Эл алдындагы этика
(Уландысы. Башы өткөн санда)

"Тилекке жетүүнүн бирден-бир сыры, бул жан дүйнө менен кыймыл-аракетиңди тарбиялоо, биринен-бири өтүп сага ырахат тартуулап турганы".
(Руссо Жан-жак.Француз окумуштуусу)

Этика эрежелерин биз өткөн санда эл алдында көбүрөөк чыгышкан искусствонун адамдарынан баштаган элек... Бирөөнүн сизге кылган мамилесинен маданиятты талап кылуудан мурун, өзүнүн ошол адамга кылдат, баео мамиле кылышыңыз зарыл экенин унутпаңыз! Угуу, көрүү, сүйлөө, мактоо, белек берүү, акыл айтуу, кечирүү, сүйүү ж.б. жашоодо жолугушуучу талапка ылайыктуу көрүнүштөрүнүн бардыгынын эрежелерин колдонбосок же билбесек, биз өз балдарыбызды, өзүбүздүн кийинки муундарыбызды кантип адамдык рухка, ыймандуулукка, сүйүүгө тарбиялай алабыз? Өспүрүмдүн эне-атадан алган тарбиядан биринчи рух дүйнөсүн жана жүрөгүндө эне-атага, бир тууганга, улуу-кичүүгө болгон сүйүүсүн тарбиялоого аракет кылбасак, калган жашоо эрежелерин, маданият этикасын үйрөтүүгө кеч болуп калат. Уга билүү этикасы бул адамдын жашоосундагы негизги керектүү мүнөз. Мисалы: эки адам эл алдына чыгышты дейли. Эки куудул же эки алып баруучу, болбосо эки ырчы, куттуктоо сөзгө чыгышкан адамдар. Бирөө сүйлөп жатканда экинчиси сүйлөп жаткан жанындагы адамды кунт коюп угуп, анан ал киши сүйлөп бүткөндөн кийин гана оозуна сөз алганы туура. Себеби ошол оюн айтып жаткан сенин эл алдындагы партнеруңдун эмне жөнүндө сүйлөп жатканын укпай же түшүнбөй калсаң, өзүңдүн айта турган оюңду жоготуп коесуң. Эл алдындагы ойлор жанындагы сүйлөп жаткан же аткарып ойноп жаткан партнеруңдун айтылган ойлорунан улам туулат. Ошондо гана силерди көрүп же угуп олтурушкандардын кызыгуулары күчөйт. Жанындагы адам эмне жөнүндө сүйлөп жатканын уга албасаң же түшүнбөй калсаң өзүң менен өзүң алек болуп, өз репликаңды кантип айтам деп толкунданып турсаң, анда эл алдында эркин оюңду айта албайсың! Айланаңды уга билүү бул уялбай өзүңдү эркин кармоонун бирден-бир эрежеси. Демек, өзүңдөн мурун өзгөнү сыйла демекчи , жаман адам сүйлөйбү убакыттын тардыгына карабай күтүлбөгөн жерден бирөө көпкө сүйлөп туруп алабы ал адамды кунт коюп, сыйлоо менен сөзүнүн аягына чейин өз оюн айтып бүткүчө тоскоол болбой уга билүү-бул маданияттын эң чоң чокусу. Эл арасында да көп кездешчү мисалдар: бир үйдө он беш кишиден турган конок тосуп жатышат дейли. Коноктордун ичинен улуусу же ардактуусу жакшынакай калоо-тилегин айтып жатат. Ошол учурда үй ээси дасторкондун этегинде бош турган чыныларга чай куюп бергени же стакандарга шарап куя баштаганы же болбосо келген меймандарга: "тамактан алып отурсаңар, чайдан ичкиле"-деген сөздөр таптакыр туура эмес. Эгер сенин маданиятың жогору болсо, сүйлөп жаткан мейманыңдын сөзүн , каалоо-тилегин аягына чейин кунт коюп угуп, ал киши сөзүн бүткөндөн кийин гана каалаган ишиңди кыла берсең болот. Бирөө сүйлөп жатканда аны укпастан өзүңчө жаныңдагы адам менен шыбырашканын же тамак чайнап отурганын, артык баш кыймылдап отурганын биринчиден өзүңдүн тарбияң жок экендигин далилдеп, экинчи үй ээсин сыйлабастыкка жатат. Оюн айтып жаткан адамдын сөзүн анын жүзүнөн көзүңдү албай угуп олтурсаң ал адамга дагы сый-урмат көрсөткөнүңө барабар. Келген коноктор сүйлөгөндө сени карап сүйлөй башташат. Себеби "сөздү укканга айт"-деген макал бекеринен айтылган эмес. Уга билүү маданиятың жогору болсо сени урматтай турган адамдар да чөйрөңдө көп болот. Жанындагы адам чын дилинен оюн айтып жатса, сенин жер карап же башка жакты тиктеп олтуруп укканың дагы ал адамды оңтойсуз абалга алып келет. "Бул менин уккусу келген жок же болбосо менин буга анча кызыгым жок го"-деген ойго кетет. Уга билүү этикасын баланын торолгон бөбөк кезинен , андан соң мектептен, ал эми негизгиси үйдөн эне-ата тарбиялашы-бул муунубуздун маданиятында чоң роль ойнойт. Көрө билүү этикасы: Бул эреже көп адамдын мүнөзүнө жараша болот. Демек сен сезимталдуу болсоң жаныңдагы адамдын көз карашындагы абалдан баштап баалап көрө аласың! Негизги орустун улуу театр-мектебинин түзүүчүсү К.С. Станиславский сахнадагы артисттердин бирин-бири көрө, сезе билүүсүнө өтө басым жасаган. Эгер сен сахнада "Кыргыз жери" деген ырды ырдап жатып, жерибиздин асман тиреген тоолорун карагайлуу белдерин ак берметтей Ысык-Көлүбүздү көз алдында элестетип, ошону даана көрүп ырдасаң сенин көзүң менен көрүүчүлөр залындагы күйөрмандар дагы жерибизди элестетишип, ырыңды көкүрөккө жакын алышат. Демек, сенин көрө билгениң, уга билгениң жана сахна маданиятын(өткөн санда айтылган сахна маданиятын) төп келишип турса, сахнанын мастери болооруна шек жок. Сахнадагы же эл алдына чыга тургандар өз маданиятыбызга кылдат мамиле кылбай туруп, көрүүчүлөрүбүздү күнөөлөй албайбыз.
(уландысы кийинки санда).





Кошулушуп эки жаш,
Жуп болушту жар-жар
Азамат менен Бегайымга!
Эр Азамат таптың сүйкүм жарыңды,
Сүйүүңдү таап толтурдуң бөксө жаныңды.
Уулдан сегиз, кыздан эгиз төрөлүп,
Наристе ачсын үй- бүлөлүк багыңды.

Алмаз менен Балжанага!
Бириң кыргыз, бириң кызы казактын,
Сүйүүсү жок бойдок жүргөн тажатты.
Деп жаштыкты артка таштап, табышып,
Мына бүгүн баш коштуңар,
Тоюңарга чакырып бүт жамаатты.

Нурдин менен Гүлзатка!
Нурдуу жигит сүйкүм кызга баш кошуп,
Бактысына көктөн күткөн бак толуп.
Табигаттан тандалган эки аккуудай,
Төбөңөргө жүрсүн дайым кут конуп.

Алмаз менен Жамалга!
Ар бир дартка ылайыктуу дары бар,
Сүйүү дартын сүйүү гана дарылаар.
Деп экөөңөр табыштыңар өмүрдө,
Жашоо сыры ууз сүйүүдөн арылаар.

Акылбек менен Бактыгүл
Бири-бириңди танбай,
Жубуңардан танбай.
Таза болуп таңдай.
Кыялдан кызык,
Күндүн ысык өмүр сүргүлө!




Арт-сөздүк.
Абсолюттук угуу
- ( лат. Absolutus- анык, эң сонун, барып турган) анык, так угуп туруп үндөрдүн, добуштардын нак бийиктигин аныктай билүү жөндөмдүүлүгү.
Авангардизм
- (франц. Avant garde- алдыңкы, gardisme- сакчы)- 20- к. көркөм чыгармачылыгында адабиятка, сүрөткө, музыкага жаңылык киргизген агымдын, кыймылдын шарттуу аталышы. Авангардизм 20- к. бурж. маданияттын жалпы кризисинин белгилери бар модернизмдин ар түрдүү агымдарынан ( фовизм, кубизм, футуризм, додекафония, "Конкреттүү музыка", электрондук музыка ж.б. )
Авлос
- ( грек.aulos- үйлөө)- байыркы гректердин эки чымылдактуу, 4 добуш чыгаруучу көзөнөгү бар музыка аспабы. Аткаруучулар бир эле мезгилде эки аспапта ойношкон. Алдыңкы Азияга жана Байыркы Грецияга кеңири тараган. Авангардизм Жер Ортолук деңизинин жээгинде жашаган элдердин арасында тибия деген атта тараган.




SMS-Арт-MMS

Урматтуу окурмандар! Бүгүн мына "Арт КG" газетасы жарыкка чыгып олтурат. Ошону менен бирге газетабыздын "SMS-Арт-MMS" рубрикасына өзүңүздөрдүн SMS жана MMS билдирүүңүздөрдү жөнөтүңүздөр. Төмөндөгү телефон номерге кызыкwтуу ой-толгоолорду жөнөтсөңүздөр болот. Биз сиздердин SMS жана MMSтериңиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз. Дайым биз сиздер мененбиз! 0557-29-29-87.
Эскертүү: Бирөөнү маскаралаган, мазактаган жана белгилүү инсандардын аброюна шек келтирген смстер жана ммстер кабыл алынбайт!


1) Салам редакция! Жарыкка чыгышыңыздар менен куттуктайм! Арышыңар кенен болсун! Өркүндөп өсө бергиле! Кыргызстандагы эң алдыңкы газеталардын бири болуңуздар! Тынчтык.
2) Салам "Арт Кg" газетасынын жалпы жамааты. Сиздердин газетаны алып окудук. Эң жакшы сапатта чыгыптыр. Бир өкүнүчтүүсү биз жанталашып окуган жаш ырчылар туурасында жазбаптырсыздар. Ошондо кызыктуурак болмок. Нурида.
3) Саламатсыздарбы жалпы жамаат! Айдай сулуу Айчүрөк эже сизге атак - даңк! Сиз атыңызга затыңыз жарашкан айымсыз. Газетаңызды алып окудук. Баардыгы жакты. Сиз эмне кылсаңыз жарашат. Газетаңыздын өмүрү узун болсун! Бара - бара журналга айлансын! Гүлдөй бериңиздер. Эркайым.
4) Сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго салам жолдойм. Мирбек мен сени сүйөм! Отурсам - турсам да эч оюмдан кетпедиң. Эмне кылаарымды билбей калдым. Диана.
5) Мен бир жигитти сүйүп калып абдан кыйналып жүрөм. Барып сүйүүмдү билдирейин дейм, бирок намыс деген күчтүү нерсе жол бербейт. Эч кимге айталбай жүргөн дартымды, гезит бетине чыгарып койсоңуздар аз да болсо жеңилдеп калаармын. Айжамал.
6) Байкем Дамирге жеңем Эльвирага салам жолдойм. Кармашкан колуңуздар түбөлүктүү болсун! Эч качан оорубаңыздар. Иштериңерге ийгилик! Карындашыңар.
7) Эжекебиз Мээримге , жездебиз Кубатка салам! Бактылуу болуңуздар! Иштериңиздерге ийгилик! Бекжан менен Бекболго мээримдүү ата-эне болуп жүрө бериңиздер. Келиниңер.
8) Тынчтык ишиңе, окууңа ийгилик! Сага ден соолук, узун өмүр, бакыт- таалай каалайм. Байкең.
9) Нургиза окууларыңа ийгилик! Бактылуу күндөрдү өткөрүп, ата-энең сыймыктана турган кыздардан бол! Жеңең.
10) Руслан келе жаткан 14- октябрь туулган күнүң менен куттуктайм. Иштериңе ийгилик! Өмүрүң узун болуп, жакшы күндөрдү өткөрүп жүрө бер. Эжекең жана жездең.
11) Урматтуу Айбек, Бермет үйлөнүү тоюңар кут болсун! Башыңарга бакыт кушу консун! Кармашкан колуңар түбөлүктүү болуп, эл суктанган үй- бүлөлөрдөн болгула! Силерге түбөлүк сүйүү, түгөнгүс бакыт! Ар дайым бар болгула! Аку жана Чика
12) Адиляшкага салам. Алтышка сен азыр бал тилиң менен баарыбызды кубандырып жатасың. Келечекте ата-энең сыймыктана турган жароокер, ыймандуу кыздардан бол. Эжең Уния.