Менин айылым

Кереметиңден кагылайын комузум!

СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, комузчу- виртуоз Самара Токтакунова Темир айылынын келини. Өмүрлүк жолдошу Чалагыз авабыз (Исабаев) менен өтөлгөлүү өмүр сүргөнү өзүнчө кеп! Бала кезде ар жылы жайында эмгек отпускасын алып алардын айылга келиши өзүнчө майрам, өзүнчө шаң эле! Самара жеңемдин элибиздин салтынан жазбай башынан жоолугун түшүрбөй, көлдүктөрдүн каадасы кылып, улууларга таазим этип, жүгүнүп мамиле кылганы азыр ойлосом эң чоң касиети экен! Болбосо, "мен Эл артистимин, эми бир келиниңер жүгүнбөй койсо эч нерсе болбойт!" деп кыр көргөзүп койсо деле жарашмак.
Бүгүн окурман журтуна өздүк архивимде сакталып, айылыма арнаган китебиме кирип жаткан кызыктуу үзүндүлөрдөн орун берейин деп турам.


Азамат Алтай
Бул 1976-жылы болгон. Америка жергесинде өткөн дүйнөлүк фольклордук фестивалда Советтер Союзунан Кыргызстандан алты, Өзбекстан, Башкорстан, Азербайджан жана Казакстандан бирин-экин өкүлчүлүктөр барды. Кошмо Штаттарда бир ай мурун эле биздин келе турганыбыз жөнүндө чоң реклама болуп, концертке билеттер небак эле сатылып калыптыр. Нью-Йорктун "Май-Фулауэр" деген отелине түшүп, ачкычтарды алып жатсак, сиздерге таштап кетти деп бир барак кагазды мага сунушту. Ачсам кыргызча жазуу. "Сиздерди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Эртең келебиз. Азамат Алтай агаңар" деп коюптур. Эртеси саат 8де келип калды. "Менден чочулабагыла, кыргыз элиме жамандыгым жок" деп үнү буулуга карады. Алты киши менен биздин номерге чогулуп сүйлөштүк. Ал учур кандай экенин эми окурман өзү билет го.Азамат агабыз бизди мейманга чакырганда "Союзга барганда эмне болобуз" деп кооптондук. Бирок, анын алыстагы ата-журтуна арзуусу артып, сагынычы, көксөөсү Ала-Тоодой зор экенин сездик. "Жакшы сөз жан эргитет"демекчи аркы-беркини айтып, анын көңүлүн көтөрүүгө аракеттендик. Акыры чоңдорубуздун уруксааты менен мейманга келдик. Эми ошондогу Азамат агайдын кубанычын айтпа? Кадимкидей кыргызча жерге дасторкон салып отургузду. "Беш бармакты дайым эле жейсиңер" деп бизди "Стейк" деген даамдуу тамак менен сыйлады. Бир маалда мени "Самара комузуңду чертчи" деп суранып калды. Мен дароо эле ойной баштадым. "Жыгачтан бүткөн деп жүрсөм, жүрөктөн бүткөн турбайбы" деп Ыбырай аксакал айткан асыл комуздун арген үнү аганын жүрөк кылдарын да титиретип, бир кезде эч кири жок көгүлтүр көл жээгинде, аскасы айга тирешкен күмүш карлуу Ала-Тоо койнунда калган балалык, жаштык күндөрүн, үркөрдөй бир ууч кыргыз журтун эстедиби, анын көзүнөн мончок жаштар куюлуп жатты. Аттиң десе! Арман күн! Мен ал учурду сүрөттөп берүүгө кудуретим жетпейт. Менин да дене боюмду аео сезими ээлеп алды. Баары унчукпай ойлуу жер тиктеп калышты. Мен да токтолбостон черте бердим. Азамат ага да токтолбоду... Ошол көз ирмемдер түбөлүккө эсимде калды.
Жылдыздуу Гагарин
Жумуриятыбыздын чегинен сырткары эң биринчи Чалагыз экөбүздүн концертибиз 1962- жылы Москвада Съезддер сарайында өткөн. Көшөгөнүн арты жагында концертке даярданып, комузубуздун кулагын толгоп отурганбыз. Бир маалда көпчүлүк дүң дей түштү. Көргөн көзүмө ишенбейм. Бет маңдайымда эле Гагарин келатат. Жүзүнөн нуру төгүлүп, көзүнөн жылдыз чачкан ушунчалык мээрман адам окшобойбу, Чакем менен Толтой Мураталиев анын алдынан тозуп кучактап эле калышты. Кабарчылар шакылдатып сүрөткө тарта башташты. Гагарин элдин кучагынан бошоно албай, "мени телефонго чакырып жатат, азыр келем, сөзсүз келем" деп суранып жатып араңга бошонду. Биздин биринчи концертибизге ушундай асыл адам катышып, кол чапканын өзүмчө жакшы жышаан катары кабыл алдым.
Комузга котормонун кереги жок.
Албетте, музыка деген бул тилмечсиз эле түшүнүүгө боло турган сыйкырдуу дүйнө. Биз болгон баардык өлкөлөрдө элиндей жөпжөнөкөй бул аспапка кызыгуу зор. Дайыма концерттен кийин келип, комузду кармап: "Гитара, контробастай көп кылдуу эмес, же ойноо үчүн атайын бөлүкчөлөрү , баскычтары көргөзүлгөн эмес, ушунчалык мукам үнү бар, деги кантип ойноп жатасыздар" деп таң калышат. Америкада, Японияда концерт учурунда чымын учса угулгандай тынчтыкта мемиреп олтурушат. Ал эми Араб өлкөсүндө болсо сүрөп, кыйкырып, жер тепкилегенге чейин барышат. Булардагы дагы бир бийик маданият оюн бүткөн соң сахнадагы артистти кол чаап узатып туруп, анан үйлөрүнө тарашат. Биздегидей элден эрте атырылып чыгуу деген жок. Мен азыр Финляндияда концерт бергенибизде Президент Урхо Кекконен өзү келип гүл бергенин эстеп кеттим. Президенттин концертке келе турганы бизге күн мурун маалым болду. Сахнага чыгып, аны көргөндө сүрдөй түштүм. Секин отуруп демимди жыйып ойной баштадым. Зал мени кетирбей кайра-кайра сурашты. Экинчи күүнү чертип бүткөн соң Президент сахнага көтөрүлүп келип, менин колумдан кысып: "Киргизия хорошо!. Киргизия молодец!" деп гүлдестесин сунду. Залдагы кол чабуудан кулак тунат. Эртеси күнү эле финдердин көпчүлүк гезиттеринде сүрөтү менен бул окуя басылып чыкты. Ал эми Пакистанга барганда анын Президенти генерал Мухаммед Зия-Ул Хак да биздин концертке катышкан эле. Концерттен соң Президенттин жакын жардамчылары менин аты-жөнүмдү толуктап сурап кетишти. Эртеси күнү " Достук коомундагы" банкетте ушунчалык этият оролгон, четинде "С. Токтакунова" деген жазуусу, Президенттин визиткасы бар белекти мага тартуулашты. Анысы улуттук стилде тигилген кыпкызыл көйнөк экен..1988-жылы Рейк-Рьявикте гастролдо болуп Ратушага (өкмөт үйүнө) кирип, Горбачев менен Рейган жолуккан бөлмөдө, алар сүйлөшкөн стулдарга отуруу аземине татыдым.
Бир жолу-
Америкада!
1976-жылы Нью-Йоркто "Метрополитен-Опера" деген дүйнөнүн чоң-чоң музыканттары чыкчу сахнага бир ай катары менен концерт бердик. Адегенде этибар алган эмесмин. Анан мен гана эмес бүт артисттер байкашыптыр. Эң биринчи катардын орто ченинде бир кемпир күнүгө эле отурат. Тирмийип, тажабай күнүгө концертке келет. Өзүбүзчө күбүр-шыбыр болуп калабыз. Ошентип, Нью-Йорктогу концертибиз бүтүп, андан 25 чакырым алыс турган Амблер шаарына бир жума концерт бердик. Анда да баягы бизге тааныш болуп калган кемпирди күн сайын көрөбүз. Акыркы күнү концерттен соң бизге чоң сумкасын көтөрүп келип калды. Көрсө, пенсияга чыккан, миллионер аял экен. Ошол орунду небак эле бир айга бүт акча төлөп сатып алыптыр. Баарыбызды сувенир, таттуу конфеттер менен сыйлап, сүрөткө, видеотасмага тартып алды. АКШда экинчи жолу 1989- жылы болдум. Ноксфильд шаарындагы Шарлотта аэропортунан сүрмө топ эл тозуп алды. Бул жолу отелде эмес, америкалык үй бүлөлөрдө жашадык. Мен Трулла Паскарт деген 63 жаштагы кемпирдикинде болдум. Күнүгө машинасы менен концертке алып барып турчу. Шаардын чак ортосундагы эки миң кишилик жайкы театрда чоң концерт берип калдык. Сахна ушунчалык кооз жасалгаланып, акустикасы бийик, кичине шыбыш чыкса эле, тээ эки чакырым аянтка жаңырат. Менин мөөнөтүм келип, сахнага чыгып, "Маш ботойду" ойной баштадым. Ар бир улуттун өкүлдөрүнүн баары тең тегиз сахнага чыгып, өнөрлөрүн көрсөтүүгө жетишүү үчүн ар бирибизге бирден гана номер аткарууга мүмкүнчүлүк болду. Адаттагыдай ойноп бүткөн соң ийилип, таазим кылдым. Аянт кол чабуудан дүңгүрөйт. Мени сахнадан кетирбей кайра- кайра сурап жатышты. Экинчи күү аткарылгандан кийин дагы ушул көрүнүш кайталанды. Кереметиңден кагылайын комузум! Тили, дини бөлөк, атам тааныбаган адамдардын жүрөгүнө уялап, аруу дил арнап, ыракат берип жатканына мен да сүйүнүп олтурдум. Бизди жетектеп барган эң алдыңкы катарда олтурган аттуу баштуу эле бир агайым (аты- жөнүн айтпай эле коеюн) ушунчалык сүйүнгөнүмөн жетине албай кеттиби, ордунан тура калып: "Черт, Самара алтыным, черт!" деп кыйкырганда үнү каргылданып, көзү жашка толуп кетти. Ошентип, белгиленген бир номердин ордуна күү аткарышты. Концерттен кийин шаардын мэри "Ноксфильдин ардактуу гражданини" деген тасманы, күбөлүктү, шаардын ачкычынын нускасын тапшырды.