Канткенде эне аман,
бала аман, эл аман боло алат?
Кыргызстанда 2010-жылдын 7 айынын ичинде 41 аялдын өлүмү катталды жана бул көрсөткүч 100 миң аялга 49,3 учурду түзөт,- деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Анара Ежходжаева. Анын айтымында, аялдардын өлүмү 2009-жылга салыштырмалуу 21%га төмөндөгөн. "Бирок буга карабастан, бардык областтарда мындай өлүм катталып жатат. Өзгөчө Бишкек шаарында, Талас жана Баткен областтарында аялдардын өлүмү көбүрөөк катталды", - дейт ал өз сөзүндө. 24.kg маалымат агенттигинен алынды.


Учурда беш жүз граммдык балдар төрөлүүдө

Биз бул маселеге үстүртөдөн карап, "бармак басты, көз кысты" кылып коюудан алыс болушубуз керек. Себеби, ар бир эне - биздин мамлекеттин жараны, бирөөнүн жары, бирөөнүн сүйүктүү энеси. Биз энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүнүн алдын алуу чараларын көрүү, ага аман-эсен төрөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү, бир гана мамлекеттин ден-соолук сакчылары эмес, ар бир төрөй турган эненин жакындары жана эне өзүн-өзү камкордукка алуу милдети бар экенин баса белгилеп, айта кетпесек болбойт. Кыргызстанда башка илдеттерди айтпаганда да, аз кандуулук оорусу менен ар бир бешинчи айымдын экөө жабыркайт. Мунун жыйынтыгында эненин жана бала өмүрүн коркунучка алып келген фактылар да, жок эмес. Азыр кайда барба, бардык доктурлар төрөй турган эненин жашоо шартын, мүмкүнчүлүгүн биринчи суракка коёт. Себеби, адистердин айтымында эненин аман, баланын ден-соолугу чың болуп төрөлүшүнө социалдык-экономикалык абалдын тийгизген таасири күчтүү дейт. Социалдык абалды айтып олтурса көйгөй чачтан көп. Ичкилик жана XXI кылымдын чумасы болгон баңги заттарын колдонгон, жана жашаган аймагында химиялык уран, радиациянын тийгизген терс таасиринин айынан акыл эси кем, дене мүчөсүндө кемтик болгон ымыркайлардын төрөлүшү, алардын күн санап өсүшү, энелердин төрөтүнүн өлүм менен аякташы, коомчулукту дүрбөлөңгө салып келүүдө. Мына ошол көйгөйдү болтурбай коюу, анын алдын алуу үчүн кандай чараларды колдонсок, ушул маселе оңунан чечилет деген суроого жооп издедик.


Борбор калаабыздагы шаардык перинаталдык борборуна баш багып, андагы көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан дарыгерлер менен маек куруп кайттык.

Ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн жогорку категориядагы дарыгер-ненатологу Калиева Рахима Калиевна:


- Сиздердин бөлүмгө кандай критерийлер менен ымыркайлар бөлүштүрүлөт?
- Бизде биринчи этап деп коёт, мында эне менен баланын ден-соолугу жакшы болуп, убагында төрөлгөн болсо, анда баланы энеси менен бирге коёбуз. Физиологиялык бөлүмдө кармалат. Бала акыркы үч күндө билинет. Эгер ооруп кала турган болсо, патология бөлүмүнө которулат.
Төрөт убагында, бала эненин ичинен кыйналып шишип, оорунун белгилери билинсе, кайра жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынат. Ара төрөлгөн балдар биринчи үч күндүктө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аларга кислород кабыл алыш керек. Ара төрөлгөн ымыркайларга токтолсом, акыркы төрт беш жылдан бери беш жүз граммдан жогорку салмакта төрөлгөн балдар бар. Муну илгери "бойдон түшүү" деп койчу, азыр бул балдарды "төрөлдү" деп айтып жатабыз.
- Ара төрөлгөн ымыркайларды канча убакыт кармайсыздар?
- Мурун Советтер Союзунун мезгилинде 2кг, 5жүз грамм деген норма бар болчу. Ал эми, азыр аялдардын көпчүлүгүнүн медицинадан өз алдынча окуган маалыматтары бар. Баланы кантип чоңойтуу жөнүндө кеңири билишет. Биз да бул жактан колдон келишинче, медицинанын тили менен айтканда, эмчек эмизүү, баланы кантип киринтүү, кийимин которуу, айтор, эненин балага болгон камкордугу жөнүндө түшүндүрмө иштерин жасайбыз. Ал эми, чыгаруу маселесине келгенде, бала качан толук өзү ээмп, ден соолугу оңолгонго чейин кармалат. Бул бөлүмдө 500 граммдан өйдө, 900 граммга чейин жана 900 граммдан 1кг 500 граммга чейин, жана 1кг 500 граммдан, 2 кг 500 граммга чейинки салмактагы ымыркайлар атайын 36, 7 %с .де 36, 8% с температуралык режимде кармалат. Ал эми, ден-соолугу жакшы болуп, өз алдынча эмчек ээмп салмагы 1кг 500 граммдан өйдө болгон балдарга гепатит, туберкулёздун вирустарына каршы эмдөө жасап, үйүнө чыгара беребиз. Алар жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
- Рахима Калиевна, республика боюнча перинаталдык бөлүмдөн көптөгөн ымыркайлар чарчап калат экен, мунун себеби эмнеде, кантип алдын алса болот?
- Бул тармакта кырк эки жылдан бери эмгектенип келе жатам. Мен энелик мээримим менен мурун төрөлгөн балдар менен азыркы балдарды салыштыра берем. Андагы балдардын өңдөрү кызыл болуп, бакырып ыйлап, ден-соолугу чың төрөлчү. Азыр "ошол убактагы энелердин ден соолугу жакшы болгон" деп айткым келет. Учурда дени сак энелер аз санда. Мисалы, азыр бизде 17 эне жатса, баары аз кандуулук менен жабыркаган. Эгер, себептерине токтоло турган болсок, эне боюнда бар кезекте эле төрөткө кам көрүү аздык кылат. Кыз балдарды бойго жеткенчекти өзүн карап, турмушка чыкканда дагы ден соолугун сактап, төрөткө даярданышы керек. Биз ошондо гана эненин төрөтүнүн коопсуздугу, баланын ден соолугунун жакшы болушу үчүн шарт түзмөкпүз.
- Азыркы мезгилде тубаса дене мүчөсүндө кемтиги бар ымыркайлардын төрөлүшүнүн себеби эмнеде?
- Учурда экономиканы айтпаганда да, коомчулукка көбүрөөк терс таасирин тийгизип жаткан спирт ичимдиктерин ичкен, тамеки тарткан, баңги заттарына берилип кеткен ата-энеден жогорудагыдай балдар төрөлүүдө. Негизинен, ар бир адам, анын ичинен аялзаты келечегин кенен ойлонуп иш кылышы керек. Айтайын дегеним, ата-эненин ден соолугу жакшы болбой туруп, дени сак баланы күтүү кыйын нерсе.
- Болочок энелерге кандай кеңеш бере аласыз?
- Ар кандай кырдаалдар болот. Жапжаш эле келиндер жогорку кан басымы менен келген учурда, эненин, баланын өмүрүн сактап калуу үчүн "кесерова" операциялык жолу менен төрөткөнгө туура келет. Ошондой мезгилде аялдын мээсине кан куюлуп кетүү коркунучу туулат. Кээде энелердин туугандары менен да түшүнбөстүктөр болуп кетет. Ошон үчүн, алдын-ала кыз баланы балдар гинекологиясына көргөзүш керек. Бул нерсеге көптөрү маани беришпейт. Баарын алдын-алса, кийинкиге жакшы болот. Бүгүнкү күндөгү энелердин эң коркунучтуу ооруларынын бири, аз кандуулук жана кан басымдын жогорулашы. Мен, биринчиден, жаш кыздарга кайрылар элем, тамекиден, ичкиликтен алыс болгула деп. Бул кадам өздөрүнө жана келечектеги төрөлө турган балдарына эң чоң камкордук. Мисалы, Араб өлкөлөрүндө кыз баланы ыйык тутуп, оор жумуш кылдырбай асырап багышат экен. Алардын максаты өздөрүнүн генофонун сактап калуу аракети. Бизде болсо, чындыгында, кыз балдар оор жумуштарда иштөөдө. Муну ата-энелер билиши керек. Ал эми, үй-бүлө курганда кайнене келинге өз кызындай мамиле жасап, дарыгерге убак-убагы менен көрүнүп турууну эскертип, кыскасы эне боло турган аялзатын камкордукка алыш керек. Биз ошондо гана дени сак бала күтө алабыз.


Төрөт бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы дарыгер, акушер-гинеколог, Тагиев Наби Шамилович:


- Сиздердин төрөт бөлүмүнүн техникалык абалы кандай?
- Кудайга шүгүр, баары жакшы деп айтууга болот. Операцияда керектелүүчү курал -жарактар жетиштүү деңгээлде. Россия Американын клиникасына жетпесе дагы, иштөөбүзгө жакшы шарт түзүлгөн.
- Кан маселеси боюнча көйгөйлөрү чечилгенби, кыскача токтоло кетсеңиз?
- Кан жагынан айта турган болсок, азыр ким келип текшерсе дагы күбө боло алышат. Муздаткычта запаста турган бардык группадагы кан жана плазма жетиштүү. Эгер ал да жетпей турган болсо, тез жардам же жеке менчик унаалар болобу, айтор, жогорку жакка кат менен кайрылып, тез аранын ичинде кырдаалдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
- Дарыгер катары сизди түй­шөлткөн маселе?
- Азыр мени жумушсуздуктун айынан чет жерлердеги ички жана тышкы мигрант энелердин тагдыры көбүрөөк ойго салат, алыскы региондордон, сыртта жүргөн эмгек мигранттары атайын Кыргызстанга төрөгөнү келишет. Булардын көпчүлүгү эч дарыгерлерге кайрылбай келгендер. Дарыгердин көзөмөлүндө болбойт, оор жумуштарды иштеп, төрөөргө жакын калганда бизге кайрылышат. Өз ден соолугуна кайдыгер карашат, мени ушул маселе көп ойлондурат.
- "Төрөт маалында жана төрөттөн кийин каза тапкан энелердин өлүмүнө дарыгерлердин кенебестиги себеп болууда" деген сөздөргө кандай карайсыз?
- Мен көп жылдан бери эмгектенген адис катары акыркы төрт-беш жылдын ичинде энелердин өлүмү көп катталып жатканын жакшы билем. Ар бир дарыгер оорулунун аман-эсен сакайып кетишин тилейт жана болгон аракеттин жумшайт. Ошондо дагы, кээде жогорудагы айтылгандай энелер оор акыбалда бизге келип түшөт. Жардам берүүгө кеч болуп калган фактылар бар. Мисалы, бул менен колумдагы оорулуунун тарыхын ала турган болсом, Алиева Назгүл деген келин төрөткө "гепатит с" оорусу менен кабыл алынган. Төрөт учурунда үч литрге жакын канын жоготуп, бактыга жараша, кудайдын буйругу менен аман-эсен төрөп, баласы менен үйүнө чыгып кетти. Мына ушу сыяктуу нерселер биздин күндөлүк ишибизде көп кездешет. Энелер төрөткө чейин эле өз ден-соолугуна эң мыкты кам көрүш керек. Жана дарыгердин көзөмөлүндө болушу зарыл. Биз үчүн ар бир эне, ымыркайы менен аман-эсен үйүнө чыгып кеткени чоң бакыт. Мен өзүмдү ушундай бактылуу сезем, деги эле баардык ак халатчандарга өзүнүн дарылаган адамы сакайып чыгышы чоң ийгилик жаратат, бизге элдин ыраазычылыгы, алкоосу кымбат!
- Алтындай убактыңыздарды бөлүп, биз менен маек куруп бергениңиздерге чоң рахмат. Ишиңиздер ар дайым ийгиликтүү болсун!


Назгүл ЭСЕНГУЛОВА