Кореянын Түштүгү
көптөрүнөн күчтүүбү?

Түштүк Корея Республикасы, түндүк- чыгыш Азиядагы Корей жарым аралында жайгашкан. Расмий түрдө Корея Республикасы деп аталат. Бул мамлекет II дүйнөлүк согушка чейин Жапониянын колониясы болгон Корей жарым аралынын түштүгүнөн АКШ, түндүгүнөн Советтер Союзу тарабынан басылып алгандан кийин түзүлгөн. 1950-53-жылдардагы Корей согушунан кийин өз алдынча мамлекет болуп, учурда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнө кирет.
Азыркы корей жарым аралына адамдар б.з.ч. 5000-жылдарда азыркы Сибирь аймагынан барышкан деген маалыматтар бар. Аянты биздин мамлекеттикинен 2 эсе кичине болгону менен калкынын саны 50 миллиондон ашат. Булардын 81% шаарда жашашат. Борбору жана эң чоң шаары болгон Сеул шаарында 10 миллиондой адам жашайт. 1950-жылдары Түндүк Корея мамлекетинен 4 миллиондой адам көчүп келген.
Корея Республикасы тоолуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Аянтынын 70%ы тоолордон турат. 3 тарабынан деңиз менен курчалгандыктан, өзүнө 3000дей кичи жана чоң аралдарды камтыйт.
Мамлекеттик тили- корей тили. Орто мектепте билим берүү акысыз жана окуучулар мамлекеттик тилде билим алышат. Калкынын 98%ы сабаттуу. Эч бир дин мамлекеттик деп таанылбаса да, дээрлик 40% христиан, 15% буддист, 16 % салттуу диндерин тутунушат.
Жер астындагы байлыктары Түндүк Кореяныкындай бай болбосо да, аз өлчөмдө көмүрдүн, темирдин жана жездин кору кездешет.
XX кылымдын экинчи жарымынан баштап өтө тез ылдамдыкта индустриялашканына байланыштуу, абанын, суунун булганышы да кескин түрдө өсүп кеткен. Ошол эле учурда авто унаа өндүрүү тармагынын өнүгүп-өскөнүнөн көмүр кычкыл газынын деңгээли Корея мамлекетин, планетадагы абасы кир алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошту. Эл аралык экологияны сактоо протоколдоруна ратификациялаганы менен, жаратылышты калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иш алып барып жатат деп айтканга болбойт.
Маданиятына келсек, бул аймактын маданиятына Кытайдын өзгөчө таасири бар. Кол өнөрчүлүк, скульптура, сүрөт тартуу, керамика менен иштөө булардын бардыгы Кытайга,буддизм жана конфуциандыкка байланыштуу.Саясий жана экономикалык абалы.
Мамлекетти президент башкарып, эл тарабынан 5 жылга шайланат. Өкмөт башчысы-премьер-министр аткаруу бийлигин жетектейт. Мамлекеттик түзүлүшү президенттик-парламенттик. Бир палаталуу парламенти 299 депутаттан түзүлүп, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын аткарат. Негизинен, 3 чоң партия бар. Аскеринин саны 690 миңге жакын. Резервде турган аскер саны 4,5 миллиондун тегерегинде. Ошол эле учурда АКШнын 40 миңдей аскери менен аскер базасы да жайгашкан.
Учурда Түндүк Корея менен байланышын жакшыртуу амалында. Бул кадам КЭДРдин жашыруун ядролук куралга ээ болуу долбоору ачыкка чыккандан кийин башталган.
Өз алдынча мамлекет катары түзүлгөндөн бери жарым кылымдын ичинде Корея республикасы башынан көптөгөн саясий абалдарды өткөрдү. 6 жолу конституциясын өзгөртүп, аскерий режим менен жашаганга да үлгүрүштү. Кээде бийлик куралы жок демонстрацияга чыккан элге карата ок атып, жүздөгөн адамдар набыт болгон учурлар кездешет. Алгачкы мамлекет башчыларынан экөөсү кызматтан кеткенден кийин кылмыш жообуна тартылып, бирине атууга өкүм чыгарылса(кийин өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөртүлгөн), бирөө 25 жылга эркинен ажыратылган. Аларды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюлган болчу. Кээ бир өкмөт башчылары жогорудагыдай айып менен кызматтан алынып турган. Ро Мо Хюн деген президентине парламент импичмент да жарыялаган.
Бирок, мамлекет башына кандай гана адамдар келбесин натыйжада бардыгы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегени байкалып турат. Анткени, Корея республикасы болуп түзүлгөндөн бери экономикасы артка кеткен эмес. 1960-жылдан 1990-жылдын орто ченине чейин экономиканын өсүшү жылдык 9%дан жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп турган.
1995-жылдары экономисттер Гонг-Конг, Сингапур, Тайвань жана Түштүк Кореяны экономикасы күчтүү мамлекеттер болгону үчүн "Азия жолборстору " деп аташкан.
Тилекке каршы, 1997-жылдагы Азиядагы кризис чоң залакасын алып келет. Кырдаалдан Эл аралык Валюта Фондунан чоң суммада жардам алып, бутуна туруп кетет.
Акыркы жылдардагы маалымат боюнча жалпы жумушчу күчүнүн саны 24 миллион болсо, булардын 41%ын аялдар түзөт.
Айыл чарбасында 1,3 миллион ферма бар жана жалпы өздөштүрүлгөн жерлердин 60%ына күрүч айдалат.
1948-жылы Корей жарым аралы экиге бөлүнгөндө, Түндүк Кореяга оор өнөр жайынын көпчүлүгү, жаратылыш байлыктары,Түштүк Кореяга айыл чарба менен көп сандагы жумушчу күчү калат. Коммунизмге жуурулушуп кетпесин деп, ал убакта Америка Түндүк чыгыш Азия мамлекеттерине өзгөчө көңүл бурган учур болчу. АКШнын колдоосу, Жапониянын шериктештиги менен алгач жеңил өнөр-жайды өнүктүрүп, аны батышка экспорттой баштайт. Кийинчерээк телерадио, байланыш, компьютер технологияларын өндүрүшкө маани берип аз эле убакыттын ичинде чоң ийгиликке жетишет. Бүгүнкү күндө бул товарлар жогорку сапаты үчүн бааланат. Товарларды экспорттоонун өсүшү 80-жылдарга чейин жылдык 27%дан жогору болуп турган. Ал эми 90-жылдарга карата бул көрсөткүч 6 эсеге өсүп кеткен.
Электр энергияга болгон муктаждыгынын 60%ын Жылуулук Электр Централдарынан, 40%ын АЭСтерден алат.
Мамлекеттин кара жолунун узундугу орточо эсеп менен 100 000 кмди, темир жолдун узундугу 2500 кмди түзөт.
Бул өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарында сөз эркиндиги бар. Күн сайын чыга турган гезиттердин саны 60тан ашат. Ички дүң продукциясы 832,5$ миллиардды түзүп, адам санына бөлүштүрүп келгенде бул көрсөткүч 17,074$ түзүп, дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирет.
- Түштүк Кореянын эли дүйнөдөгү эң жогорку IQ жыйынтыгын көр­сөтүшкөн.(IQ-интеллектуалдык деңгээлди өлчөй турган тест).
- Дүйнөгө белгилүү SAMSUNG, LG сыяктуу бренддер дал ушул мамлекетке таандык.
- Авто унаа тармагында эң чоң 5 өндүрүшчүнүн катарына кирет, мисалы, Hyundai жана KIA.
- Түштүк Корея дүйнөдөгү асман тиреген имараттарды курууда алдыңкы орунда турат. Дубайдагы Бурж Дубайды (бийиктиги 828 м,дүйнөдөгү эң бийик имарат),Тайпей 101 (бийиктиги 508 м) имараттарын да Түштүк Корея курган.
- Дүйнөлүк футбол чемпионаты биринчи жолу Азия өлкөлөрүнөн Түштүк Корея менен Жапония өлкөлөрүндө өткөрүлгөн.
- Таек-ван-до Түштүк Кореянын улуттук спортуна кирет.
- Учурда жаштар арасында өтө популярдуу болгон Корей сериалдары акыркы 10 жылда тартылып, дүйнөгө корейлерди романтикалуу калк кылып көрсөттү.