Эгиздердин
энчисин ким берет
Дегеле эненин ак сүтүн, атанын ак эмгегин актоо кыйынга турса керек. Өзгөчө оор шартка карабай, эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келип, багуу чоң баатырдык деп айтса болот. Учурда ошол баатыр энелердин бири Батма эже беш баласын мамлекеттин жардамын албай багып келүүдө. Үй-бүлө өтө оор шартта жашап, үзүл- кесил кыйынчы­лык­тарды тартып келет. Эгиздер чакан бөлмөнү тунук күлкүсү менен жаңырта ойноп жүрүштү. Дал ошол учурдан пайдаланып, Батма Шопокованы сөзгө тарттык. Балдарынын ден-соолугун, амандыгын гана тилеп, бар- жокко бышып бүткөн эже төмөндөгүлөрдү айтууга үлүрдү.


Апам да үч эгиз төрөгөн
2004-жылы тун эгиздерим жарык дүйнөгө келген. Айболот, Нурболот алты жашта. Азыр бала бакчага барышат. Андан кийинки 2005- жылы төрөлгөн уулум Калнур беште. 2008-жылы бир кыз, бир уулду болгом. Аларга Айзат, Бекзат деген ысымды ыйгарганбыз. Албетте, ар бир наристе өз ырыскысы менен төрөлөт эмеспи, балдарым үйүмдүн жаркыраган жылдыздары. Баарынан кызыгы бизде эгиздерге коюга ат калбай баратат. Себеби, апам да үч эгиз төрөгөн. Инилерим, сиңдилерим жана мен да эгиздин түгөйүмүн.

Ар биринин кыял-жоруктары ар башка
Беш баламдын мүнөзү беш башкадай сезиле берет. Балдарым менен алышып отуруп,кээде күндүн кандай өткөнүн билбей калам. Айзат, Бекзат азыр кичинекей. Кыял- жоруктары, мүнөздөрү сыртка чыга даана билине элек. Ал эми, Айболот токтоо, Нурболот тентектигин кээде көргөзүп коет.

Үч тентегим "Манас" айтат
Үч тентегимдин элде чанда кездешкен, манасчылык өнөрү бар. Айболот, Нурболот жаттап айтса, алардан өзгөчөлөнүп Калнурга эч ким жаттатпайт. Эки агасынын айткандарын угуп кайра айтып берет. Ушул баламдан бир нерсе чыгат деп ойлоп коем. Жакында "Баракелде" теледолбооруна катышып келишти.

Мени ооруканадан врачтар карабай койгон
Кичүү эгиздеримди төрөп ооруканада жатканда догдурлардын жоопкерчиликсиздигинен улам, кан көп кетип эки ай жаттым. Акыры жыйынтык чыкпаган соң, молдого дем салдырууга туура келди. Кудайдын боору ачыдыбы, шыпаа болуп айыгып кеттим. Ошондон улам балдарым ууз эмген боюнча эмчек эмген жок. Жасалма азыктар менен чонойттук. Жолдошум куруучу болгондуктан, күнүгө алты жүз сом тапса, анын төрт жүзү сүткө кетет. Ошол учурда аябай кыйналдык. Акчабыз калбай калса "Берекет" соода борборуна барып, паспорт коюп жалдырап карызга сураганга мажбур болчубуз.

Көр турмуштун айынан Орусияга да бардык
Канча аракет кылып үйгө жетпей койдук. Көр турмуштун айынан Орусияга чейин иштеп келдик. Эсимден такыр кетпейт. Анда Айзат, Бекзат төрөлө элек болчу. Калгандары кичинекей эле. Биз машинага түшүп кетип баратканда аябай ыйлап калышкан. Апамдын жардамы чоң, ак-көк дебей биз келгенче багып берди. Ал жактан курулуш иштерине иштеп жүрүп, жолдошумдун башына терезе түшүп кетип, келүүгө аргасыз болгонбуз.
"Силер сыртына эмес ичине төлөгөнсүңөр" деп...
Ушул убакка чейин беш бала менен ижара алмаштырып, көчүп конуп эле жүрөбүз. Кайсыл жерге барбайлы эки күн акчасын кечиктирип койсок эле "чыккыла, бошоткула" дешет. Мындан эки жыл мурда мындан башка бир жерде ижарада элек. Кожоюнубуз "балдарың эшикте ары бери чуркай берет, кой дегиле. Силер акчаны сыртына эмес, ичине төлөгөнсүңөр" деп зээнди кейиткен. Кээде туруп адамдардан боорукерликти күтпөй кетчүмүн. Азыр жашап жаткан үйдүн кожоюну чынында аябай жакшы адам. Кечиктирсек да "мейли бересиңер"- деп жубатып турат. Мына азыр эле он эки миң сом карызбыз.

"Алар силерди алдады, эч кандай үй курулган жок"
2009-жылы президент Курманбек Салиевичке кат жаздым да, окуучулардын жаңы жылдык кечесинде араң берүүгө үлгүрдүм. Кайра эле ошол жылы мени үйгө онунчу кезекке коюшту. Кийин Нариман Түлеевке кайрылсам, "Бир аз чыда жакында эле үчтү төрөгөн энеге бердик, муну ижараңа төлөп тур" деп он миң сом карматып кетиришти. Мына эми буюрса жазда үйлүү болоорбуз деп турсак, өлкөдө бийлик алмашуу болуп кетти. Бармагыбызды тиштеп, жокчулуктун айлампасынан чыга албай кала бердик. Баштаган ишти аягына чыгалы деп кайрылсак, Иса Өмүркуловго жолотпой коюшту.

Алия ОРОЗОБЕКОВА





У.Ботобеков:
"Орусияга Кыргызстанда ыңгайлуу саясий күч керек"
Айрым өлкөлөр өздөрүнө ыктаган Кыргызстан­дагы партиялар менен мамиле түзгөнгө кызыкдар болуп жатканын саясат талдоочу Уран Ботобеков "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

- Кыргызстанда шайлоо өнөк­түгү жүрүп жатат. Бир катар ири партиялардын лидерлери өлкө сыртынан, айрыкча Орусиядан колдоо издеп, кайра-кайра Москвага каттап калышты. Сиздин баамыңызда бул эмнеден кабар берет?
- Биздин саясатчылар ал жактан жалгыз гана өздөрү үчүн колдоо издебестен, ошол күч кубаттуу өлкөлөр - Орусия, АКШ да өздөрүнүн кызыкчылыгын шайлоодо коргоп калалы деп, алар да биздин саясий лидерлерге кызыгуусун көрсөтүп, байма-бай чакырып жатат. Алар менен жолугушуулар болуп жатат. Орусияга бир топ саясатчылар барып келди. Алар ошол жакка барып келип кандайдыр бир деңгээлде саясий упай алып жатат. Путин, Медведев, Назарбаев, Кытайдын жетекчилери менен жолугушуулар шайлоо өнөктүгүндө реклама катары пайдаланылууда. Ошондуктан бул эки тараптуу кызыкчылык менен болуп жаткан нерсе деп ойлойм.
- АКШнын да кызыкчылыгы бар деп айттыңыз. Азыркы тапта Батыш өлкөлөрү канчалык деңгээлде Кыргызстандагы партиялар менен кызматташып жатат?
- Кыргызстанда боло турган парламенттик башкаруу системасы талашка түшкөндөй бир сезим калтырып жатат. Акыркы кезде Орусия жетекчилиги, расмий Москва "Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасы - катастрофа" деп айтып келе жатат. Ал эми президент Роза Отунбаева Америкада Барак Обама менен жолукканда, ал биз багыт алган демократиялык жаңылыктарга, бүгүнкү жараяндарга абдан чоң баа берди. Ошондуктан Кыргызстанда келечектеги бийликтин формасы ири мамлекеттердин ортосунда бир катар кызыкчылыктарды туудурган иш болуп калды.
- Натыйжада ири державалар Кыргызстандагы кайсы бир партияны парламентке алып келүүгө кызыкдар болуп жатабы?
- Эми бул бардык эле элге көрүнүп турат. Орусия, анын жетекчилиги президенттик башкарууну колдогон саясий партиялардын лидерлери менен алака түзгөнгө, аларды кепке тартып азыртадан алар менен сүйлөшкөнгө кызыкдар болуп жатат. Менимче буга түшүнүү менен мамиле кылса болот. Постсоветтик аймактагы мамлекеттерди Орусия мурдатан өзүнүн таасири алдындагы өлкөлөр деп эсептеп келет. Ошондуктан бул жерде өзүнүн сөзүн айткысы келет.
Акыркы мезгилдеги саясий тажрыйбалар көрсөткөндөй, Украинада В. Ющенко батышчыл саясат алып кеткенде, Орусия үчүн чоң маселелер жаралды: Кара деңиз флотунун ижара акысы көбөйдү, газын транзиттик ташуусу чоң көйгөйгө айланды, Украинанын жетекчилиги Орусияны оккупациялык күч катары көрсөткөнгө аракет кылды. Ошондой эле орус тили көп кысымга алынды деп Орусиянын бир топ маалымат каражаттары жарыялап келди. Орусия миллиарддаган чыгым тартты.
Грузияда да бийликке батышчыл маанайдагы Саакашвили келген соң эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиле үзүлүп, согуштук абалга келди. Ошондуктан Орусия келечекте ыңгайлуу, тилектеш, көз карашы бир саясий күчтөрдүн Кыргызстандын бийлигине келишине кызыкдар.
- Орусия өңдүү ири державалардын Кыргызстандагы кайсы бир партиялар менен байланыш түзүп жаткандыгы, айрым серепчилер белгилешкендей, колдоо көрсөтүп жатканы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкендик деп саналбайбы?
- Мен ойлойм, бул абдан чоң маселе. Биздин ал жакка барып мамиле түзүп жаткан саясатчыларыбыз да муну абдан жакшы карап турушат. Ички ишибизге кийлигишет деп мен айта албайт элем. Бирок кандайдыр бир деңгээлде таасири бар.
- Рахмат!


Кубат Касымбеков "Азаттык"