түгөйүңүзгө жолугасыз.
Суупери
Жеке жашооңуз менен катар ишиңизде да ийгиликтер коштойт. Иш билгилигиңиз барысынан жогору болгондуктан мактоого да, ар кандай ушак сөздөргө да кабыласыз. Териштирип, айың кептердин артынан түшпөгөнгө аракет кылсаңыз өзүңүзгө жакшы.
Балык
Кандай иште болбосун чыгармачылык эргүүңүз күч алат. Бир ишти тезирээк жана өтөсүнө чыгара жасап салууну каалап, маселе жаатында туура чечим кабыл аласыз. Жеке жашооңуз сүйүүгө жана бакытка бай. Бизнесмендер үчүн бир аз кыйынчылыктар бут тосот.