Акаич акаарат айтты
Москвада качып жүргөн президентибиз агынан жарылды да, кыргыз бийлигине акаарат айтып, акыл үйрөттү. Анын айтымында кыргыз-америка мамилеси базардагы соода-сатык деңгээлине түшүп кетиптир. Ошого катуу тынчсызданып, "менин убагымда Буш биздин көз карандысыздыгыбызга шек келтире турган маселелер менен кайрылып, үстөмдүк кылууга болгон аракеттерин четке кагып турчумун" деп кейиди. Чын дилиненби же ... аны билген адам жок.


Карыз! Газ! Аз!
"Эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени" демекчи өзбек туугандар Кыргызстандын карызы үчүн түштүк аймагыбызга көгүлтүр от берүүнү токтоткон. Жалпы карыз 18 млн. долларды түзөт. Кечөө газ үчүн 3,5 млн. Долларпды кыргыз тарап Өзбекстанга которду. Жакында дагы 2 млн. Долларды төгүп беребиз. Бүгүн "Кыргызгаз" директору С. Айтикеев Ташкентке газ үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кетет. Сапары байсалдуу болобу же... Кагынчыкты кагып карыз төлөп аткан менен биз дагы да 15,5 млн. Доллар карызыбыз бар. Кантээр экенбиз? Деги кыштан аман-эсен чыккай элек...


"Дордой-Динамо" намысты бербе!
Футбол талаасында нарындыкдык топ тебүүчүлөр дагы бир жолу мыкты экендиктерин далилдешти. Канттын "Абдыш-Ата" командасын 3:2 эсебинде утуп алды. Эми 15-октябрда финалдык оюнда Оштун Жаштык Ак-Алтын" командасы менен беттешет. Жеңиш менен кайтат деген үмүттөбүз.


Коло медалдар колубузда
Мушкерлердин мушу кызуусунда. "Темирди кызуусунда сок" демекчи Орусиянын Санкт-Петербург губернаторунун кубогунда эки боксчубуз коло медалды колдон чыгарбады. 60 кг салмакта Анарбай уулу Абдылай жана 75 кг салмактагы Руслан Карипов атаандаштарын болушунча эле былчылдатышты. Бали, азаматтар, эмкиде алтын медалды бөктөргөндү унута көрбөгүлө!


Накыл суроого, акыл кеп!

Жылдыз болсоң "күйгөнгө" да даяр болу керекпи?
Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА:
- Бул макалга толугу менен кошулам, негизи кыргыз элинин ар бир макалында жашоонун чындыгы бар. Эми тандоодо көздөр жылмайып, көздөр тандайт, анан жүрөк кабыл алат. Ал эми менин жүрөгүм эч кимди тандай элек, буйруса тандаганда силерге биринчи кабарлайм.


"Аялдын акылы кыска, тилин узун" дегенге кошуласызбы?
Эльмара ТУРСУНАЛИЕВА:
- Негизи тили узун аялдын акылы кыска болушу керек эле, ал эми аялдарды сындап, булл макалды бурмалап алышкан да. Аялдын барынын тили узун эмес, аялдын чөйрөсүнө, шартына жараша тили чыгат. Ошол себептен ушул макал айтылып калса керек.


Сулуунун сырты жалтырак, ичи калтыракпы?
Айнура САЛАХИДИНОВА:
- Келбети келишкен, көз жоосун алган сулуу айымдар кимдин гана көңүлүн бурбайт. Ичи-тышы келишкен сулуулар албетте бар. Бирок төгөрөгү төп келген идеалдуу адам болбойт. "Сулуунун бир акылы кем" деп коет эмеспи, ошондуктан ар бир адамдын кемчилиги болот. Айрым убакта сулуулугун пайдалангандарды да кезиктиребиз, алардын өз абийирине жараша болот. Абийирсиз сулууларды тышы жалтырак, ичи калтырак десек болот.


Жүрөк бирди тандаганча, көз далайга жылмаябы?
Фарида КАРБОСОВА:
- Албетте, бул накыл кепке кошулам. Негизи менин күлкүчүлүк сапатым жок, жөнү жок жалжактабайм. Ал эми уйкучулук жаман сапатым бар экенин мойнума алам. Ушул сапатымдан арыла албай жүрдүм эле, буйруса аз күндөн бери уйкучулукту таштадым.


Чолпон Имангазиева




Кызыктар зоопаркта
Зоопарктын кызматкерлери эки ак такыйды зебрага окшоштуруп, кара сыр менен боешту.
2009-жылы Marah Land зоопаркында эки зебра Израиль армиясы менен Хамас тобунун чабуулунда ачкадан өлгөн. Өлгөн зебралардын ордуна толуктоого каражат жетишсиздиктен такыйларды тандашкан. Такыйларга ак-кара боектор менен зебрага окшоштуруп профессионал сүрөтчүлөр тартышкандыктан, зоопаркка келген балдар "зебра" деп ойлошот. Бир автобус бала зоопарк экскурсиясына 15 доллар сарптайт. Ал эми чыныгы зебраны тоннель аркылуу Газ менен Египеттин чек арасынан алууга 40 миң доллар керектелмек.
Газ зоопаркында зебралардан тышкары карыган түлкү, эки маймыл, канаттуулардын бир канча түрлөрү, коендор жана мышыктарды кармашат.