Кооперативдик кызыкчылык кайда алып барат?

Өлкөбүздө парламентке болчу шайлоо өнөктүгүнө бир күн калганда, мурдагы УТРКнын ичинде кичи шайлоо болуп өттү. УТРК коомдук телеканалга айлангандан кийин, анын ишин көзөмөлдөө боюнча атайын Байкоочу кеңеш түзүлүп, аталган телеканалдын башкы директорлук ордуна конкурс жарыялаган. Бул конкурска ат салышуу үчүн 20 кишинин кандидатуралары көрсөтүлгөнүнө карабай, башында Эльвира Сариева турган Байкоочу кеңеш шашылыш шайлоо өткөргөнгө кам көрүп, аталган орунга 4 гана кишинин кандидатурасы добушка койгон. Мында байкоочу кеңеш кооперативдик кызыкчылыкка берилип кетип, шайлоону бир канча тур менен өткөрүп, кичи шайлоону "чоң шоуго" айлантып жиберген.
Натыйжада гендеректирдик орунга 20 талапкердин эмес, 4 кишинин гана кандидатурасы коюлуп, Байкоочу кеңеш учурдан пайдаланып, өздөрү каалаган адамын аталган орунга өткөрүп алууга аракет жасашкан. Аталган кичи шайлоонун 9-октябрда өтө тургандыгы ага ат салышып жаткан башка талапкерлерге эле эмес, азыр Коомдук каналдын башында турган Башдиректорго да айтылган эмес, алардын көпчүлүгү башдиректорлук орунду ээлөө үчүн шайлоо болорун 9-октябрь күнү эрте менен гана угушкан. Ошол себептүү коомдук каналдын эмгек жамааты Байкоочу кеңештин бул жоруктарына нааразы болуп, азыркы иштеп жаткан Кубат Оторбаевдин ордуна калтыруу талабын коюп чыкты.
Байкоочу кеңеш аталган кызмат ордуна талапкерлерге өз программалары менен тааныштыруу үчүн жети мүнөт убакыт бөлсө да, айрым бир талапкерлер өз программалары менен тааныштыра баштагандан эки мүнөт өткөндөн кийин эле токтотуп коюп, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берген эмес. Алар мурунку Бакиев бийлигинин идеологдорунун бири Илим Карыпбековду гендеректирликке өткөрүп алуу үчүн, болгон аракеттерин жасашкан. Мурунку УТРКнын айрым кызматкерлери Байкоочу кеңештин төрайымы Эльвира Сариеванын адилетсиз иштерине нааразы болуп, алардын айрымдары "Байкоочу кеңеш өзүн-өзү таратсын, Байкоочу кеңештин төрайымы алмаштырылсын" деген өңдүү талаптарды коюшту.
Алар мамлекеттин, жалпы эле өлкөнүн тагдыры чечилип жаткан 9-октябрь күнү өздөрүнүн шайлоо-шоусун өткөрүп, бул шайлоонун кесепеттери эмгек жааматынын саясий активдүүлүгүнө эле эмес, алардын тарыхый жана саясий мааниси зор болгон чоң шайлоону чагылдырууга да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Илим Карыпбековдун гендиректор болуп шайланышына Бейшембек Бекешов, Таалайкүл Чабдарова өңдүү коомдук каналдын тагдырына күйгөн журналисттер каршы экендиктерин билдиришкен. Телеканалда болгон ушундай "шоудон" кийин башдиректорду шайлоо кийинкиге калтырылды. Эми коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши өзүн-өзү таратабы же төрайымын алмаштырып алып кайра дагы "ордо оюндарын" баштайбы, аны күтө туралы.





"Ата Журт" шайлоодон кийин шайдоот
Шайлоо өнөктүгү башталгандан тартып, "Ата Журт" партиясы тууралуу "начар" ойдо жүргөндөрдүн саны бир топ болчу. Ал эле эмес, буларды оппозиция санап, баары бир өтпөйт кыязында жүрүшкөндөргө кызык абал жаратты. Албетте, "өтсө да 5%дык өткөөлдөн өтөөр" деп жүргөндөрдүн катарында мен да бар элем. Бирок, шайлоо жыйынтыгынын тараза ташы такыр башка жагына ооп кеткенине күбө болдук. Партиядагылар ушуга да "тообо дебей", мындан да көп добуш алышаарын күтүшкөнүнө таң калуунун деле кажети жоктур. Анткени, утуп чыккан адам эмне десе да жараша берет эмеспи. Ошентсе да шайлоонун жыйынтыгына улайбы, айтор "Ата Журтчулар" добуш берүү таза өткөндүгүн ырастап, башкалардан көргөн кысымдары унутулуп, "онусуна ям, мунусуна ям майли" деп турган чактары. Кыскасы, өздөрү айткандай "баарына" чыдаганда эле, силерди шашпай тургула дешкен көрүнөт.
Ал эми буга чейин теледе болгон дебатка чыккан "Ата Журттун" лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев өз кебинде "Ата Журт" башкаруучу партиялардан болуп кала турган болсо, өлкөнүн ар бир метр жерин көздүн карегиндей сактаарын айтып, мыйзамдуулук менен тартипти оозунан түшүрбөдү эле, мындан ары өлкөдө мыйзамдуулуктун орношуна кандай салым кошушаарын эми көрө жатаарбыз. Ал эми сөз арасында "Ата Журтчулардын" катарында крим чөйрөдөгү адамдар бар экени айтылып жүргөнүн, буга эмне дээрин сураган жаш баланы, ким экенин так айтуусун айтып жарга такаган Камчы мырза, капыстан тарапташтары колдоп төрага болуп калса, ыңгайсыз суроо бергендерди эми минтип осол кылбас.
Мындан сырткары, Ташиев ошол дебатта эгерде партия парламентке келе турган болсо, (ошондо эле кудай оозуна салган экен) элдин алдына парламенттик башкаруу же президенттик башкарууну алып чыгышаарын билдирген. Эгерде эл президенттик башкарууну тандаса, ошол бийликти алып келгенге аракет кылышаарын да кошумчалаган.
Шайлоо жыйынтыгы чыккандан кийин башка лидерлерден айырмаланып, Камчы аке көбүрөөк билдирүү таратууда. Башкаларды деле айтууда бирок, Ташиев мырзанын кеби негедир басымдуурак болууда. Ал Бакиевдердин ишин жаптырмак түгүл, тескерисинче башка күнөөлүүлөрдү тактоо үчүн дагы да иликтене тургандыгын билдирген. Бул сөзүнө турушса, "Ата Журтчулар" бир топ эле жакшы иш кылышмак, бирок, азыркыларга окшоп сураса эле, "иликтенип атат, такталып атат" деген жоопту угуп турбасак болгону.





Бабанов "точка" койдубу же…
Шайлоонун алдындагы үгүт иштерин мыкты деңгээлде жүргүзгөн "Республика" партиясы, "буйруган алат" болуп, парламенттик креслого көп деле кыйынчылыксыз жетип отурушат. Шайлоого сарптаган каражаты так айтылбаган менен, бир капталды эңшерип түшкүдөй деңгээлде жумшалганы байкалып эле турат. Эми канча жумшалса да акыбети кайтып турганына ыраазы болуп турушкандай.
Бирок, "мечтать не вредно" дегендей, буга дейре "Республикачылар" да биринчиликти алган атаандаштары сыяктуу эле "пасыраак" жакты эмес, 65 мандатты кыялданышкан.
Коомдук телеканалдан дебатка так Камчы досу менен чыгып, Өмүрбек мырзаны Максим менен Айдарга дос болуп жүргөндөрүн эсине салган. Эми минтип тагдыр буйруп, бирин-бири көрөйүн дегенде көздөрү жок болуп калган кезде, парламентте бирге отуруу насиби буйруп олтурат. Бабанов да Камчы досунун пикирине кошулуп, шайлоо 20 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй таза өткөндүгүн өзгөчө белгилейт. Орусия менен өнөктөштүк алака түзүү жана бир топ маселелердин тургандыгын билдирген ал, алгач жеңишке жеткен атаандаштары менен коалиция түзүүгө макул экендигин айткан. Бирок, эртесинде негедир Бакиевди алып келүү ниетинде жүргөн партиялар менен бириге албастыгын айтып чыкты.
Мындан сырткары "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "проблемасы" боюнча "Республика" бюллетендердин кайра эсептелүүсүнө расмий түрдө арыз жазбагандыгын жана түшүндүрмө беришпегендигин билдирип чыкты.


Бийлик бут тосуудабы?
"Бышкан аштын күйүтү күчтүү" болуп, 5 %дык өткөөлдөн алгачкы чек боюнча өткөндүгүн далилдеп, өзгөргөн чекти жеңе албай убара тарткан "Бүтүн Кыргызстандын" эң үстүңкү катмардагы "каймактары" көөдөндү ачыштырган ичкүптү ойлорун айтып эле атышат. "Жаңы Кыргызстандан" ооп барган Марат Кайыпов шайлоо аяктаган түнү теледеги түз эфирге барып, көп жерде алдыда келатышкандыгынан улам моюнуна кызыл моюнга салгычын жамынып барганын айтып, башкалардан айырмаланып, ошондо эле негедир шайлоонун таза өткөндүгүн айтуу али эрте экендигин айтып, артка кетенчиктеген эле. Ушуга улай ал Эмилбек Каптагаевдин саат сайын теледен чыгып атканына "таңданып", "ал эмне, БШК төрагасы болуп калдыбы" деп суроо салды. Бирок, Марат мырза адилеттүүлүк катары шайлоочулардын так айтылып жаткандыгын белгиледи.
Ал эми партиянын лидери Адахан Мадумаров "Бүтүн Кыргызстандын" парламентке баруусуна бийлик бут тосуп жаткандыгын билдирип чыкты. Анан калса, "эгерде 3 партия өтсө, анда парламенттин негизги пакетин алып калат. Ошондуктан, Убактылуу өкмөт өтө чочулоодо, мындан да Роза Отунбаева абдан коркууда, ошондуктан алар бизди өткөрбөөгө болгон аракеттерди жумшайт", - дейт, Адахан мырза.
БШК төрагасы Акылбек Сариев добуштарды кайра саноого "повод" болсо, ага да барууга даяр экендиктерин билдирди. Ушуга улай ал бардык арыздарды кароого БШК милдеттүү экенин, бирок, шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиянын кызыкчылыгына барбай тургандыгын да эскерткенсиди.


Тоону самап атып, ойдо калып
Шайлоо аяктабай жатып, 30 пайыздан ашуун добушту кыялданган "Ата Мекенчилер" эртесинде шаабайлары сууп, ага удаа көпчүлүк күйөрмандар баш чайкап калышты. Айла жок, аз да болсо алган добуштарына тообо кылып, парламент орундарына илешип калгандарына ичтен тынып турушкансыйт. Ошол себептүүбү, айтор партия лидери Өмүрбек Текебаев бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза жана ачык болгонун, анча-мынча болгон мыйзам бузуулар өтө деле чечүүчү мааниге ээ болбогонун айтып чыкты. Бирок, Өмүрбек мырза бийликтин бүтүндөй алсыздыгынан добуш берүүдө криминалдык жана каржылык ресурсту пайдалануу жайылганын, ал эмес сырттан да кийлигишүү болгонун белгиледи. Анын айтымында партиялар менен шайлоочуларга саясий жана маалыматтык кысым көрсөтүлгөнүн, мындай жагдайларга карабай, шайлоонун жыйынтыгын тааный тургандыктарын билдирди.
Текебаевдин сөзүнө караганда бардык жагынан дал келүүлөр болсо, кеңири коалиция болушу мүмкүн, болбосо, жөн гана коалиция болмокчу. Ошентсе да башкалар сыяктуу эле "Ата Мекенчилердин" кайсы партия менен биригүүлөрү азырынча табышмак бойдон.

У. Токторалиева