Ошол күн кетпейт эсимден деген жаңы рубрика ачтык. Мындан ары кыргыздын аттуу, баштуу инсандарынын жашоосунда болгон кызыктуу жана өкүнүчтүү окуяларын жарыялап турмакчыбыз.

Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА:
"Мылтык тийген жерим көгөрүп, катуу ооруду"

- Өзүмдүн туулган күнүм менен катарлаш балам Арлен эки жашка чыкканда туулган күнүн белгилеп, Динара, Алина баштаган кесиптештеримди мейманга чакырдым. Цирктин жанындагы үйгө жаңы көчүп келгенбиз. Стол үстүн жайнатып, жакшы тилектерди айтышып олтурганбыз. Бир маалда кыздар "таза аба жутуп, эс алалычы" дегенде эшикке чыгып, подьезддин алдында туруп калдык. Бир маалда артыма катуу бир нерсе келип тийди. Түшүнбөй артыма карай кылчайганча, бет маңдайымда турган Алина менен Динараны мээлеп, "атам азыр" деп эшиктеш жашаган кошунам турат. Аны көргөн кыздардын жүрөгүнүн түшкөнүн сураба. Эми мылтыктын өзүнүн эле сүрү кандай. Туулган күндө кошунамдын берген белеги ушундай болгонуна ызаланганымды айтпа. Ошентип 3-4 күн өткөндөн кийин артым шишип, көк ала тартып кетти. Кошунама эч нерсе деп унчуккан жокмун. Алар да кечирим сурап койгонго жарашпады. Денем оорлошуп, мылтык тийген жер кол тийгизбей ооруп чыкканда, айла жок милиция кызматкерлерине арыз жаздым. Аңгыча 5-6 спецназ келип кошунамды колун толгоп камап кетишти. Кийинчерээк мени чакырышты. Барсам тиги кишинин ишин сотко өткөрүп, тергөөдө экен. Анын абалын көрүп ага боорум ооруп, кайра арызымды алсамбы деп да ойлоп жибердим. Тергөөчү кошунамдан эмнеге андай жорукка барганын сураса кечирим сураганды кой, "мен буларды бузулган жаш кыздар биздин эшикке кирип алган го дегем" дебедиби. Кантип Динара, Алина деген ырчыларды тааныбайт. Мени күнүгө көрүп жүрүп кантип ушундай сөздү сүйлөйт. Адамкерчилиги жок экенин баамдаганымда боорум оорумак турсун, арызымды артка алам деген оюмдан кайттым. Кыргыздар бекеринен "сооптун түбү тешик" деп айтпаса керек. Ошентип сурак жүрүп жаткан кезде аялы келип, кечирим сурап, "күйөөм жумушунан куулуп депрессияда жүргөн. Эмне кылганын билбей калыптыр" деп аке-жакеледи. Динара, Алиналарды чайга чакырып, үйүнө коноктоп кечирим сурашты. Бир үйдө, бир подезде жашап, балдарыбыз бир короодо чогуу ойноп жаткан соң, кантип жамандыкка барасың. Арызымды алдым. Бирок, азыркыга чейин ушул окуя эсимден кетпейт. Кечирген менен жүрөктүн түпкүрүндө бир нерсе бары бир калып калат экен.






Кыргыз эстрадасында жаш таланттардын катарын толуктаган ырчы кыз Айгерим күркүрөгөн күздө он сегиш жашка толуп, туулган күнүн күйөрмандары менен бирге тосту. Концерттен кийин Айгерим менен баарлашып, айтылбаган сырларын угуп, алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштүк.


Айгерим Расул кызы:
"Машина жарыштырганымды ата-энем билбейт"
- Айгерим, атактуу болгондун пайдасы көппү же зыяныбы?
- Мен үчүн пайдасы көп. Мисалы, белгилүү ырчы болгонума өкүнбөйм. Менимче мындай бакытка умтулгандар көп болгону менен бардыгы ага жете бербейт. Ата-энемдин күчү менен, ак эмгектин артынан ушул даражага жеттим. Дагы да далай бийик тепкичтерге чыгууга аракет кылуудамын. Ал эми атактуу болуунун бир зыяны карапайым адам катары өзүңдү эркин алып жүрө албайсың. Артыңан ар кандай сөздөр ээрчип, тегерегиңде ушактар айтыла берет.
- Кандай тамакты жакшы көрөсүң, өзүң тамак жасаганды билесиңби?
- Даамдуу жасалган тамактардын барысы жагат. Өзүм деле тамакты түрлөнтө жасаганды жакшы көрөм. көбүнчө Европа жана индия тамактарын жакшы жасайм. Индиялыктардын улуттук тамактарын, таттууларын жасаганды мен индиялык курбу кызыман үйрөнгөм. Алардын тамактары абдан башкача болот, жасалышы да татаал.
- Жактырган жаныбарың кайсы?
- Негизи мага бардык жаныбарлардын балдары жагат. Айрыкча жылкыны жакшы көрөм. Аппак ат мингенди жактырам. Буюрса келечекте ат сарай ачып, ат чабыштарга тулпарларымды чыгарып калышым мүмкүн. Азырынча бул менин кыялым.
- Сени моделдик агентстволорго ишке чакырыптыр деп уктум эле?...
- Андай агенстволорго чакыруу көп эле болгон. Мен бала кезимде моделдик агентстводо абдан сулуу кыздар болот деп, өзүмдү да модель катары элестетер элем. Азыр байкасам ал жактагы кыздарды сулуу деп айтууга болбойт. Эмнеге экенин билбейм, бирок өтө эле арык болуу зарыл. Ошондуктан мага агентстводо иштөө жаккан жок. Мен иштебей эле кийин моделдик агентство ачып, өтө арык болбогон, өзүм каалагандай сулуу кыздарды иштетсем деп ойлойм.
- Өзүңдү сулуу сезип, келбетиңе суктанган учуруң болобу?
- Акыркы учурларда өзүмө абдан суктанчу болдум. Өзүмдү кечке сүрөткө тарта бергенден тажабайм. Ошондуктан сулуумун деп эсептейм. Бирок кебетеме караганда жан дүйнөм сулуурак.
- Кандай алсыздык жактарың бар, дегеле өзүңө жакпаган кандай сапаттарыңды билесиң?
- Бирөөгө өтө тез ишенген ишенчээктигим бар. Ушундай ишенчээктигимдин айынан көңүл калуулар көп болгон. Анан тез жиним келет. Бирөөдөн жаман сөз уксам же таарынтса ушундай ызаланам да кыйкырып жинимди чыгарып алам. Бирок, канчалык катуу таарынсам деле беш мүнөттө жазылам. Андан ашык таарына албайм, бат эле унутуп коюп, сүйлөшө берем.


- Кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө шыгың барбы?
- Сайма сайып же кийим токуганды билбесем да тиккенге шыгым бар. Кээде кийимдерди өзүм тигип кийем. Фасондорун да фантазиялап ойлоп табам. Бир жолу көйнөккө өзгөчө кылуу үчүн миңдей бисер тигип чыккам. Үйдөгүлөр "кантип эринбей тигип чыктың" деп таң калышкан. Майда жумуш болсо да башкалардыкына окшобогон, өзгөчө болушун каалайм. Ойлогон нерсемди аягына чыгаруудан абдан ырахат алам.
- Сахнадагы Айгерим көшөгө артында кандай адам?
- Сахнада таптакыр башкачамын. Курагыма жараша болсо керек, абдан эрке, бой көтөргөн кыздардай көрүнөм. А жашоодо түшүнүктүү, акылдуу сөзүмө турган кызмын.
- Сен ырчылык гана талантыңды көргөзбөстөн киного тартылып актердук чеберчилигиңди да сынап көрбөдүңбү, дагы киного тартылуу оюң барбы, сунуштар болуп атабы?
- Тасмага тартылууга сунуштар абдан көп. Барысы эле чоң кыздарга ылайыктуу сюжеттер болгондуктан мага туура келбей атат. Ошол себептен жакшы көркөм тасмаларга баш каармандын образын жаратууга мүмкүнчүлүк болбой атат. Негизи өзүмө тасмага тартылуу абдан жагат.
- Сахнада алгач ырчы эмес бийчи катары таанылдың эле. Азыр бий тобуңду ачып, кыздарды тарбиялап жүрөсүң. Бийдин кыймылдарын кайдан аласың же бул да өзүңдүн фантазияңдын жыйынтыгыбы?
- Чынында бийдин кыймыл аракетин өзүм ойлоп табам. Бизге башка топто бийлеп жүргөн кыздар келип калса кыймылыбызды жасай албай кыйналышат. Биздики абдан татаал. Чыгыш, индия жана европанын кыймылы аралашып, өзгөчө бий болуп чыга келет. Муну мен өзүмдүн стилим деп коем.
- Быйыл окууну аяктап, мектеп менен кош айтыштың. Келечекте ырчылыктан тышкары башка кесипти аркалоо максатында жогорку окуу жайга тапшырдыңбы?
- Келечекте сиздерге окшоп журналисттик кесипти аркаласам деген тилек менен Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшыргам.. Айрым себептерден улам кийинки жылга калтырып койдум. Бир ишти баштаган соң аягына чыгарууну жакшы көрөм. Ошондуктан ырчылык өнөрүмдү тереңдетүү максатында улуттук консерваторияда вокалга катышып жүрөм. Алдыда жакшы пландарым бар. Чет жактарга чыгып, эл аралык конкурстарга катышсам дейм. Буюрса, ушул тилектерим ишке ашат деп ишенем.
- Кыргызда "досуңду көргөзсөң ким экениңди айтам" деген жакшы сөз бар эмеспи, анын сыңары кыргыз эстрадасында жакын досуң ким?
- Сайкал Садыбакасова менен досмун. Экөөбүз бири-бирибизден сырыбызды жашырбай, бири-бирибизге терең ишенебиз.
- Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
- Машина жарышка арнайм. Бир аз колум бошой калганда достор менен машина жарыштырып көңүл ачабыз. Бирок, бул сырымды ата-энеме айткан эмесмин. Алардын капалануусун каалабайм. Бул кылыгымды билсе мени жазалап, тилдесе керек.